КЫЗЫГЫ КӨП КЫРГЫЗ ТИЛ
- 13.11.2020
- 0
Тил билсең – дил билесиң демекчи, бүгүнкү күндө үчтөн кем эмес тил билүү заман талабы болуп калды. Бирок өз тилибиздин ой-чуңкурун өздөштүрө албай бөтөн тилде саймедирегенибизге жол болсун. Коомчулук ичинде кызуу талкуу жаратып жаткан йоттошкон тамгалар катышкан сөздөрдүн айтылышы жана жазылышы жөнүндө эрежелер болсо дагы ар түркүн версиялардын айтылышы кызыктырды.
Интернеттин Фейсбук баракчасынын колдонуучусу Жаңыл Жусупжан төмөнкүдөй пост жазып кайрылган: «Достор, тайэнеби, тайнеби, тай энеби? Же кандай…? — деп. Алгач караганда элементардуу суроо көрүнгөнү менен көпчүлүктүн пикири эки ача болууда: Бубайша Арстанбекова, Аймира Ба, Ырыс Жекшеналиев, Аксанат Аксанат, Айчолпон Садиева, Кубанычбек Капартегин жана башкалардын ою Шаке Абасканов аттуу колдонуучубуздун: «тай ата, тай эне, тай аке, тай эже, тай жеңе…» оюна шайкеш келди. Эмил Кодер: «Тай тайлактан Тай Эне», — деп кошумчалады. Ошол эле учурда Klara T.Frei аттуу колдонуучубуз: «Тай деген эмне? Sorry”, — деп суроо салганда, автор төмөнкүчө түшүндүрдү: «Тай-энеси жак. Баатыр тайын тартат, мисалы».
– Эч качан тай эне деп бөлөк жазылбайт, — деген Бактыгүл Мундузованын пикирин колдогондор да аз болбоду. Нурбек Серкебаев, Altishka Altishkilla, Айжан Ибрайимбек, Зарыл Омуралиева, Турдубай Омуров, Алтынай Дюшеева ж.б. ТАЙЭНЕ деп жазууну туура көрүштү.
Талкуунун жүрүшүндө үчүнчү топ пайда болду. Нуржан Алымканова айтмакчы: «таене деп жазылат”, деген версияны колдогондор Нурланбек Карыев, Элеонора Сагындык кызы, Айгүл Бакеева, Назгүл АбдрахмановаАзамат Аттокуров, Талант Абдимитал уулу, Таалайкан Аюпова, Чыңгыз Абыкеев, Рассул Мурат ж.б. болду. Ал эми Периза Осмонова К.Юдахиндин сөздүгүнө таянуу менен төмөнкүдөй түшүндүрмө берип: «Таене – бул тай эне деген эле сөз. Айтылганда «тайне» деп айтыла берет. Мен өзүм жазганда “таене” деп жазам, ал эми «тай эне» деп жазгандарды ката эсептебейм» — деди. Айжан Ибраимбектин: «Бирок «ене» деген сөз жок, «эне» деп айтабызда? — деген суроосуна Периза Осмонова: «таене – тай эне деген сөзгө уңгулаш. Орфографиялык сөздүк эки жазууну тең кабыл алат», — деп жооп берди. «Я, Ю, Е» деген йоттошкон тамга жоюлса, Е дайыма Э деп окулуп калса, тайене деп эркин жазып каласыз» — деп, сөз учугун улай, Тынчтыкбек Чоротегин агай добуш кошту.
Жогорудагыдай ача пикирлер жаралуусуна эмне себеп болду деген суроо менен Бишкеке шаардык кыргыз тилчи мугалимдердин секциясынын жетекчиси Гүлкайыр Алымкуловага сөз узаттык: «Чындыгында йоттошкон тамгалардын кыргыз тилинин нукуралуулугуна абдан чоң залалын тийгизет деп түшүнөм. Анткени, башталгыч класстан баштап кыргыз тили кириллица алфавити жана союз кездеги эрежелер менен окутулууда. Ал эми 5-6-класска келгенде йоттошкон тамгалардын таасири менен орфографиялык каталар көбөйө баштайт, мисалы таята деген сөздү ташымалдаган учурда
та-ята деп маанисин жоготуп жиберет, бирок ага эреже жок. Ошондуктан балдар логикага салып тай-ата деп ташымалдашат. Мындай учурларды кантип катага чыгарууга болсун? Мен практикамда Ж.Муканбаев агайдын «Азыркы кыргыз тил» аттуу китебин колдоном. Албетте, жалпы эрежелерди, сөздүктөрдү жокко чыгаруу туура эмес, бирок ушундай көзгө илинбеген менен оркойгон каталарга бирдиктүү эреже иштелип чыкса туура болор эле. Е тамгасы (Й/Э), Я тамгасы (Й/А), Ю тамгасы (Й/У), Ё тамгасы (Й/О) тыбыштарынан түзүлүп, көпчүлүк эл айтылышы менен жазылышын айырмалабаганынан ката келип чыгып жатат деп ойлойм. Анда йоттошкон тамгалардын кереги барбы?», — деп оюн ортого салды.
Бул тууралуу илимде эмне кеп?
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түркология бөлүмүнүн доценти Бурул Сагынбаева жана Кыргыз-Түрк ”Манас” университетинин Социология бөлүмүнүн Кенже илимий кызматкери Нургүл Сулейманованын 2015-жылы басылып чыккан «Азыркы кыргыз тилиндеги көп кетирилген каталардын типтери жана түрлөрү» аттуу китебине көз чаптырдык. Анын антологиясында: «Биздин бул макалабыз кыргыз тилиндеги көп кетирилген каталар тууралуу болмокчу. Бул макаланы жазуудагы максатыбыз – жалпы элдик тилдин бириккен формасы болгон кыргыз адабий тилинин системага келтирилген бирдиктүү нормасын сактоо, кыргыз адабий тилдин эрежелерин ин одоно бузулууларына жол бербөө. Кыргыз тилиндеги көп кетирилген каталарды белгилеп көрсөтүү аркылуу ал каталардын кетирилбөөсү жана буларга өзгөчө көңүл бөлүнүүсү керектигин эскертүү, кыргыз адабий тилиндеги бирдиктүү нормалардын жыйынтыгында максатка жараша аткарылган социологиялык сурамжылоонун жана лингвистикалык талдоо жүргүзүүнүн негизиндн кыргыз тилиндеги көп кетирилген каталар жана анын себептери аныкталды.
Негизги сөздөр: созулма үндүүлөр, йоттошкон тамгалар, баш тамгалар, энчилүү аттар, өздөштүрүлгөн сөздөр, кызматчы сөздөр, кыргыз тилинин типологиялык түзүлүшү”.
Катасы Туурасы
кийет киет
тайене таене
тайата таята
тайаке таяке
өмүр байан өмүр баян
жыйат жыят
сойуу союу
ойунчук оюнчук
Демек, “кызыл өгүздү” ээн кое бербей, илимге кулак кагыш кыла жүрүш керек окшобойбу.
Айнура АСАНАЛИЕВА,
«Кут Билим»
Комментарийлер