“МЕН МУГАЛИМ ГАНА ЭМЕС, ИШЕНИМДҮҮ ДОС-УСТАТ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

  • 20.10.2026

Жаш муунга билим берүү жоопкерчилигин тереңден аңдап, келечегин педагогика менен байланыштырган жаш адистердин бири Өзгөрүшова Акжолтой Замирбековна — Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун бүтүрүүчүсү. Акжолтой мугалимдик кесиптин түйшүгүн жана баалуулугун студенттик жылдарында практикалык тажрыйбасы аркылуу терең түшүнгөн. Анын пикиринде, чыныгы мугалим окуучуга билим гана бербестен, анын жүрөгүнө жол таап, өзүнө болгон ишенимин арттырып, туура багыт көрсөтө билиши керек.

Жаш адистин кесиптик жактан калыптанышында институттагы окутуучулардын эмгеги менен катар окуу жайдын жетекчилигинин колдоосу да маанилүү орунду ээлейт. Институттун директору профессор У.Э. Мамбетакунов тарабынан түзүлгөн билим алууга жана өзүн өнүктүрүүгө багытталган шарттар, жаштардын демилгелерине көңүл буруу жана келечектеги педагогдордун кесиптик өсүшүнө болгон камкордук студенттердин мугалимдик кесипке болгон жоопкерчилигин арттырууга өбөлгө түзөт. Мындай колдоо жаш адистерге өз күчүнө ишенүүгө, алган билимин практикада колдонууга жана келечекке ишенимдүү кадам таштоого жардам берет.

Жаш адис менен болгон маегибизде мугалимдик кесипти тандоосуна түрткү болгон жагдайлар, институтта алган билим менен практиканын мааниси, заманбап мугалимдин өзгөчөлүктөрү жана билим берүү тармагындагы келечектеги максаттары тууралуу сөз кылдык.

“МЕН МУГАЛИМ ГАНА ЭМЕС, ИШЕНИМДҮҮ ДОС-УСТАТ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

— Келечектеги кесиптик жолуңузду улантуу үчүн эмне үчүн дал Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтун тандап алдыңыз? Бул окуу жайдын кандай артыкчылыктары менен сизди өзүнө тартты?

— Бул окуу жайга жакын адамдарымдын кеңеши менен тапшыргам. Тапшыргандан бери бир жолу да өкүнгөн эмесмин. Биздин окуу жайдын эң чоң артыкчылыгы — бул күчтүү практикасы жана мугалимдеринин сабак берүү ыкмасы. Эмнеси менен айырмаланат десеңиз, биздин мугалимдер тажрыйбалуу, мыкты жана талапчыл адистер. Алар студенттерге жөн эле лекция жаздырбайт. Ар бир студенттин көзүнө карап, “Силер келечекте мугалим болосуңар, ошондуктан азырдан көп окуп, жакшылап даярдангыла” деп 1-курстан баштап эле мотивация беришет жана талап коюшат. Ошондой эле практикабыз өзгөчө болгондуктан, биз башка окуу жайлардан айырмаланып турабыз. Ошол себептен мен бул жерде окуганымды сыймыктануу менен айта алам.

— Мугалимдик кесипти тандоого да кимдир бирөө түрткү болсо керек?

— Мектепте окуп жүргөндө бул кесипти тандоого биринчи кезекте ата-энем себепкер болду. Алар мага кичинекей кезимден эле билимдин кадыр-баркын түшүндүрүп, билимдүү адам эч качан ийгиликсиз калбаарын дайым айтып мугалимдик кесипке жол көрсөтүштү.  Алар мага ар дайым “Эң жакшы кесип — баш катырып эмгектенген жана башкаларга жакшылык кылган кесип” деп айтышчу. Ошол апам менен атамдын берген тарбиясы, акыл-насааттары жана мага көрсөткөн ишеними акыры келип мени мугалимдик жолго багыттады. Азыр ойлосом, алардын ошол кездеги колдоосу болбогондо, балким, бул тармакты тандамак эмесмин.

— Институтта окуп жүргөндө мугалимдик кесипти туура эмес тандап алыптырмын деген ойлор болгон эмес беле?

— Чындыгында, 2-курста окуп жүргөн кезде ар кандай ойлор болду. Айрыкча биринчи жолу практикага барганда “Мен бул жоопкерчиликти көтөрө аламбы? Туура эле кесип тандадымбы?” деген ойлор болбой койгон жок. Бирок ал ойлор ошол кездеги убактылуу кыйынчылыктардан улам келгени көп өтпөй эле ачык көрүнүп калды. Көбүнчө практика учурунда окуучулардын кызыгуусун, аларга бир нерсе үйрөткөндөгү жыйынтыкты  көргөндө, же бир теманы түшүндүргөндө алардын көзү жанып калганын байкаганда, ал ойлор дароо жок болуп кетчү. Тескеринче, ошол күмөн  саноолор мага бул кесиптин канчалык жооптуу экенин  тереңирээк түшүнүүгө жардам берип, тандоомдун туура экенине ынандырган.

— Сиздин пикириңизде, заманбап мугалим окуучулардын жүрөгүнө жол табуу үчүн кандай өзгөчө сапаттарга ээ болушу керек?

— Заманбап окуучулардын жүрөгүнө жол табуу оңой иш эмес. Бирок биринчи кезекте, жөнөкөй адам жана жакшы дос болушу керек деп ойлойм. Китептеги катуу талаптар же кургак эрежелер азыр анча деле иштебейт. Менин оюмча, заманбап мугалим окуучунун жүрөгүнө жол табуу үчүн  өзгөчө сапатка ээ болушу керек деп ойлойм. Мисалы, чыныгы адамдык сапатты жана эмпатияны белгилейт элем. Бүгүнкү балдар формалдуулукту эмес, чыныгы мамилени жакшы көрөт. Мугалим окуучунун көйгөйүн “сабактан тышкаркы нерсе” деп четке какпастан, “сага оор болуп жатабы?” деп сурай алганда гана ишеним пайда болот. Чыныгы мугалим өзү окуучуларга үлгү болушу керек. Себеби, окуучу биздин сөзүбүздөн эмес, кылган ишибизден тарбия алат. Эгер мугалим өзү китеп окуп, өзүн өнүктүрүп, адамдарга урмат менен мамиле жасаса, окуучу дагы ошону кайталайт. Мугалим “Мен айткандай кыл” эмес, “Мен кылгандай кыл” деген принципти таяныш керек. Ал окуучуларга ийкемдүүлүк жана чыгармачылык менен мамиле жасай билиши шарт. Азыркы TikTok, жасалма интеллект, интернет доорунда доска жана бор менен иштөө жетишсиз. Мугалим окуучунун тили менен сүйлөшө билиши керек. Сабакты оюн, талкуу, долбоор аркылуу өткөрүп, ар бир балага жекече мамиле жасай билүүсү керек.

Окуучуга ишеним берүү жана колдоо көрсөтүү да өтө маанилүү.  Ар бир окуучунун ичинде талант бар, бирок ал коркуп жаткан болушу мүмкүн. Заманбап мугалимдин иши – “Сен жасай аласың” деп ишендирүү. Ката кетирсе Ссен жамансың” дебей, “Келгиле, бул жерди чогуу оңдойлу” деп кол сунушу керек деп ойлойм.

— Институттан алган практикалык көндүмдөрүңүз мындан ары жогорку билим алууда жана келечектеги мугалимдик ишиңизде кандай негиз бере алат деп ойлойсуз?

— Институтта окуп жүргөндө мен жөн гана теорияны жаттабастан, практика учурунда балдар менен түздөн-түз иштөө аркылуу сабакты кантип пландоону, ар кандай мүнөздөгү окуучуларга кантип мамиле кылууну, кыйынчылыктан кантип чыгууну үйрөндүм. Келечекте мугалим болгондо да мен китептеги гана билимди эмес, жүрөктөн чыккан тажрыйбамды окуучуларыма бере алам деп ишенем. Ошондуктан бул кесиптик практика менин мугалимдик  жолумдун бекем пайдубалы деп айта алам.

— Бүгүнкү күндө балдарды окутуу жана тарбиялоо тез өзгөрүп жатат. Эгер сиз мектепте же жогорку окуу жайда иштеп калсаңыз, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу үчүн кандай жаңы педагогикалык ыкмаларды же технологияларды колдонмоксуз?

— Бүгүнкү күндүн окуучуларын жөнөкөй лекция менен кызыктыруу мүмкүн эмес, ошондуктан мен санариптик жана интерактивдүү ыкмаларды жигердүү колдонмокмун.

Сабакты кызыктуу кылуу үчүн визуалдык материалдарды, кыска таанып-билүүчү видеолорду, оюнга негизделген викториналарды жана тесттерди кеңири киргизмекмин. Ошондой эле долбоордук окутууну колдонуп, окуучуларды даяр билимди өздөштүрүүгө гана мажбурлабай, топтордо иштеп, изденип жана кичи долбоорлорду коргоого багыттамакмын.

Эң башкысы, бала ар бир өтүлгөн теманы реалдуу турмуш менен байланыштырып, анын жашоодо  канчалык зарыл экенин көргөндө гана билимдин турмуштагы пайдасын сезип, сабакка өзү жигердүү катышууга чыныгы кызыгуусу пайда болот.

— Институтту аяктагандан кийин өзүңүздү кандай кесипкөй адис катары көрөсүз? Билим берүү тармагына киргизгиңиз келген эң негизги максатыңыз же кыялыңыз кайсы?

— Институтту аяктагандан кийин өзүмдү заманбап билим берүү усулдарын терең өздөштүргөн, ар бир окуучунун ички потенциалын ача билген жана өз кесибин жан дили менен сүйгөн креативдүү адис катары көрөм. Мен жөн гана сабак өткөн мугалим эмес, окуучуга туура багыт берген, алардын ишенимдүү дос-устаты болгум келет. Азыркы талап да шарт да ушуну талап кылууда. 12 жылдык билим берүүнүн өзөгү да балдар мектепте үйрөнгөн билимин өз турмушунда колдоно билгидей чөйрө түзүүдө болуп жатат.

Менин билим берүү тармагына киргизгим келген эң башкы максатым жана кыялым — балдар мектепке мажбурлуулуктан эмес, чындап кызыгып жана кубануу менен келе турган чөйрөнү түзүү. Окутуу процессин инновациялык технологиялар жана интерактивдүү ыкмалар менен байытып, ар бир балага жекече мамиле жасоо аркылуу алардын өзүнө болгон ишенимин ойготуу. Мектептен алган билими окуучунун турмушта өз ордун табуусуна чыныгы пайдубал болуп, келечекте коомго пайдасын тийгизген, ар тараптан өнүккөн окуучуларды  тарбиялап чыгаруу — менин башкы миссиям.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү