МЕКТЕП РЕФОРМАСЫ: БИРИНЧИ КАДАМДАР ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАР

  • 07.10.2026

12 жылдык мектептик билим берүү быйыл экинчи этапка өттү. Өткөн окуу жылында 6 жаштагы балдар 1-класска, 7 жаштагылар 2-класска отурушкан. Окуу жылынын аягында алар кандай жыйынтык көрсөтүштү? Бул боюнча биз борбор калаадагы №67 мектептин директору Нургуль ДЖУМАЛИЕВАга кайрылдык.

МЕКТЕП РЕФОРМАСЫ: БИРИНЧИ КАДАМДАР ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАР

— Нургуль Оёзбековна, 12 жылдык билим берүү системасынын алгачкы этабы кандай жыйынтыкталды?

— Быйылкы окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө толук кандуу кириштик. Ал эми даярдык иштери 2025–2026-жылдары эле башталган. Ошол жылы 5, 6 жана 7 жаштагы балдарды мектепке кабыл алып, 1-, 2-класска отургузганбыз. Башкача айтканда, 2018–2019-жылдары туулган балдар мектепке окуучу катары кадам ташташты.

Окуу жылынын аягында башталгыч класстын мугалимдеринин тизмесин түзүп, бардыгын квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөрдүк. Даярдоо иштери жогорку сапатта жүргүзүлдү. Мугалимдерге 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, балага болгон мамиле жана бала бакчадан жаңы келген балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү. Мындан сырткары, мугалимдердин бардыгы «Алтын Казык» программасынын алкагында ноутбуктар менен камсыздалды. Кийин гана мектеп эшигин окуучуларга ачтык.

— Жаңы программа менен окутуп баштадыңар да?

— Ооба, былтыр 12 жылдыктын жаңы программасы менен ишти баштап, быйыл аны улантып жатабыз. Учурда бир эле параллелде эки түрдүү класс пайда болду: 11 жылдык билим берүү системасы менен  жана 12 жылдык жаңы программа менен окуп жаткандар. Мисалы, былтыр 2-класс болуп, 3-класска көчкөндөр бар. Ошондой эле 1-, 2-классты басып өтүп, 3-класс болгон 12 жылдыктын окуучулары бар. 3-класстагы параллелдерди карасак, жалпы 12 класс бар: анын 6 классы — 11 жылдыктар, 6 классы — 12 жылдыктар.

 — Быйыл 5-класстын окуучулары түз эле 7-класска барып отуруп калышты. Аларга класстар жана мугалимдер жетиштүүбү?

— Ооба, былтыркы 5-класстар 7-класска (12 жылдыктар), ал эми былтыркы 6-класстар дагы 7-класска (11 жылдыктар) отурушту. Ошентип, 3- жана 7-класстарда 12–13төн класс пайда болуп, чоң параллель түзүлдү.

Жыл башында кадр тартыштыгын чечүүгө аракет кылдык. Быйылкы апрель айында мугалимдердин айлык акысынын көтөрүлгөнү да кадр маселесин чечүүгө оң таасирин тийгизди. ЖОЖдордо бул адистиктер жетишсиз даярдалгандыктан, орус тилдүү класстарда физика, математика жана химия мугалимдери боюнча белгилүү бир деңгээлде тартыштык бар. Биздин мектеп — аралаш мектеп. Бир параллельде 2–3 кыргыз класс бар, бирок орус тилдүү класстар басымдуулук кылат.

— Мектепте канча окуучу орус, канчасы кыргыз тилинде билим алат?

— Жалпы 3247 окуучу билим алса, анын 887си кыргыз тилинде, 1651и орус тилинде окушат. Мектептеги 131 мугалимдин ичинен жалаң кыргыз класстарында иштегендердин саны — 40, калганы орус тилдүү класстарда сабак беришет.

МЕКТЕП РЕФОРМАСЫ: БИРИНЧИ КАДАМДАР ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАР

— Бир жылдык жыйынтык тууралуу эмне айта аласыз?

— Мен 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү толугу менен колдойм. Себеби азыркы балдар таптакыр башкача. Мурда бала мектепке келип «А» тамгасын, сызыктарды сызганды үйрөнүшү керек деген түшүнүк бар эле. Ал эми азыркы балдардын жетилүүсү өтө тез. Алар заманбап технология өнүккөн чөйрөдө өсүп жаткандыктан, маалыматты тез кабыл алып, бат үйрөнүшөт. Бир жылда 3-класска отуруп калган бала менен эки жыл окуп келген балдардын ортосунда чоң айырма жок, себеби балдардын кабыл алуу жөндөмү абдан жогору.

— Айрым мектептерде башталгыч класстын мугалимдери тамга тааныбай келген балдар менен иштөөдө кыйынчылыктарга туш болушканын айтышууда. Сиздерде абал кандай болду?

МЕКТЕП РЕФОРМАСЫ: БИРИНЧИ КАДАМДАР ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАР

— Биринчи чейректе андай учурлар болду, бирок кийин балдар көнүп кетишти. Болгону физиологиялык жактан «р», «с» сыяктуу айрым тыбыштарды туура айта албаган балдар көбүрөөк болуп, логопеддин жардамы керек болду. Бул — балдардын кичинекей кезинен телефондон мультфильм көрүп, курчап турган чөйрө менен баарлашпаганынын кесепети. Ошондой эле 5-класстан 7-класска секирген балдарда адаптация процесси жүрүп жатат. Негизи программа бирдей эле кетип жатат. 2031-жылга чейин система толугу менен бир нукка түшөт.

— Окуу китептери менен камсыздоо маселеси кандай чечилүүдө?

— Мектебибиз китеп менен 75% камсыздалган. 7-класстар боюнча окуу жылынын башында айрым тартыштыктар жаралган, бирок 16-сентябрдан тарта жаңы китептер ыкчам түрдө келе баштады. Математика боюнча 7-класстарга 330 китеп алып, окуучуларга толук таратып бердик. Ошондой эле табигый илимдер боюнча 384 жаңы окуу китебин алдык.

МЕКТЕП РЕФОРМАСЫ: БИРИНЧИ КАДАМДАР ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАР

Шаар жеринде электрондук китептерди колдонуу аябай ыңгайлуу. Ар бир кабинетте, мугалимдерде жана окуучулардын колунда планшет же телефондор бар. Айрым ата-энелер электрондук китептерди чейрек боюнча кагазга басып чыгарып, файлдарга салып беришет. Бул баланын ден соолугуна (сколиоз болбошуна) да пайдалуу.

Мектебибизде кагаз, чака, жуучу каражаттар мамлекет тарабынан толук камсыздалат. Ата-энелерден эч кандай акча чогултулбайт.

— Окуучулардын сабак учурунда телефон колдонуусу кантип көзөмөлдөнөт?

— Ар бир кабинетте телефон салчу атайын бокстор бар. Окуучулар сабакка кирээрде телефондорун салып, сабак бүткөндө алышат. Ички буйруктун жана атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынган. Тест же интернет керек болгон учурда гана мугалимдин уруксаты менен колдонушат.

— Мектепте буллингге каршы кандай иштер жүргүзүлүүдө? Психолог барбы?

— Мектепте психолог штаты бар, бирок айлык акынын аздыгынан (20 миң сомдун тегереги) адистер туруктуу иштебейт. Учурда бош орун турат. Ошондуктан соцпедагог, ИДН кызматкери, тарбия иштери боюнча завуч жана мугалимдер биргеликте иш алып барууда. Мектепте «тобокелдик тобундагы» 16 окуучу жана ички көзөмөлдө 7 окуучу бар.

МЕКТЕП РЕФОРМАСЫ: БИРИНЧИ КАДАМДАР ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАР

МЕКТЕП РЕФОРМАСЫ: БИРИНЧИ КАДАМДАР ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАР

— Ата-энелер менен мектептин кызматташтыгы кандай жолго коюлган?

— Ата-энелер менен иштөөнүн эски форматы натыйжа бербей калды. Азыр ата-энелердин 50%га жакыны чогулуштарга келишпейт. Бирок баланын тарбиясына кызыккан, күн сайын ага убакыт бөлгөн ата-энелердин балдарында эч кандай көйгөй жаралбайт. Жаңы өнөктөштүктүн алкагында «Биргеликте он кадам» декадасын өткөрүп, ата-энелерди мектеп турмушуна активдүү катышууга чакырдык.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)

Бөлүшүү