МЕКТЕПТЕ ТЕЛЕФОН КОЛДОНУУГА БОЛОБУ?
- 04.12.2024
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде жана жогорку окуу жайларда телефон колдонууга тыюу салууну сунуштоодо. Билим берүү уюмдарында мобилдик аппараттарды колдонуу тартибин бекитүү тууралуу токтом долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлду.
Телефонсуз мектеп
Токтом долбооруна байланышкан маселеге кайрылуудан мурун өлкө мектептеринде телефонду ыксыз колдонуу окуучулардын сапаттуу билим алуусуна тоскоолдук жараткан тушта жер-жерлерде жайгашкан «Кутбилим» мектептеринин ар кандай гаджеттерден эбак баш тартып, өспүрүмдөргө телефонсуз эле билим берип жатканын кабарлай кетели.
«Кутбилим» бүтүрүүчүлөрүнүн арасында ЖРТдан, ар кандай предметтик олимпиададан жогорку упай алгандардын саны жыл санап өсүүдө. Кайсыл бир жылы бир бүтүрүүчүсү ЖРТда эң жогорку упай топтоп өлкө Президентинин колунан Алтын сертификатка ээ болгон эле. ЖРТда жылдызы жанган ошол бүтүрүүчү «Агайларым менен Олимпиадага алты ай телефонсуз даярдандым» деп айтканы көбүбүздүн эсибизде болсо керек. Маселенин чоо-жайын билүү үчүн «Кутбилим» билим берүү мекемелеринин башкы директорунун орун басары Нургазы уулу Даниярга кайрылсак:
— Бизде башынан эле мектепте телефон колдонууга тыюу салынган. Окуучулардан жыл башында эле телевизорду алып, атайын сакталуучу жайга коюп коёбуз. Каникулга тарап баратканда кайра беребиз. Окуучулардын ата-энелери менен акылдашып ушундай кадамга бардык. Натыйжасы да биз күткөндөн жакшы болууда, — деп жооп берди.
«Смартфонсуз сабак» пилоттук долбоору эмнени көрсөттү?
Өткөн жылы Бишкектеги No70 мектепте “Смартфонсуз сабак” пилоттук долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды. Бардык класстарда окуучулардын телефондору үчүн уячалар орнотулуп, сабак башталар алдында окуучулар өздөрүнүн номерлүү уячасына гаджеттерди калтырып коюп жүрүштү. Долбоор алкагында иштелип чыккан эрежелерге ылайык окуучулар тыныгуу учурунда гана смартфондорду колдонуп, ата-энелерине, туугандарына телефон чала алышты.
-Долбоор биринчи кезекте балдардын ден соолугуна маани берди. Окуучулардын көңүлүн сабакка толугу менен буруу класстагы билим сапатынын жана көрсөткүчтөрдүн жогорулашына алып келди. Белгилүү болгондой, кадимки класстарда балдардын көбү окуу процессинде да телефон менен отура беришет, анткени мугалимдердин физикалык жактан бардыгын көзөмөлдөөгө убактысы жок. Дагы бир маанилүү жагдай – окуучулардын социалдашуусу, б.а. гаджеттеги оюндар аркылуу эмес, бири-бири менен жандуу баарлашуусу аркылуу ишке ашты, — дешет демилгечилер.
Кийинчерээк бул долбоор Биринчи Май районундагы 22 мектепте ишке ашырылып, ага 1 миң 801 куту сатып алынганын кошумчалай кетели.
Жаңы демилге, жаңы талаптар
Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган документте мектеп жана ЖОЖдордун студенттери жана кызматкерлери билим берүү мекемесинин имаратына киргенде гаджеттерин үнсүз режимге өткөрүүгө милдеттендирилет. Студенттер мобилдик аппараттарын өчүрүп, класстардагы атайын бөлүнгөн жерлерге калтырууга аргасыз болушат. Телефондор тыныгуу учурунда же өзгөчө кырдаалдарда гана колдонулат. Телефондорду кубаттоого да тыюу салынат.
Билим берүү министрлиги ошондой эле телефон аркылуу зордук-зомбулукту, ырайымсыздыкты же порнографияны үгүттөгөн материалдарды таратууга;
билим берүү мекемесинин аброюна шек келтирген аракеттерди жасоого; фото жана видео тартууга тыюу салат.
Ошондой эле мугалимдерге жана мугалимдерге, эгерде бул окуу процессине байланыштуу болбосо, анда сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынат.
Министрлик сунуштаган жаңы талаптарда мугалимдер же башка мектеп кызматкерлери балдардын телефондорун убактылуу болсо алып коюшу каралган эмес, анткени бул жеке менчик жөнүндөгү мыйзамга каршы келет. Бул учурда, бир аз убакыт өткөндөн кийин болсо да, бул нерсе окуучуга кайтарылып берилет.
Каралып жаткан демилгелер танапис учурунда жана башка жумуштан кийинки сааттарда телефон колдонууга эч кандай чектөө койбойт. Тыюу сабактарга гана тиешелүү. Бирок окуучулар өзгөчө кырдаалда өзүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралса, смартфонду, телефонду шашылыш байланыш үчүн колдоно алышат.
Иштелип чыккан эрежелер окуучулардын ден соолугун коргоого, социалдык жана билим берүү чөйрөсүн жакшыртууга, ошондой эле рэкетчиликке жана туура эмес мазмунду таратууга бөгөт коюуга багытталган.
Белгилей кетсек, өлкө Президенти Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине мектеп окуучуларынын уюлдук телефонду колдонуусу окуу процессине терс таасирин тийгизип жатканына көңүл буруп, окуучулардын ата-энелери менен биргеликте туура чечим кабыл алууну сунуштаган болчу.
Баса…
Бул арада 24.kg «Мектептерде уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салынышы керекпи?» деп окурмандарынын пикирин билүүгө кызыккан.
Алынган жооптор менен таанышып коюңуз:
Ооба – 76% – 1234 добуш
Жок — 23% — 382 добуш
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер