ҮЛГҮЛҮҮ НАСААТЧЫ ПЕДАГОГ
- 14.01.2025
- 0
Турмушта ар бир адамдын орду бар, муну анын өз кесибине жасаган мамилесинен, аткарган ишинен улам баамдап “бул адам өз ордунда экен” деп билесиң. Ошондой адамдардын катарына өзү сүйгөн кесибинде 45 жылдан ашык эмгектенип келаткан Кемин районундагы Н.Давлесов атындагы №3 Кемин орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими, Билим берүүнүн мыктысы Жыпаргүл Ташыбекованы кошсок болот.
Жыпаргүл Ташыбекова 1974-жылы борбор калаабыздагы В.В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтун — азыркы
И.Арабаев атындагы КМУну аяктаган соң, Кемин районундагы Кызыл-Суу орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеп калат. Орус тили жана адабияты сабагын айылда бир да орус улутунун өкүлү мектепте окутуу канчалык татаал экени айтпаса да маалым го, анын үстүнө өзү да шаарда өсүп, орус классында билим алган жаш мугалимге оңой болбосо керек.
Көп өтпөй ошол айылдагы 10 балалуу үй-бүлөгө туңгуч келин болуп түшүп, кайын журту менен камыр-жумур жуурулушуп, кыргыз тилин, кыргыздын үрп-адаттарын, ал тургай көмкөгө нан жаап, көбүртүп максым ачытканды да тез эле үйрөнүп кетти. Жыпаргүл эжейдин бир тууган кайын сиңдиси Гүлмира Шакирова ошол кезди мындай эскерет:
— Жыпар жеңем бизге келин болуп келгенде мен 5-6-класстарда окучу элем. Агам эркектердин улуусу болгондуктан, биздин үйдүн босогосун аттаган биринчи жеңебиз болду. Кесиби мугалим экенин укканда баарыбыз кубандык. Айрыкча биздин мектепке иштеп калганда мурдум көктү карап аябай сүйүнгөм. Орус класста окуган, ошондой чөйрөдө тарбияланып өскөн адамдардын мүнөзү эл арасында айтылгандай орус мүнөз болуп калат окшобойбу, чынында эле жеңемдин түз сүйлөгөн, куулук-шумдугу жок, ушак-айыңдан алыс ачык-айрым мүнөзү бар экен. Мен жеңеме аябай жакын элем, анын жанында жүргөн аябай кызык болчу, анын баскан-турганына, сүйлөгөнүнө суктанчумун. Аны ээрчип эмне жасаса да кол кабыш кылып кошо жүрө берчүмүн, экөөбүз огороддо иштеп жүргөндө мага орусча ырдап берчү. Үйдөгүлөр кээде анын орусча-кыргызча аралаштырып сүйлөгөн сөздөрүнүн көбүн түшүнбөй да калчубуз. Бир ирет “тесто” дегенди бизге түшүндүрө албай кыйналганын эстеп күлүп калабыз. Союз учурунда партияга мүчө болгон адамдар аябай авторитет эмес беле, жеңем партияга мүчөлүккө өткөндө атам кой союп айылга той бергени эсимде. Атам Сейдакмат Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу болгондуктан, ал үчүн да өзгөчө сыймык болсо керек. Биз жеңемден көптү үйрөндүк десем болот, ал да айылда жашап апамдан мешке нан жаап, көбүртүп максым жасаганды үйрөндү. Апам экөөнүн мамилеси да ынак эле, азыр баарыбыз жеңемдин жасаган максымы деп тамшанып турабыз. Агам Жоробек өмүр бою ички иштер органында иштеди, азыр отставкадагы подполковник.
Эми ойлосом, күнү кечке мектепте, кечинде үйдөгү кир жуумай, нан жапмай, ал аз келгенсип талаачылык жумуштарын аткарып баарына кантип жетишчү деп таң калам. Агам экөөнү ата-энебизден кийинки орун басар деп, алигүнчө сыйлап турабыз, — дейт.
Адамдын мүнөзүнө, жүрүм-турумуна анын кесиби кетпес из калтырып, аны өмүр бою коштоп жүрөт окшобойбу, ал адам кандай чөйрөдө жүрбөсүн, ошол кесибинен “жугузган адаттары менен, бир калыбынан жазбай жүрө берет, жадагалса көчөдө кетип баратканда анын кайсы кесипте иштерин аңдап билсең болот, айрыкча агартуу журтунун өкүлдөрүнүн кийген кийими, өзүн алып жүргөнү, айланасындагы улуу-кичүү адамдарга жасаган мамилесинен билинип тургандай сезилет мага. Жыпаргүл Ташыбекованын карапайым, улуу-кичүүгө бирдей жөнөкөй мамилеси, калыс, так жүргөнү туугандар арасында эле эмес, кесиптештер, окуткан окуучулары жана алардын ата-энелеринин арасында да аброй топтоп келет. Анан дагы адамдын жүрүм-турумунан кандай кесип менен алектенерин байкалса, кол жазмасынан кандай адам экенин, аны мүнөзүн билсе болот деген да бир ынаным бар. Жыпаргүл эжейдин шурудай тизилген кол жазмасы өзү окуткан бир нече муун окуучулардын жетилүү аттестатында таберик болуп түбөлүк сакталып калганын ардагер мугалим менен көп жыл ийиндеш иштеп келаткан кесиптеши, кыргыз тили жана адабияты мугалими Жийдегүл Абдылдаева баса белгилеп өттү.
— Жыпаргүл Ташыбековна жөнүндө кесиптеш катары айтсам сөзүм түгөнө турган эмес. Мен мектепке мугалим болуп келген учурда ал орто муундагы мыкты мугалимдердин сап башында турчу. Орус тили жана адабияты боюнча билими ушунча жогору болгондуктан, окуткан класстарындагы окуучулар мектептеги, райондогу олимпиадаларда ар дайым алдыңкы орунду ээлеп келген. Окуучулары жазган рефераттар, дилбаяндар жогорку деңгээлде болор эле. Жаш адис катары эжейдин сабак берген методикасын үйрөнүү максатында сабактарына көбүрөөк катышууга аракет кылар элем. Маселен, окуучулардын жазган дептерлерин туура текшерүүнү, класстагы окуучулар менен кантип иштөөнү, эң негизгиси, сабакты кантип кызыктуу өтүүнүн жолдорун мен ушул эжейимден үйрөндүм десем болот. Жыпаргүл эжейдин кол жазмасы ушунча сулуу болгондуктан, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарынын ички беттери бери эле дегенде 20 жылдай эженин кол жазмасы аркылуу толтурулуп келди. Өзүнүн ишке так, жоопкерчиликтүү мүнөзү, мамилеси менен жаш педагогдорду өз ишине так, жоопкерчиликтүү болууга тарбиялады. Адамдык сапатынын жөнөкөйлүгү, боорукерлиги, иш десе ичкен ашын жерге коюп чуркаган жумушка берилгендиги эжейди башкалардан айырмалап турат. Бирге иштеген кесиптештери адамгерчилиги бийик, үлгүлүү устат менен иштеп келатканыбызга чын жүрөгүбүздөн сыймыктанабыз, — дейт.
Ардагер агартуучу учурда ардактуу эс алууда экендигине карабай мектеп жетекчилиги анын тажрыйбалуу мугалим экендигин эске алып, мектептен кетирбей, устат катары жаш адистерге үлгү болсун деп, ага бардык шарттарды түзүп берген.
— Санай келсем, Жыпаргүл Ташыбековна менен бирге иштешип келатканыбызга 35 жылдын жүзү болуптур, – дейт Кемин районундагы Н.Давлесов атындагы №3 Кемин орто мектебинин директору Чынара Мурадилова. — Эмгек жолунда балдарга гана билим бербестен, усулдук бирикменин жетекчиси болуп да көп жыл үзүрлүү эмгектенип келди. Өтөгөн эмгектери татыктуу бааланып, райондук, облустук, республикалык деңгээлде Ардак грамоталарды алып, бир нече сыйлыктар менен сыйланды, анын ичинен ар бир мугалим үчүн эң бийик, эң ардактуу болгон “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси. Чындыгында кесиптешибиз өзүнүн аткарган иштерин айтып мактана бербеген өтө жөнөкөй адам. Жаш адистер болобу, окуучулары болобу, айтор, ким кайрылса да билгенин үйрөтүп, көрсөтүп бергенге ашыгат. Мен жетекчи катары Жыпаргүл эженин ишке берилгендигин, мыкты адис экенин баса белгилегим келет. Ушундай мыкты мугалимдер келечекке жол көрсөтүп турган маяк сыяктуу баарыбызга жарыгын чачат тура. Бирге иштеген кесиптештери ага бекем ден соолук каалап, жаш муундарга таалим-тарбия берүүдөн чарчабай-чаалыкпай иштей беришине тилектешпиз, — дейт Чынара Мурадилова.
Ар бир адам өзүнүн чөйрөсүндө, бирге иштеген жамаатта өзүнүн мүнөзүнө жараша урмат-сый, аброй күтөт тура, аны айланасындагы адамдардын ага жасаган мамилесинен билсе болот. Ушундай улуу-кичүүнүн урмат-сыйына бирдей татыган, өзү жарым кылымга жакын ак кызмат өтөп келаткан агартуучулук кесиптин ардагери Жыпаргүл Ташыбекова өзүнүн өмүрлүк жолдошу Жоробек Сейдакматов менен бирге түтүн булатып, үч уул, бир кызды тарбиялап, эрезеге жеткирди. Бири коом сакчылыгында, бири агартуу айдыңында турмуштун ачуу-таттуусун бирге татып, эриш-аркак келаткан тогуз неберенин сүйүктүү чоң ата-энеси, таята-таянесине бекем ден соолук, ачык асман каалап кеткибиз келет.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер