МЭЭРИМГЕ БӨЛӨНГӨН БАЛДАР БАКТЫЛУУ БОЛОТ

  • 20.02.2023
  • 0

Ата-эненин балдарына көрсөткөн жылуу мамилеси, мээрими алардын инсандык сапаттарынын, кулк-мүнөзүнүн, дүйнө таанымынын калыптанышына жакшы таасирин тийгизет деген ойду илим далилдейт.

МЭЭРИМГЕ БӨЛӨНГӨН БАЛДАР БАКТЫЛУУ БОЛОТ

Балдар убактысынын көпчүлүгүн мектепте өткөрүшөт. Айыл жериндеги мектептерде балдар түшкө чейин окуп, түштөн кийин бош болсо, шаар ичиндеги мектептер баланы бир күн бою ар кандай ийримдер менен алектендирип, убактысын бош өткөрбөөгө шарт түзүшөт. Анда түштөн кийин убактысы бош болгон балдар эмне менен алектенет окуучулардын өздөрүнөн сурап көрүп, төмөнкүдөй жоопторду уга алдык:

— Мектептен кийин үйгө барам. Тамак жеп алып, жумуш кылам. Кечинде сабак аткарам. Ойнойм.

— Үйгө баргандан кийин тамактанып, мал жайгарам.

— Үйгө барганда эжемдин баласын карайм.

А  ата-энелерчи? Баласынын мектептен кийин эмне менен алектенип жатканы боюнча кабары барбы? Бир күнүнүн канча бөлүгүн баласына арнайт?

Досманбет Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын социалдык педагогу  Саттарбек Жуманов: “Баланы тарбиялоо аны кийинтип, ичирип, мектепке алып баруу менен чектелбеши керек. Анткени акыркы кезде турмуш тиричиликти шылтоолоп, баланы экинчи планга койгон ата-энелер да жок эмес. Ошондой эле балага мээрим көрсөтпөй туруп, келечекте андан мээрим күтүү туура эмес жана эң маанилүүсү баарлашуу, бала менен байланыш».

Балдарды тарбиялоодо жаш өзгөчөлүгүнө жараша көңүл буруу зарыл. Эгерде көңүл бөлүнбөсө кийин анын кесепети байкалат. Баласын «сен жамансың» деп урушуп тарбиялайм деген ата-эненин өзү жаман. Анткени балага жакшы болууну, мээрим көрсөтүүнү үйрөтө албайт. Баланы жолдо адаштыруучу кара жолдор көп. Ага адаштырбай, балага туура жол көрсөтүү ата-эненин милдети.

Педагогдордун айтымында, үйүндө жылуу мамиле көрбөй чоңойгон баланын мектепте, бала бакчада да өзүн-өзү алып жүрүүсү да өзгөрөт. Ата-эне мээримин издеп чоңойгон бала аны башка жактардан издейт. Андыктан аларга жок дегенде бир саатты арноо керектиги сунушталат. Андан эмне жедиң деп эмес, эмне жаңылык болгонун суроо туура ыкма экендигин эскертет.

Ата-энеси убакыт бөлбөгөн баланын мүнөзү агрессивдүү болот. Башкаларды, балдарды жада калса мугалимдерин уруп баштайт. Анткени ата-эне мээримин издеген бала аны башкалардан чыгарат. Бала байкуш өзүнүн ичиндеги сезимин айта албагандыктан, аны ошондой ыкма менен көрсөтөт. Ошондуктан, бала менен жок дегенде жарым саат отуруп, ал менен сүйлөшүп, эмне болуп жатканына кызыгып, ал менен чогуу жашоо маанилүү. Себеби балага бөлүнгөн убакыт балдарды бактылуу кылат.

Нураида Качиева,  Досманбет Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер