ҮЛГҮЛҮҮ ЖЕТЕКЧИ, МЭЭНЕТКЕЧ МУГАЛИМ

  • 28.08.2022
  • 0

Мектептин директору болуп иштөө, азыркы мезгилде, чынында оор, түйшүктүү иш. Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке тиешелүү бир катар реформасы директорлор, мугалимдер, ата-энелер арасында ар кандай пикир жаратканы менен, жаңы окуу жылын беттеп, ишти жөнгө салууда ошол оош-кыйыштарды эске алууга мүмкүнчүлүк берди. Окуучу, мугалим, мектептин ички-сырткы иштерине тынчсыздануу, кубануу, капалануу — директор үчүн тынымсыз процесс. Андыктан, кирип келген жаңы окуу жылында алдыга койгон биринчи максатым — мектепти алдыга жылдыруу, билим сапатын көтөрүү, — дейт Тогуз-Торо районундагы №1 Мойдунов Тоту атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Назгул Атамкулова.

2022-2023-окуу жылы старт алуу менен, мектептерде өзгөчө жандануу башталды. Кечээ жакында өткөн мугалимдердин август конференциясындагы жаңылыктар предметтик секцияларда талкууга алынып, жаңы окуу жылына карата пландар түзүлүп жаткан мезгил. Ал эми 1-сентябрда өтүлө турган сабактардын үлгүлөрү сайттан, газетадан илгиртпей алынып, мугалимдер Билим күнүндөгү биринчи сабакка дыкат даярданууда. Окуу жылынын аягында көтөрүлгөн айлык акылар мугалимдерге жакшы стимул болуп, сентябрдан баштап жогорку категорияга өтүү үчүн аттестацияга белсенгендердин катары калыңдап жатат. Ал эми директор, завучтардын айлыктары сентябрдан баштап көбөйөт деген жаңылык жетекчилерге өзгөчө жоопкерчилик жүктөөдө.

ҮЛГҮЛҮҮ ЖЕТЕКЧИ, МЭЭНЕТКЕЧ МУГАЛИМДиректорлук кызматты аркалаганына үчүнчү жылга кадам таштаган жетекчи эң алгач пандемиянын сыноосуна туш келди. Алыскы тоолуу аймакта онлайн окутууга өтүү оңой болгон жок. Бирок Макмал мектебинин командасы бул жагдайды жөнгө салып кетти. Инстаграммдан аккаунт ачып мектептин жашоосун, онлайн конкурстарын жүктөп, окуучулар менен тыкыс байланышта болду. Мугалимдер түрдүү долбоорлор менен иштешип, онлайн сабактарды даярдап, конкурстарга катышканга жетишти. 2022-жылдын октябрь айында башталган Республикалык “Санарип Мугалим 2 — Турция” сынагы 2023-жылдын март айында жыйынтыкталып, сыйлоо аземи Бишкек шаарында болуп өттү. Ал сынакта Назгүл Токтоналиевна Жалал-Абад областы боюнча I орунду ээлеп, Туркия мамлекетинин Анталья шаарына жолдомо утуп алган. 8-июлда жети областтын жеңүүчүлөрү менен Антальяга барып, ал жактан түрк элинин маданияты, үрп-адаттары менен таанышып, эс алып кайтышты. Жетекчи өзүнүн педагогикалык жамаатына үлгү болуп, мугалимдерди шыктандырып турат. Айта кетсек, мектептин беш мугалими “Санарип  мугалим — Дубай” сынагына катышып, II-III байгелүү орундарды алды. Ал эми “Жыл мугалими — 2022” сынагында физика предметин окуткан жаш мугалим Тойгонбай кызы Жазгул мектептин атын райондук жана облустук турларда коргоп, жыйынтыгында биринчи орунду камсыздап келди. Предметтик олимпиадаларды өткөрүүдө райондун №1 мектеби биринчи орундардан куру болбойт жана облустук турларда дагы ат салышып келет.

-Жамаатым жөнүндө айта кетсем абдан ынтымактуу, күчтүү мугалимдер эмгектенет. Кандай жаңылануу болсо да, кош колдоп ишке киришкенге даяр. Алдыдагы PISA-25 эл аралык сынагына катышуу үчүн татыктуу билим камсыздашыбыз керек. Азыркы билим берүү системасы ар бир мугалимден изденүүнү, сапаттуу билим берүүнү талап кылып жатпайбы. Ошондуктан, жетекчилер өзүбүз биринчи педагогикалык жамаатка үлгү болгонубуз туура деп ойлойм. Андай талап койгонго жараша окуганга да, окутканга да шарт болуш керек экен. Быйыл, буйруса, АРИС проектиси тарабынан мектебибиз капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү турат, алдыдагы жылдарда жаркыраган, бүт шарттары бар мектепте окуубузду улантабыз деген ойдобуз, — деди Н.Атамкулова.

А.Асаналиева «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер