“МАНАС” ЭПОСУН ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ ТЕСТТИН РОЛУ
- 06.12.2024
- 0
И.Раззаков атындагы КМТУнун колледжинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу Нуркалый Жайылов “Манас” үчилтигин окууда жеңилдик берүүчү атайын тест түзүп чыккан. Жакында эле жарык көргөн ал китеп окуучулар менен студенттерге жана кеңири окурмандарга арналган.
Негизи ар кандай чыгармаларга берилген тесттердин туура жообун алуу үчүн окуучу эң алды ал чыгарма менен тааныш болууга тийиш. Бирок чыгарма менен тааныш болбой туруп эле ал чыгарманын мазмуну менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк болот. Ага кантип жетишүүгө болорун мен “Манас” эпосуна карата түзгөн тесттеримди мисалга келтиргим келет.
Бул тест залкар манасчы Саякбай Каралаевдин варианты боюнча (1984-1991- жылдары басылып чыккан) түзүлгөн. Тест “Манас” үчилтигин камтыйт. “Манас” – 271 суроодон, “Семетей” – 180 суроодон, “Сейтек” – 116 суроодон турат.
Мындайча айтканда, Манастын ата-бабалары жөнүндө маалымат берилип, анын бала чагы, өспүрүм кездеги баатырдык иштери, анын үйлөнүшү, элин зордук-зомбулуктан кутултуу, кыргыз журтунун башын бириктирүү, элдин келечек тагдыры үчүн көргөн камкордугу жана Манастын өлүмү менен биринчи бөлүм аяктайт. Андан кийин анын баласы Семетейдин тагдыры: Семетейдин бала чагы, анын өз элин ички душмандардан арылтуу үчүн жасаган ишмердиги, камкордугу, жашоо турмушу экинчи бөлүмдө берилет. Ошондой эле Манастын небереси Сейтектин тагдыры, эл үчүн жасаган баатырдыктары, камкордуктары бүт бойдон камтылган. Тест “Манас”эпосунун окуясынын өнүгүү процесси боюнча ирети менен берилип, түзүлгөн.
Окуучулар бул тесттердин даяр жоопторун ар бир жоопко ой жүгүртүү, чечмелөө аркылуу “Манас” үчилтигинин өнүгүшүн толук биле алат. Манас, Семетей, Сейтектин кыргыз эли үчүн жасаган эрдиктерин, улуттуулукту сактоонун зор маанисин, элдин биримдиги аба-суудай зарыл экендигин, дегеле “Манас” үчилтигинин элибиздин жашоосундагы ролу жөнүндөгү түшүнүктөрдү кабылдайт. Окуучулар Бакай, Каныкей, Кошой, Алманбет, Күлчоро, Айчүрөккө байланышкан сюжеттер аркылуу, алардын Манас, Семетей, Сейтектин жасаган баатырдык иштерин, эл үчүн жасаган камкордугун, колдоолорун, алардын Манас, Семетей, Сейтектин элдин жыргалчылыгы үчүн жасаган иш-аракеттерин, тестте камтылган суроолордун жооптору аркылуу эле, алардын образдарын түзө алышат. Мисалы, Бакайдын эң башкы сапаттарынын бири — акылмандык. Анын акылмандыгы жалпы улуттук масштабда, алысты мелжеп ойлонгонун билдирет. Бакайдын дагы бир жакшы сапаты, анын мекенчилдиги. Анын Манас менен кошо Ата журттун боштондугу, кыргыз элибиздин эркиндиги үчүн күрөштүн жана согуштун отун кечкендигин айгинелөөчү суроолор жооптору менен китепте берилген. Бакайдын дагы бир өзгөчөлүгү: Бакайдын эл аралык, инсандар аралык алака-катыштардын дүйнөсүндө мамилелешүүнүн ачкычын таба билиши, деги эле анын акылмандыгын сыпаттаган тууралуу жоопторду да оңой табууга болот, жетик биле алышат. Ошондой эле тесттин суроолорунун жооптору аркылуу кыргыз жергесине табият тартуулаган кооздугунан маалымат ала алышат. Согуш тактикасын (согушуу ыкмаларын) туура пайдалануу да Манастын өзгөчөлүгүнүн бирден бир белгиси. Окуучулар согуш ыкмаларынын аталыштары жөнүндө да маалымат алышат.
Албетте, окуучу образдарды түзүүдө, дегеле “Манас” үчилтигинин өнүгүү процессин кабылдоодо ар бир суроонун жоопторуна ой жүгүртө алат. Мисалы, “Манас” бөлүмүндөгү тесттин №138 суроосунун жообу – “Бакай”. Демек, Бакай Каныкейге куда түшкөнү жуучулукка барат экен. Бул суроо боюнча Бакайдын калктар аралык, инсандар аралык алака-катыштардын дүйнөсүндө мамилелешүүнүн шартын сактап, анын сүйлөшө алары айтылып жатат. Анын чечкиндүүлүгү байкалат. Анткени демейде салт боюнча деле мындай шартта атасы барууга тийиш, окуучу муну сезет. Кандайдыр бир себептер менен атасы макул болгон эмес. Демек, окуучу Бакайдын акылдуулук менен, чечкиндүүлүк менен бул маселени чечиши ойлонтуп, Бакай жөнүндө оң ойлор чогулуп, ага баа бере алат. Мына ушундай ой жүгүртүү менен окуучу эпостогу образдарды түзө алат.
Ал эми тесттеги суроолор “Манас” үчилтигинин өнүгүү процессинде ырааты менен берилгендиктен, эпостун мазмунун оңой эле баамдаса болот, окуялар биринен кийин экинчиси ирети менен берилген. Мисалы, тесттин суроолору башталганда эле Манастын ата-бабалары жөнүндө маалымат, уруудагы белгилүү адамдар дүйнө салгандан кийин, ал жердеги жашоо кандай нукка өзгөргөндүгүн, келечегин ойлогон душмандар, жашоосуна салакасы тийбесин деп, аларды өз жеринен айдаганы, ал жактагы алардын жашоосу, Манастын төрөлүшү, балалык чагы, чөйрөсүндөгү эли үчүн кылган алгачкы эрдиктери, Манастын кыргыз эли үчүн кам көрүүсү, Ата Мекенин душмандардан бошотуу, аны аткаруу дагы душмандардын тоскоолдуктары, чачылган кыргыз элинин башын бириктирүү, кыргыз элине бакубат жашоо түзүү аракеттери ойлонгон окуучуга алаканга салгандай эле көрүнөт, оңой эле баамдоого болот.
Эскертүү: Манаска байланыштуу окуялар “Семетей” бөлүмүндө да айтылат. Анткени Каныкей баласы Семетейге чындыкты айтып берүүгө аргасыз болот. Бул баян “Семетей” бөлүмүндө “Каныкейдин жомогу” деп аталат.
Ушул тесттер жыйнагына “Манас” үчилтигинин биринчи бөлүгүнүн салттуу сюжетин окуп үйрөнүүдө Ашым Жакыпбектин кара сөз менен жазылган “Теңири Манас” романы боюнча түзүлгөн тест да киргизилген. Көпчүлүк окуучуларга ыр түрүндө жазылган көлөмдүү чыгарманы окуп түшүнүш оңойго турбай ыңгайсыздык жаратып келген. Роман кара сөз түрүндө жазылгандыктан, окуп түшүнүүгө да оңой. Бул чыгарма негизи Саякбай Каралаевдин, Сагымбай Орозбак уулунун жана кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианттарына таянып жазылгандыктан, кээ бир окуяларда окшошпоолор (өзгөрүүлөр) кездешет. Тестте негизинен романдагы окуялар ирети менен берилген. Ошондуктан бул тестте да образдарды түзүү, “Манас” бөлүмүнүн мазмунун аңдоо мүмкүнчүлүгү бар.
Ошондой эле тесттердеги суроо-жооптордун натыйжасында кыргыз элинин үрп-адатын, каада-салтын, кыргыз улутунун узчулук өнөрүн окуучунун ой жүгүртүү, баамдоо жөндөмдүүлүктөрү аркылуу баалуулуктарды аныктоо мүмкүнчүлүктөрү болот. Ошентип, “Манас” үчилтигин окуп үйрөнүүдө ушул түзүлгөн тесттер жыйнагын пайдалануу, жетекчиликке алуу ыңгайлуу деп эсептейм.
Нуркалый ЖАЙЫЛОВ,
И.Раззаков атындагы КМТУнун КОББ (колледжинин) кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу
Комментарийлер