«КЫЛДАТ ТАНДОО». МЕКТЕПТЕГИ ПСИХОЛОГДУН МИЛДЕТТЕРИ

  • 15.10.2026

Кыргызстанда билим берүү тармагы комплекстүү жаңыланып, улуттук модель курулуп жаткан чакта, мектептерде окуучуларга психолог кызматын жеткиликтүү кылууга чоң көңүл бурулууда. КР Министрлер Кабинети жаңы окуу жылынан тарта ар бир мектепте психологдун штатын киргизүүдө. 

"КЫЛДАТ ТАНДОО". МЕКТЕПТЕГИ ПСИХОЛОГДУН МИЛДЕТТЕРИ

Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекованын айтымында, буга чейин Бишкек шаарынын мектептеринде гана жергиликтүү бюджеттин эсебинен психологдор иштеп келген. Эми  бүт республика боюнча камсыз кылынууда.

Министрдин орун басары ошондой эле адистерге коюлуучу квалификациялык талаптар иштелип чыгып, психологдорду даярдоо үчүн онлайн жана офлайн окутуу программалары уюштурулганын, үстүбүздөгү жылдын 25-октябрына чейин канча мектепте психолог иштеп жатканына мониторинг жүргүзүлөөрүн маалымдады.

Агартуу министрлиги бекиткен нускамада жалпы билим берүү уюмдарындагы психологдун функционалдык милдеттери так көрсөтүлгөн.

Психологдун негизги милдеттери:

  • билим алуучулардын адаптациялануусун, өнүгүүсүн жана билим берүү процессине тартылуусун психологиялык жактан коштоо;
  • билим алуучулардын эмоционалдык, жүрүм-турумдук, социалдык жана окуудагы кыйынчылыктарын, психологиялык саламаттыгынын бузулуу факторлорун жана дезадаптациялануу тобокелдиктерин аныктоо;
  • өзүнүн компетенциясынын чегинде жекече жана топтук психологиялык жардам көрсөтүү;
  • психологиялык жактан коопсуз, инклюзивдүү жана басмырлоого жол бербеген билим берүү чөйрөсүн түзүүгө, мектеп зомбулугунун (буллингдин), кибербуллингдин, өзүнө зыян келтирүүчү жана башка тобокелчиликтүү жүрүм-турумдардын алдын алууга, ошондой эле кризистик кырдаалдарга чара көрүүгө катышуу;
  • өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучуларды психологиялык жактан коштоо жана билим алуучулардын кесиптик жактан өз алдынча багыт алуусуна көмөктөшүү;
  • ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), педагогикалык кызматкерлер жана билим берүү мамилелеринин башка катышуучулары менен консультациялык жана психологиялык агартуу иштерин жүргүзүү;
  • адистер аралык жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө катышат, анын ичинде тиешелүү негиздер бар болгон учурда билим алуучуларды адистештирилген кызматтарга өз убагында кайра багыттоо ж.б.

Мектеп психологунун ишин уюштуруу жөнүндө жалпы жободо каралгандай, психолог кызматына тийиштүү квалификациялык талаптарга ылайык келген адам дайындалат. Атап айтканда, “психология” адистигин бүтүргөн жогорку билимдүү же атайын орто билимдүү адис, педагогикалык бакалавр билими бар , “психология” магистрине окуган адис иштей алат. Ошондой эле психология багыты боюнча мамлекеттик окуу жайдан 144 сааттан кем эмес окуу курсунан өткөн мугалим да иштесе болот.

Бул талаптарга жооп берген адистер азыр Кыргызстанда жетиштүү же, жетиштүү эмес так айтууга болбойт. Азыр анын эсебин алуу иштери жүрүп жаткан учур.

Агартуу министрлиги Кыргыз билим берүү академиясына, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтуна жалпы билим берүү уюмунун психологдору үчүн усулдук колдонмо иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле ПККЖКД жана облустук билим берүү институттары мектеп психологдоруна жана социалдык педагогдоруна тиешелүү окутууларды уюштурууга тийиш.

Институттун директору Алмазбек Токтомаметов буга чейин мугалимдер үчүн психологиялык багыттагы курстарды өткөрүп келсе, жаңы жобо боюнча эки негизги багытта иш алып барышарын белгиледи.

— Биринчиси — мектеп психологунун функционалдык милдеттери, экинчиси — психологдун ишин уюштуруу. Эми жаңы жобонун негизинде мектеп психологдорунун өздөрү үчүн атайын курстарды уюштура баштайбыз. Бул курстар буга чейин жалпы багытта мугалимдер үчүн өткөрүлүп келген окуулардан мазмуну жана максаты боюнча айырмаланат. Биз башка адистик боюнча жогорку билим алган адамдарга психология багытында кошумча кесиптик билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз. Бул үчүн күндүзгү жана сырттан окуу формаларына ылайык программалар даярдалган. Окууну ийгиликтүү аяктагандарга тиешелүү диплом берилет. Учурда облустук билим берүү институттары жана жеке менчик уюмдар да бул багытта иш алып барып, тиешелүү консультацияларды берип жатышат. Быйыл адистерди даярдоого болгон талап өзгөчө жогору. Ар бир мектепти психолог менен камсыз кылуу үчүн жылына болжол менен 2,5 миң адис даярдалышы керек. Ошондуктан бул маселени бир гана мекеменин күчү менен чечүү кыйын. Башка уюмдарды, облустук билим берүү институттарын да бул ишке тартуу зарыл. Эгер биргелешип иш алып барсак, мектептердеги психологдордун жетишсиздигин жоюуга жана квалификациялуу адистерди даярдоо маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жогоруда айтылгандай, азыр мектептерде психолог штатына адистерди кабыл алуу жаңы гана башталды десек болот. Анткени, ар бир мектеп расмий бекиген жобо менен нускадагы талаптарга туура келген гана адистер менен иштешүүгө тийиш.

— Биз психолог адистерин кызматка кылдат тандап алышыбыз керек деп эсептейм. Адатта үй-бүлөсүндө же жакын чөйрөсүндө көйгөйлөрү бар адамдар психологдун кеп-кеңешине муктаж болот. Андыктан биз өтө астейдил болушубуз керек, — дейт Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Абдыкаимовна.

Ооба, адис тандоодо өтө этияттык талап кылынат. Азыркы эки колу, мээси тургай “тишине” чейин санариптешкен альфа муунуна өзгөчө мамиле керектигине мугалимдер да, ата-энелер да ынанышууда. Аларды улууларга караганда жаш адистер жакшы түшүнүп, алар менен бир тилде сүйлөй алары да бекеринен эмес чыгар.

Жаш адис Мээрим Одесова Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы №117 мектепте психолог болуп иштей баштаганына аз гана убакыт болду. Ал 2015-жылы мектепти аяктагандан кийин баш калаабыздагы БМУнун социалдык-психология факультетинен билим алган. Учурда ошол эле психология багыты боюнча 2-курстун магистранты.

— Балдар менен иштөөдө биринчи эмнеге көңүл буруу керек? Өз ишимде биринчи кезекте баланын эмоционалдык жыргалчылыгына, анын психологиялык коопсуздугуна жана жеке өзгөчөлүктөрүнө басым жасайм. Мен үчүн жүрүм-турумдагы же окуудагы кыйынчылыктарды байкап калуу гана эмес, алардын артында эмне турганын түшүнүү да маанилүү: бала кандай сезимдерди башынан кечирип жатат, аны эмне тынчсыздандырат, ага эмне жетишпей жатат жана кандай колдоо зарыл.

Жеке эле психологдор эмес, жалпы эле мугалимдер бала өз ойлорун, эмоцияларын соттоп-сыноодон коркпой, ачык айта ала турган ишенимдүү атмосфера түзүүгө өзгөчө көңүл бурушу керек деп ойлойм. Мен баланын сырткы жүрүм-турумунун артынан анын инсандыгын, муктаждыктарын, күчтүү жактарын жана ички ресурстарын көрүүгө аракет кылам. Ар бир бала өзүн мектеп жамаатынын бир бөлүгү катары сезиши, өз көйгөйлөрү менен жалгыз эмес экенин жана жардам сурап кайрыла ала турган чоң киши бар экенин билиши маанилүү, — дейт жаш адис.

Мээрим сыяктуу жаш психолог Айдай Кеңешбекова былтыр КУУнун социалдык-гуманитардык факультетинин клиникалык психология адистиги боюнча билим алган. Ал үй-бүлөсүндөгү жагдайлар анын ушул кесипти тандоосуна түрткү болгонун айтат.

— Мен Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы Я.Ваккер атындагы мектепте психолог болуп иштеп жатканыма бир айдын жүзү болду. Бирок балдар менен иштөө тажрыйбам мурдараак башталган десем да болот. Университетте окуп жүргөндө №1 интернат-гимназияда жана кыздар интернатында өткөн практикам мага өзгөчө таасир калтырган. Дүйнөдөгү эң жакын адамы — ата-эне мээримин көрбөй өсүп келаткан балдар-кыздар кыйын кырдаалга кабылганда, жанында акыл-насаат айтып колдоп-сүрөгөн адамы болсо кандай жакшы. Кээде балага кеңеш берүү эмес, аны угуп, түшүнгөн адамдын жанында болушу маанилүү. Бул тажрыйба менин кесибиме болгон көз карашымды дагы тереңдетти. Психолог болуу — ар бир көйгөйгө даяр жооп табуу эмес, адамга өзүн түшүнүүгө жана кыйынчылыктарын жеңүүгө жардам берүү экенин сездим, — дейт Айдай.

Мектептеги ар бир ишин окуучуларды жакшыраак таанууга, алардын өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жана ишенимдүү мамиле түзүүгө аракет кылып жатканын айткан ал, бул иште мугалимдер жамааты менен менен да кызматташа билүүнүн маанилүү экендигин белгиледи.

— Мектепте ар кандай кыйынчылыктарга туш болгон балдар кездешет. Айрымдары өзүнө ишенбейт, кээ бирлери теңтуштары менен тил табышууда кыйналат, башкалары эмоцияларын билдире албай же окуудагы кыйынчылыктардан улам тынчсызданышы мүмкүн. Мындай учурларда баланын жүрүм-турумуна гана көңүл бурбастан, анын абалына таасир эткен себептерди түшүнүүгө аракет кылуу зарыл. Менин оюмча, мектеп психологунун негизги милдеттеринин бири — окуучуга өзүн коопсуз сезе турган чөйрө түзүү. Бала өзүнүн оюн эркин айтып, суроолорун берип, жардам сурагандан коркпошу керек. Бул иште мугалимдер жана мектеп жамааты менен кызматташуу да маанилүү. Биздин максатыбыз бир болгондуктан, ар бирибиз баланын билим алуусуна, өнүгүүсүнө жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ачышына көмөктөшүбүз керек. Баланын көйгөйү чоңдорго майда көрүнүшү мүмкүн, бирок ал үчүн өтө маанилүү болушу ыктымал. Ошондуктан анын сезимдерин жокко чыгарбай, көйгөйүнө олуттуу мамиле кылуу керек.

Албетте, мектеп психологу бардык маселени жалгыз чече албайт. Айрым кырдаалдарда ата-энелердин, мугалимдердин жана башка адистердин жардамы зарыл. Эң башкысы, баланы көйгөйү менен жалгыз калтырбоо жана ага жардам алуу жолдорун көрсөтүү. Мен эмгек жолумдун башында турам. Алдыда үйрөнө турган нерселерим, топтой турган тажрыйбам көп. Мен ар бир баланын жан дүйнөсүн түшүнүүгө аракет кылган, ишенимине татыктуу жана зарыл учурда жанында болгон адис болгум келет, — дейт Айдай Кеңешбекова.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү