МАКСАТЫБЫЗ – САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

  • 01.12.2022
  • 0

МАКСАТЫБЫЗ – САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

Быйыл И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети атын алып жүргөн, кыргыз элинин алгачкы агартуучу-илимпозу Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгын белгилөөдө. Учурда окуу жайдын ар бир институт, факультеттеринде мааракеге арналган түрдүү иш-чаралар байма-бай өтүп жаткан кези. Университеттин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун  директору, филология илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Дюшембиева Айгүл жана анын орун басары, филология илимдеринин кандидаты, доцент Каныбекова Айнур бизге берген маегинде институттун тарыхы жана ишмердиги тууралуу айтып берди.

МАКСАТЫБЫЗ – САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

— Айгүл Осмоновна, 2009-жылдан тарта тарыхы бай, түптүү окуу жайдын Мамлекеттик тил жана маданият институтун жетектеп келе жатасыз. Бул аралыкта институттун профессордук-окутуучулар курамынын сапаты жогорулап, тажрыйбасы кеңейгенин көрүүгө болот.

—   Туура айтасыз. Институт интеллектуалдык деңгээли жогору, билим көрөңгөсү бийик, мыкты, алдыңкы, кесипкөй профессордук-окутуучулар курамы менен толукталган. Бизден окуган бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү коомго, мамлекетке өз адистиктери боюнча жетишерлик деңгээлде татыктуу кызмат өтөп жаткандарын да бизден алган сапаттуу билим менен байланыштырсак туура болот. Алгач сөздү биздин институттун түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салымын кошкон биз сыймыктанган агай-эжейлер тууралуу баштасак. Институттун биринчи директору, филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаева эсептелет. Ал  2001-2006-жылдары жетектеген. Окуу иштери боюнча директордун эң алгачкы орун басары К.Байжигитов 2001-2003-жылдары эмгектенген. Учурда окуу бөлүмүндө Г.Доткулова окуу процессин жөнгө салып, Ф.Мырзаева  окуу пландары жана практика боюнча иш жүргүзүп келет.

МТМИнин кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасын түзүлгөндөн баштап Ы.Жакыпов, Т.Ахматов, О.Ибраимов, Ш.Жапаров, И.Абдувалиев, К.Токтоналиев сыяктуу алдыңкы окумуштуу-илимпоздор жетектеди. Кафедрада  республикага таанымал коомдук, мамлекеттик ишмерлер:  КР Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери, КРУИАнын академиги, профессор А.Эркебаев, КРУИА академиги, профессор А.Акматалиев, КРУИАнын мүчө-корреспонденти, профессор, кафедранын алгачкы башчысы О.Ибраимов, КР эл жазуучусу, профессор К.Жусупов, КР эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты А.Өмүрканов, КР эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты А.Рыскулов, белгилүү адабиятчы К.Ибраимов, О.Сооронов, ф.и.д., профессор М.Жумаев, ф.и.д., профессор С.Тиллебаев, жазуучу Д.Казакбаев ж.б. эмгектенген.

Тил даярдыгы жана котормо кафедрасы ачылгандан бери филология илимдеринин доктору, профессор,  УИАнын мүчө-корреспонденти Ж.Сыдыков,  филология илимдеринин доктору, профессорлор К.Жийдеева,  Н.Шамаева, З.Караева, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.Ибраев, Кытай Республикасынын жарандары: профессор Макелек Өмүрбай, Айнур Абдул, Ван Сяо Лян, Цзян Янь Пин, Гулниза Жамал, Токтокан Ысмаил,  Ма Чинг, Корей Республикасынын жарандары: ага окутуучулар  Пак Кап Су, Сон Дон Веон, Джон Санг Гюн эмгектенген.

Азыркы күндө институтта эки илимдин доктору, 12 илимдин кандидаты, үч профессордун милдетин аткаруучу, жети доцент, төрт доценттин милдетин аткаруучу, сегиз ага окутуучу жана төрт окутуучу студенттерге татыктуу билим берүүдө.

МАКСАТЫБЫЗ – САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

— Институтта окуу процесси канча кафедра аркылуу ишке ашырылат?

— Бизде үч кафедра бар. Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы 1988-жылы негизделген. Кафедранын аталышы бир нече жолу өзгөргөн. 2010-жылы 17-сентябрда КМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Т.Ахматовдун ысымы ыйгарылган. Учурда филология илимдеринин кандидаты, доцент С.Каратаева жетектейт.

Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасын түзүлгөндөн баштап белгилүү филолог окумуштуулар: О. Ибраимов, Ү.Касыбеков, А.Кацев, К.Жийдеева, К.Байжигитов, Д.Саалиева, М.Жумаев, Г.Жумаева, Р.Сыдыкова, С.Дюшембиев жетектеди.

Кафедра 1998-жылдын 10-ноябрынан тартып кыргыз адабияты жана дүйнөлүк көркөм маданият кафедрасы деп өзгөртүлгөн. 2002-жылдын 15-февралынан  кыргыз адабияты, 2016-жылдын 1-июлунан тартып кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы деп аталып келет. Бүгүнкү күндө кафедраны филология илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу А.Эгембердиева жетектейт.

Үчүнчү тил даярдыгы жана котормо кафедрасы заман талабына ылайык 2001-жылы негизделген. Алгач кафедраны ага окутуучу Догдурбек Назар (Д.Асанкулов) жетектесе, 2004-жылдан бери филология илимдеринин кандидаты, доцент Н.Эргешбаева  жетектөөдө.

МАКСАТЫБЫЗ – САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

– Институттун эң негизги ийгилиги эмнеде?

— Эң негизгиси, окутуучулар менен студенттердин байланышы, бири-бирин түшүнүүсү, билим берүү жаатындагы жаңыча кадамдар, окутуучулардын изденип иштөөсү, тажрыйбасынын молдугу да эң башкы орунда. Анан “Сыйлык — жалкы, сыймык – жалпы” демекчи, биздин ар бир кызматкерибиздин жетишкендиктерин, ийгиликтерин  биздин да ийгилик деп эсептейбиз. Мисалы, биздин профессор-окутуучулар Ш.Жапаров – “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” болсо, доцент Р.Абдуллаева КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси. А.Эгембердиева –  КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган, Маданияттын мыкты кызматкери. Жакында эле  А.Дюшембиева Билим берүү жана илим министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгисин тагынды. Андан сырткары  К.Садыкова, Р.Абдуллаева, Т.Сыдыкова, С.Каратаева, Р.Мамбетова, Р.Сыдыкова, А.Дюшембиева,  Г.Жумаева, А.Каныбекова, Н.Эргешбаева, Д.Джумагулова “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээлери.

МАКСАТЫБЫЗ – САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

Бул окутуучуларыбыз менен катар эле ийгилик жараткан студенттерибиздин ысымдарын дагы өтө сыймык менен атай алабыз. Мырзараим кызы Улара, Арзымбек кызы Мырзайым, Кубатбекова Чолпонай, Абдылдаев Бектурсун, Нарынбек кызы Зуура, Полотбек кызы Токтогүл КР Президентинин стипендиясынын ээлери. “Кыргызстандын эң мыкты студенти” номинациясын быйыл Б.Догдурбаева, Кубатбек кызы Зарина жеңип алды. Университеттин ректорунун стипендиясынын ээси Жайлообекова Сабина менен да мактанып кетсек болот.

МАКСАТЫБЫЗ – САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

Айнур Каныбекова:   

“БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮБҮЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБЫЗ”

 

— Айнур Каныбековна, И.Арабаевдин 140 жылдыгын белгилөөдө кандай иш-чаралар уюштурулуп жатат?

— Биздин окуу жай үчүн, анын ичинде өзгөчө биздин институт үчүн өтө чоң тарыхый күндөр өтүп жатат десем жаңылышпайм. Университеттин ректору А.Абдраеванын жетекчилиги астында И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата атайын иш план түзүлгөн. Ошонун алкагында институтта ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Учурда институттун буга чейинки жасалган ийгилигин чагылдырган илимий-практикалык конференциялар, тегерек столдор, ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр, ардагерлер менен жолугушуулар өтүүдө.

— Сиздердин институт сыймыктанган бүтүрүүчүлөр аз болбосо керек?

— Институтубуздун көрөңгөсү бай, уңгусу терең экендигин мында эмгектенген нечендеген кесипкөй окутуучулар менен алдыңкы бүтүрүүчүлөр тастыктап келе жатат. Сиз айткандай, биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөрүбүз аз эмес. Алар азыр түрдүү тармактарда эмгектенет. Алсак, Ч.Орозобекова – Эл аралык “Булан” университетинин негиздөөчүсү, белгилүү журналист. Т.Абылкасымова – КР Президентинин администрациясынын кызматкери, Ш.Искендерова – филология илимдеринин кандидаты, доцент, И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу инспекциялык бөлүмүнүн башчысы,  М.Шамшиева – филология илимдеринин кандидаты, доцент, Азия инновациялык колледжинин директору, К.Абылгазиев – “Маариф” билим берүү комплексинин директорунун орун басары, Р.Мамбетова, Н.Масалиева – МТМИнин ага окутуучулары, А.Оросулбекова – МТМИнин кадрлар бөлүмүнүн башкы инспектору, С.Шукуралиева – №80 мектептин директору, А.Сатимбекова – “Леди kg”, Э.Какиева – “Тил жана маданият”, Ш.Шатманова – “Супер инфо” гезиттеринин башкы редакторлору, И.Балташев – 7-каналдын башкы директору. Андан сырткары массалык маалымат каражаттарында иштеген бир катар көрүнүктүү журналисттерибиз да бар. Биз ушундай бүтүрүүчүлөрүбүз менен ар дайым сыймыктанабыз жана бул катарды мындан кийинки бүтүрүүчүлөрүбүз да толуктайт деп ишенебиз.  Маңдай жарылткан мындай саамалыктар, жеңиштер бизде жыл сайын болуп турат. Биз билимге умтулган, илимге баш-оту менен берилген студенттерибиз менен сыймыктанабыз жана жаштарга сапаттуу билим берүү эң башкы максатыбыз.

МАКСАТЫБЫЗ – САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер