МЕКТЕП АККРЕДИТАЦИЯСЫ КАНДАЙЧА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ?

  • 28.04.2021
  • 0

 Аккредитация — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган талаптарга жана критерийлерге билим берүү уюмунун же билим берүү программаларынын сапатынын деңгээлин баалоо дегенди түшүндүрөт.

2013-жылга чейин билим берүү мекемелеринде ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын сапатын баалоо аккредитациялоо (аттестациялоо) сандык тартипте жүргүзүлүп келген. Мында бирден-бир негизги талап болуп окуу жайда тиешелүү материалдык техникалык базанын, окуу-методикалык жана кадрдык камсыздоонун бар экендиги жетиштүү болгон.

2013-жылы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына аккредитациялоо боюнча өзгөртүү киргизилгенден бери сапатты баалоо жаңы мазмунда ишке ашырылып келет. Башкача айтканда, окуу жайда тиешелүү ресурстардын бардыгы эмес, ошол ресурсту пайдаланып билим сапатын камсыздай алып жатабы деген суроо орчундуу.

-Мыйзамга киргизилген бул өзгөртүүгө ылайык аккредитациялоо кызматы толук бойдон көз карандысыз агенттиктерге жүктөлгөндүктөн, 2017-жылга чейин бир да көз карандысыз агенттик мектептер тармагында аккредитациялоо ишмердүүлүгүнө даяр экендигин билдирген эмес, анын үстүнө мамлекеттик жана муниципалдык мектептерди аккредитациялык агенттиктер белгилеген баа менен (суммасы өтө жогору боюнча сакталган) аккредитациялоого мамлекет каржы маселесин чечип бере алмак эмес. Бул бир жагынан мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде аттестат, күбөлүк берүү проблемасын жаратты.  Ошол себептен 2017-жылы аталган мыйзамга кайрадан толуктоолор киргизилген.

2017-жылы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргенден кийин мектептер, кесиптик лицейлер, колледждер өздөрүнүн чечими менен көз карандысыз аккредитациялык агенттиктерден өтүү же Билим берүү жана илим министрлигинен аккредитациядан өтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Министрлик тарабынан аккредитациялоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү токтому менен аккредитациялоо тартиби жана окуу жайга коюлуучу талаптар бекитилген. Ошол токтомго ылайык мамлекеттик жана муниципалдык мектептер республикалык бюджеттен каржылана тургандыгы баарыбызга маалым. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептерди аккредитациядан өткөрүү үчүн министрликке республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен министрлик жыл сайын 20 млн. сом карайт. Андан ашык каржы бөлүнбөйт, б.а. аккредитациялоо каралуучу каржыны көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жок, -дейт КР билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бактыгүл Акулова биз менен болгон маегинде.

Б.Акулованын айтымында, 2017-2018- окуу жылында көрсөтүлгөн мыйзамдын негизинде бир жылдын ичинде министрлик тарабынан 1958 мектеп аккредитациядан өткөрүлгөн. Анткени,  аккредитациялоо боюнча 2013-жылы мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин статустук (мектеп-лицей, мектеп-гимназия) мектептерден башкалары ар бир райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан аккредитациядан (аттестациядан) өткөрүлүп келген. Ал учурда массалык проблема болгон эмес.

2017-жылы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөрүүнүн негизинде райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, башкармалыктары мурдагыдай аккредитациялоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болбой калды. Анткени, мыйзам боюнча билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо же көз карандысыз агенттикке же министрликке жүктөлгөн.

Аталган башкармалыктын бизге берген маалыматына караганда 1958 мамлекеттик жана муниципалдык мектептин аккредитациялоо мөөнөтү 2023-жылы аяктайт. Министрлик тарабынан бир жылдын ичинде кайрадан 1958 мектепти аккредитациялоо каржылык жактан абдан чоң проблеманы жаратат. Анткени 2017-2018-окуу жылындагы массалык аккредитациялоодо эксперттик комиссиялар акысыз (бекер) иштөөгө мажбур болушту. Акысыз эмгектин натыйжасы баарыбызга белгилүү. Ошого карабай биринчи аккредитациялоонун жыйынтыгы мектеп билим берүү чөйрөсүндөгү көп көйгөйлөрдү ачып көрсөткөн.

Акыркы үч жылдагы мектеп билим берүүсүнүн сапатын баалоонун оң жыйынтыктарын жана кемчиликтерин эске алуу менен 2020-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” №189 токтому кабыл алынган. Бул токтом менен аккредитациялоонун жаңы тартиби жана аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына жана программаларына коюлуучу талаптар кайрадан жаңы мазмунда бекитилди. Мында аккредитациялоону санариптештирүү жана өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режими шарттарында же ал жеткис күчтүн жагдайлары жаралганда аккредитациялоо маселелери да каралган.

Министрликке аккредитациялоого багытталган каржы маселесин чечүү мүмкүн болбой келе жатат. Ошондуктан министрлик мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин аккредитациялоо мөөнөтү бүтө электе эле кайрадан аккредитациялоо иш-чарасын баштоого аргасыз кадамга барды.

Бул маселе бир жагынан каржынын 2023-жылы жетишсиз боло тургандыгынан келип чыкса, экинчи жагынан аккредитациялоого тартылуучу эксперттердин саны, министрликтин аккредитациялоо адистеринин санынын жетишпегендигинен болду.

-Эгерде 2023-жылы бардык мектептер аккредитацияланган болбосо, анда бүтүрүүчүлөргө аттестат, күбөлүк берүү мыйзамсыз болуп калат.  Бул багытта райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына мындай сунуш берилди: ар бир райондун аймагында жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 33пайызын  2021-жылы бир мезгилде институционалдык жана программалык аккредитациядан өткөрүү, 2022-жылы дагы 33%, ал эми 2023-жылы калган мектептерди өткөрүү.  Мындай график менен өткөрүү келечегинде массалык аккредитациялоо проблемасын чечет, -дейт башкармалыктын жетектөөчү адиси Бактыгүл Акулова.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

RS. Төмөндө Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун Тартиби, Жобосу менен кеңири таанышсаңыз болот.

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2020-жылдын 30-мартындагы № 189

токтомуна)

Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартиби

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

  1. Ушул Тартип билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары — ыйгарым укуктуу орган) тарабынан негизги жана орто жалпы билим берүүнүн, баштапкы жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын институционалдык жана (же) программалык аккредитациялоонун жол-жобосун белгилейт.

Билим берүү уюму үчүн институционалдык жана программалык аккредитациялоо милдеттүү болуп саналат.

Билим берүү уюмдарын институционалдык жана программалык аккредитациялоо бир убакта жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жаңы түзүлгөн билим берүү уюмдары алгач институционалдык аккредитациялоодон өтүшөт. Бүтүрүүчү курсу болгондо программалык аккредитациялоодон өтүшөт.

  1. Аккредитациялоонун негизги максаттары:

1) билим берүүнүн сапатын камсыздоо;

2) билим берүү уюмдарынын (программалардын) ишинин сапатын баалоонун жыйынтыгы жөнүндө коомчулукка маалымдоо;

3) үзгүлтүксүз өзүн-өзү баалоо жана өркүндөтүү аркылуу билим берүү уюмдарынын (программалардын) өнүгүшүн өбөлгөлөө;

4) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана квалификациялар жөнүндө документтеринин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде таанылышына көмөктөшүү.

  1. Аккредитациялоо төмөнкү принциптерде ишке ашырылат:

1) объективдүүлүк;

2) ачык-айкындуулук.

  1. Бардык билим берүү уюмдары үчүн аккредитациялоо бирдей шарттарда жана ушул Тартипте аныкталган негиздерде өткөрүлөт.
  2. Ыйгарым укуктуу орган билим берүү уюмунун ыйгарым укуктуу органдын Билим берүүнү башкаруу маалыматтык системасында (мындан ары — ББМС) маалыматтары жок болгон учурда билим берүү уюмун аккредитациялоодон баш тартат.
  3. Билим берүү уюмдарын (программаларды) аккредитациялоо 5 жылда кеминде бир жолу акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Аккредитациялоо жүргүзүүгө кетүүчү чыгымдар билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары аккредитациялоо боюнча чыгымдарды республикалык бюджеттин жана/же алардын атайын эсептерине келип түшүүчү каражаттардын эсебинен төлөшөт.

2-глава. Аккредитациялоо жүргүзүү тартиби

  1. Аккредитациялоодон өтүү үчүн билим берүү уюму акыркы аккредитациялоо мөөнөтү аяктаганга чейин 3 ай мурун ыйгарым укуктуу органга кагаз жана электрондук түрдө өзүн-өзү баалоо боюнча отчетту тиркөө менен арыз берет.

Биринчи жолу ачылган билим берүү уюмдары аккредитациялоодон өтүүгө арызды биринчи жолу бүтүрүүчүлөрдү чыгарууга чейин 3 ай мурун беришет.

Аккредитациялоо жөнүндө арыздын формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

Билим берүү уюмунун жетекчиси өзүн-өзү баалоо боюнча берилген отчеттун аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

  1. Аккредитациялоо жол-жобосу төмөнкү этаптардан турат:

1) билим берүү уюмунун өзүн-өзү баалоо жүргүзүүсү;

2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан билим берүү уюмун (программаларды) тышкы баалоо жүргүзүү;

3) ыйгарым укуктуу орган тарабынан чечим кабыл алуу.

  1. Билим берүү уюму институционалдык жана/же программалык аккредитациялоодон өтүүдө өзүнүн ишинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына (программаларына) коюлуучу минималдуу талаптарга (мындан ары — минималдуу талаптар) шайкеш келүүсүн, ошондой эле көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык келүүсүн аныктоо максатында өзүн-өзү баалоо жүргүзөт.

Өзүн-өзү баалоо кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн тартуу менен билим берүү уюмунун жетекчиси түзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Өзүн-өзү баалоонун жыйынтыгы аналитикалык отчет түрүндө таризделет.

Өзүн-өзү баалоо жүргүзүү боюнча комиссиянын иштөө тартиби жана отчеттун типтүү формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.

Ыйгарым укуктуу орган тарабынан аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин өзүн-өзү баалоо боюнча документтер 30 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине 7 жыл бою сактоо үчүн кайтарылып берилет.

  1. Ыйгарым укуктуу орган арыз келип түшкөн учурдан тартып 1 жумуш күндүн ичинде каттоодон өткөрөт жана арыз катталган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде өзүн-өзү баалоо боюнча отчеттун толуктугун жана туура таризделишин текшерет.
  2. Өзүн-өзү баалоо боюнча отчетту текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

1) документтер ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлоо менен документтерди кайтаруу жөнүндө;

2) документтер ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келген учурда аларды кароого кабыл алуу жөнүндө, андан ары 7 жумуш күндүн ичинде билим берүү уюмун (программаны) тышкы баалоо жөнүндө буйрук чыгарылат.

  1. Билим берүү уюмун (программаларды) тышкы баалоо ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлгөн эксперттик комиссия (мындан ары — Комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.

Комиссиянын курамы, иштөө тартиби жана мөөнөтү, эксперттерге карата квалификациялык талаптар, ошондой эле аларды сертификациялоо жана тышкы баалоо жүргүзүүгө тартуунун тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

Тышкы баалоо жүргүзүүнүн мөөнөтү 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш.

  1. Билим берүү уюмун (программаны) тышкы баалоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

— билим берүү уюмунун ишин (программаны) өзүн-өзү баалоо боюнча отчеттун минималдуу талаптарга ылайык келүүсүн талдоо;

— тышкы баалоонун жыйынтыгы боюнча Комиссиянын корутундусун даярдоо.

  1. Тышкы баалоо жүргүзүүдө Комиссия өзүн-өзү баалоо боюнча отчетту жана ББМСке жайгаштырылган материалдарды пайдаланат.
  2. Жүргүзүлгөн тышкы баалоонун жыйынтыгы боюнча Комиссия 5 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга корутунду берет.

Корутундунун формасы жана анын мазмунуна карата талаптар ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.

  1. Комиссиянын корутундусу ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын кароосуна ал келип түшкөн күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирилбестен киргизилет.
  2. Комиссиянын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу органдын коллегиясы төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

1) минималдуу талаптарга шайкеш келген шартта — билим берүү уюмун (программаны) 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо жөнүндө;

2) 1 минималдуу талап боюнча ылайык келбеген учурда сын пикирлер менен (шарттуу аккредитациялоо) 3 жылдык мөөнөткө жана 2 минималдуу талап боюнча ылайык келбеген учурда аныкталган кемчиликтерди жоюу талабы менен 1 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо жөнүндө. Сын пикирлерди четтетүү фактысы ырасталган учурда аккредитациялоо мөөнөтү 5 жылга чейин узартылат (шарттуу аккредитациялоо мөөнөтүн кошуу менен), мында шарттуу аккредитациялоо жөнүндө чечим эки жолудан ашык кабыл алынбайт. Сын пикирлерди четтетүү фактысын ырастоо кемчиликтерди четтетүү боюнча билим берүү уюму берген маалыматтарды текшерүүнүн натыйжасында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт;

3) минималдуу талаптарга 2ден ашык ылайык келбөө болгон учурда билим берүү уюмун жана/же программаны аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө.

Шарттуу аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жеке жалпы билим берүү уюмдарын, баштапкы жана орто кесиптик окуу жайларын лицензиялык контролдоого, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарын кошумча экспертизалоого алып келет, анын тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

Кошумча экспертизалоо өзүнө материалдык-техникалык база, окуу-методикалык жана кадрдык камсыздоо, билим берүү программасынын мазмуну маселелери боюнча аныкталган кемчиликтердин жоюлушун текшерүүнү камтыйт.

1 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо жөнүндө чечим эки жолу кабыл алынгандан кийин билим берүү уюмунун уюштуруучусу ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте билим берүү уюмунун жетекчисинин ээлеген кызматына ылайык келүүсү жөнүндө маселени карайт.

Ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо боюнча коллегиясынын чечими буйрук түрүндө таризделет.

  1. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими шарттарында же ал жеткис күчтүн жагдайлары жаралганда аккредитациялоо жөнүндө сертификат бербестен, мурдагы аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн 1 жылга шарттуу узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга жол берилет.

Мурдагы аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим билим берүү уюмунун арызынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын чечими менен кабыл алынат.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Билим берүү уюмдарын (программаларды) аккредитациялоонун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу органдын сайтына жарыяланат.

3-глава. Аккредитациянын жарактуулугун токтото туруу, калыбына келтирүү жана токтотуу

  1. Ыйгарым укуктуу орган бузуулар аныкталган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде аларды четтетүү үчүн 3 айга аккредитациялоонун жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат.
  2. Билим берүү уюму бузуулар четтетилгендиги жөнүндө кабарлаган учурда ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бузуулар четтетилген фактыны белгилеген актыга кол коюлган күндөн кийинки күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде аккредитациялоонун жарактуулугун калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алат.
  3. Эгерде билим берүү уюму ушул Тартиптин 19-пунктунда белгиленген мөөнөттө аныкталган бузууларды четтетпесе же аккредитациянын жарактуулук мөөнөтүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын кайра бузса, ыйгарым укуктуу орган аккредитациялоонун жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Билим берүү уюмунун (программанын) аккредитациясынын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим аныкталган бузуулар четтетилген жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын талаптары кайра бузулган фактыны белгилеген актыга кол коюлган күндөн кийинки күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.

  1. Аккредитациянын жарактуулугун токтото туруу, калыбына келтирүү жана токтотуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын чечиминин негизинде буйрук менен таризделет.

Ыйгарым укуктуу орган аккредитациянын жарактуулугун токтото туруу, калыбына келтирүү жана/же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде билим берүү уюмуна жазуу жүзүндө кабарлайт.

4-глава. Аккредитациялоо жөнүндө документтер

  1. Ыйгарым укуктуу орган аккредитацияланган билим берүү уюмдарына жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен аккредитациялоо жөнүндө сертификатты берет.
  2. Билим берүү уюму юстиция органдарында кайра катталган учурда сертификаттын колдонулушу кайра тариздөө менен сакталат.
  3. Аккредитациялоо жөнүндө сертификат колдонулушун төмөнкү учурларда токтотот:

1) сертификат берилген мөөнөт аяктаганда;

2) билим берүү уюму жоюлганда;

3) билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

4) билим берүү уюму тарабынан сертификат берилген тиешелүү билим берүү программасынын ишке ашырылышы токтотулганда.

  1. Аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын бланктарынын формалары жана аны берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
  2. Аккредитациялоо жөнүндө сертификат жоголгон же бузулган учурда билим берүү уюмунун арызы боюнча сертификаттын дубликаты берилет. Сертификаттын дубликатын берүү тууралуу ыйгарым укуктуу органдын чечими арыз катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат. Сертификаттын дубликаты «Дубликат» деген белги менен бир нускада таризделет.
  3. Аккредитациялоо жүргүзүү жөнүндө арыз, Комиссиянын тышкы баалоо боюнча корутундусу, ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө, аккредитациялоо жөнүндө сертификатты кайра тариздөө жөнүндө чечими, аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын тиркемелери менен көчүрмөсү, аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын дубликатын берүү жөнүндө чечим жана ага тиркелген документтер, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүү менен байланышкан документтер ыйгарым укуктуу органда сакталууга тийиш.
  4. Ыйгарым укуктуу орган аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын (программалардын) реестрин электрондук түрдө жүргүзөт, аларды өзүнүн сайтына жайгаштырат жана жылына кеминде бир жолу жаңылап турат.
  5. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын (программалардын) реестри чечим кабыл алынган жана каттоо номери ыйгарылган датаны көрсөтүү менен түзүлөт. Реестрди жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

Реестрге маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо жөнүндө буйругу саналат.

  1. Аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын (программалардын) реестри жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органда беш жыл сакталат, андан кийин архивге тапшырылат.

 

 

 

 

2-тиркеме

Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу

минималдуу талаптар

1-глава. Жалпы жоболор

  1. Ушул Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар (мындан ары — Минималдуу талаптар) негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына (мындан ары — билим берүү уюмдары) карата милдеттүү минималдуу талаптарды белгилейт.
  2. Ушул Минималдуу талаптарда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

коопсуз билим берүү чөйрөсү — окуучуларга жана персоналга зыяндуу же коркунучтуу факторлордун таасири жок болгон, же болбосо алардын таасиринин деңгээли белгиленген ченемдерден ашпаган окуу шарттарын камсыздоочу чөйрө;

кызыкдар тараптар — мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, окуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү), билим берүү уюму, жогорку сапаттагы билим берүүгө кызыкдар социалдык өнөктөштөр, коммерциялык эмес уюмдар;

билим берүү уюмунун миссиясы — кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн, жамааттын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуучу билим берүү уюмунун багыты жөнүндө кабыл алынган чечим;

кайтарым байланыш — көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын натыйжалуулугу жөнүндө кызыкдар тараптардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү баалоолору, ошондой эле комментарийлери;

билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясаты — билим берүү уюмунун педагогикалык кеңеши тарабынан бекитилген, билим берүүнүн сапатын башкарууга багытталган документтердин жыйындысы;

ресурстар — каалаган натыйжага жетүү үчүн окутуу процессине тартылган кадрдык, материалдык-техникалык, окуу-методикалык, маалыматтык ресурстар.

2-глава. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына карата минималдуу талаптар

  1. Билим берүү уюму кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн эске алуучу бекитилген башкаруу түзүмүнө, билим берүүнүн сапатын камсыздоо жана анын ишке ашыруу саясатына, иштин натыйжалуулугун баалоо системасына ээ болушу керек.
  2. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына карата критерийлер:

1) билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички акттардын болушу;

2) билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу;

3) билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын/түзүмдөрдүн болушу;

4) персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы);

5) ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу;

6) кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу;

7) билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу.

3-глава. Билим берүү программасынын мазмунуна жана окуу-методикалык камсыздалышына карата минималдуу талаптар

  1. Билим берүү программасынын мазмуну жана окуу-методикалык камсыздалышы Кыргыз Республикасынын Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына (мындан ары — билим берүү стандарты) жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келиши керек.
  2. Билим берүү программасынын мазмунун жана окуу-методикалык камсыздалышын баалоонун критерийлери:

1) окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү;

2) окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү;

3) жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу — методикалык адабияттардын фонду) болушу;

4) билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу.

4-глава. Компетенттүү окутууну ишке ашырууга жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоого карата минималдуу талаптар

  1. Билим берүү уюму окуучуларды окутууда жана жетишкендиктерин баалоодо компетенттүүлүк мамилесин ишке ашырат.
  2. Окуучуларды окутууда жана жетишкендиктерин баалоодо компетенттүүлүк мамилесин ишке ашырууга карата критерийлер:

1) окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу;

2) окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу;

3) окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу;

4) билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу;

5) окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу;

6) коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу;

7) ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы;

8) кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу.

5-глава. Кадрдык саясаттын натыйжалуулугуна карата минималдуу талаптар

  1. Билим берүү уюмунун өз ишин компетенттүү персонал менен камсыздоо үчүн натыйжалуу кадрдык саясаты болушу керек.
  2. Кадрдык саясаттын натыйжалуулугунун критерийлери:

1) педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу;

2) штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү;

3) физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу;

4) педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу;

5) педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу.

6-глава. Материалдык-техникалык базага карата минималдуу талаптар

  1. Билим берүү уюмунун жетиштүү, жеткиликтүү, коопсуз жана билим берүүнүн максаттарына ылайык келүүчү материалдык-техникалык базасы болушу керек.
  2. Материалдык-техникалык базаны баалоонун критерийлери:

1) билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушу;

2) билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери);

3) материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.

7-глава. Финансылык ресурстарды башкарууга карата минималдуу талаптар

  1. Билим берүү уюму билим берүү максаттарына жетишүү үчүн финансы ресурстарын башкарууга тийиш.
  2. Финансы ресурстарын башкарууну баалоо критерийлери:

1) финансылык пландоо системасынын болушу;

2) кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу;

3) финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер