лицейге басым жасалган Түркиянын билим берүүдөгү өзгөчөлүктөрү
- 31.01.2025
- 0
Түркия мамлекети улуттук билим берүү саясатына ылайык деген максатта 2012-жылдан бери мектептеринде 12 жылдык билим берүүгө өткөн. Учурда билим берүү тармагы да туруктуулук жана ырааттуулук өнүгүп келүүдө. Айрыкча мунун натыйжасы башталгыч билим берүүдөн орто билимге жана орто билим берүүдөн бүтүрүү классы андан соң жогорку мектеп, лицейге өтүүдө байкалат. Бул өлкөдөгү 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу Стамбул шаарында 13 жылдан бери жашап, уул-кызы окуп жаткан журналист Бермет Нурбекова жана Анкара шаарында жашап, жеке ишкерлик кылып, тогуз жылдан бери эки уулун окутуп жаткан Алтынай Асанова “Кут Билимге” айтып беришти.
Улуттук билим берүү системасы
Түркияда билим берүү Түркиянын боштондук согушунан кийин Ататүрктүн реформаларына ылайык түзүлгөн улуттук система менен башкарылат. Бул өлкөнүн социалдык-экономикалык институттары үчүн квалификациялуу кесипкөй адистерди түзүүгө багытталган өкмөт тарабынан көзөмөлдөнгөн саясат. 1924-жылы ратификацияланган «Билим берүүнү бириктирүү жөнүндөгү» мыйзамга ылайык бардык мектептер Билим берүү министрлигинин карамагына берилген. Билим берүү министрлигине башталгыч жана орто мектептерди жана башка институттарды, ар кандай курстарды ачуу аркылуу окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүү жана билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу милдети тапшырылган.
Түркияда милдеттүү билим берүү 12 жылга созулат. Башталгыч жана орто билим берүү мамлекет тарабынан каржыланат жана алты жаштан 18 жашка чейин мамлекеттик мектептерде бекер билим алышат.
— Улуттук билим берүү системасы эки негизги бөлүктөн турат: “формалдуу билим берүү” жана “формалдуу эмес билим берүү”. Формалдуу билим берүү — конкреттүү үзгүлтүксүз билим берүү – болуп эсептелет. Анда мектепте бирдей жаш курактагы жана бирдей деңгээлдеги инсандарга окуу программасына ылайык даярдалган көндүмдөр менен берилет. Аталган формалдуу билим берүүгө мектепке чейинки билим берүү, башталгыч билим берүү, орто билим берүү жана жогорку окуу жайлары кирет.
Формалдуу эмес билим берүү – формалдуу билим берүү системасына кирбеген, программанын чегинен тышкары уюштурулган бардык билим берүү иш-чараларын камтыйт. Кызыкчылык жана муктаждык жаатында, башкача айтканда аралыктан билим алуу. Мектепти бүтүрө албай калгандар үчүн ыңгайлуу шарт десек болчудай. Тагыраагы элге билим берүү, кесиптик даярдоо жана аралыктан билим берүү аркылуу ишке ашырылат. Элдик билим берүү борборлорунда кесиптик билим берүү курстары, эне-бала билим берүү жана сабаттуулук курстары сыяктуу ар кандай билим берүү кызматтары сунушталган, — дейт Бермет Нурбекова.
Мектепке чейинки билим берүү
Түркия өлкөсүндө мектепке чейинки билим берүүнүн тарыхы 1900-жылдардын башталышынан башталып, бул жаатта олуттуу жылыштар болгон. Бүгүнкү күндө 45 айлыктан (4 жаштан ашкан) 68 айлыкка (5,5 жаш) чейинки балдарды тарбиялоо мектепке чейинки билим берүү программасы менен окутулат. Мектепке чейинки билим берүү аялдардын иштөөсүнүн (эмгектенгени) натыйжасында кеңири таралып, милдеттүү болуп саналып калды. Себеби көңүл бурууну талап кылган мезгили алты жаш болгондуктан ата-эне да өзгөчө маани берет. Түрк калкынын да сабаттуулугу үчүн Билим берүү системасынын алгачкы кадамы болгондуктан, балдардын жана өлкөнүн келечеги үчүн өтө маанилүү деп эсептешет.
Милдеттүү билим алуу
Алты жашка толгон бала милдеттүү түрдө 1-класска баруусу шарт жана милдеттүү. Баланы мектепке жибербей койгон учурда ата-эне (камкорчусу) жазаланат. Башталгыч билим берүүдө 1-класстан 4-класска чейинки балдар жашаган үйлөрүнө жакын, каттоого турган аймагындагы гана мектепке баруусу шарт. Бирок бул максатты толук ишке ашыруу мүмкүн эмес. Себеби кээ бир ата-энелер балдарын башка аймакта жайгашкан мектептерге беришет. Көпчүлүгү эң алдыңкы мектептерди изилдешет же болбосо мыкты мугалим тандашат. Андай учурда балдар мектепке атайын окуучулар үчүн маршруттук унаалары менен каттайт. Эртең менен үйүнүн алдынан окуучуларды алып кетип, сабак бүткөндө үйүнө чейин жеткизип келет. Сабак эртең менен саат 9.00дө башталып, негизги сабактар саат түшкү 14. 20да бүтөт. 14.20дан кийин кошумча сабактар болуп, саат 16.20да аяктайт. Кошумча сабакта балдар тапшырмаларынын көпчүлүк бөлүгүн жана жетишпей же түшүнбөй калган сабактарын кайталашат. Окуучуларды тажатып албоо үчүн драма, театр ойнотулуп, дене тарбия көнүгүүлөрү жасалат. Ага кошумча таалим-тарбия максатындагы кино, мультфильм көргөзүшөт. Ата-энелердин каражатына тарыхый жайларга, музейлерге экскурсиялар уюштурулуп турат.
Башталгыч мектеп 4 жылга созулуп, окуучулар жетишкендиктери боюнча упай топтой баштайт.
Орто мектепте, лицейде билим алуу уланат
— Башталгыч билим берүүдөн орто билимге өтүүдө окуучу экзамен тапшырат. Класста 15-20дай гана окуучу окуп, ар жыл сайын класстан класска көчкөн сайын экзамен тапшырып, упай топтошот. Сапаттуу билим берүүгө, ар бир баланын шык-жөндөмүнө жараша өзүнчө иштөөгө аракеттенишет. Эмгек сабагында кыз-эркегине карабай тамак-аш жасоого үйрөтөт. Белгилей кетсек, Түркияда башталгыч класстын мектеби өзүнчө төрт жылга созулат. Ошондой эле орто мектеп өзүнчө болуп, анда дагы окуучулар төрт жыл билим алат. Ал эми жогорку мектеби-лицей деп аталып, анда дагы төрт жыл окушат. Балдар ар бир төрт жылда мектеп алмаштырат. Окуучулардын мектептеги жетишкендиктери, ийгиликтүү упайлары да кошулуп, эске алынып, үч категориядагы лицейлердин бирин тандайт. Лицейлер да жогорку, орто жана жөнөкөй деп үчкө бөлүнөт. Жалпы орто билимге лицейлер, чет тилдер лицейлери, Анадолу лицейлери, илим лицейлери жана Анадолу көркөм өнөр лицейлери кирет.
Кесиптик орто билим берүүгө окуучуларды ишканаларга жана башка кесиптик тармактарда эмгекке тарбиялап, аларды жогорку окуу жайларына даярдоого басым жасалат. Орто кесиптик билимге эркектердин техникалык окуу жайлары, кыздардын техникалык окуу жайлары, соода жана туризм лицейлери, диний билим берүүчү жана көп программалуу лицейлер, атайын кесиптик билим берүүчү жана медициналык окуу жайлары кирет. Лицейди аяктап, 12-классты бүтүрүп жаткан окуучулар бүтүрүү экзаменин беришет. Менин улуу уулум Арген жогорку категориядагы лицейде жарнама, информатика, IT багыты боюнча билим алууда. Кичүү уулум Арлен 8-классты эң жакшы баалар менен окуп, келечекте таякеси, маркум Жолдошбек Зарлыкбековдой журналист болом деп, тилек кылып, азыртан даярданып жүрөт, — дейт Анкара шаарындагы жеке ишкер Алтынай Асанова.
-Түркияда белгилеп кетүүчү нерсе мектептин окуу куралдарынын эң маанилүүсү китептер. Китептер ар жыл сайын жаңыланып турат. Тагыраагы окуу жылынын башталышында ар бир окуучу үчүн бекер жаңы китептер берилет. Жыл аягында кайра мектепке тапшырылат. Колдонулган китептер маклатурага өткөзүлүп, кайрадан жаңы басылып чыгат. Билим берүү министринин камсыз кылган китептерине карабастан, мектептерде кошумча китептер менен да окутушат. Кошумча китептер ата-энелер тарабынан сатылып алынат, — деп кошумчалады стамбулдук Бермет Нурбекова.
Алтынай Асанованын пикиринде Түркиядагы мектептерде тартипке өзгөчө көңүл бурулуп, окуучулар менен мугалимдердин укуктары корголгон. Окуучу мугалимди шылдыңдаса, мектепке бычак, курал алып барса, окуудан дароо чыгарылат. Мугалимдер дагы окуучуларды кемсинтпейт, зомбучулук көрсөтпөйт. Эл аралык жогорку окуу жайларга 300дөн ашуун упай топтогон бүтүрүүчүлөр кабыл алынат. Мындай университеттердин дипломдорун дүйнөнүн көп өлкөлөрү тааныйт.
1923-1924-жылдары Түркияда 5133 мектеп болгон. 2023-жылы Түркиянын Осмон империясынан чыгып, Түркия Республикасы деп аталышынын 100 жылдык майрамында такталган маалыматтар боюнча азыркы тапта 74549 мектеп бар. 2023-2024-окуу жылында Республиканын 100 жылдык мааракесиндеги салтанатта 19126106 окуучу билим алып жатканы аныкталды. Ошондой эле 1146177 мугалим эмгектенет.
Кабыл Макешов,
“Кут Билим”
Комментарийлер