ӨМҮРҮН КЕЛЕЧЕККЕ АРНАГАН МУГАЛИМДИН КАРЫЛЫГЫ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

  • 05.08.2026
  • 0

Бүгүн бейтапканада көп жыл математика мугалими болуп иштеген пенсиядагы эжей менен маектешип калдым.

ӨМҮРҮН КЕЛЕЧЕККЕ АРНАГАН МУГАЛИМДИН КАРЫЛЫГЫ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

«Түнү менен сабакка даярданчубуз. Дептерлерди үйгө көтөрүп келип текшерчүбүз. Уйку басып кетпеш үчүн бутубузду муздак сууга салып алып иштеген күндөр көп болгон. Ошол эмгектин акыбети бүгүн ден соолукка тийип жатат. Эми дарыгер менен дарыкананын жолун көп басып калдык…»,  — деди.

Бул бир адамдын гана окуясы эмес. Бул миңдеген мугалимдердин тагдыры.

Айрым фактылар:

  • Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө 60 жаштан жогорку адамдардын 80%дан ашыгы жок дегенде бир өнөкөт оору менен жашайт.
  • Пенсия курагындагы адамдардын чыгымдарынын эң чоң бөлүгү көбүнчө дары-дармекке жана медициналык кызматтарга кетет.
  • Кыргызстанда орточо жашоо узактыгы 73 жаштын айланасында. Демек, пенсияга чыккандан кийин дагы көп жыл жашоо жана дарылануу чыгымдары күтүлөт.

Мунун баары бир суроону жаратат:

Эртең биз карыганда алган пенсиябыз татыктуу жашоого жана дарыланууга жетеби?

Эгер өмүрүнүн эң күчтүү жылдарын билим берүүгө арнаган адам карылыгында негизги түйшүгү дарынын акчасы болуп калса, анда бул жеке адамдын эмес, коомдун маселеси.

Эмне кылуу керек?

  • Мугалимдердин эмгегин баалоодо эмгек акы менен катар келечектеги пенсиясын да эске алган саясат жүргүзүү. Өлкөбүздүн билим берүү тармагына көрсөтүлүп жаткан көңүл буруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентибизге терең ыраазычылык билдирем.

Жаңы мектептердин, бала бакчалардын жана окуу корпустарынын курулушу, мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы, билим берүү мекемелеринин кызматтык унаалар менен камсыз болушу, заманбап окуу-көргөзмө куралдарынын жаңыланышы, мектептерге психологдордун штаттарынын киргизилиши, санариптик билим берүүнүн өнүгүшү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган реформалар келечек муун үчүн маанилүү инвестиция болуп саналат.

Бул иштер өлкөбүздүн билим берүү системасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө чоң өбөлгө түзүп жатат. Өлкө башчы жана жетекчилердин баарына ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерге ийгиликтерди каалайм!

  • Пенсия курагындагы педагогдор үчүн дары-дармекке жана медициналык камсыздоого жеңилдиктерди кеңейтүү.
  • Ден соолукту сактоого багытталган профилактикалык текшерүүлөрдү жана реабилитациялык программаларды күчөтүү.
  • Көп жыл үзүрлүү эмгек кылган педагогдорду өзүнчө социалдык колдоо механизмдери менен камсыз кылуу.

Билимге инвестиция салган мамлекет – келечегине инвестиция салган мамлекет. Ал эми мугалимдин татыктуу карылыгы – ошол мамлекеттин адамга болгон мамилесинин эң башкы көрсөткүчтөрүнүн бири.

Күчтүү мамлекет жолдор, имараттар же жаңы долбоорлор менен гана эмес, өмүрүн билим берүүгө, медицинага, коомго арнаган адамдардын карылыгын кандай камсыздай алганы менен да бааланат.

Эмгекке татыктуу баа берүү — бул өткөнгө болгон урмат гана эмес, келечекке болгон инвестиция.

Бийик РЫСКУЛОВ

Бөлүшүү

Комментарийлер