МЕТОДИСТ ӨЗҮ ДАЯР БОЛМОЮНЧА, МУГАЛИМГЕ ТОЛУК КАНДУУ ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАЙТ
- 09.11.2026
- 0
Билим берүү тармагындагы реформалар мугалимдерди гана эмес, аларга усулдук жардам көрсөткөн кызматтын ишин да жаңылоону талап кылууда. Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерди текшерүүгө басым жасаган эски системанын ордуна, алардын кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөткөн, практикалык жардамды жеткиликтүү жана сапаттуу уюштурган натыйжалуу усулдук кызматты калыптандырууга басым жасалып, облустук билим берүү институттарынын иши жаңыланып, райондук жана шаардык деңгээлде билим берүүнү өнүктүрүү борборлору түзүлүүдө. Ысык-Көл облустук билим берүү институтунда жаңы түзүмдү калыптандыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу институттун директору Чолпонай СЫДЫКОВА менен маектештик. 
— Бүгүнкү күндүн талабына ылайык аймактардагы усулдук кызматтардын иши жаңыланууда. Бул багытта Ысык-Көл облусунда кандай иштер жүргүзүлүп, мугалимдерге көрсөтүлүүчү усулдук жардамдын мазмуну, формалары кандай өзгөрүүдө?
— Бүгүнкү күндө усулдук кызматтын негизги милдети мугалимдерди көзөмөлдөө эмес, алардын кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү жана күнүмдүк педагогикалык ишинде кездешкен көйгөйлөрдү чечүүгө практикалык жардам берүү болуп саналат. Ысык-Көл облусунда бул багытта институт менен райондук борборлордун ишин өз ара байланыштырып, мугалимдердин муктаждыктарына жараша усулдук колдоо көрсөтүү системасы уюштурулууда. Айрыкча, 12 жылдык билим берүүгө өтүү, жаңыланган мамлекеттик жана предметтик стандарттарды, окуу программаларын өздөштүрүү, компетенттүүлүккө негизделген окутуу, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү жана санариптик ресурстарды колдонуу маселелерине көңүл буруп жатабыз. Мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары, тематикалык семинарлар, практикалык тренингдер, мастер-класстар жана предметтик консультациялар өткөрүлүп, алардын иш тажрыйбасындагы көйгөйлөрдү талдоого жана чечүү жолдорун табууга басым жасайбыз. Биздин максат — ар бир мугалимге зарыл учурда, өзүнүн кесиптик муктаждыгына ылайык усулдук жардам көрсөтүп, билим берүүдөгү өзгөрүүлөрдү мектеп практикасына натыйжалуу киргизүүгө көмөктөшүү.
— Институттун штаттык курамы кандай шарт менен түзүлдү? Анткени көп жылдан бери иштеп келе жаткан тажрыйбалуу методисттер бар. Жаңы түзүмдө алардын орду кандай болот?
— Ысык-Көл облустук билим берүү институту — 50 жылдан ашык тарыхы бар, билим берүү тармагында өз ордун тапкан, калыптанган кесипкөй жамааты бар мекеме. Ошондуктан жаңы түзүмгө өтүүдө биздин негизги максатыбыз тажрыйбалуу кадрлардын потенциалын сактоо менен алардын билимин жана тажрыйбасын жаңы талаптарга ылайык пайдалануу болду.
Институттун штаттык курамын түзүүдө квалификациялык талаптарга таянып иш алып бардык. Кадрларды толуктоодо олуттуу кыйынчылыктар жаралган жок. Анткени институтта көп жылдан бери эмгектенип, өз багыты боюнча тажрыйба топтогон, дасыккан адистерибиз бар. Негизги штаттык курам ошол кызматкерлердин эсебинен куралды. Ошол эле учурда жаңы кызматкерлерди да алып, жамааттын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көңүл бурулду.
Биз үчүн кызматкердин көп жылдык иш стажы гана эмес, кесиптик билими, компетенттүүлүгү, заманбап талаптарды өздөштүрүүсү жана мугалимдерге практикалык жардам көрсөтө билүүсү да маанилүү.
Мисалы, бүгүнкү күндө 12 жылдык билим берүүгө өтүү, жаңыланган мамлекеттик жана предметтик стандарттарды ишке ашыруу, жаңы окуу программаларын өздөштүрүү боюнча мугалимдерге колдоо көрсөтүү зарыл. Бул иштерди жүргүзүүдө тажрыйбалуу методисттердин билими жана практикалык тажрыйбасы чоң мааниге ээ. Ошондуктан биз түзүмдү өзгөртүүнү кадрларды жөн гана алмаштыруу катары эмес, калыптанган тажрыйбаны сактоо жана иштин натыйжалуулугун арттыруу мүмкүнчүлүгү катары карадык. 
— Институттун жана райондук борборлордун ишин бирдиктүү системага келтирүү, усулдук колдоонун натыйжалуулугун арттыруу багытында кандай иштер аткарылууда?
— Бул багытта биз эки негизги маселеге көңүл бурдук: институттун калыптанган кадрдык потенциалын сактоо жана райондук, шаардык деңгээлде усулдук кызматтын жаңы түзүмүн уюштуруу. Ысык-Көл облусунда билим берүүнү өнүктүрүү боюнча райондук борборлорду түзүүдө үч борбор уюштурулду. Алардын штаттык курамын түзүүдө мурда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө методист болуп иштеп келген адистердин кесиптик тажрыйбасы эске алынды. Кызматкерлерди бөлүштүрүүдө аймактык жайгашуу өзгөчөлүгү жана тиешелүү аймакты тейлөө зарылдыгы да эске алынды.
Мындай чечимдин мааниси чоң. Анткени бул адистер өз аймактарындагы мектептерди, мугалимдердин муктаждыктарын жана билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү жакшы билишет. Алардын тажрыйбасын жаңы түзүмдө пайдалануу усулдук иштин үзгүлтүксүздүгүн сактоого жана мугалимдерге жеринде жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.
Институт менен райондук борборлордун милдеттери да бири-бирин толуктап турат. Институт мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруп, кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтсө, райондук борборлор мугалимдер менен түздөн-түз иш алып барып, жергиликтүү муктаждыктарды аныктоого жана усулдук колдоо көрсөтүүгө багытталат.
Мындан тышкары, кадрларды тандоодо квалификациялык талаптарга ылайык кесиптик билимине, иш тажрыйбасына, методикалык компетенттүүлүгүнө жана кызматтык милдеттерди аткарууга даярдыгына көңүл бурулду. Жаңы кызматкерлер менен толуктоо да ушул талаптардын негизинде жүргүзүлөт.
— Методисттер кандай жол менен тандалды? Заман талабына жараша алардын санариптик сабаттуулугуна жана заманбап окутуу ыкмаларын билүүсүнө көңүл бурулдубу?
— Методисттерди тандоодо бекитилген квалификациялык талаптар негизги критерий катары алынды. Талапкерлердин тиешелүү жогорку билими, билим берүү тармагындагы иш тажрыйбасы, кесиптик компетенттүүлүгү жана усулдук иштерди уюштуруу жөндөмү эске алынды. Ошондой эле заманбап билим берүү талаптарын түшүнүүсүнө, мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү жана билим берүүдөгү жаңыланууларды ишке ашырууга даярдыгына көңүл бурулду. Негизги максат кызмат орундарын толтуруу гана эмес, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө натыйжалуу көмөк көрсөтө алган адистерди тандоо болду.
— 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө мугалимдерге жардам берүү үчүн методисттердин өздөрү кандай даярдыктан өтүшү керек?
— Биринчи кезекте методисттер жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттарды, окуу программаларын жана окуу-методикалык комплекстерди терең өздөштүрүшү керек. Мындан тышкары, компетенттүүлүккө негизделген окутуу, окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык окутууну уюштуруу, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү, билим берүүдөгү баалоонун жаңы ыкмалары жана санариптик ресурстарды колдонуу боюнча даярдыктан өтүүлөрү зарыл. Методист өзү даяр болмоюнча, мугалимге толук кандуу жардам бере албайт. Биздин усулчулар КР Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациялуу жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту тарабынан кесиптик чеберчиликтерин жогорулатышат жана тиешелүү окутуулардан өтүшөт. Андан тышкары ар бир методист өз алдынча дагы каалаган жерден, каалаган убагында кесиптик чеберчилигин жогорулатуучу курстардан өтө алышат. Биз ар бир демилгени колдойбуз.
Усулдук борборлордун негизги милдеттеринин бири — мугалимдерге жаңы талаптарды түшүнүүгө жана аларды күнүмдүк педагогикалык ишмердүүлүгүндө колдонууга көмөк көрсөтүү. Бул багытта мугалимдер үчүн тематикалык семинарларды, практикалык тренингдерди, мастер-класстарды жана предметтик консультацияларды уюштурушат. Ошондой эле жаңы окуу программаларын ишке ашырууда мугалимдерде көп кездешкен көйгөйлөрдү аныктап, алардын негизинде усулдук сунуштарды жана практикалык материалдарды даярдашат.
— Усулдук борборлордун ишинин натыйжалуулугу кандай бааланат? Методисттердин иши мугалимдердин жетишкендиктери менен байланыштырылабы?
— Усулдук кызматтын натыйжалуулугу мугалимдерге көрсөтүлгөн жардамдын сапаты жана алардын кесиптик жетишкендиктери аркылуу бааланат. Ысык-Көл облусунда мугалимдерге үзгүлтүксүз усулдук колдоо көрсөтүлүп, алардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Мунун айкын далили — акыркы эки жылда «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык кароо-сынактарында облустун мугалимдери жогорку ийгиликтерге жетишип келе жатканы.
2024–2025-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты предметинин мугалими баш байгени багындырып, беш мугалим, бир тарбиячы алдыңкы орундарды ээлеген. Ал эми 2025–2026-окуу жылында «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин мугалими баш байгеге ээ болуп, мындан тышкары төрт мугалим, бир тарбиячы 1-орунду, МЧББУнун кыргыз тили мугалими 2-орунду, музыка мугалими 3-орунду багындырды. Ошондой эле предметтик олимпиадаларда жана жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) облустун көрсөткүчтөрү да жакшырууда. 2024-2025-окуу жылында эки окуучу «Алтын сертификат» алса, 2025-2026-окуу жылында төрт окуучу «Алтын сертификатка» ээ болду.
Бул жетишкендиктер — мугалимдердин талыкпаган эмгегинин, кесиптик изденүүсүнүн жана аларга көрсөтүлүп жаткан усулдук колдоонун натыйжасы.
— Усулдук борборлордун кайра түзүлүшү билим берүүнүн сапатын жакшыртууга кандай реалдуу өзгөрүүлөрдү алып келе алат?
— Эгер ар бир түзүм өз милдетин так аткарып, мугалимге өз убагында жардам көрсөтсө, бул билим берүүнүн сапатына оң таасирин тийгизет. Облустук институт мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, ал эми райондук жана шаардык борборлор жеринде усулдук колдоо көрсөтүүгө багытталат. Натыйжада мугалимдин кесиптик мүмкүнчүлүгү кеңейип, окуучуларга сапаттуу билим берүүгө шарт түзүлөт.
Жыйынтыктап айтканда, усулдук кызматтын негизги максаты — мугалимди өзгөрүүлөргө даярдоо, анын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана ар бир окуучунун сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү менен Ысык-Көл облусунда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Бул ишти институт, райондук борборлор жана мектептер биргеликте жүргүзгөндө гана реформалар күтүлгөн натыйжасын берет деп ойлойм.
Маектешкен Ч.Кийизбаева,
“Кут Билим”