МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН СЫНАГЫ: БОСОГО УПАЙДАН КИМДЕР ӨТТҮ?

  • 19.06.2024
  • 0

Ушул айда Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына жарыяланган сынактан 44 талапкер босого упайдан өттү.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН СЫНАГЫ: БОСОГО УПАЙДАН КИМДЕР ӨТТҮ?

Сынакка катышуу үчүн республика боюнча жалпысынан 228 документ катталган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча 116 документ тестирлөөгө катышууга уруксат алып, 112 документ белгиленген талаптарга жооп бербейт деп табылган.

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тандоодо жобого ылайык, талапкерлерге төрт багыттагы тесттик тапшырмалар берилген. Суроолордо билим берүү уюмун башкаруу менеджменти, педагогика жана психологиянын негиздери, нормативдик-укуктук актылары, КР Баш мыйзамы, “Билим берүү жөнүндө”  мыйзамы, эмгек кодекси, балдардын укугу, билим берүү стандарты, окуу программалары, маалыматтык компьютердик компетенциялары камтылган, — дейт министрликтин мектепте жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси А.Кусейинова.

Конкурстун суроолору окуу-тарбия процессиндеги жетекчинин функционалдык сабаттуулугу, педагогика, заманбап технологияларды колдоно алуусу, чыр-чатактан чыгуу жана аны чечүү жолдору боюнча кызыктуу суроолор келгенин конкурсанттар белгилешти. Ошондой эле алардын айтымында, тажрыйбасы мол талапкер директор болуп дайындалса, албетте, мектептин ишин үзгүлтүккө учуратпайт. Сынак ачык-айкын өтүп, Фейсбуктан түз эфирден көрсөтүлүп, жыйынтык дароо компьютерден чыгарылганын конкурсанттар баса белгилешти. Алардын айтымында, директор ириде лидерлик сапатка ээ болушу кажет. Анан заманга жараша менеджмент болуусу да керек. Ошондой эле мектеп директору мугалимдерден сырткары  окуучулар жана ата-энелер менен дагы тыгыз иш алып баруусу зарыл экенин айтышты.

Окурмандын эсине сала кетсек, жобого ылайык, конкурска жети жылдан кем эмес педагогикалык үзгүлтүксүз эмгек стажысы бар, анын ичинде эки жылдан кем эмес директор же директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген талапкерлер гана конкурска катышты.

Белгилей кетсек, тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тарабынан өткөрүлдү.

Республика боюнча ваканттык орундардын саны – 347 болчу.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрүнүн

                                                   ТИЗМЕСИ

Район/шаарМектептин аталышыЖеңүүчүнүн аты-жѳнүБалл %
1.Бишкек шаары№ 7 жалпы орто билим берүү мектебиАсамбаева Күлүмкан

Стамалиевна

5872,5
2.Бишкек шаары

 

№ 51 жалпы орто билим берүүчү гимназия-мектебиУметалиева Кулжан

Давлеткуловна

7593,8
3.Бишкек шаары№ 53 жалпы орто билим берүү мектебиДуйшекеева Айнура

Нарынбаевна

5670
4.Бишкек шаары№ 99 Т.Касымбекова атындагы жалпы орто билим берүү мектебиКадырова Гульмира

Тургуновна

5568,8
5.Ысык-Көл районуКөк-дөбө айылы Ш.Эсеналиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебиЖунушова Нургул

Токтолбековна

4961,3
6.Семеновка

айылы

П.Ф. Колесников атындагы

жалпы орто билим берүү

мектеби

Мукамбетова Айдана

Камчыбековна

5265
7.Темир айылыЭ.Керимгазиев атындагы

жалпы орто билим берүү

Тулекеева Назира

Чолпонкуловна

6581,3
8.Түп району

Кен-Суу айылы

№ 16 Сыдыкбеков атындагы жалпы орто мектебиИшенбаев Нурмат

Сыдыкович

5163,8
9.Жети-Ѳгүз району

Жениш айылы

Б.Укуев атындагы орто

мектеби

Түгѳлбаева Венера

Карыбаевна

5366,3
10.Ак-Талаа району Баетов айылыШүкүрбек Бейшеналиев

атындагы инновациялык орто мектеби

Токтогулова Астра

Бектурсуновна

6176,3
11.Жумгал району

Кызыл-Жылдыз

айылы

Калык Акиев атындагы орто мектебиЧалов Кудайберген

Күрүчбекович

4961,3
12.Кочкор району

Б.Исакеев айылы

Сатаркул Исмаилов атындагы орто мектебиТурганбаева Жыпаркүл

Казакбаевна

5568,8
13.Нарын шаары№ 8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебиТурсунов Улан

Эсеналиевич

6480
14.Талас шаары

Бакай-Ата району Акназар а/ө,

Урмарал айылы

Токтогон Мусуралиев

атындагы толук эмес орто мектеби

Нуралиев Марат

Муксунбекович

5163,8
15.Чүй облусу

Панфилов айылы

Панфиловка кечки-сырттан окуу орто мектебиАлымкулова Эрмек

Жанжаловна

6277,5
16.Токмок шаарыД.Казакбаев атындагы № 14 орто мектебиБеккулуева Шайгүл

Токтонбековна

5062,5
17.Аламүдүн району

Кой-Таш айылы

Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок жалпы билим берүү орто мектебиЧылпакбаева Венера

Ишеновна

5163,8
18.Кемин району

Карал-Дөбө

айылы

Самүдүн Кудайбергенов

атындагы Карал-Дөбө жалпы билим берүү орто мектеби

Исмаилов Талайбек

Муслимович

6480
19.Москва району

Нарзан айылы

№ 3 Беловодск лицей-мектебиОрозалиева Наталья

Николаевна

6277,5
20.Спартак айылы“Спартак” жалпы билим

берүүчү мектеби

Арсарбекова Аида

Бердибековна

5670
21.Жалал-Абад облусу

Токтогул району

Торкент айылы

Токтонаалы Ашыралиев

атындагы № 19 жалпы

билим берүүчү орто мектеби

Мамытбекова Нургуль

Бектемировна

5062,5
22.Бел-Алды

айылы

Мукаш Жамгырканов

атындагы № 22 жалпы

билим берүүчү орто мектеби

Шарипова Жазгүл

Үчбаевна

5568,8
23.Тельман

айылы

№ 39 Малабай Жунусалиев

атындагы жалпы билим

берүүчү орто мектеби

Тиленбаева Тотуя

Мамбетжановна

5062,5
24.Ноокен району Д.Садырбаев

айыл өкмөтү,

Тоскоол айылы

№ 5 Н.Токторбаев атындагы

жалпы билим берүүчү орто мектеби

Аскарова Барчынай

Токтомуратовна

5062,5
25.Д.Садырбаев

айыл өкмөтү,

Масы айылы

№29 Я.Мирзаходжаев

атындагы жалпы билим

берүүчү орто мектеби

Асылбекова Гулнара

Абдумуталиповна

4961,3
26.Таш-Көмүр шаары№ 14 Т. Шадыханов

атындагы инновациялык

гимназия мектеби

Султанова Замира

Анарбековна

6480
27.Чаткал району

Терек-Сай а/ө,

Кызыл-Токой

айылы

Б.Камчыбеков атындагы

жалпы орто билим берүүчүт мектеби

Оморкулова Айжан

Сатарбековна

5872,5
28.Сузак району

Сузак айылы

№1 Мадумар-Ата атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепМатхаликова Ихтиярхон

Рахматуллаевна

4860
29.Ош облусу, Алай району, Кең-Жылга

айылы

Жоро Алимов атындагы №27 орто мектепАбдаким уулу Сагындык4860
30.Тилектеш а/а

Арпа-Тектир

айылы

№ 24 Камчыбек Аматов

атындагы орто мектеби

Орозбаев Нурлан

Аматович

5062,5
31.Кара-Суу

айылы

Жээнкул Кыпыева атындагы № 30 мектепШананов Акжол

Сатаңович

4961,3
32.Кызыл-Абад

айылы

№ 55 К.Зулпиев атындагы

орто мектеп

Нурматова Бактыгүл

Рахимовна

5670
33.Кара-Дөбө

айылы

№ 9 Мамасалы Тешебаев

атындагы орто мектеби

Жанболотова Гүлмайрам

Карабаевна

5973,8
34.Кара-Суу

шаары

№ 67 З.Бобур атындагы орто мектебиМыйманов Маматурсун

Абдырахманович

5771,3
35.Ташлак айылы№ 124 орто мектебиДжолболдуева Диларам

Джаныбековна

5670
36.Ноокат району

Жаңы-Базар

айылы

М.В.Ломоносов атындагы орто мектебиСапарбек кызы Гүлзат5062,5
37.Акчал айылыТилебалды Айбашев

атындагы орто мектеби

Нурманова Чынара

Нарбаевна

4961,3
38.Кара-Кулжа району

Кара-Кулжа

айылы

Б.Эшмамбетов атындагы

лицей класстары бар орто мектеби — Мекемеси

Жусуев Төлөнбек

Жалилович

5467,5
39.Ош шаары№ 34 Ч.Тулабердиев атындагы

орто мектеби

Мамразак кызы Жылдыз6075
40.Баткен облусу

Баткен району

Кызылбел айылы

Курсанали Турмаматов

атындагы орто мектеби

Кимарова Мавлуда

Курбоновна

5467,5
41.Лейлек району Сары-Дөбө

айылы

“Сары-Дөбө” орто мектеби

мекемеси

Исманов Нургазы

Рустамович

5366,3
42.Ак-Булак айылы“Ак-Булак” орто мектебиНапиева Максатай

Асраловна

5366,3
43.Кадамжай району

Айрыбаз айылы

№ 67 “Кыргызстандын 10 жылдыгы” орто мектебиТургунбаева Чолпонай

Сайдилаевна

5467,5
44.Баткен шаарыВ.И.Ленин атындагы орто мектебиАсан кызы Гулзат5366,3

 

Бөлүшүү

Комментарийлер