Мугалим жөнүндө ода

  • 15.08.2024
  • 0

I

Кыргыздар байыртадан окуя болоорун күн мурунтан туйган, жан дүйнөсү аруу, сезимтал, баамчыл, сырдуу дүйнөдөн кабардар, эс тутуму күчтүү, руху бай, тектүү адамдарды “кыргызчылыгы бар” (касиети) деп урматтап келген.

Демек, кыргыз эли түпкүлүгүндө билим, илимге умтулган, баамчыл, устаттык касиети бар мугалим кишилерге өзгөчө сый, урмат менен мамиле кылган. Биз түпкүлүгүндө көптү билген, калыс, акылдууну сыйлап келген элбиз. Кыргызда балдары ата-энесин, эркеги аялын, кичүүсү улуусун, шакирти устатын, калкы каганын урматтаган эл.

Ислам дини илим, билимге өтө зор маани берип, илим-билимдүү болуу менен гана бул дүйнө жана акырет бактылуулугуна жетүүгө болоорун айтат. Курандын алгачкы түшкөн аяты да “Оку” деп башталат эмеспи. Алла талла Курандын 20 жеринде адамдарды намаз окууга буюруптур, ал эми жүздөн ашык жеринде адамдарды билимге, илимге умтулууга буюрган экен. Пайгамбарыбыз “Илим үйрөнүү ар бир мусулман аялга жана мусулман эркекке парз” деп айтканындай, “Мужадал” сүрөөсүндө “Алла талла араңардагы ыймандуулардын жана илимге берилгендердин даражаларын көтөрөт” деп айтылат. Азирет Али болсо “Бай деп билими көп инсанды айт” деген насаат кебин калтырган. Анын сыңары Таң доорунда эле (618-907) билимге умтулган кыргыз жаштары Кытайдын Чаньан шаарынан окуп келген.

Кыргыз элинин жомоктору, макал-ылакаптары, адат-салттары, дарым, айтым ырлары, эпостору, обон күүлөрү, нарк-насили, сөзгө болгон өзгөчө мамилеси – бул улуттук педагогиканын башаты болгон. Эзелтен жигиттери тайган ээрчитип, куш салып, кыз-келиндери оймо оюп, шырдак шырып, сайма сайып келген өнөр, билимдүү элбиз. Ай, жыл ичиндеги аба ырайын күн мурунтан боолгоп билген, боло турган кубулуштарды сезген саресепчилдик билим болгон.

“Манас” эпосу – эң ириде  бөбөктөрдү улутту сүйүүгө, Мекенди коргоого үндөй турган педагогикалык дастан. Ар бир улуу манасчы кийинки кичүү муундагы манасчы үчүн улуу устат жана ардактуу агай. Кыргыздын салттуу билими эң байыркы жана терең болгон деп ишенимдүү айта алабыз. Кыргыздардын байыркы мекени болгон Эне-Сайда миң жылдар илгери эле жыл санагы болгон. Көктөгү жылдыздарды ажыратып таанып, алар аркылуу аба ырайын, жыл мезгилин, бараткан багытын айрый билген. Маселен: Алтын-Казык, Чолпон, Жетиген, Сумбула Сары, Ок, Куйруктуу ж.б. жылдыздар.

Киши ооруп калса ошондо эле эмчи-домчу, бүбү-бакшы, жайчы, төлгөчү касиеттерге ээ адамдар дарылаган. Киренелеп, эпкиндеп, көзүгүп, шаабайы сууп, үрөйү учуп, жүрөгү тушүп, суук уруп, ысык өтүп деген түшүнүктөр пайда болгон. Маселен, Тараза жылдыз көрүнгөндө күн сууйт, чымын-чиркей жоголот, суу салкын тартып, мал тез семирет, тогол күндөрү кыргыз баласы ашуу ашып, дарыя кечпейт, аш-той бербейт, мергенге чыкпайт.

Нельсон Мандела: “Билим берүү — дүйнөнү өзгөртүү үчүн колдонула турган эң күчтүү курал” деп айткан экен.

II

Кыргыз эли байыртан билим, өнөргө дилгир болгонун төмөнкү жагдайлар менен далилдегим келет:

  • Арстанбек 500 күү билген.
  • Саякбай 21 күн 28 үн менен тынбай “Манас” айткан.
  • Кыргыздар адамдын жаш курагын эле 57ге бөлүп айтат.
  • «Манас» эпосунда найзанын эле 31 түрү айтылат.
  • Улуу кыргыз каганат доорунда согуштун эле 60тан ашык ыкмасы болгон.
  • Кыргыздар чөптүн 700 түрүн дарылыкка пайдаланган.
  • Кыргыздар оюуну окуйт. Ал оюу ар кандай болуп 3500 түрдө таркалган. Кыргыз оюуларында эле 173 түрдүү оюулар камтылган, жан-жаныбарлар (98), өсүмдүктөр (20), жаратылыш (10), жашоого керектүү нерселер (39) чагылдырылган.
  • Кыргыздарда тамырды кармап оорунун 60 түрүн аныктаган, анын негизинде дартын аныктай алган.
  • Кыргыздар бүркүттүн кыраакылыгын 65ке бөлүп айткан.
  • Кыргыз элинде улуттук тамак-аштын эле 400 түр, улуттук оюндун эле 300дөн ашык түрү бар.
  • Кыргыздар жылкыны 800 сөз менен сүрөттөгөн.
  • Түрк элдеринин ичинде кыргыздар гана малды 12 жиликке бөлгөн. Ар бирөөнүн өзүнүн статусу болгон.
  • Убал, кесир, адал, аруу, ар, сообу тиет, деген түшүнүктөр кыргыздарда гана бар.
  • Адам мүнөзүн ажыраткан жүздөн ашык сөз бар.
  • Кыргыздар күлүктү эле 18ге бөлүп айткан. Жоргонун эле 7 түрү бар. Суу жорго, жол жорго, кой жорго, чалма жорго, шайбыр жорго, терме жорго, чайкама жорго деп аталат.
  • Кыз адеби, сөз адеби, устукан адеби, дасторкон адеби, куда тосуу адеби, сөөк адеби өзүнчө. Кыргыздарда куда тосуунун эле 25 каадасы бар.
  • Кыргыздар улут катары мусулман доорунан 3400 жыл илгери жаралган.
  • Кыргыздар жылкынын мойнуна, соорусуна, кулагына, маңдайына, көзүнө, куйругуна, жалына, көкүрөгүнө, шыйрагына, жалына, белине карап сын берген.
  • Түрк элдеринин ичинен кыргыз тилинде гана 8 миңден ашык фразеологиялык сөз бар.
  • Кыргыздарда баатырдын эле 40тан ашык сыпаттамасы болгон.
  • Кыргыздар бир сутканы (24 сааатты) 34 маалга бөлүп айткан. Ар убакыттын ортосу 40-45 мүнөттөн болгон.
  • Кыргыздар үрөн сепкенде «Эң алгачкы түшүм жетимге, жетимден ашса жесирге, алардан артса мага» деп тиленишкен.
  • Кыргыздар үчүн аманатты жеткирүү ыйык парз болгон.
  • Кыргыздар үчүн көчүүнүн да эрежеси болгон. Мисалы, көчтү бузбайт, көчтүн башын байбиче баштайт, көч турган жерди таза тутунат, көч келе жатса жолунан тосуп ак сунуп тамак ооз тийгизет, жүктү тең артат, көч барган жеринде курмандык чалат.
  • Дүйнөдө кыргызда гана “Ордо”, “Упай” ойнойт. Кыргыздарда чүкөнүн 51 аты, 50дөн ашык оюндун түрү бар.
  • Жээнбай Мукамбаев агайыбыз В.И.Лениндин 53 томдугундагы китепке караганда С.Каралаевдин бир томдук “Манас” китебинде лексика алда канча көп экенин айтты эле.
  • Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун иликтөөсү боюнча кыргыздар Орто Азия тарыхында биринчи жолу жыл календарын ачкан. Кыргыздар тарыхта итти, жылкыны, бүркүттү биринчи үйрөткөн.
  • Байыркы кыргыздар сөөктөн буюмду биринчи жасашкан. Эне-Сай жазмасынын башында кыргыздар биринчи турушкан. Эне-Сай цивилизациясында чоюнду, жезди, темирди биринчи кыргыздар эритишкен.
  • Жүндөн, териден, кийимдерди, үй-тиричилигине керектүү буюмдарды биринчи жасашкан. Көөрүктү биринчи табышкан. Устачылык өнүккөн. Боз үйдү, ак калпакты биринчи ойлоп табышкан.
  • Төрөбек Төрөкандын “Зар заман” деген китеби кыргыздын 7 миң жылдык тарыхы жазылганын далилдейт. Ошол китепти көчүрүү үчүн 17 кылымда Чынтемир баатыр 70 аксакал, 32 казы менен 6 жыл бою жазып акысына 135 миң кой алган. Демек, ошол доордо эле билимдин наркын билишкен.
  • Кыргыздын элдик жыл санагынын байыркы илимине таянып Кара-Көл шаарынын тургуну Торон Жумаев деген аксакал XXI кылымда кыргыз жергесинде аба ырайы кандай болоорун божомолдоп жазып берген. Анын көзүнүн тирүүсүндө божомолдору дээрлик 99% туура чыкканын айткан.

Кыргыз эли эзелтен Айга карап аба ырайын боолгоп, жылдызга карап жолго чыгып, Үркөргө көздөп аштык айдап, чилденин ар бир күнүн айрый билип, тогоолго карап тиричилигин кылып келген байыркы баамчыл, көчмөн элдердин бири болгон.

Мунун баарын айтып жатканым, илим-билим бизге Совет өкмөтү менен гана келген жок. Эзелтен илим-билимге умтулуу элибиздин мүнөзүндө болгон.

III

Кыргыз эли тээ байыркы палеолит доорунда эле дасыккан кесипке ээ болууга айрыкча көңүл  бөлгөн. Ошол доордо эле көөкөр, куржун, туш кийиз, чач учтук, кемер кур, тебетей, калпак, ат жабдыктарын, курал-жарак узанган усталар (таш, сөөк, жыгач, темирден), оймочу, саймачы, тикмечи сыяктуу адистер, аскер кесибинде болсо найзакер, жаачы, эр сайышкер, он башы, жүз башы сыяктуу кызматтар, куш тилин билген мүнүшкөрлөр, ат таптаган саяпкерлер болгон.

Кыргыз элинин усатты, насаатчыны, мугалимди урматтаган бир өзгөчө касиети бар. Кыргыз элинин аздектеп келген ата-салты, үрп-адаты, макал-ылакаптары, нарк-насили – нагыз улуттук педагогиканын асыл кенчи эмеспи. Билим-илимди бийик туткан элде гана ушундай асыл сөздөр айтылышы мүмкүн:

Айдабай аштык чыкпайт, үйрөнбөй билим жукпайт.

Акыл – деңизден терең, билим – тоодон бийик.

Акыл – тозбогон тон, билим – түгөнбөгөн кенч.

Акылдын өбөгү билим, жөлөгү тажрыйба.

Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт.

Бийикке чыксаң көзүң ачылат, билимдүүгө жолуксаң көңүлүң ачылат.

Билбегенди бил, билимдүү – пир.

Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.

Билек жирей албаганды – билим жирейт.

Билим – адамдын канаты.
Билим – деңиз, акыл – кайык.
Билим – жанып турган чырак.
Билим – карыбас, өнөр – арыбас.
Билим – кенч, эмгек анын ачкычы.
Билим – оошот, ырыс – жугушат.
Билим – өнөр азыгы, өнөр – эрик казыгы.
Билим – элге, суу – жерге.
Билим алууну бешиктен башта.
Билим болбой, илим болбойт.
Билим издеген өсөөр, бүлүк издеген өчөөр.
Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.
Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
Билимди сатып албайт, аны казып алат.
Билимди элден изде, алтынды жерден изде.
Билимдүү билимин берет, акылдуу акылын берет.
Билимдүү билсе да сурайт, билимсиз билбесе да сурабайт.

Билимдүү болсоң озорсуң, билимсиз болсоң осолсуң.
Билимдүү зор, билими жок кор.

Билимдүү көп, билген аз, күйүмдүү көп, күйгөн аз.

Билимдүү мээге салат, билимсиз мээден алат.

Билимдүүгө дүйнө жарык.

Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин  ириңи жугат.

Билимдүүнүн сөзү өткүр, мергенчинин көзү өткүр.

Билимдүүнүн түнү – күн, билимсиздин күнү – түн.

Билими бар – ар балаадан кутулат, билими жок – миң балаага тутулат.

Билими жокко күн да түн.

Билимиңди элге бере албасаң бекерсиң.

Билимсиз бирди көрсө, билимдүү миңди көрөт.

Дүйнөнүн шамы – билим, жашоонун шамы – эмгек.

Жакшылык болсо билип ал, жаш куракта билим ал.

Жер – ырыстын киндиги, билим – ырыстын тизгини.

Жердин көркү – эгин, эрдин көркү – билим.

Жылдыздын көбү – асмандын көркү, билимдин көбү – акылдын көркү.

Илим – ийне менен кудук казгандай.

Илим – окуу булагы, өнөр – турмуш чырагы.

Илим – турмуш чырагы, өнөр – эрдин куралы.

Илим – элдин көркү, токой – жердин көркү.

Илим албай – мактанба, өнөрлүү болбой – баптанба.

Илим башка жугат, кына ташка чыгат.

Илим өнөрсүз болбойт, куш канатсыз болбойт.

Илим – тозбогон кудук, билбеген киши – дудук.

Илимдин падышасы – акыл, сөздүн падышасы – макал.

Илимдүү баштайт, илимсиз ээрчийт.

Илим – элге, суу – жерге.

Ишке ашпаган илим — жемишсиз дарак, ишке ашчу илим инсанды ойго жеткирет.

Кийим менен мактанбай, билим менен мактан.

Окуу – билим азыгы, билим – ырыс азыгы.

Окусаң озосуң, окубасаң тозосуң.

Окуган – жарык, окубаган – чарык.

Окуганыңды айтпай, токуганыңды айт.

Окуй берсең – көзүңдү ачат, отура берсең жалкоолук басат.

Окуу – билим азыгы, билим – ырыс азыгы.

Окуу – жакшылык, окуусуз – караңгылык.

Өмүрдүн чеги бар, илимдин чеги жок.

Өмүрдөн өткөн бакыт жок, өнөрдөн өткөн билим жок.

Өнөр – аккан булак, билим – күйгөн чырак.

Пайдасыз билим – жаансыз булут.

Суу – жерге, илим (билим, байлык) – элге.

Тобокелге салгандык – илимден артта калгандык.

Ырыс жугушат, билим (же акыл) оошот.

IV

Мындан дээрлик миң жыл илгери бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн даанышманы, айтылуу акыны жана залкар мамлекетчил инсаны Жусуп Баласагын улуттук илим, билим менен гана өсүп-өнүгөөрүн минтип баян кылат.

Билим пайда болсо билик болоор,

Акыл пайда болсо улуулук толоор.

 

Илим менен кырсык, кемтик түзөлөт,

Билим менен эл кыйыры бүтөлөт.

 

Илим менен бирдикте ишти башкар,

Билим болсо ар иште майнап чыгар.

 

Акылдын, зор билимдин күчүн баала,

Жеткизет көздөп койгон ойго даана.

 

Билимсиздер сокур, бул анык,

Үйрөнгүлө билимдүүдөн үлгү алып.

 

Билимдүү карапайым, бирок дулдул,

Өзүнө өзү – төрө, кызматчы – кул.

 

Билимдин деңгээлин сөз айтат ачык,

Тургандай жыпар-жытын атыр чачып.

 

Элин сүйүп, жакын болсо билимге,

Билимдүүнү жакын кылаар түбүндө.

Махмуд Барскани-Кашгари жалпы түрк дүйнөсүнүн алгачкы тилчиси гана эмес, тунгуч тарыхчысы, этнографы, философу, педагогу жана географы болгон. Азыркы күндөрү түрк элдерине тийиштүү сөздөрдүн 80 пайызы Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө камтылган. Бул жалпы түркология илиминин фонетикасын, грамматикасын, лексикасын камтыган өзүнчө эле бир казына.

Демек, мындан миң жыл илгери эле улуу даанышмандар Ж.Баласагын менен М.Кашгари адамзат келечеги илим-билимге байланыштуу экенин баамдашкан. 

V

Мындан 1300-1500 жыл илгери дүйнөдө өз тамгасы жана алфавити бар улуттар өтө сейрек болгон. Ошол доордо биздин ата-бабалар Эне-Сай жазмаларын жаратып, таш боорунда калтырып кеткен. Демек, биздин ата-бабалар билимге, акылга, прогресске умтулган эл болгон. Түрк цивилизациясынын башында турган. Ошол таш жазуулардын биринде минтип айтылат: “Уулдарым, элдердин арасында устатыңар сыяктуу болгула!”

Дүйнөдө таанылган төрт жыл санагы бар (Григориан, Мусулман, Еврей жана Кытай), ал эми али тааныла элек бешинчи календарь – кыргыздын Ай-Күн (Үркөр) календары. Байыркы Эне-Сай жазмаларында эле кыргыз элинин өзүнүн жыл санагы болгондугу айтылат.

VI

Молдо Кылычтын санат ырлары – улуттук педагогика үчүн опол тоодой байлык.

Нурмолдо Наркул уулу өз доорундагы алгачкы жазгыч акын жана агартуу болгон.

Молдо Нияз ошол доордо эле беш тилди билип, балдары окутуу үчүн үңкүрдө медресе ачкан, балдарды окуткан.

Тоголок Молдо өзү кат-сабатын жоюп, балдарды окутууга ашыккан.

Шабдан Баатыр 1909-жылы медресе ачып, 300дөй бала окуп, ага мугалимдери Уфа, Казан шаарларынан чакырган.

1913-жылы Ишеналы Арабаев Тоң районундагы Туура-Суу айылында жаңы усулдук мектеп ачып, өзү сабак берген.

Кочкордо XX кылымдын башында эле Канат Ыбышев мектеп ачып, 9 мугалим сабак берген.

Сокулукта Чолпонкул Тынаалы, мектеп ачып, Айдаркан Жолин сабак берген.

Кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев тогуз жашында кат таанып, 12 жашынан баштап кыргыз тарыхын иликтеп, бүт өмүрүн өз элинин тарыхына арнап, ак жеринен караланып, 1938-жылы ак жеринен атууга кетет.

1917-жылы Октябрь социалисттик революциясы орногон соң кыргыз эли Түркстан автономиялуу республикасынын курамына кирип, эң ириде орус-тузем мектептеринде орусча окуп, санаганга, жергиликтүү элдин балдарына куранды жана эне тилди үйрөнүүгө уруксат берилген.

1919-жылы Кыргызстандын аймагында мугалимдерди даярдоо курстары ачылган. 1924-жылы мектептердин саны 300гө жеткен. 1927-жылы 17-июнь күнү Жалал-Абад шаарында мугалимдерди даярдоо курстары ачылып, 80 адам кабыл алынып, Ташкенден Базаркул Данияров чакыртылып алынып, бул курстардын жетекчиси болгон. Сентябрь айында бул окуу жай Ошко которулган. Жалгыз кыргыз мугалим Б.Данияров болгон. 1925-жылы ал окуу жай педтехникумга айланган.

…Улуттук прогресс улам билим-илим менен түздөн-түз байланышта болгон. 

VII

Совет доорунда СССРдин билимдүү жаштары IQ коэффициенти боюнча дүйнөдө 2,3-орунду ээлешкен.

Азыр болсо эл аралык эксперттердин баамында 80 өлкөдөн кийин илим индекси боюнча 126-орунда турат.

Тарых тажрыйбасы далилдегендей, калктын билим деңгээли жок дегенде 2-3-пунктка төмөндөсө, аны калыбына келтирүү үчүн 30 жыл талап кылынат.

1906-жылы Санкт-Петербург географиялык коомунун журналында кызыктуу божомол жарыяланган. Анда адистердин айтымында кыргыздар толук билим алып, кат-сабаты жоюлуш үчүн кеминде 4600 жыл керек дешкен.

Бирок, 1935-40-жылдары эле Кыргыз ССРинин калкынын 75-80 пайызы сабаттуу болгон.

1924-жылы Ташкент шаарында Ишеналы Арабаевдин “Кыргыз элинин алиппеси” деген китеби жарык көргөн. Туңгуч алиппе китебинде кыргыз баласына эң алгач арип тааныганда эмне керек болсо баары жазылган, мисалы, эл-жери, тарыхы, руханий мурастары, тил байлыгы, мүнөзү, өзгөчөлүгү.

Кыргыздын алгачкы тарыхчысы Осмонаалы Сыдыковдун “Тарых кыргыз шадмания” деген эмгегинде кыргыз урууларынын атын атап, билимдүү молдолордун ишин үлгү кылып көрсөткөн.

Ал эми өткөн кылымдын 70-жылдары кыргыз эли дүйнөлүк деңгээлдеги илимий ачылыштарга ээ болгон.

Репрессия болгон улуу инсандар  өтө билимдүү инсандар болгон. Алар: Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Осмонкул Алиев, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Токчоро Жолдошев, Базаркул Данияров ж.б. сталиндик репрессия жылдары 500дөн ашык мугалим, мектеп директору сыяктуу педагогика кызматкерлери атууга кеткен.

Касым Тыныстанов – туңгуч кыргыз агартуу комиссары жана чыгаан окумуштуусу болгон.

Муса Адышев – Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти болуп, геология боюнча өз илимий мектебин негиздеген.

Константин Юдахин болсо борбор шаарда алгачкы педтехникумду жетектеп, алгачкы лингвист Хусейин Карасаев менен бирдикте кыргыз-орус сөздүгүн жазган.

Иса Ахунбаев Орто Азия чөлкөмүндө жүрөккө биринчи операция жасаган.

Кыргыз тили, адабияты жана манастаануу боюнча Зияш Бектенов, Болот Юнусалиев, Жапар Шүкүров, Жээнбай Мукамбаев, Каратай Сартбаев өңдүү залкар окумуштуулар өз салымын кошкон.

Эки мугалим Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына татыган, алар: Апыш Койчуманов жана Көкөбай Мамбеталиев. Кыргыз ССРи доорунда бюджеттин 13 пайызы илим-билимге бөлүнгөн.

Улуту немис болуп туруп залкар педагог Унгефукт Владимир жана улуту орус – Михаил Рудаков, улуту еврей – Якир, жалпы кыргыз элинин зор урматына жана сүймөнчүлүгүнө татыктуу болушкан.

Андан башка Сатыбалды Нааматов, Муса Рыскулбеков, Султан Токтогонов, Исак Бекбоев, Шабданбек Кулуев сыяктуу залкар педагогдор дайым элибиздин эсинде.

Космонавттар колдонгон “адаптоген” препаратын кыргыз окумуштуулары ойлоп тапкан.

Дүйнө тарыхында айдан жерге топуракты алып келген алгачкы аппаратты да  кыргыз окумуштуулары ойлоп чыгарган. Атактуу “Алтымышев бальзамы”, көмүр калдыгынан жасалган “Жаманбаев брикети”, математик “Иманалиевдин формуласы”, Венера планетасындагы топурак тууралуу кошумча маалымат алып, Кыргызстандын геологиялык картасынын түзүлүшү, 1985-жылы СССР тарыхында жок мини жана микро ЭВМди башкаруунун көп процесстүү системасын түзүү, СССР деңгээлинде атактуу  кардиолог М.Миррахимов, Кыргызстандын тоо-кен жана сейсмология илими – СССРдеги күчтүү илимий мектеп катары таанылган. Азыркы күндө да академик М.Мамытов, М.Мамакеев жана А.Бөрүбаев, К.Абдыраматов ж.б. окумуштуулар дүйнөлүк илимде ысымы аталып жүргөн окумуштуулар эмеспи.

Бир кезде Бишкектеги 61-мектептин аты Москвага чейин угулуп, Москвадагы физтех же Москва инжинердик-техникалык окуу жайлары бул мектептин бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө баа беришкен экен.

1988-жылы эле бул мектепте СССР боюнча биринчи жолу программа түзүнүү жана электрондук эсептөө машиналарын окутуп баштаган. Азыр аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү Америкада Пентагондо учкучсуз самолетторду башкаруу боюнча, Израилде болсо шлемофондор боюнча, кээси Microsoft, “Буран” жашыруун долбоорунда, Израилде таанымал кардиолог болуп эмгектенишет. Мектепти негиздеген атактуу мугалим. 

VIII

Билим берүү тармагында азыноолак иштеп, көптөгөн көйгөйлөр менен кошо мыкты инсандар, Орозали Сейдилканов, Асылбек Казыбаев, Айгүл эже (Баткен), Мурат Жетимишбаев сыяктуу атактуу агайлар, эл сыйлаган эжелер менен жакындан тааныштым.

Алардын бири – айылдык агай, Кыргыз эл мугалими, калкыбыз кадырлаган Бектур Исаков. Ал өмүр бою адабият, тил, тарых, педагогика, маданият, психология, методика, этнография багытында талбай эмгектенип, “ийне менен кудук казып”, кумдун арасынан кумшекердин күкүмүн издегендей эле талбай эмгектенип келди. Ал жазып, жараткан окуу китептери бүт республика боюнча окутулат. Бектур агай окуучуларды китеп окуп, билип, жазып гана тим болбостон ой чабыттоого, изденүүгө, талдоого, ой талашка түшүүгө, бийиктөөгө, тереңдөөгө, ой улоого, ачылууга үндөйт.

Айрыкча, “Манас” эпосун окутуунун өзгөчө улуттук усулун ойлоп тапты. “Манастаануу” боюнча Б.Исаковдун окуучулары ар дайым эң алдыңкы орундарды ээлеп келет, республикалык олимпиадаларда окуучуларынын дээрлик 80-90 пайызы сабакты “4” жана “5” деген сабактарга өздөштүрүп келет.

Кыргыздын сын маданиятын, учкул сөздөрүн, макал-ылакаптарын, каада-салт, нарк-насилин, үрп-адатын үйрөтүүдө Б.Исаков улуттук этнопедагогиканын алтын казынасын ачты. Анын окуучулары сөзсүз түрдө мекенчил, улут жандуу, кыргызчыл, руху бекем, тилин, адабиятын сүйгөн нагыз кыргыз жарандыгынын мектебинен өтөт. Анын айрым окуучуларынын айтымында Б.Исаковдун ар бир сабагы өзүнчө кино, өзүнчө драма сыяктуу. Бир күн сабакка келбей калган окуучу өзүнчө бир доорду көрбөй калгандай болот.

Асыл агайыбыздын дагы бир өзгөчөлүгү болочок муунду жөнгө гана терең предметтик билим берүү эмес, аны өлкөнүн толук кандуу жараны катары адамгерчиликке, гумандуулукка тарбиялоо менен, алган билимин эртеңки жашоодо колдоно билүү. Чыгармачылык ой жүгүртүү. Кыргыздын дастандары аркылуу табиятка аяр мамиле кылууга үйрөтүү. Эркин ой жүгүртүү менен эркин сүйлөөгө үндөө.

Совет доорундагы атактуу педагог Шалва Амоношвили болсо, эгемен Кыргызстан доорундагы кыргыз педагогикасынын атасы – Бектур Исаков агай.

Ал жөн агай эмес. Ал бүт өмүрүн, билимин, чыгармачылыгын келечектеги муундарга арнаган карапайым, мээнеткеч, изденгич, даанышман, сөзмөр, ар тараптуу, өтө сылык, чыныгы интеллигент, бүт мугалимдерге үлгү агай. Баатыр агай. “Эмгек Баатыры” деген бийик наамга эң ириде татыктуу мугалим – Бектур Исаков агай.

Жакшы, ийгиликтүү мектептин энергетикасы жагымдуу болот. Былтыр, иш сапарымда “Ноокат билимканасына”  барып, мугалимдер менен көпкө баарлашып, өлкөбүздөгү эң мыкты мектептин ийгилигинин сырын ачканга аракет кылдым.

29 мугалимдин 28 жергиликтүү мугалимдер экен. Бирин-экисин айтпаганда окуучулар деле  тегерек-четтен келгендер. Демек, ар бир окуучу катылган сыр, ар бир мугалим талант экени талашсыз. Кеп аны кантип ачуу керек. Физика-математика илимдеринин кандидаты, “Ноокат билимканасы” жатак-лицейинин негиздөөчүсү Өмүрзак Шеранович Мамаюсупов бул сырдын ачкычын тапкан бейм.

Көрсө ар бир окуучуга үч кошумча тапшырма сунуш кылынат экен.

Биринчиден, ар бири күндө андан кем эмес эсеп көнүгүүнү өзү тандап чыгарат экен. Ошондо төрт жылда 14600 эсеп болот. Бул окуучунун эс тутумун, логикасын өнүктүрөт. Адегенде бир жарым ай кыйын болот. Андан соң окуучулар өз ара атаандашып, татаал көнүгүүлөргө өтөт. Бул эртең мененки тамак ичүү сыяктуу эле көндүмгө айланат. Демек, эс тутуму мыкты болуп, математика гана эмес, орус тили, анлис тили, информатика сабактарын да мыкты өздөштүрүүгө түрткү болот. Ошентип, окуучу жөнөкөйлүктөн татаалдыкка багыт алат.

Экинчиден, өтө жөнөкөйлүк. Ар бир сабак аяктаганда мугалим келерки сабактын темасын окуучуларга жарыя кылып, жазып коёт.

Үчүнчүсү, окуучулар айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө ай сайын бир жолудан барып жардам беришет. Ал эмгекке, кайрымдуулукка үйрөтөт.

Ушул өтө жөнөкөй көрүнгөн үч кошумча тапшырма менен Өмүрзак Мамаюсуповдун мектеби акыркы 34 жылда Кыргызстанда биринчи орунду ээлеп келет.

2023-жылы Россияда Волокамский районундагы мектептин директору Т.И.Бабурова Россия Федерациясынын Эмгек Баатыры наамын алды. Ал мектепти 33 медалист (17 алтын, 16 күмүш) 19 жыл бүтүрүүчүлөр бүтүргөн экен.

“Россиянын эмгек сиңирген мугалим” жана “Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн Орденинин II даражадагы ээси. Ал эми “Ноокат билимканасын” 34 жылда 1358 бүтүрүүчү аяктап, 32 алтын медаль, 124 кызыл аттестат, 46 алтын тамга, 2 алтын сертификат, 2 Президенттин мактоо баракчаларына ээ болгон. Башкача айтканда, ар бир алтынчы окуучу артыкчылык менен аяктаган.

Бизде, адатта билим берүүнүн алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүү үчүн сөзсүз түрүндө чет өлкөлөрдү үлгү кылып айтабыз. Менимче, Ө.Мамаюсупов негиздеген “Ноокат билимканасы” жатак лицейи – өлкөбүз үчүн үлгү боло ала турган мыкты мектеп. Былтыртан баштап, башка региондордон мектеп директорлору барып, тажрыйба алып, кээси ийгиликке жетишип баштады.

Бүгүнкү күндүн чыныгы эмгек каарманы жана баатыры – Өмүрзак Мамаюсупов деп билем. Аталган мектепте андан башка өз алдынча билим алуу, китеп менен иштегенди үйрөтүү, спорт менен машыгуу, коом менен эриш аркак болуу сыяктуу жөндөмдөрдү үйрөтөт.

Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн ЖРТдан алган орточо баллы республика боюнча эң жогорку жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 70 пайызы жогорку окуу жайлардын бюджеттик негизде окуйт. Ал эми бир эле мектептен 20дан ашык окуучусу илимий даражага ээ. 100 пайыз жогорку билимге ээ болушат. Эмгекке тарбиялоо да өз алма багы бар. Аны өстүрүп, түшүмүн сатып, түшкөн каражатка керектүү буюм-тайым алышат.

IX

Дүйнө азыр төртүнчү технологиялык революциянын босогосунда турат. Эгер мурда илимий технологиялык революциянын цикли 150 жылды түзсө, азыр 7-9 жылга кыскарды.

Биринчи өндүрүш революциясы 1780-жылы темир жол менен буу турбинасы чыгарылып баштаган;

Экинчиси 1870-жылы электрификация, өндүрүш линиялары пайда болгондо башталган;

Үчүнчү 1969-жылы өндүрүштү автоматташтыруу, электроника жана компьютерлештирүү менен;

Эми болсо төртүнчү доор, жасалма интеллект, роботтоштуруу, санариптештирүү доору.

Келечектеги илимий революция эми илимий лабараторияда же маалымат технологияларында болот. Ошого жараша жүздөгөн адистиктер жоголуп, жаңы адистиктер пайда болот: жасалма интеллект боюнча адис, киберкоопсуздук боюнча адис, климаттык өзгөрүүлөр боюнча адис, сити-фермер, агроном-экономист, ГМО-агроном, медтетиктер боюнча архитектор, ИТ-медик, медициналык роботтордун оператору, мигранттарды адаптация кылуу боюнча адис, экотьютор, жеке турлардын режиссеру, бренд-менеджер, урбанист ж.б.

Дүйнөлүк экономикада жакынкы арада жаштардын 60 % жакшы жаңы пайда болуучу кесиптерге үйрөнүшү керек. Ал кесиптердин дээрлик бардыгы IТ технологиялары менен байланышкан.

Азыр Кыргызстанда экономикалык активдүү жарандардын 55-60% (1 млн. 300 миң адам) эч кандай кесиптик билими жок.

Глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн таасиринен 1,5 млрд. адам жер которуп көчүүгө аргасыз болот. Азык-түлүк жетишпейт. Дүйнөдө климаттык мигранттар пайда болот.

Жасалма интеллект, роботтор ишке киришип, 20-30-жылга дейре 1 млрд киши ишсиз болуп калаары күтүлүүдө. GРТ – азыр адам сыяктуу эле реферат, эссе, ал тургай киносценарий жазып баштады. Бүгүнкү күндө онлайн окугандардын 80%га жакыны окуу учурунда эле иш таап алып жатат.

Жаңы доордун артыкчылыктары кандай болоору боолголонуп калды.

Окумуштуу футурологдордун айтымында (П.Г.Щедровицкий) келерки илимий революция илимий лабораторияларда же интернет айдыңында болот. Болжолу Кытай же Индия өлкөлөрүндө болот.

Кийинки илимий ачылыштар негизинен жасалма интеллект, нанотехнология, биомедицина, материаловедение, IT технология менен тыгыз байланыштуу. Климаттык өзгөрүү же экология тармагы эң маанилүү.

Демек, дүйнө төртүнчү өндүрүштүк жаңы революциянын босогосунда турат. Бирок, жаңы доордо футуролог Юваль Хараринин айтуусуна таянсак адамгерчилик, нарк, руханий баалуулуктарга адамзат таңсык болоору шексиз.

Ар бир ата-эне өз баласын сүйөт.

Мугалим болсо башка бирөөнүн баласын да өз баласындай сүйүп, мээримин төгө алат. Мугалимдин жүрөгү ошондой айкөл. Улуу педагог В.А.Сухомлинский “Балдарга жүрөгүмдү берем” аттуу эмгегинде педагогдун эң баа жеткис сапаты – бул балдарды сүйүү деп айткан эмеспи.

Менимче мекенди сүйүү эң ириде балдарды сүйүүдөн башталат. Бизде балдарды өсүп келе жаткан муундарды мекенчил, адамгерчилик, чынчыл, эмгекчил, боорукер, табиятка аяр мамиле кылган инсанды тарбиялоо үчүн ата-бабалардан калган эбегейсиз руханий кенчи бар. Бизде советтик педагогиканын тез, жалпы элди кат сабаттуу кылып, дүйнөлүк элдердин катарына теңей алган бай тажрийбасы бар.

Дүйнөдө билим берүүдө эң алдыга кеткен чыгыш (Сингапур, Япония, Малайзия, Түштүк Корея, Кытай) менен Батыштын (Эстония, Финляндия, Великобритания) тажрыйбасын эске алуу менен өзүбүздүн билим берүүдө улуттук моделин иштеп чыгып, жигердүү колдонууга жетишүүбүз – парз.

Демек, улуттук нарк, каада-салтыбыз менен санарип билимдүү айкалыштыра билүү кажет. Жасалма интеллект жана роботтоштуруу келгенде 60-70 пайыз азыркы профессияны алмаштыруу мүмкүн.

Дегеним, жаңы көндүм жаңы тажрыйбаларга келечек муунду окутуу парз. Бул жагынан жигердүү өнүгүп жаткан Кытайда окуучуларды дүйнөдөгү эң көп жөндөмдөргө үйрөтөт.

Балдарды окутууга байланышкан жөндөмдөр. Он төрт пунктту камтыйт:

1) балдар менен достошо алат;

2) балдарга окуяларды айтып бере алат, кызыктуу жана керектүү түрдүү маалыматтарды путунхуа улуттук тилинде баяндай алат;

3) балдардын балдыр тилин түшүнөт;

4) балдардын суроолоруна жооп берет, бала ойлонгудай суроо жарата алат;

5) балдарды өз алдынча маалымат табууга жана окууга үйрөтөт;

6) окуу жайында эскерүү күндөрүн өткөрө алат, балдардын иш-чараларын уюштурат;

7) баланы дил баян жазууга, сүрөт тартууга, буюм жасоого, өз пикирин билдирүүгө үйрөтөт;

8) балдардын жаман адатын байкайт жана алардан арылуунун жолун табат;

9) балдардын эмгегин уюштуруп, мисалы, айлана-тегеректи тазалоо сыяктуу иштерди жетектейт;

10) жергиликтүү балдардын ыр күүлөрүнүн айрымдарын билет;

11) балдар менен кошо ойной алат;

12) 6 жаштан жогору балдардын психологиясын билет;

13) педагогиканын эксперименталдык усулдарын жана педагогикалык эксперименттердин айрым түрлөрүн билет, билимин текшере алат, статистикалык таблица түзө алат;

14) соңку кездеги педагогикалык басылмаларды жана популярдуу адабияттарды кунт коюп окуйт, жаңы усулдагы окутуу принциптери жана ыкмалары менен тааныш.

Демек, билим гана бербестен жаңы көндүмдөрдү үйрөтүү учур талабы.

X

Кыргыз элинде бир өзгөчө мүнөз бар. Маселен, тээ эң алыскы айылдардын биринде эң кыйналып жашаган үй-бүлө бар дейм. Эгер ошол үй-бүлөнүн кызы же уулу сабактан “беш” алып келсе ата-энеси өзүн чексиз бактылуу сезет. Жакыр жашаарын, кыйынчылыкты унутуп коёт.

Демек, балдарынын келечегин билим-илимге байлап койгон эл сөссүз түрдө бак-таалайга татыктуу.

Биз эгемен Кыргызстанда гана бактылуу боло алабыз. Биз эң ириде мугалимдерге бактылуу жашоого шарт түзүп, анан гана өзүбүз бак-таалайлуу боло алабыз.

20, 30 жылдан кийин Кыргыз өлкөбүз кандай болот?

Бүгүн мугалимге, мектепке, илим-билимге кандай мамиле кылсак дал ошондой болот. Экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Пол Самуэльсондон “Нобель сыйлыгын алыш үчүн эмне керек?” – деп сураганда, ал “Эң мыкты мугалим табуу керек” – деп  жооп берген экен.

Акыл-кенчи алып жүргөн элиталар болуп Франция тарыхында герцогдор, Англияда герцогдор, орустарда княздар болсо, келечекте Кыргызстанда андай адамдар мугалимдер гана боло алаары шексиз.

Азис Абакиров, Данияр Аманалиев жана Динара Руслан бүгүнкү доордун лидерлери. Азис Абакиров мырза IT билим берүүнү бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү үчүн эбегейсиз эмгек этип жатат.

Данияр Аманалиевдин эмгеги жана чыгармачылыгы менен жаралган Ололо Планет Орто Азиядагы эң мыкты долбоор.

CODIFY IT платформасынын түзүүчүсү Динара Руслан айым болсо кыргыз элинин санарип доорундагы жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ача алды.

Кыргыз эли IX кылымда Эне-Сайда улуу көчмөн каганатын кура алган эле. Эми XXI кылымда биз кыргыз эли санарип каганатын куралаарыбызды далилдешибиз керек.

Биздин өлкөбүз үчүн жок дегенде дүйнөлүк деңгээлде сапаттуу иштей алган 50 000 IT адис керек. Ар бир IT адис жылына 30-40 миң доллар пайда алып келе алат. Бул жылыш ИДП үчүн 2 миллиард долларга чейин киреше алып келет.

XI

Эми соңунда он эки жылдыкка өтүү боюнча министрликтин кадамдары колдоого татыктуу.

А) Бул дүйнөлүк тенденция. Дүйнөдө билим берүүдө эң алдыңкы орунга жетишкен өлкөлөр эң ириде орто билим берүүдө 12 жыл окутат;

Б) Бала билимге канча эрте аралашса кабылдоосу ошончо эрте жетилээри эбак аныкталган;

В) Дүйнөлүк атактуу окуу жайга өткөн кыргызстандыктар келечекте 4 эмес, 3 эле жыл окушат;

Г) Демек, бизде да келечекте бакалавриат 4 жыл эмес, 3 жыл болуусу кажет;

Д) Андан соң магистратура мөөнөтү да кыскартылышы ажеп;

Е) Колледж – бул университеттик билим, демек колледж окуу мөөнөтү 2 жылга чейин кыскартуулусу шарт;

Ж) Ушуга жараша профессионалдык лицейлерде окутууну эки эсе көбөйтүү зарыл.

12 жылдыкка өткөн соң 9-класстан кийин кесип алуу үчүн лицейлерде окуп, адистик алууга артыкчылык берип баштайт. СССР доорунда 119 лицейде 64 миң бала окуса, азыр болгону 100 лицейде 34 миң гана окуйт.

З) 11-12-классты окуй тургандар табигый түрдө азайып, көбү эртерээк адистик алганга умтулат.

И) Мектепти мурдагыдай эле 17 жаш курагында аяктайт.

К) 11-12-класс негизинен тандаган профессия боюнча предметтерди окутууга артыкчылык берилет.

 

XII

Бул жупуну ырым Кыргызстандын ар бир мугалимине арналат.

 

Таазим сага, мугалим

Неченди үйрөткөн мугалим,

Мекенди түрлөнткөн мугалим

Өз элин өзгөчө сүйдүрүп

Эл жерди гүлдөткөн мугалим.

 

Балага бак берген мугалим

Баатырга так берген мугалим

Тарбия, таалимге сугарып

Баарысы  бап келген мугалим.

 

Мөмөсү шактаган мугалим

Тулпарды таптаган мугалим

Балапан барчынга жетилтип

Тарыхты сактаган мугалим.

 

Бак таалай кең берген мугалим

Баарына тең берген мугалим

Бактысын билимден тапсын деп

Балдарга дем берген мугалим

 

Өзүңдөн бийикке учканбыз

Өркүндөп алыска сызганбыз

Өлкөбүз мектептен башталат

Уясын сагынган куштарбыз.

  

К.Иманалиев,

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер