“Кызыл профессор” атагын алган Молдо Сартбек
- 02.08.2026
- 0

Кээ бир адамдардын өмүр баяны өзүнчө бир доордун таржымалына айланып калат. Алардын тагдыры аркылуу бүтүндөй коомдун өзгөрүүсүн, элдин жаңы жашоого умтулуусун, тарыхтын бурулуш учурларын көрүүгө болот. Сартбек Талканбаев дал ошондой инсандардын катарына кирет. Ал жаңы доордун эшиги ачылып жаткан кезде билимди тандаган, мамлекетке кызмат кылган, ошол эле учурда элинин руханий дүйнөсүн да сактап калган сейрек инсандардын бири болгон.
XX кылымдын жыйырманчы жылдары Кыргызстан үчүн эң татаал, бирок эң үмүттүү мезгилдердин бири эле. Совет бийлиги жаңы орноп, өлкөдө чоң өзгөрүүлөр башталган. Көчмөн элди отурукташтыруу, сабатсыздыкты жоюу, жаңы мектептерди ачуу, мамлекеттик башкаруунун жаңы түзүмүн түзүү – мунун баары билимдүү адамдарды талап кылган. Ошол жылдары мугалим болуу жөн гана кесип эмес, мамлекеттин келечегин курууга катышуу дегенди билдирчү.
Мына ушундай жоопкерчиликтүү учурда отуз беш жаштагы Сартбек Талканбаев өз аймагындагы жаштардын ичинен алгачкылардан болуп Токмок шаарындагы педагогикалык курстан билим алып, мугалимдик кесипти тандаган. 1928-жылы Ат-Башы калаасындагы балдар үйүнүн директору болуп эмгек жолун баштаган. Бул анын билимге болгон умтулуусун гана эмес, мезгилдин талабын туура түшүнө билген көрөгөчтүгүн да көрсөтөт. Ал жаңы мектептер түптөлүп жаткан учурда элди агартуу ишине баш-көз болуп, алгачкы кыргыз мугалимдеринин катарын толуктаган.
Белгилүү педагог Акматалы Карыбековдун эскерүүсү Сартбек агайдын чыныгы мугалимдик жүзүн ачып берет. Ал «Сартбек агай Ат-Башыга “агай” деген сөздү алып келген, бизди окутуп, тарбиялап, адам болууга үндөгөн» деп жазат. Мугалим үчүн мындан өткөн баа жок болсо керек. Адамдын артында имарат эмес, кызмат эмес, тарбиялаган шакирттери калат.
Замандаштары аны «кызыл профессор» деп бекеринен аташкан эмес. Ал дүйнөгө кеңири көз караш менен караган, өз доорунун билимдүү интеллигенциясынын өкүлү болгон. Советтик коом жаңы идеологияны жайылтууга, жаңы адамды тарбиялоого умтулуп жаткан кезде Сартбек Талканбаев да ошол процесстин активдүү катышуучусу болгон. Ал мамлекет жүргүзгөн саясатты колдоп, жаңы коомду курууга өзүнүн билим-интеллекти менен кызмат кылган. Бүгүнкү күндүн көз карашы менен ал доорго баа берүү оңой эмес. Бирок ошол мезгилдин адамдары өздөрү жашаган коомдун мыйзамдары жана идеалдары менен жашаганын унутпоо керек. Сартбек да өз доорунун перзенти катары өлкөнүн өнүгүшүнө кызмат кылууну эң чоң парз деп эсептеген.
Анын ишмердиги мектеп менен эле чектелип калган эмес. 1933-35-жылдары Ат-Башы ГЭСинде эмгектенип, энергетика тармагындагы алгачкы иштерге катышкан. Андан соң Шаркыратма айылдык кеңешинин катчысы болуп, жергиликтүү бийликтин калыптанышына салым кошкон. Бул анын билимдүү гана эмес, уюштуруучулук жөндөмү күчтүү ишмер болгонун да айгинелейт.
Бирок Сартбек Талканбаев дагы бир өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Ал советтик кызматкер болгону менен, элдик руханий дүйнөдөн ажыраган эмес. Замандаштары аны «Молдоке» деп аташчу. Бул жөн гана диний билимге ээ болгонун эмес, элге шыпаа берип, ооругандарды дарылап, адамдарга жардам берген касиеттүү адам катары урматталганын билдирет. Баш, тиш, ич ооруларын элдик ыкмалар менен дарылап, дуба кылып айыктырганы тууралуу эскерүүлөр бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет.
Осмонаалы Сыдыковдун «Кыргыз Санжырасы»( Фрунзе Кыргызстан 1990) китебинде мындай эскерме бар: «Молдо Сартбек – Ат-Башыдагы дин курбаны, улут кызматчыларынын башчыларынан болуп саналат. Булардан артык молдо жок. Буларга кудай ѳмүр берсин».
Үйүндө араб арибинде жазылган көптөгөн китептерди сактап, аларды өзгөчө баалаганы анын руханий дүйнөсүнүн дагы бир өңүтүн ачып берет. «Арабча китептер – биздин өткөн тарыхыбыздын, маданиятыбыздын жана руханий дүйнөбүздүн кутучасы» деген сөзү анын өткөнгө болгон урматын, улуттук маданиятка болгон терең мамилесин көрсөтөт. Советтик атеизм күчөп турган мезгилде мындай көз карашты сактап калуу чоң руханий кайратты талап кылчу.
Ал улуттун каада-салтын кастарлоо менен катар жаңы замандын жактоочусу катары балдарынын аттарын да ошол кездеги советтик идеологияга ылайык коюп, тун баласынын атын Замирбек (каймана аты Көөдөй 1928-1971), Клара (каймана аты Килике 1932-2005), Рая (1937-2003) деп атаган. Замирбек жакшы билип-тарбия алып, Ак-Жар айлында белгилүү инсан болду, колхоздун жакшы кызматтарда иштеди. Беш эркек жана үч кызды татыктуу тарбия берип өстүрдү.
Сартбек Талканбаев эки дүйнөнүн – эски менен жаңынын, салт менен жаңылануунун, руханий мурас менен мамлекеттик реформанын ортосунда көпүрө боло алган инсан эле. Ал жаңы мектепти курууга катышты, бирок эски руханий тамырды үзгөн жок. Ал советтик кызматты аркалады, бирок элдин салтын унуткан жок. Ал жаңы коомду колдоду, бирок өз элинин маданий эс тутумун сактоону да унутпады.
Бүгүн биз мындай инсандарга кайрадан кайрылууга муктажбыз. Анткени алардын өмүр жолу бизге бир чындыкты эске салат: чыныгы агартуучу – бул сабак өткөн адам гана эмес. Ал коомду өзгөрткөн, элди бириктирген, билим менен руханий баалуулукту айкалыштыра алган инсан.
Сартбек Талканбаев дал ушундай адам болгон. Ал өз доорунун гана эмес, кийинки муундар үчүн да үлгү болуп кала турган агартуучу, ишмер жана руханий инсан. Анын өмүр жолу кыргыз агартуу тарыхынын барактарында эскерилүүгө татыктуу.
Сартбекова Нуржан, педагогика илимдеринин доктору, профессор, И. Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, Талканбаев Сартбектин небереси
Комментарийлер