МЕВЛАНАНЫН МУРАСЫНДАГЫ ЗАМАНБАП ПЕДАГОГИКАЛЫК ОЙЛОР, ОСУЯТТАР
- 16.06.2026
- 0
Арифтердин көңүлүндө өчпөгөн Мевлана
Руханий тарыхтын өзгөрбөс мыйзамы бар: кылымдар ары жагында жашап өткөн айрым улуу инсандардын ысымы мезгил шамалына өчпөй, сөзү доор чаңына көмүлбөй, ойлору ар бир жаңы муундун аң-сезиминде кайрадан ачылган акыл казынасы, нарктуу насаат, руханий багыт катары жаңырып турат. Алардын сап башында Чыгыштын залкар ойчулу, акын, философ жана руханий устат Мевлана Жалаладдин Руми турат. Ал 1207-жылы азыркы Ооганстан аймагында туулуп, кийин Селжуктар доорундагы Кония шаарында азыркы Түркиянын аймагында — аалым, ойчул жана улуу руханий тарбиячы катары калыптанган. Дал ошол жерде жараткан «Маснави» аттуу өлбөс-өчпөс чыгармасы караңгылыкта жол таппай карбаласка түшкөн адамдар үчүн кол чырактай кызмат өтөп, жалпы адамзаттын руханий азыгына айланган.

Мевлана менен биздин арабызды сегиз кылымга жакын убакыт бөлүп турса да, ошончо мезгил өткөнүнө карабастан, анын мурасы бүгүн да өзүнүн руханий жана педагогикалык күчүн жоготкон жок; тескерисинче, анын «Мен өлгөн соң күмбөзүмдү жерден издебегиле, арифтердин (акылман, рух дүйнөсү бай) көңүлүндө биздин күмбөз» деген көрөгөчтүк менен айтылган сөздөрүн 800 жылдан ашык тарых айкын тастыктап келет.
Мелана куру насаат айтпайт, адамдын жан дүйнөсүндөгү эң назик маселелерди козгойт. Азыркы дүйнө билим берүү жөнүндө көбүнчө технологиялардын, стандарттардын жана практикалык максаттардын тили менен сүйлөп жаткан чакта, Мевлананын ойлору билим берүүнүн түпкү маңызын кайрадан эске салат. Ал маңыз — адамга жөн гана билим берүү эмес, аны адам кылып тарбиялоо. Эгер билим берүү адамдын адам болушуна жардам бербесе, анда ал өзүнүн чыныгы маанисин жоготот. Дал ушундан улам Мевлананын түбөлүктүү педагогикалык ойлору бүгүн да жандуу, терең жана өзгөчө актуалдуу бойдон калууда. Буга байланыштуу биз Мевлананын педагогикалык метафорага, афоризмге айланган каймана маанидеги сөздөрүн контексттик талдоо ыкмаларына таянуу аркылуу чечмелеп көрүүгө аракет кылабыз.
«Оку, бирок сөз үчүн эмес, өзгөрүү үчүн оку»: билимдин инсанды өзгөртүүчү күчү
Мевлананын бул акылман сөзүнүн төркүндө нукура педагогикалык акыйкат жатат. Эгер билим адамдын дүйнө таанымын кеңейтпесе, жүрүм-турумун оңдобосо, башкаларга болгон мамилесин тереңдетпесе жана өзүнө болгон жоопкерчилигин арттырбаса, анда ал али чыныгы руханий күчкө айланбайт.
Бүгүн көптөр окуйт, бирок баары эле ички жактан өзгөрө бербейт. Көптөр билет, бирок ошол билгенин турмуш чындыгына айланта албайт. Ошондуктан Мевлананын бул сөзү азыркы билим берүү системасынын алдына курч суроо коёт: биз маалымат жыйнаган муунду тарбиялап жатабызбы же өзгөрүүгө жөндөмдүү инсанды калыптандырып жатабызбы?
Азыр билим алуу көп учурда баа, диплом, кызмат, мансап же билимдүү көрүнүү сыяктуу сырткы максаттарга баш ийип калгансыйт. Ал эми чыныгы таалим адамдын ички дүйнөсүн өзгөртүп, аны ой жүгүртүүгө, өзүн таразалоого, жакшылык менен жамандыкты, нарк менен бааны ажырата билүүгө жеткирет. Демек, билим берүүнүн улуу миссиясы — эс тутумду маалыматка толтуруу эмес, инсанды жетилтүү. Мевлананын ушул осуяты бүгүн да ушул унутулгус акыйкатты кайрадан эске салат.
«Ичиңдеги казынаны изде»: окуучунун мүмкүнчүлүгүн ачуу педагогикасы
Мевлана: «Ар ким кыялга батып, ошол кыялына жетеленип, казына табуу максатында ар кайсы булуң-бурчту казып жүрөт. Дүйнөдөгү адамдардын көбү алтын издеп жүрөт. Сен болсо өзүң казынасың, бирок муну билбейсиң. Башка жерден казына издегенден көрө, өзүңдүн ичиңдеги жашыруун казынаны изде» — деп жазган. Бул ой педагогикалык процесс үчүн, айрыкча окуучунун өзүн өзү таануусу жагынан өзгөчө мааниге ээ. Анткени бул жердеги «казына» — окуучунун өз ичинде алып жүргөн жөндөмү, кызыгуусу, ой жүгүртүү күчү, адептик баалуулуктары, үйрөнүү мүмкүнчүлүгү жана али толук ачыла элек инсандык байлыгы.
Тарбиялык жактан алганда, бул сөз ар бир окуучу өзүнүн баалуулугун сырттан эмес, эң оболу өз ичинен издеши керектигин түшүндүрөт. Анткени айрым окуучулар ийгиликти башкалар менен салыштыруу, жогорку баа алуу же айланадан мактоо угуу аркылуу гана түшүнө башташат. Ал эми Мевлананын бул сөзү чыныгы өсүү адамдын өз ичиндеги мүмкүнчүлүктү ачуу менен башталарын эске салат. Окуучу башкалардын күчүнө суктанганга караганда, өз ичиндеги асыл сапатты байкаганда бекемирээк өзүнө ишенимге ээ болот.
Мевлананын «Мен жашырылган кен байлыкмын, мени тапкыла», – деген хадиске байланыштуу түшүндүрмөлөрү мугалимге окуучунун атынан айтылган ички кайрылуу катары туюлат. Анткени, мугалимдин окутуу тарбиялоо ишмердүүлүгүнүн ийгилиги окуучунун ичинде катылган күчтү көрө билүүдөн башталат. Ар бир окуучунун ичинде ачылышын күтүп жаткан казына бар; мугалимдин милдети ошол казынаны табуу, өнүктүрүү жана турмушка алып чыгуу.
Окуучу жагынан караганда, бул сөз өзүн өзү таанууга чакырык да болуп эсептелет. Башкача айтканда, окуучу өзүнүн наркын дайыма сырттан келген баалоодон эмес, өзүнүн эмгегинен, өсүшүнөн, мүнөзүнөн жана ички мүмкүнчүлүгүнөн издеши керек. Кыргыздын элдик педагогикалык акылмандыгы «Өз акылың өзөк менен тамыр, өзгөнүн акылы кишен менен тушоо» деп белгилегендей өздүк акыл билим гана дагы көз карандысыз, дагы жоопкерчиликтүү инсанга айлантат. Жапылап айтканда ар бир окуучунун ичинде ачылышын күтүп жаткан казына бар; мугалимдин милдети окуучуга ошол казынаны табуу, өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү.
«Өзүңдүн бааңды бил»: өзүн таануу жана инсандык нарк
Бул сөз сөз инсандын өз наркын аңдоосуна көңүл бурган күчтүү педагогикалык эскертүү болуп саналат. Бул ой адам сырткы дүйнөдөгү нерселердин, ийгиликтердин жана өлчөмдөрдүн баасын өздөштүрүп жатып, көп учурда өзүнүн ички баалуулугун унутуп каларын көрсөтөт. Ал эми билим берүү процессинин маанилүү милдеттеринин бири — окуучунун академиялык жетишкендиги менен катар өзүнүн жөндөмүн, мүнөзүн, өсүү күчүн жана инсандык наркын сезишине жардам берүү. Өз баасын тааныган окуучу билимди сырткы жактыруу үчүн эмес, өзүн ишке ашыруу үчүн өздөштүрө баштайт.
«Анын тили менен сүйлө»: мугалимдин эмпатиялык жана инсан таламдуу ыкласы
«Билими жок караңгы адамга бир нерсе үйрөткүң келсе, өзүңдүн тилиңди унутуп, ошол адамдын тили менен сүйлөшүүң керек. Ал ошондо гана билим-илимди үйрөнө алат» деген Мевлананын бул сөзү билим берүү жана адамдык мамиле жагынан өтө терең мааниге ээ.
Бул жердеги «тил» жөн гана сөз эмес. Бул -адамдын түшүнүү деңгээли, ички дүйнөсү, жаш өзгөчөлүгү, тажрыйбасы, муктаждыгы, кызыгуусу жана руханий абалы дегенди билдирет. Мевлана бул сөзү менен чыныгы мугалим өз билгенин гана айтып койгон адам эмес, каршысындагы адамдын дүйнөсүнө түшө алган, аны түшүнө алган жана ага жеткиликтүү жол менен кайрыла алган инсан экенин көрсөтүп жатат. Бул абдан педагогикалык маанилүү принцип. Анткени үйрөтүү — жөн гана сүйлөө эмес; түшүндүрө билүү, байланыш түзүү жана окуучунун ички дүйнөсүнө жол табуу. Мугалим өтө билимдүү болушу мүмкүн, сабагын мыкты билиши мүмкүн, бирок окуучунун деңгээлине түшө албаса, анын көңүлүн, коркунучун, кызыгуусун жана даярдык абалын эске албаса, анда ал билимдин жугумдуулугу азаят. Демек, билим берүүдө башкы маселе жалаң гана «эмне айтылды?» эмес, «кимге, кантип жана кайсы тил менен айтылды?» деген суроодо да жатат.
Өз тилиңди унутуу — бул өзүмчүлдүктү, текеберликти, «мен гана билем» деген мамилени четке сүрүү дегенди да билдирет. Кээде үйрөткүсү келген адам каршысындагы кишиге эмне керек экенин эмес, өзү билген нерсени гана айтууга шашат. Мындай учурда тарбия өз ара түшүнүшүү эмес, бир тараптуу таңуулоо болуп калат. Мевлана болсо мунун тескерисин сунуштайт: адегенде адамды түшүн, анан анын жүрөгүнө жетчү жол менен сүйлө. Бул — билим берүүдө урмат-сыйдын жана инсан таламдуу мамиленин негизи.
Мевлананын бул ойлору азыркы педагогиканын негизги принциптеринин бири болгон окутууну окуучунун жаш курагына, даярдык деңгээлине, кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө жана жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык уюштуруу талабы менен түздөн-түз үндөшүп турат. Анын пикиринде, чындыкты айтууда да өлчөм, убакыт, форма жана угуучунун руханий-интеллектуалдык даярдыгы эске алынышы керек. Ар кандай билим, айрыкча руханий жана адептик терең мазмун, адамга дароо эле толук ачылып берилбейт; аны кабыл алуу үчүн адамдын акылы, жүрөгү, тажрыйбасы жана ички даярдыгы белгилүү деңгээлге жетиши зарыл.
Мевлана үчүн устаттын милдети билимди адам көтөрө ала турган формада, түшүнө ала турган тилде жана сиңире ала турган өлчөмдө берүү. Ошондуктан ал өзү да устат аалым катары «Месневиде» терең маанилүү акыйкаттарды түздөн-түз кургак баяндоо менен эмес, икая, мисал, символ, салыштыруу жана көркөм баяндоо аркылуу жеткирүүнү туура көрөт. Бул ыкма бүгүнкү педагогикадагы инсанга багытталган окутуу, окуучунун жаш өзгөчөлүгүн эске алуу, өнүгүү деңгээлине ылайык билим берүү, эмпатиялык байланыш түзүү жана инклюзивдүү педагогикалык мамиле сыяктуу талаптар менен шайкеш келет.
Жыйынтыктап айтканда, Мевлананын педагогикалык ой жүгүртүүсүндө чыныгы билим берүү мугалимдин өз билимин көрсөтүүсүнөн эмес, окуучунун ички дүйнөсүн, кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жана руханий-интеллектуалдык даярдыгын эске алуудан башталат. Башкача айтканда, таалим-тарбиянын борборунда мугалимдин сөзү эмес, окуучунун түшүнүшү, кабыл алышы, өсүшү жана өзгөрүшү турушу керек. Ошондуктан мугалим окутуунун мазмунун, ыкмасын, тилин жана таасир этүү формасын окуучулардын жаш курагына, психологиялык өзгөчөлүгүнө, түшүнүк деңгээлине жана өнүгүү даражасына ылайык уюштурууга тийиш.
Мевлананын «саман чөбү тоону көтөрө албайт» деген маанидеги эскертүүсү да дал ушул педагогикалык чындыкты билдирет: окуучу көтөрө албаган билим аны жетилтпейт, тескерисинче, чарчатып, адаштырып же билимге болгон кызыгуусун басаңдатып коюшу мүмкүн. Демек, билим берүүдө чындыкты айтуу гана жетишсиз; аны качан, кимге, кандай өлчөмдө жана кандай формада берүү керектигин билүү мугалимдин кесиптик да, руханий да жоопкерчилиги. Дал ушул талап билимдин таасирдүү, тарбиянын натыйжалуу жана окуучунун инсандык өнүгүүсүнүн ийгиликтүү болушунун негизги шарты болуп саналат.
«Кел, кел, ким болсоң да келе бер…»: Мевлананын гуманисттик идеялары жана азыркы мугалимдин миссиясы
Мевлананын таалим-тарбия жөнүндөгү ойлорунун жана ишмердүүлүгүнүн өзөгүндө «Биз бириктирүү үчүн келдик, ажыратып бөлүүгө келбедик» деген жалпы адамзаттык толеранттуулукка тарбиялоо миссиясы жатат. Буга байланыштуу Мевлананын «Кел, кел, ким болсоң да келе бер, отко сыйынуучусуңбу же динсизсиңби, келе бер. Биздин кербен — үмүтсүздүктүн кербени эмес. Келе бер, эгер жүз жолу тобоңду бузсаң да, баары бир келе бер» деген Мевлананын улуу чакырыгы адамзатты четтетүүгө эмес, жакындатууга; айыптоого эмес, оңолууга; үмүтсүздүккө эмес, кайрадан жаралууга үндөгөн терең руханий формула болуп саналат.
Бул принцип айрыкча окуучуларга мамиле кылуу маселесинде өзгөчө баалуу. Себеби мектепте айрым окуучу сабактан артта калат, айрымдары жүрүм-турумунда жаңылышат, кээси тентектик кылат, дагы бири ички дүйнөсүндөгү көйгөйлөрдөн улам өзүн туура алып жүрө албай калат. Мындай учурда мугалим баланын ошол учурдагы кемчилигин гана көрүп, аны «начар», «үмүтсүз», «тарбиясыз» деп четке какса, анда ал баладагы өсүү мүмкүнчүлүгүнүн эшигин өзү жаап коюшу мүмкүн. Ал эми Мевлананын чакырыгы мугалимге башкача мамилени сунуш кылат: окуучуну катасы менен кошо кабыл алуу, бирок катага багынып калуусуна жол бербөө; аны жемелеп басынтуу эмес, түшүнүү менен оң жолго багыттоо.
Чыныгы педагогикалык маданият дал ушундан башталат. Окуучу ката кетириши мүмкүн, бирок ал катасы менен бүтпөйт. Анын ичинде али ачыла элек мүмкүнчүлүк, оңоло элек сапат, быша элек адамдык өзөк жатат. Мугалимдин милдети — ошол өзөктү көрө билүү. Кээде баланы өзгөрткөн нерсе катуу жаза эмес, «сен дагы оңоло аласың», «сенин колуңдан келет», «мен сага ишенем» деген мамиле болот. Анткени бала өзүн түшүнгөндөй, кабыл алынгандай жана ишенимге татыктуу сезген жерде гана ички жактан өзгөрүүгө күч табат. Балдарды оңдой турган күч — басынтуу эмес, ишеним; коркутуу эмес, мээрим; четке кагуу эмес, кол сунуу. Үмүт ойгонгон жерде тарбиянын да жолу ачылат. Демек, Мевлананын «келе бер» деген чакырыгы ар бир мугалимге баланы катасы менен эмес, мүмкүнчүлүгү менен көрүп, четке какпай жетелөөгө жана үмүтүн өчүрбөй жандырууга үндөгөн педагогикалык осуят.
Жыйынтыктап айтканда, Мевлананын мурасы — өткөн доордун гана руханий эстелиги эмес, бүгүнкү билим берүү үчүн да терең мааниге ээ болгон түбөлүктүү педагогикалык казына. Ушул жагынан алганда, Мевлана мурасы азыркы педагогика үчүн да өчпөс жарык, адамды адам кылууга багытталган улуу руханий жол көрсөткүч бойдон кала берет.
Эсенбек Мамбетакунов,
педагогика илимдеринин доктору, профессор,
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти
Акматали Алимбеков,
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин
педагогика кафедрасынын профессору
Комментарийлер