МЕНИН ҮНҮМ — МЕНИН КЕЛЕЧЕГИМ

  • 27.11.2026

Бүгүнкү күндө баланын коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттин гана эмес, коомдун жана ар бир жарандын алдында турган маанилүү милдеттердин бири. Мектепте, көчөдө, коомдук жайларда, атүгүл үй-бүлө ичинде балдарга карата зомбулук фактыларынын орун алышы бул маселеге өзгөчө көңүл бурууну талап кылууда. Баланын укугун коргоо, анын коопсуз чөйрөдө билим алып, эркин өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл.

Ушул актуалдуу маселелер Бишкек шаарында Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган «Менин үнүм — менин келечегим» аттуу республикалык форумда талкууланды. МЕНИН ҮНҮМ — МЕНИН КЕЛЕЧЕГИМ

Иш-чарага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мугалимдер, окуучулар, ата-энелер жана коомчулуктун өкүлдөрү — жалпы 400дөн ашуун адам катышып, балдардын коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөрдү, аларды чечүүнүн жолдорун жана алдын алуу механизмдерин талкуулашты. Форум ар бир тараптын үнүн угууга, балдардын өздөрүн тынчсыздандырган маселелерди ачык айтуусуна мүмкүнчүлүк берген диалог аянтчасына айланды.

Зомбулукту таануу — алдын алуунун биринчи кадамы

Зомбулук — адамдын укугун, эркиндигин жана коопсуздугун бузган олуттуу коомдук көйгөй. Ал физикалык күч колдонуу менен гана чектелбестен, психологиялык басым, кемсинтүү, коркутуу, көзөмөлдөө жана башка көрүнүштөр аркылуу да жүзөгө ашат. Айрым учурларда бала өзүнө карата жасалып жаткан мамиленин зомбулук экенин аңдабай, аны кадимки көрүнүш катары кабыл алышы мүмкүн. Ошондуктан балдарга зомбулуктун түрлөрүн түшүндүрүү, өз укуктарын билүүгө жана кооптуу кырдаалды таанууга үйрөтүү маанилүү.

Форумда өзгөчө көңүл бурулган маселелердин бири — буллинг жана кибербуллинг. Буллинг — бир адамга же топко карата атайылап жана кайра-кайра жасалган кордоо, басынтуу, кысым көрсөтүү. Ал физикалык, сөз жүзүндөгү же психологиялык мүнөздө болушу мүмкүн. Ал эми кибербуллингде ошол эле зомбулук  интернет, социалдык тармактар аркылуу ишке ашат. Мындай көрүнүштөр баланын өзүнө болгон ишенимине, эмоционалдык абалына, окуусуна жана коом менен болгон мамилесине терс таасирин тийгизет.

Билим берүү тармагында балдардын укуктук, финансылык жана жеке коопсуздук боюнча сабаттуулугун жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүп жатат. Бул темалар окуу предметтеринин мазмунуна киргизилип, класстык сааттарда да түшүндүрүлөт.

Ар бир предметтин мазмунуна баланын укуктук жактан сабаттуу, финансылык жактан түшүнүгү бар, өзүн коргой алган жана зомбулуктун ар кандай түрлөрүн тааный билген инсан болуп калыптанышына багытталган маалыматтар киргизилген. Анткени кичинекей бала өзү кандайдыр бир басымга же зомбулукка туш болуп жатканын билбей калышы мүмкүн. Биринчиден бул маалыматтар окуучуларга предметтик сабактар аркылуу үйрөтүлөт. Экинчиден класстык сааттар өтүлөт. Үчүнчүдөн, ата-энелер менен иш алып барылат.

Балдар арасындагы укук бузууларды жана аларга карата жасалган кылмыштарды алдын алуу багытында укук коргоо органдары да системалуу иштерди жүргүзүп келет. Ички иштер министрлигинин өкүлү балдар тарабынан жасалган кылмыштардын саны азайып жатканын, бирок ошол эле учурда балдарга карата сексуалдык кылмыштардын көбөйүшү тынчсызданууну жаратып жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө балдар тарабынан жасалган кылмыштардын саны азаюуда. Он айдын ичинде 40,6 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда балдарга карата жасалган кылмыштар да азайып жатат. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күндө балдарга жасалган сексуалдык кылмыштардын саны өсүүдө. Ошондуктан үйдө, коомдо жана көчөдө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, кырсыкка жана кылмыштарга кабылуусунун алдын алуу багытында ата-энелер менен биргеликте иш алып барып жатабыз», — деди ИИМдин коопсуздук кызматы бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова.

Форумдун алкагында буллинг жана кибербуллингдин алдын алуу, баңгизаттарды колдонуудан сактануу, жол кырсыктарынын, алдамчылыктын, басым көрсөтүүнүн жана экстремисттик идеялардын жайылышына жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү. Ошондой эле жаштар арасында сергек жашоо образын калыптандыруу жана жугуштуу оорулардан сактануу маселелерине көңүл бурулду. МЕНИН ҮНҮМ — МЕНИН КЕЛЕЧЕГИМ

Бала көйгөйүн айтуудан коркпошу керек

Балдардын коопсуздугун камсыз кылууда көйгөйдү эрте аныктоо жана балага жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүү механизмдерин түзүү маанилүү. Көп учурда бала өзүнө карата жасалган туура эмес мамиле жөнүндө айтуудан тартынат. Мунун себептери — коркуу, уялуу, ишенбөөчүлүк же чоңдор тарабынан түшүнүү, колдоо таппай калуу коркунучу. Ушундай жагдайларды эске алуу менен мектептерде балдар кайрылып, жардам сурай ала турган механизмдерди киргизүү зарылдыгы жаралды. МЕНИН ҮНҮМ — МЕНИН КЕЛЕЧЕГИМ

Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, мектептерде балдардын көйгөйлөрүн аныктоо жана жардам көрсөтүү үчүн бир нече механизм иштеп жатат. Алардын бири — «Электрондук күндөлүк» системасына киргизилген «Коркпо, билдир!» функциясы.

«Бизде “Электрондук күндөлүк” деген атайын системабыз бар. Ошол жерге “Коркпо, билдир!” деген опцияны киргиздик. Бул — анонимдүү функция. Анткени бала өзүнүн атын жазса, кээде тартынганынан кайрылбай коюшу мүмкүн. Ошол жерден кайрылууларды карап, жардам берип, бала оор кырдаалга туш болсо, анын алдын алууга көмөк көрсөтөбүз», — деди министрдин орун басары.

Мектептерде социалдык педагогдор, психологдор жана класс жетекчилер иш алып барышат. Алар балдар менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, кайрылууларды кабыл алышат, көйгөйлөрдү аныктап, тиешелүү жардам көрсөтүүгө аракет кылышат. Класстык сааттарда жүргүзүлгөн баарлашуулар да балдардын кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын байкоого мүмкүнчүлүк берет.

Балдардын коопсуздугу жана укук бузуулардын алдын алуу иштеринде мугалимдердин даярдыгына да өзгөчө көңүл бурулууда. Зомбулук, басмырлоо, эрте нике, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар, коррупция, баңгизаттарды колдонуу жана радикализм сыяктуу маселелер боюнча 15 миңден ашык мугалим онлайн жана оффлайн форматта окутуудан өтүп, усулдук материалдар менен камсыздалган. МЕНИН ҮНҮМ — МЕНИН КЕЛЕЧЕГИМ

Ата-эне менен мектептин байланышы — коопсуздуктун маанилүү шарты

Баланын коопсуздугу мектептин же укук коргоо органдарынын гана жоопкерчилиги эмес. Үй-бүлөдөгү тарбия, ата-эненин бала менен болгон мамилеси, анын оюн угууга жана көйгөйүн түшүнүүгө даяр болушу да чоң мааниге ээ. Бала өз үйүндө ишеним жана колдоо сезбесе, сырттагы көйгөйлөрүн айтуудан тартынышы мүмкүн.

Ушундан улам билим берүү системасында ата-энелер менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулууда. «Ата-энелер мектеби» программасы аркылуу үй-бүлөлөргө балдардын курактык өзгөчөлүктөрүн, алар менен туура баарлашууну, көйгөйлөрүн байкоону жана тарбиядагы жоопкерчиликти түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Баланын коопсуздугун камсыз кылууда ишенимдүү мамиле түзүү — алдын алуу иштеринин өзөгү. Баланын үнүн угуу, аны айыптабай түшүнүүгө аракет кылуу жана кайрылуусуна өз убагында жооп берүү коопсуз чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө түзөт. МЕНИН ҮНҮМ — МЕНИН КЕЛЕЧЕГИМ

Коопсуз чөйрө — биргелешкен аракеттин натыйжасы

«Менин үнүм — менин келечегим» форуму балдардын коопсуздугу бир жолку иш-чаралар менен чечиле турган маселе эмес экенин дагы бир жолу көрсөттү. Зомбулуктун алдын алуу үчүн мектепте, үй-бүлөдө жана коомдо баланын укугун сыйлаган, анын оюн угууга даяр болгон мамилени калыптандыруу зарыл.

Бала коопсуздугун сезген жерде гана эркин ой жүгүртүп, билим алып, өз жөндөмүн өнүктүрө алат. Анын үнүн угуу, көйгөйүнө кайдыгер карабоо жана коргоо — келечек муун алдындагы жалпы жоопкерчилик. Коопсуз балалыкты камсыз кылуу бүгүнкү аракеттерден башталат.

Асел КЕНЖЕБЕК КЫЗЫ, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү