МЕКТЕПТЕРДЕ МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ЧОГУЛТУУГА БӨГӨТ КОЮЛДУ

  • 31.05.2023
  • 0

Өткөн аптада Президент Садыр Жапаровдун “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” чыгарган Жарлыгында мектептерде акча чогултууга, коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынды. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Жарлыкты аткарбагандар жазаланарын эскертти.

МЕКТЕПТЕРДЕ МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ЧОГУЛТУУГА БӨГӨТ КОЮЛДУ

Ата-энелер ачык даттанышпайт

Коомчулукка белгилүү болгондой, соңку жылдары Министрлер Кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууларга жол бербөө боюнча жыл сайын бир топ иш-аракеттер жүргүзүлүп келет. Бирок жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, кабыл алынган чечимдерди жана актыларды бузуу менен мектептерде окуучулардын ата-энелеринен  ар кандай шылтоо менен акча чогултуу дегеле токтобой келатканы баарыбызга жакшы маалым. Маселен, кабинетти оңдоого, мектепти кайтарууга, окуу класстары үчүн зарыл болгон буюмдарды (парда, бор, чака, самын ж.б.) сатып алууга мектеп алдында түзүлгөн ата-энелер фондулары чогултканы чогулткан. Мектеп жетекчилеринин айтуусу боюнча, “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын бир нече гана беренелери иштеп, ал эми мектептин, класстын санитардык абалын кармап туруу үчүн бор, тряпка, чака сатып алуу үчүн атайын каражат бюджеттен бөлүнбөйт. Ошондуктан жаңы окуу жылынан баштап мектептерде акча каражаттарын чогултуу окуучулардын ата-энелерине таасир этүү, анын ичинде моралдык-психологиялык басым көрсөтүү жолу менен ата-энелер комитеттери, коомдук фонддор жана мектептин алдындагы башка коммерциялык эмес уюмдар аркылуу жүзөгө ашырылат. Ата-энелер менен келишим түзүлүп, айрым мектептер 50 сомдон чогултушса, борбор калаадагы мектептер 500 сомдон кем эмес жыйнашат. Көбүнесе ата-энелер баласына терс мамиле болушу мүмкүн деп ачык даттанышпайт.  Эгерде ата-эне белгилүү каражатты бербей койсо, балдардын көзүнчө айрым мугалимдер “эмне акчаңар жокпу?” ж.б.у.с. окуучуну басмырлаган учурлары кездешип жүрөт. Мындай мамиледен кийин укугу тебеленген окуучу мектепке да баргысы келбей калат. Албетте, баланын келечеги үчүн инвестиция салыш керек экенин өзгөчө шаардык ата-эне жакшы түшүнөт. Бирок көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын бир мектепте беш баласы окуса, 2500 сомдон төгүп туруу өтө эле оор болуп калаары анык.

Коррупцияга белчесинен баткан коомдук уюмдар

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаеванын айтымына караганда, 1990-жылдары бюджетте акча жок болгондугуна  байланыштуу ошол кезде ата-энелердин жардамы менен мектептер сакталып калган.

— 2005-жылы экс-Президент Курманбек Бакиевдин учурунда бюджеттен акча бөлүнөт деп мектепте ата-энелерден акча чогултуу мыйзамсыз деп жокко чыккан эле. Бирок ошол жылдары мектептердин алдында коомдук бирикмелер, уюмдар ачылган. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда “коммерциялык эмес уюмдар мектепке өз ыктыяры менен жардам берсе болот” деген пункт жазылып калган. Ал эми 2014-жылы “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” мыйзамы чыкканда мектептин алдында уюштурулган коомдук уюмдар, бирикмелер жоюлсун деген буйрук чыгарганбыз. “Чыккан мыйзамдын чегинде иштейсиңер” дегенде, ата-энелер аркылуу мектептин директорлору каршы чыгып, Башкы прокуратурага чейин арызданышкан. “Бул ата-энелердин акчасы, силер киришкенге укугуңар жок” деп. Чындыгында эле мыйзамда “мамлекеттик органдар коомдук уюмдарга киришкенге укугу жок” деп жазылган. 2014-жылдан бери коомдук уюмдар коррупцияга белчесинен баткан.  Мектеп жетекчилери азыркы күнгө чейин долбоор жазышпайт, же болбосо эл аралык уюмдардан канчалаган долбоорлор келип жатат. Анткени директорлорго ата-энелерден акча алган оңой, — дейт Г.Абдылдаева.

МЕКТЕПТЕРДЕ МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ЧОГУЛТУУГА БӨГӨТ КОЮЛДУ

Министрликке 80% ата-энелерден балдардан акча талап кылып жатат деген мүнөздө кат түшүп турат. Ошол эле кезде бир дагы ата-эне билим сапаты көтөрүлсүн деген кайрылууну жазып келген эмес.

— “Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо” концепциясында сабак учурунда балдардан акча талап кылганды токтотуу боюнча ачык жазылган. Баладан акча талап кылып жаткан мугалим кандай тарбия берет? Бул нерсе келечекте өзүнүн терс кесепетин бериши мүмкүн. Ошондуктан Президенттин Жарлыгы убагында жана туура чыкты. Анткени бюджеттен акча бөлүнүп жатат. Каржы министрлиги менен биздин министрликке  бир сыйра баарын эсептеп чыгуу тапшырмасы берилди. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөдү киргизүү талабы коюлду. Биз мыйзамга “коомдук уюмдарга, коммерциялык эмес уюмдарга, ата-энелерге, мектептин директоруна, мугалимдерине  акча чогултууга тыюу салына” деп өзгөртүү киргизип жатабыз. Эгерде аныкталса 15000-30000 чейин айып пул салынат, мектеп жетекчиси болобу, мугалим болобу жумуштан четтетилет. Жарлык мектеп директорлорунун “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” жана “Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө” мыйзамдын алкагында инвестиция  тартуусуна  жайылтылбайт. Меценаттар, бүтүрүүчүлөр, бизнесмендер мектепке жардам катары алып келген каражаттар  “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” мыйзамынын негизинде баланска коюлат , — дейт башкы адис.

Эмне үчүн акча чогултулуп келген?

— Мурда мугалимдердин айлык маянасы аз кезде бор, тряпка, майда-чүйдө алышчу. Өткөн жылдан бери мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү. Кээ бир коомдук фонддор билим сапатын көтөрүш үчүн мугалимдерге айлык акысын көтөрүп, ата-энеден акчаны чогултуп атабыз деген шылтоону бетине кармашчу. Былтыр мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлгөндөн кийин башка (прочие) чыгымдарга да каражат көтөрүлгөн. Билим берүү жана илим министрлиги  билим сапатына умтулушубуз керек. Ал эми жергиликтүү бийлик өз бюджетинен мектептерге шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү. Мугалимдер акча чогултуу менен эмес, функционалдык милдетин так аткарышы керек, — дейт Гүлшан Абдылдаева.

Эмнеге тыюу салынды?

Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66-, 71-беренелери жетекчиликке алынып, мектептерде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга, коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынды. Ошондой эле мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик бюджеттен бөлүнөрү белгиленди.

Бул Жарлыктын талаптарын сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын начальниктерине, райондордун жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрүнүн/борборлорунун башчыларына, мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине милдеттендирилди.  Ошондой эле бул маселе боюнча  “түз байланыш” уюштурулмакчы. Ал эми мектеп директорлору окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз каражат чогултууга, финансылык маселелерди кароодо көзөмөлчүлүк кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин ишине катышууга,  ата-энелерден акча чогултууга жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Президенттин Жарлыгы күчүнө кирди

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун ФБдагы баракчасына жазган маалыматына караганда, Президенттин Жарлыгы күчүнө кирди, эми акча чогулткан мектептин директору, мугалимдерине мыйзам чегинде жаза берилет. Ошондой эле “ата-энелер фонду” деп ачып алган шылтоолорго дагы жол берилбейт!

— Буга чейин, мектептин ремонту, керектүү жабдыктар үчүн ата-энелерден акча чогултуу болуп келген. Бир-нече жолу эскертүүлөр берилгенине карабай, ата-энелердин комитетинин фонду деген шылтоо менен акча каражаты чогултулуп келген. Бул, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн оорчулук жаратып, кадимкидей көйгөйгө айланган. Указды аткарбай, кайра эле акча чогулткандар жазаланасыңар! – деди Д.Орунбеков.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер