МЕКЕНИМ МЕНДЕН БАШТАЛАТ!

  • 24.09.2024
  • 0

Кыргыз билим берүү академиясы «Билим Ордо» коомдук-интеллектуалдык фонду жана Бишкек шаарындагы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи менен биргеликте даярдап жаткан жалпы орто билим берүү уюмдарынын окуучуларынын жана мугалимдеринин, студенттердин жана окумуштуу педагогдордун «Түрк дүйнөсү: Инсандык руханий маданият» деген темадагы эл аралык илимий-практикалык конференциясы 2024-жылдын 4–5-ноябрында Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өтөт.

МЕКЕНИМ МЕНДЕН БАШТАЛАТ!

Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Айгүл Элебесованын берген маалыматына таянсак, аталган иш-чара «2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын», «2022–2027-жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программасынын»,  Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө»   2023-жылдын 24-октябрындагы Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков,  Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) жөнүндө»  2024-жылдын 24-июлундагы Жарлыгынын негизинде 2024-жылы өткөрүлө турган ири иш-чаралардын алкагында өтмөкчү.

  • Илимий-практикалык конференция бир нече секцияларда өз ишин алып барат. Алсак, 1-секция. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар — Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев. 2-секция. Руханий баалуулуктар жана идеалдар: жакшылык, сүйүү жана адилеттүүлүк. 3-секция. Коомдо калыптанган жана муундан муунга өткөн каада-салттар жана үрп-адаттар. 4-секция. Ишенимдер: адамдын руханий жана диний маселелерге болгон мамилеси. 5-секция. Эстетикалык табиттер жана артыкчылык берүүлөр: искусство жана маданият. 6-секция. Интеллекттик деңгээл: руханий маданияттуулук, билимдүүлүк жана чыгармачылык жөндөм. 7-секция. Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнүн тарыхый өнүгүүсү (педагогдор үчүн), — дейт А.Элебесова.

Инсандык руханий маданият — бул адамдын дүйнө таанымын, дүйнөгө жана өзүнө болгон мамилесин, ошондой эле анын ички дүйнөсүн аныктоочу баалуулуктардын, билимдердин, ынанымдардын, билгиликтирдин жана көндүмдөрдүн жыйындысы. Инсандык руханий маданият — адамды инсан кылып калыптандырат. Ушундай инсандар гана мамлекеттүүлүктү түптөөгө, Ата Мекенди өнүктүрүүгө жана гүлдөтүүгө жөндөмдүү болушат. Инсандык руханий маданияттуулук — адамдын жашоонун маани-маңызын аңдап туюусунун, гумандуу, сабырдуу жана акылгөй көрөгөч болушунун кепили.

МЕКЕНИМ МЕНДЕН БАШТАЛАТ!

МЕКЕНИМ МЕНДЕН БАШТАЛАТ!

— Уюштуруу комитети кызыкдар жаш илимий изилдөөчүлөрдү, окуучуларды жана студенттерди, чыгармачыл изденүү менен эмгектенген мугалимдерди жана окумуштуу-педагогдорду конференциянын ишине жигердүүлүк менен катышууга жана өз илимий баяндамалары (макалалары) менен чыгууга чакырат. Илимий-практикалык конференциянын расмий тилдери: кыргыз, орус, англис, түрк тилдери. Конференциянын материалдары атайын жыйнакка басылып чыгат. Каалоочулар конференцияга катышуучунун каттоо картасын, илимий макалалардын жана алардын аннотацияларынын (кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде) электрондук версияларын жиберүүлөрү керек. Кабыл алына турган макалалардын баары рецензияланышы керек. Бир макалага эки пикирдин болушу зарыл. Макала оригинал катары эсептелинет жана редакцияланбайт, ошондуктан автор текстти дыкаттык менен, ийине жеткире даярдашы керек. Даярдоо талабына жооп бербеген макалалар кабыл алынбайт. Конференцияга катышуучунун каттоо картасы жана илимий баяндамалардын (макалалардын) электрондук версиялары 2024-жылдын 20-октябрына чейин төмөнкү электрондук почталарга жиберилүүгө тийиш: [email protected]; [email protected] Бул мөөнөттөн кечиктирилген илимий баяндамалар кабыл алынбайт, — дейт Айгүл Элебесова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

P.S. Байланышуу телефондору: +996(550) 231-803; +996(500) 605-408; +996(777) 605-408 (WhatsApp); +996 777 808 901 (WhatsApp).

Конференцияга катышууга байланыштуу чыгымдар (жол кире, жатакана, тамак-аш) жиберген тарап же жеке катышуучу тарабынан каржыланат.

Конференцияга катыша тургандыгыңызды 2024-жылдын 15-октябрына чейин төмөнкү электрондук почталар боюнча билдирип коюшуңуз керек: [email protected]; [email protected]

ИТКга катышуучунун (автордун) каттоо картасы
Аты-жөнү (толук) 
Окуган/иштеген жеринин толук аталышы, классы/кызматы 
Окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы 
E-mail дареги 
Мобилдик телефону 
Макаланын аталышы, көлөмү 
Секциянын номери жана аталышы 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер