МЕКТЕПКЕ МУГАЛИМДЕР СЫНАК АРКЫЛУУ КАБЫЛ АЛЫНАТ

  • 07.02.2023
  • 0

Нарын району боюнча Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде гана мугалимдер сынактын негизинде кабыл алынат. Жумушка кабыл алуу 2019-жылдын 16-январындагы педагогикалык кеңешинин “Кызматкерлерди кабыл алуу боюнча” жобосуна ылайык, атайын сынактын негизинде жүргүзүлөт. 2023-жылдын январь айында дене тарбия мугалимине ваканттык орун жарыяланып, 31-январь күнү жети катышуучунун арасында сынак өткөрүлдү.

МЕКТЕПКЕ МУГАЛИМДЕР СЫНАК АРКЫЛУУ КАБЫЛ АЛЫНАТ

Электен өткөн дене тарбия мугалими

«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбекованын берген маалыматына таянсак, сынактын негизги максаты —  мектепке тажрыйбалуу, жогорку компетенттүү адистерди тандап алуу. Бул багытта атайын адистерди каттоо жүргүзүлөт. Каттоодон сырткары дагы атайын адистиги бар адамдар катышуусун камсыздоо үчүн айыл тургундарынын WhatsApp тайпасына жарыя жиберилет.

Сынактын катышуучулары үчүн конкурстун жүрүшү жана тесттик, практикалык иштин аткарылышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Сынактын биринчи бөлүгүндө  катышуучуларга предметтик жана педагогика-психологиялык тесттик тапшырмалар берилсе, экинчи бөлүгүндө конкурсанттар компьютердик сабаттуулук боюнча практикалык тапшырамаларды аткарышты.

Компьютердик практикумда Microsoft Word программасында “Мен мектепте эмне үчүн мугалим болгум келет?” деген темада эссе жазуу жана берилген үлгү боюнча таблица түзүп чыгуу тапшырмасы, ал эми Microsoft Power Point программасында белгилүү бир темада слайд түзүп чыгуу тапшырмасы берилген.

Тесттик жана практикалык иштер калыстар тобу менен биргеликте текшерилип, сынактын жыйынтыгы менен Майрамбек Рсалиев дене тарбия мугалими болуп тандалып алынды. Ал 2002-жылы Түгөл уулу  Усупбек атындагы орто мектебин аяктаган. 2007-жылы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аскерге чейинки даярдык факультетин  ийгиликтүү аяктап, АЧД жана дене тарбия мугалими кесибин алып чыккан. 2008-жылы КР Чек ара кызматына  алынып, «Бөрү» атайын дайындалган топтун саркери кызматында эмгектенди. Андан соң ЖАМКнын соттолгондорду кайтарып түзөтүү департаментинде атайын дайындалган топтун саркери, авторотанын саркери кызматын өтөгөнүн айтпай коюуга болбойт. Сынакка чейин ал  Ж.Өмүралиев атындагы орто мектебинде АЧД жана дене тарбия мугалими болуп эмгектенип келген. 2023-жылдын 1-февралынан баштап Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими болуп эмгек жолун улай баштады.

МЕКТЕПКЕ МУГАЛИМДЕР СЫНАК АРКЫЛУУ КАБЫЛ АЛЫНАТ

— Бул сынак “Мектеп агайларга муктаж” акциясынын негизинде өткөрүлүп, эң жогорку упай алган Майрамбек Рсалиев мектепте жумуш орду менен камсыз болду. Сынактын жүрүшү ачык, айкын болуп, нараазычылыкка жол берилген эмес, – дейт Акылай Алмазбекова.

Тааныштарга жол жок

— Азыркы учурда, тилекке каршы, ар кандай жолдор менен жумушка кирүүгө аракет кылгандар жок эмес. Эгерде талапкерлер ушундай жолду тандап алса, дароо сынактан четтетилет. Бул сынактын талаптарынын бири. Сынакты комиссия өткөрүп, жыйынтыгын директорго сунуштама катары берет. Сынак атайын видеого тартылып, он күнгө чейин сакталат. Мындан сырткары онлайн түз алып көрсөтүү дагы уюштурулган. Каалоочулар сынактын жүрүшүн толугу менен көрүп, байкоо жүргүзө алышат, — дейт А.Алмазбекова.

Мисалы, 2021-2022-окуу жылына карата «Наристе» тайпасынын мугалиминин убактылуу бош ордуна квалификациясы жогору мугалимди кабыл алуу боюнча сынак жарыяланган. Сынакты өткөрүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, жобого ылайык катышуучулардан кесиби боюнча 30, педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча 10 жана интеллектуалдык деңгээлин текшерүү боюнча 10 суроодон турган тест алынган. Мындан тышкары, компьютердик сабаттуулугун текшерүү үчүн катышуучулар компьютер менен иштөө көндүмдөрүн көрсөтө алышкан. Ошондой эле сынак Google Meet программасында онлайн форматта да көрсөтүлүп, айыл тургундары тыштан байкоо жүргүзүп турушкан.

Сынактын жүрүшү тууралуу комиссия мүчөсү Клара Абдыкадырованын айтымында,  мектептин даярдоо классынын мугалимдик ордуна сынак жарыяланып, анын талаптарын аткара билген гана мугалим кызматка кабыл алынган.

— Мен башталгыч класстарынын мугалими болуп эмгектенем. Конкурсту өткөрүү комиссиясына мүчө болуп шайлангам. Сынактын жобосу иштелип чыгып, алдын ала жарыя берилген. Ага ылайык төрт мугалим конкурска катыша алышты. Сынак 2021-жылы 14-сентябрда өткөн. Ушул эле мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери тарабынан тесттик суроолор түзүлгөн. Атайын темалар боюнча эссе жазып, математика, кыргыз тили, адабий окуу сабактарынан, ошондой эле компьютердик дизайн жана педагогикалык-психологиялык тесттер даярдалды. Конкурстун жүрүшүндө алгач предметтер боюнча убакыттын ченеми менен тапшырмалар аткарылды, — дейт комиссиянын мүчөсү.

Андан соң педагогикалык тестти, эссени тапшырып, компьютердик технологияда иштөөдө берилген тапшырмаларды калыстык катары конкурсанттарды бири-биринин бүтүргөн иштерине күбө кылуу менен бааланган. Конкурс онлайн форматта элге, мектеп жамаатына видеобайкоо аркылуу  ачык жана так өткөнүн адистер белгилешти.

— Конкурска катышкандардын ар бир аткарган тапшырмалары бааланып, упай берилүү менен жеңүүчү аныкталып, жыйынтыкталды. Айрым кетирген кемчиликтерин бетме-бет отуруп, ар бир кадрга түшүндүрүлүп, көрсөтүлүп берилди. Эч кандай нааразычылык болгон жок, бардыгы өз көз алдыларында өттү. Келечектеги жаш кадрларга мектепке келип, сабактарга катышып, тажрыйба алып туруусунун бир жетишкендиги ушунда билинди. Мындан кийин да тажрыйба алып туруу үчүн каалоочуларга мектептин эшиги ачык, — дейт жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси.

Мектеп директору да сынактан өткөн

Мектептин директору Мирбек Абыловдун жетекчи болуп келгенине аз эле убакыт болду. Ал дагы директорлор сынагынан өтүп келип, жаңыча көз караш, жаңыча ыкма менен иштей баштады. Мирбек Абылов Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинде математика адистиги боюнча билим алган. Ал 2011-жылдан тартып Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде математика сабагынын мугалими,  2020-жылдан баштап окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

«Бактылуу балалык»

Бул мектепте күнү кур эмес иш-чаралар өтүлүп, мыкты тажрыйбалар облуска жайылтылып жатат. Мектептин даярдоо «а» классынын окуучулары ата-энелери менен бирдикте «Бактылуу балалык» аттуу иш-чара өткөрүштү. Анда  класстын ата-энелери эки командага бөлүнүп, дубал газета жана темага ылайык китепче жасашкан. Окуучулар эжейи Айнура Сыдыкова  менен бирге  программа боюнча концерт коюп беришти. Жыйынтыгында «Келечек» жана  «Ынтымак» командасы дипломдор менен сыйланышты. Окуучуларга жана ата-энелерге кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

МЕКТЕПКЕ МУГАЛИМДЕР СЫНАК АРКЫЛУУ КАБЫЛ АЛЫНАТ

Балдарды тарбиялоодо ата-эне мектеп менен бирге иш алып барып жатканы чоң жетишкендиктердин бири. Активдүү катышкан ата-энелерге мектеп администрациясы терең ыраазычылыгын айтып,  окуучулар сапаттуу билим алуу менен келечекте мыкты инсан болуп чыгышат деген ишенимин билдиришти.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер