«МААРИФ» — ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ САПАТТУУ БИЛИМ УЯСЫ

  • 31.05.2021
  • 0

Беш жыл илгери эл аралык билим берүү мекемеси катары өз ишин баштаган Түркиянын “Маариф” фонду Кыргызстанда алгачкы мектебин ачканы жатат. Учурда жаңы окуу жылында ишке берилчү мектепке каттоо иштери башталды. “Маариф” мектептеринин билим берүү ыкмасы жана философиясы, «маариф» деген сөздүн мааниси, башка өлкөлөрдөгү мектептери, ушуга чейинки жетишилген ийгиликтери, жергиликтүү программага мамилеси тууралуу Фонддун Президенти Профессор-Доктор Бирол Акгүн мырза ой бөлүшөт.

«Маариф» – адамзатты акыйкатка баштаган жолдун аты

Түркия «Маариф» Фонду 2016-жылдын 17-июнь күнү 6721 сандуу мыйзамдын негизинде Түркия Республикасынын атынан чет өлкөлөрдө улуттук Билим берүү министрлигинен сырткары билим берүү мекемелерин ачууга  укугу болгон жалгыз мекеме катары түзүлгөн. Ошондуктан фондду түзүү демилгеси түздөн-түз мыйзам чыгаруу укугуна ээ Түркия Улуу Улуттук Жыйынына таандык деп айта алабыз.

"МААРИФ" -  ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ САПАТТУУ БИЛИМ УЯСЫ

Көпчүлүк “маариф” деген сөздүн маанисине кызыгышат. Маариф» бул өзүн-өзү билүү жана таануу жараяны, адам баласынын үйрөнүүгө жана үйрөтүүгө болгон толкундоосу, өзүн-өзү жана өзүнөн башкаларды сыйлашы,  адамдын коомдун пайдасына колдонгон эбин жана чындыкка болгон момундугун түшүндүрөт.
«Маариф» негизинен маалымат, акыл, техника жана санаттын адамзат үчүн колдонуусун көздөгөн, адамзатты туурага жана акыйкатка алып барган жолдун аты болуп саналат. Биз бул жолдо чекиттен тамгага, тамгадан сөзгө, сөздөн ойго, ойдон билимге, билимден илимге жетүүнү көздөйбүз.
Азыркы учурда билим, илим жана технологияны көптөгөн өлкөлөрдө адамдар өз балдарына үйрөтүшөт. Көбү үйрөтө алышпайт. Жогорку даражада алынган бул билим, илим, технология жана жөндөмдүүлүк өлкөлөрдүн жана адамзаттын толугу менен өнүгүүсүн, гүлдөп өсүшүн  жана жер  жүзүндөгү тынчтыкты камсыз кыла алабы?  Биз ушул маселеге кылдат мамиле кылабыз. Өлкөлөр муктаж болгон квалификациялуу жана адептүү инсандарды тарбиялоо адамзаттын баардык көйгөйлөрүн чечүүнүн түпкү негизи деп ойлойбуз. Биз, “Маариф” фонду, бул жакшы ниет жана аракетти баардык өлкөлөр менен бирге ишке ашыргыбыз келет.

44 өлкөдө мектептерибиз бар

2016-жылдын 17-июнь күнүнөн тарта биздин фонд баардык континенттерде, көптөгөн өлкөлөрдө билим берип келет. Кыргызстан фондубуздун билим берүү мекемесин ачкан 44-өлкө болуп эсептелет.

"МААРИФ" -  ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ САПАТТУУ БИЛИМ УЯСЫ

Европа континенттинде: Германия, Франция, Бельгия, Австрия, Албания, Босния-Герцоговина, Косова жана Македонияда; Азия континенттинде: Пакистан, Афганистан жана Грузия, Түштүк Америкада: Венесуэла, Африкада: Сенегал, Кот-д ‘Ивуар, Мадакаскар, Мавритания, Гвинея, Судан сыяктуу 24 өлкөдө, Австралия жана Америка Кошмо Штаттарын кошкондо, 44 өлкөдө билим берүү ишмердүүлүгүбүз уланууда. Жалпы жонунан дүйнөнүн 357 билим берүү мекемесинде 42 миңге жакын окуучуга билим берип келебиз. Биздин фонд башкалардан  жергиликтүү окуу программасына, жергиликтүү тилге, маданият жана баалуулуктарга маани берүүсү менен, окуучуларга эл аралык деңгээлдеги сапаттуу билимди сунуштоосу аркылуу айырмаланып турат. Фонд катары баардык иш-аракеттерибизди жергиликтүү мыйзамдарга таянып жана тиешелүү органдар менен болгон кызматташтык алкагында өнүктүрөбүз. Ушул себептен улам Кыргызстанда кайсыл аймакта канча мектеп болоору муктаждыктарга жараша жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана башка улуттук мекемелердин шайкештигине ылайык белгиленет. Биз фонд катары бул аймактарда руханий жана материалдык ар түрдүү инвестиция кылганга даярбыз.

Өлкөнүн  мыктылары “Маариф” мектептеринен чыгат

«Маариф» мектептеринин бүтүрүүчүлөрү окуу программабыздын эл аралык жарактуулугунун негизинде Түркия жана башка мамлекеттерде жогорку окуу жайларда билим алуу укугуна ээ болушту. Ар кайсы өлкөлөрдө  экзамендерин биринчи болуп тапшыргандардын арасында “Маариф” мектептеринин окуучулары бар. Мисал катары, Мавритания, Пакистан, Судан өлкөсүн көрсөтсөк болот.

"МААРИФ" -  ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ САПАТТУУ БИЛИМ УЯСЫ

Мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн олимпиадаларда, билим жана технология сынактарында биздин окуучулар эсепсиз жетишкендиктерге ээ болууда.   Айрыкча, биз билим берген көптөгөн өлкөлөрдө  “Маариф” мектептери эң мыкты кызмат көрсөткөн мектеп катары сыйлыктарга ээ болуп отурат.
Биздин окуучулар менен мугалимдер ар бир өлкөдө өздөрүнүн  эмгекчилдиги жана аракеттери аркылуу сый-урматка татыктуу болушуп, күн өткөн сайын өздөрүн өнүктүрүп, эл аралык деңгээлдеги жогорку марканы кармап келе жатышат.
Түрк тилдүү цивилизациянын маанилүү өкүлдөрүнүн бири   Юнус Эмренин: “Келгиле тааныш бололу, ишти оңой кылалы, сүйөлү, сүйүктүү бололу, дүйнө эч кимге калбайт!» деген сөздөрү  адамзаттын тынчтыгына жана бейпилдигине барган жол бири-бирибизди таануу жана сүйүүдөн өткөнүн; инсан чөйрөсүн жана коомду жакшы тааныган соң, өз ара түшүнүшүү, сүйүү жана тилектештик көбөйөөрүн айтып келет.

Жергиликтүү элдин маданиятына таянып билим беребиз

Түркия Республикасынын Борбордук Азия аймагы менен байыркы тарыхый, саясий жана боордоштук байланыштары бар. Түркиянын «Маариф» фонду түзүлгөндөн бери ушул аймакка кызыгып келген жана билим берүү чөйрөсүндө бул байланыштарды андан ары да өнүктүрүүнү жана чыңдоону максат кылат. Бишкектеги билим берүү мекемебиз — бул Кыргызстанда, дегеле бүтүндөй Борбордук Азияда ачылган биринчи мектеп.
Түркиянын «Маариф» фонду өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар бир өлкөдө жакшы деңгээлде табигый  жана гуманитардык илимдер боюнча билим алган, технологиялык жактан күчтүү жабдыкка ээ жана өз эне тилдери менен катар түркчө жана башка эл аралык тилдерин билген, бирок ошону  менен бирге өздөрүнүн маданиятына, үрп-адаттарына байланган инсандарды тарбиялоону максат кылууда.

"МААРИФ" -  ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ САПАТТУУ БИЛИМ УЯСЫ

«Маарифти» дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө билим берип жаткан эл аралык билим берүү мекемелеринен айырмалаган эң маанилүү өзгөчөлүк ушул! Биз ар бир элдин улуттук маданиятына, адабиятына, тарыхына, маданий баалуулуктарына абдан чоң маани  беребиз. Өз тарыхын, адабиятын, маданиятын жана санатын билбеген балдар башкаларга дагы пайда алып келе алышпайт.

Оюн балдардын билим алуусунда орчундуу орунду ээлейт

Билим берүү комлексинде жүргүзүлгөн  изилдөө иштеринин жыйынтыгында, болочок класстарыбыз эң көп дегенде 20 окуучудан түзүлмөкчү. Ушуну менен катар ар бир класста бир кишилик парталар жана акылдуу такталар орнотулат.

"МААРИФ" -  ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ САПАТТУУ БИЛИМ УЯСЫ

Лабораториялар жана ийримдер үчүн дагы баардык техникалык жабдыктар эл аралык билим берүү стандарттарына шайкеш түрдө камсыздалат.
Бала бакча, башталгыч мектеп, толук эмес орто мектеп жана мектеп деңгээлдеринде кызмат көрсөтчү комплексте окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрү эске алынган.
Комплексте ачык аянтта жайгашкан спорт аянтчалары, бакча жасалгасы окуучулардын педагогикалык өнүгүүлөрүнө шайкеш иштелип чыккан. Билим алуучулар  төрт дубалдын ортосунда кысылып калбашы үчүн, ар түрдүү деталдар ойлонуштурулган. Биз оюнду жана оюн үчүн чөйрөнүн камсыздалышын кенже курактагы балдардын билим алуусунун  эң эле маанилүү бөлүгү деп эсептейбиз.

Биздин моделибиз сүйгөн, сүйдүргөн, оюн менен үйрөткөн мугалим

Ар бир нерсенин башында сүйүү турат. Мугалимдик кесип дагы —  сүйүү, кызыгуу жана жылмайган жүздүн кесиби. Адамдарды, балдарды, окуу жайын,  китепти, окутууну сүйгөн, турушу менен, жашоосу менен, моралдык сапаты, жүрүм-туруму менен үйрөткөн киши мугалим болот.  Жаңы учурдун жакшы мугалими жаңыны (үйрөнүүнү) үйрөткөн жана окуучунун кызыгуусуна жетекчилик кылган адам деп айтсак туура болчудай.

"МААРИФ" -  ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ САПАТТУУ БИЛИМ УЯСЫ

Жалгыз гана Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнөдө кызыккан, кыялданган жана жаңыны ачкан балдарды тарбиялоо үчүн “Маарифтин мугалими” аттуу профилибизди ушул баалуулуктардын негизинде калыптандырып жатабыз. Билим берүү ишин өзгөчө бактылуу адамдык милдет катары баамдайбыз.  Ошондуктан мугалимдер — биз үчүн абдан маанилүү жана баалуу.

Ясави, Мевляна, Айтматов жана Юнус Эмре жолубузду жарык кылгандар

Түркия «Маариф» фонду келечекке карата билим берүүсүндө Хазрети Мевлянанын сабырдуулугун, Юнус Эмренин инклюзивдүүлүгүн, Ахмет Ясавинин сүйүү жана жөнөкөйлүгүн өзүнө өрнөк катары кабыл алган.
Кыргызстандын улуттук баалуулугу болгон устат Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында баланы өзүнүн улуттук кыртышында тарбиялоо зарылдыгы баса белгиленген. Айтматов үчүн  жаш адамдын өз маданиятынан жана каада-салтынан алыстоосу маанилүү көйгөй. «Маариф» мектептери ушул кемчиликтерди толуктайт. Заманбап билимге ээ болгон инсандарды мекенди сүйүү аң сезими менен колдоп, өз мекендеринин маданиятынан алыстатпай, улуттук сезимталдыгын курчутуу максатын да көздөйбүз.

Профессор-Доктор Бирол Акгүн, Түркиядагы “Маариф” фондунун Президенти

Бөлүшүү

Комментарийлер