МЕНТОР КЫЗДАРДЫН ЛИДЕРЛИК САПАТЫН ӨНҮКТҮРӨТ

  • 19.05.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду  “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагындагы ментордук программасын ийгиликтүү ишке ашырып жатат. Долбоор башталгандан  бүгүнкү күнгө чейин 193 насаатчы 2100 шакирт менен беш айлык мөөнөттө ишмердүүлүктү уюштурганга жетишти. Насаатчылар кесипке багыт беришти, ар түрдүү экскурсияларды уюштурушту, кесиптин артыкчылыктары боюнча маалымат беришти, мастер-класстар өткөрүлдү, көңүлдүү кездешүүлөр болду. Эми күзгө чейин дагы 2600 кыз насаатчылык программадан өтөт. Ментордук программанын ментору, физика-математика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкованы  STEM түшүнүгү, менти кыздарды даярдоо, тарбиялоо боюнча айтып берүүнү өтүндүк.

МЕНТОР КЫЗДАРДЫН ЛИДЕРЛИК САПАТЫН ӨНҮКТҮРӨТ

— Жылдыз айым, акыркы убактарда STEM деген термин өтө көп колдонулуп, жаштар арасында популярдуу болуп кетти. Эмне үчүн STEM багыты актуалдуу?

— Акыркы жылдары STEM-багыты, STEM-билим берүү, STEM-компетенциялары деген түшүнүктөр илимий басылмаларда, массалык-маалымат каражаттарында, ошондой эле интернет булактарында көп кездешип, жаштар арасында бул багытта кызыккандар көбөйүп жатат. Аббревиатура академиялык дисциплиналарга байланыштуу терминди билдирет: табигый илимдер, технология, инженерия жана математика. Адатта, бул термин университетте багыттарды, окутуу ыкмаларын жана адистиктерди тандоону аныктоо үчүн колдонулуп келген, бирок, азыр ал иштин түрүн, адистин квалификациясын, иш берүүчүлөрдүн талаптарын аныктоодо активдүү колдонулат.  Бүгүнкү күндө бул термин билим берүү тармагынын сапатын аныктоодо эң мыкты деп эсептелген Австралия, Канада, Улуу Британия, Кытай, Гонконг, Сингапур, Түркия сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө колдонулат. Атайын фонддор STEM багыттарын колдоо үчүн түзүлүп, мамлекеттен акча бөлүнүп, мамлекеттик жана жеке STEM  окуу борборлору ачылууда.

Бүгүнкү илимий-техникалык жетишкендиктердин жараткан шарттары жашообузду абдан жеңилдетти. Окуп-үйрөнүү ишмердигинен баштап, үй-тиричилигинде, коомдук тейлөө кызматтарында, өндүрүштүн бардык тармактарында техниканын, компьютердик технологиянын, телекоммуникациянын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен адам баласы кайталанма, татаал эсеп-кысапты жүргүзүүчү, узак убакытты жана каражаттарды талап кылуучу,  шаблондуу иш-аракеттерден кутулду.  Бирок, жашоо ушуну менен жеңилдеп кеткен жок, тескерисинче, адамзаттын алдына бул прогресс улам өзүнүн жаңы талаптарын, оор маселелерин жаратууда. Бүгүнкү дүйнөнү 3T менен мүнөздөөгө болот: “туруксуздук”, “татаалдык”, “так эместик”. Заманбап коомдо жалгыз константа – бул “өзгөрүү”.  Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында чыгарылган маалыматтар боюнча, бүгүн биринчи класска барган окуучулардын 65% болочокто бүгүнкү күндө бизге белгисиз болгон ишмердиктин түрү менен алектенишет. Чындыгында кандай билим, билгичтиктерге ээ болууну, өзүңдө кандай көндүмдөрдү өстүрүүнү  так биле албайсың. Сени ийгиликке жеткирүүгө жардамын берүүчү шарттарды аныктоо өтө кыйын. Бүгүн сен окуп жаткан тармак/багыт качанга чейин актуалдуу, эртең кандай кесиптик көндүмдөр зарыл болот – буга да так жооп берүү кыйынга турат. Бул бүгүнкү күндүн реалдуулугу.

— “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду өлкөбүздө бул маселе боюнча жигердүү аракеттерди көрүп, түрдүү иш-чараларды өткөрүп жатат. Ош шаарындагы жана Кара-Суу районундагы мектептер долбоорго тартылган эле. Жыйынтыгы кандай болду?

МЕНТОР КЫЗДАРДЫН ЛИДЕРЛИК САПАТЫН ӨНҮКТҮРӨТ

— Кыргызстанда бул багытта бир катар иштер жүргүзүлүп жатат, анын ичинде билим берүү тармагы да бул маселени колго алган. Билим берүү жана илим министрлиги, Балдарды коргоо борбору (ЮНИСЕФ) колдоого алып, “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан “Илимдеги кыздар” долбоору үч жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатат. Бул долбоордун алкагында Ош шаарынан 16, Кара-Суу районунан 4 жалпы билим берүүчү орто мектептери тартылган. Долбоордун негизги максаты — кыздарды билим алууга, табигый илимдерге, математикага, технологияга, компьютердик илимдерге, инженерияга кызыктыруу, туура кесип тандоого багыт берүү, кесип алууга үндөө болуп саналат. Былтыркы жылы 44 окуучу кыздар Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу курсуна катышып, 99% кыздар жогорку окуу жайларга тапшырышты. Анын ичинен 73% кыздар STEM-багытындагы адистиктерди тандашты. Дагы бир жакшы көрсөткүч курска окуган кыздардын бюджеттик орундарга жайгашуусу 40%дан жогору болду. Ал эми быйылкы жылы 70 кыз ЖРТга даярдануу курсунда окуп жатышат. Быйылкы жылы жыйынтыгыбыз былтыркы жылга караганда да жакшы болот деп үмүтөнүп турабыз.

— Бул долбоордун алкагында ментордук программа каралган. Ментор деген ким?

— Долбоордун алкагында ментордук программа иштеп жатат. Ментордук программада 400дөн ашуун кыздар STEM-багытында ийгиликтүү иштеген устаттардан билим алып, алардын иш тажрыйбаларын үйрөнүп жатышат. Ментордук программага Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан, бизнес өкүлдөрүнөн, өндүрүштөн болуп жалпысынан 40 ментор (насаатчы) кыздарга устатчылык кылып жатышат. Жакында эле Ош мамлекеттик университетинин базасында STEM-фестивалы өткөрүлдү. Фестивалда Ош шаарындагы бардык жогорку окуу жайлардын STEMдик кесиптерге багыт берүү көргөзмөсү, окуу борборлордун презентациялары, ошондой эле ментордук программага катышкан менторлордун көргөзмөлөрү уюштурулду. Фестивалга 1500дөн ашуун мектеп окуучулары катышты. Фестивалдын жүрүшүндө 10 түрдүү мастер-класстар өткөрүлүп, ага келген кыздар мастер-класстарга катышып, жаңы билимдерди алышты.

МЕНТОР КЫЗДАРДЫН ЛИДЕРЛИК САПАТЫН ӨНҮКТҮРӨТ

— Ментордук программага катышкан менти кыздар дагы кандай билимдерди ала алышат?

— Кызыктуу фактылардан келтирип кетейин. Гарвард университетинде жана Стенфорд Изилдөө институтунда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында изилдөөчүлөр төмөнкүдөй бүтүмдү чыгарышкан.  Адистин ийгиликтүү кызматкер болуусуна 85% ийкем көндүмдөр өбөлгөсүн тийгизет. Дагы бир Стенфорд Изилдөө институту менен Карнеги Мелон фонду биргеликте жүргүзгөн изилдөөдөн ишкананын жетекчисинин узак убакыт аралыгында компанияны ийгиликтүү башкарып иштөөсүнө 75%  таасирин тийгизген анын ийкем көндүмдөрү экендиги аныкталган. Бул изилдөө “Fortune 500″ тизмесине кирген компаниялардын башкы директорлорунун арасында жүргүзүлгөн. Демек, лидердик сапатты  өнүктүрүү, коммуникативдик-социалдык көндүмдөрүн өстүрүү, командада иштөө, оратордук чеберчилигин жогорулатуу сыяктуу багыттарда иш алып барган менторлорубуз бар. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин базасында математика, физика сабагынан ийримдер, компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу сабактары да уюштурулган. Программага катышкан менти кыздар бул курстарга мектептен кийинки мезгилде келип катышып жатышат.

МЕНТОР КЫЗДАРДЫН ЛИДЕРЛИК САПАТЫН ӨНҮКТҮРӨТ

— Сиз ментор катары кыздарга кандай кеп-кеңеш берип жатасыз?

— Эң жакшы суроо болду. Мен кыздарга принцип катары төмөнкүлөрдү кармоо менен өз иш-аракетиңерди уюштурууну сунуштайм.

Мотивация жок же пайдасыз иш-аракеттей сезилет. Өзүн өнүктүрүүдө дароо натыйжага жетишүү мүмкүн эмес, ошондуктан көпчүлүк учурда өзүн өнүктүрүү иш-аракетин системалуу жүргүзүшпөй же таптакыр токтотуп салышат.

Күнүмдүк иштер менен алектенип атайын убакыт ажыратуу кыйын. Адамдын өтө көп убактысы маанисиз иштерге коротулат. Аны сезбей, мен бош эмесмин, эртеден кечке иштер менен алекмин деп өзүбүздү алдап алабыз. “Бош эместиктин” баары эле бул убакытты рационалдуу пайдалануу эмес. Өзүн өнүктүрүү үчүн жасай турган иштерди адатка айландырууга көнүгүү керек. Мисалы, тил үйрөнгүсү келген адам дайыма ошол тилдеги ырларды, аудиолорду, жаңылыктарды угууну адатка айландырса болот. Смартфондун экранына жаттай турган жаңы сөздөрдү орнотуп алуу, кайсыл бир досу менен ошол чет тилинде гана сүйлөшүү ж.б.у.с. адаттарды өзүнө калыптандырса бул жакшы натыйжа берет.

МЕНТОР КЫЗДАРДЫН ЛИДЕРЛИК САПАТЫН ӨНҮКТҮРӨТ

Өзүн өнүктүрүү үчүн атайын борборлор, ийримдер жок, же аларга катышууга каражат жок. Көпчүлүк жаштар өзүн ушинтип да алаксытып, алданып калышат. Бирок бүгүнкү күндө бул маселе болбошу керек. Аралыктан байланышуу технологиялары, интернеттеги ачык маалыматтык булактар жаштардын түрдүү тараптан өнүгүүсүнө шарт түзүүгө жардам берет.

Комфорт зонасынан чыгуу кыйын. Өзүн өнүктүрүү системалуу тынымсыз аракетти талап кылат. Кээде сүйүктүү фильмди көрүүдөн, компьютердик оюндардан, досторуң менен баарлашуудан, дүкөндөрдү кыдыруудан, сейилдөөдөн баш тартууга туура келет.

Рефлекция же кайтарым байланыш жок. Адам ар бир жасаган ишине, өткөргөн убактысына, короткон каражатына, болуп өткөн окуяга кайтарым байланыш жасашы керек. Ал үчүн “Натыйжалуулугу эмнеде?”, “Пайдалуулугу канчалык?”, “Эмне болду?”, “Эмне үчүн мындай болду?”, “Менин максатыма жетүүгө канчалык жардам берет?” деген сыяктуу суроолорду өзүнө берип, ага жоопторду алганга жана аларды талдаганга аракеттениши керек? Бул кадам анын күнүмдүк иш- аракетин талдап, баалаганга жардам берет.

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер