КЫЯЛГА КАРАЙ КЫСКА ЖОЛ

  • 08.07.2021
  • 0

Ар жылы аптаптуу жайда адамдардын көңүлүн “Кайда барып эс алуу керек?” деген суроодон бөлөк дагы “Кайда барып окуу керек?” деген ой түйшөлтөт эмеспи. Учурда ЖРТ жыйынтыгын колго алган абитуриенттердин көбү болочокто ким болоорун эбак болжоп коюшкан чыгаар. Адатта ата-энелер “баланча кесипке ээ бол” деп балдарын престиждүү окуу жайларга жетелеп жөнөмөйлөрү да бар. А бирок турмуш чындыгы эптеп эле диплом алуу эмес, реалдуу жашооңду ойдогудай жөнгө сала турган кесипти тандоо керектигин тастыктап койду. Адамдын жашоосун жөндөй турган кесиптер кайсылар десеңиз, анда биз төмөндө алар тууралуу кеп кылмакчыбыз.

КЫЯЛГА КАРАЙ КЫСКА ЖОЛ

Кант даярдоодон — кадр даярдоого

Чүй облусунун Сокулук районундагы №106 кесиптик лицей ошол чөлкөмдөгүлөргө жакшы тааныш. Мында каалоочулар бычмачы-тикмечи, ашпозчу-наабайчы-кондитер, автоунаа ремонттоочу слесарь, электр-газ ширетүүчү жана С категориясындагы айдоочу адистиктери, башкача айтканда, интеграцияланган адистиктер боюнча билим алышат. Окуучулар бир маал тамак ичип, мыкты окугандарга стипендия берилет.

Лицейдин ардагери, азыркы учурда китепкананы иштетүү менен катар окуу-методикалык-өндүрүш иштери боюнча бөлүмдү жетектеп, жаш кесиптештерине көп жылдык тажрыйбасын бөлүшүп келаткан кесиптик-техникалык билим берүүнүн мыктысы Раиса Султанова союз мезгилинде түптөлгөн лицейдин таржымалы тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берди. Ал өзү мында 1987-жылдан бери эмгектенип келатат.

– Бул кесиптик окуу жайы 1942-жылы Улуу Ата мекендик согуш жылдарында Алтай чөлкөмүндөгү Бийск шаарынан эвакуацияланган кант заводунун базасында фабрика-завод жумушчу кадрларын даярдоочу окуу жай болуп түзүлгөн. Ал кезде негизинен темир ширетүү-иштетүү багытында болгон. 1966-жылы ошол кездин талабына жараша жасалгаланган азыркы сиздер көрүп турган имарат курулган. 1976-жылы ал мектеп №9 шаардык орто кесиптик-техникалык окуу жайы болуп өзгөргөн. Анан баарыңыздарга белгилүү болгондой, кайра куруу башталганда учур талабына шайкеш керектелген адистиктерди даярдоого өткөнбүз. 1998-жылдан бери Д.Шопоков атындагы №106 кесиптик лицей деп аталып келатат.

КЫЯЛГА КАРАЙ КЫСКА ЖОЛ

Улам жаңыланып келаткан окуу жайы бир жарым жыл мурда дагы бир жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Бул жолкусунда жетекчилиги толугу менен алмаштырылды. Азыр лицейдин директору Адөөлөт Сейдалиевдин жетекчилиги менен алдыга жаңы талаптарды, максаттарды коюп, ошол бийиктиктерди багындыруу аракетинде эмгектенип келатабыз, — дейт Раиса Султанова.

Азыр ашпозчу, тикмечи, автоунаа оңдогуч, анан ширетүүчүлүк кесиптен популярдуу кайсы кесип бар дейсиз? Менимче, өз жанынан башка дагы жакындарын багып, керек болсо, Кыргызстандын экономикасын “кыймылдатып”, курсактарын тойгузуп жана алдындагы автоунаасын зуулдатып айдоого жардам берип жаткандар — ошол биздин тигүүчүлөр, ашпозчулар жана колу жөндүү усталар.

№106 лицейдин башка окуу жайлардан өзгөчөлүгү – жаштарга бир нече кесипти бириктирип окуткандыгында. Мисалы, жөн гана тигүүчүнү эмес, “Бычканды билген тикмечи” адисин даярдашат. Бул окуулардын мөөнөтү үч жылдык, а бирок ошону менен катар эле кыска мөөнөттүү курстар да бар. Алар адатта миграциялык кызматтар, ишсиз жарандарды иш менен камсыздоо борборлору аркылуу түзүлгөн келишимдин негизинде келип окуган жумушсуз жаштар.

КЫЯЛГА КАРАЙ КЫСКА ЖОЛ

Азыркы жаштардын амбициялуу экендиги кубандырат

Окуу жайдын директорунун окуу-өндүрүш иштери боюнча орун басары Кенжегул кызы Гүлбадам жаңы дем, жаңы күч менен белсенип иштеп жаткан жаш адистердин бири. Ал бизге окуу жайдын учурдагы абалы тууралуу айтып берди.

– Биз жылына ар бир кесип боюнча 25 бала кабыл алабыз. Учурда 213 бала окуйт. Быйыл эки кесип боюнча 66 бала окуусун аяктап жатат. Эгерде мурда балдар да, алардын ата-энелери да кесиптик билимге анча көңүл бурбай келишсе, жылдан жылга кесиптик лицейлердин орду, рейтинги өзгөргөндүгүн байкоого болот. Анткени турмуш жагдайына тез ыңгайлаша алган, эмнени каалаганын билген амбициялуу жаштар өсүп келатат. Биздин окуучулардын арасынан турмушка ошондой зирек караган балдарды көрүп ичимден кубанып калам. Анан албетте, үй-бүлөлүк жактан толук камсыз болбогон балдар да бар. Биздеги окуу шарты ошондой балдарга өтө ыңгайлуу. Биринчиден 9-класстан кийин аттестат алышат жана ага кошумча кесиптик дипломго ээ болушат. Быйыл аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, жаштарга алар каалаган кесипти сапаттуу окутуп-үйрөтүүгө толук даярбыз — дейт жаш адис.

Лицей башка кесиптик окуу жайлар сыяктуу эле көп жылдан бери АБР, Мерси Ко ж.б. эл аралык уюмдар жана жергиликтүү социалдык өнөктөштөр менен кызматташып келатат. Натыйжада кабинеттерди өз ыңгайына жараша жасалгалап алышты. Балдар теориядан алган билимдерин өндүрүштүк практика учурунда бекемдей алат. Ошондой өнөктөштөрүнүн бири, лицей менен көптөн бери иштешип келаткан жеке ишкер, ресторандын директору Добровольская Валентина Петровнанын жардамын өзгөчө белгилесек болот. Ал болочок ашпозчуларды ишке такшалтып, андан соң көпчүлүгүн жумуш менен камсыздайт.

Мектеп жана бала бакча ашпозчуларын даярдайбыз

Лицейде беш жылдан бери өндүрүштүк мастер болуп иштеп келаткан Кумаркүл Мураталиева, ушул гана кесиптик лицей мектептин жана бала бакчанын ашпозчуларын окутуп, сертификат бере турганын баса белгиледи.

– Биз даярдаган бала бакча жана мектептерде иштей турган ашпозчулар эки жумалык, эки айлык окутуудан өтүшөт. Аларды өздөрү ушул багытта атайын окуудан өтүп келишкен үч мастер даярдайт. Анда бала бакчадагы балдарга кандай тамак берүү керектиги, витаминдүү азыктарды, көбүнчө, жашылчаларды берүү ж.б. окутабыз.

Келечекте кыска мөөнөттүү “Жаш келин”, “Жаш эне” деген курстарды ачсак деген пландарыбыз бар. “Жаш келин” деп аты айтып тургандай эле, бөтөн үй-бүлөгө жаңы келген келиндерге пайдалуу улуттук каада-салттарды, тамак-аш даярдоо сырын эле эмес, аны кандайча сунуштоо керектиги, туура жүрүм-турум эрежелерин да кошо үйрөтөбүз. Жакынкы арада ар түрдүү улуттук тамак-аштар боюнча даярдаган модулдарды ишке киргизебиз. Ал эми жаш энелерге эмчек эмген наристеге, бала бакча балдарына жана башталгыч класстын балдарына деп жаш курактарына жараша азыктарды даярдоону үйрөтөбүз. Мисалы, токочторду даярдоодо пайдасынан зыяны арбын ачыткы, кант жана башка татымын күчөтүүчү консерванттарды минималдуу түрдө кошуу менен, ден соолукка пайдалуу тамак-аштарды даярдоого артыкчылык беребиз. Бизге ар түрдүү идеяларды сунуштап, модулдарды даярдап, багыт берген биздин насаатчыбыз – Раиса Султановага ыраазыбыз, — дейт ал, сыймыктануу менен.

Компьютердик диагностика кое билген заманбап адистерге муктажбыз

КЫЯЛГА КАРАЙ КЫСКА ЖОЛ

Чүй облусунун Сокулук районундагы Д.Шопоков атындагы кесиптик лицейдин директору Адөөлөт Сейдалиев

 

Лицейдин директору Адөөлөт Сейдалиевди кесиптештери харизмалуу жана жаңы демилгелерди дембе-дем сунуштап турган жаратман жетекчи катары баалашат. “Ал жаңы нерсени көрө билген жана аларды иш жүзүнө ашырууга умтулган адам” дешти, кесиптештери бир ооздон.

Директор мырза окуу жайдын алдыда ишке ашыра турган дагы бир чоң планы менен бөлүштү.

– Иликтеп көрсөк, ушул аймактарда IT адистерин даярдоочу бир дагы кесиптик окуу жайы жок экен. Биз ушул боштукту толтуруу максатында лицензия алып, жумушчу кадрларды даярдоо боюнча стратегиялык план түздүк. Анда онлайн окутуу менен өндүрүштө иштөөнү айкалыштырып, заман талабына толук шайкеш келген адистерди даярдоо каралган. Мисалы, автоунаа оңдоочу адис өз ишинде компьютердик диагностика койгонду билүүгө тийиш болсо, ашпозчулар жана башка биз даярдаган адистер да компьютерди мыкты өздөштүрүшү керек, — дейт Адөөлөт Токтогазиевич.

Кесиптик билимге ээ болсоң, келечегиң кең болот

Балдарды кондитер-ашпозчу-наабайчы деген дагы бир эң керектүү кесипке окуткан Ольга Николаевна Бабайлова ушул лицейде иштегенине 24 жылдын жүзү болду.

– Мага балдар менен иштөө чыгармачылык эргүү тартуулайт. Анткени кондитер, тамак-аш жана нан жасоонун өзү бийик искусствону талап кылат. Ошондуктан бизде балдардын дараметин өркүндөтүүчү сүрөт тартуу жана моделдөө предметтери кошо окутулат. Кээ бир балдардын шык-жөндөмү адегенде эле билинсе, кээ бирөөнүкү бара-бара ачылат. Ар бир бала өзүнчө сырдуу дүйнө, биз тек гана аларды көрө билишибиз керек. Табиятынан таланттуу, жөндөмдүү балдар болот, бирок аларга даамды ажырата билүүнү биз үйрөтөбүз. Кандай тамак-аш болбосун, бала өз колу менен жасап, колун көнүктүрүүгө тийиш. Ансыз тамшандырган тамактарды даярдоого жетишүү мүмкүн эмес. Балдар өтүлгөн сабактарды сүрөткө тартып алышып, портфолио даярдашат. Бул кийин кайталаганга өздөрү үчүн да, кандайдыр бир себептер менен келбей калган балдар үчүн да аябай пайдалуу, — деп, Ольга Николаевна өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Адамды алга жетелеген кыял болот эмеспи, адеми саркеч кийим кийип, шилекейди кылт жуттурган даамдуу аш жеп, анан акыркы үлгүдөгү автоунаа мингенди ким кыялданбайт? Ушул кыялыңызды ишке ашырууну бирөөдөн күтпөй, өзүм гана аткарам десеңиз, биз жогоруда кеп кылган №106 кесиптик лицейге келип, кесиптик сырларды үйрөнүүгө ашыгыңыз. Өкүнбөйсүз!

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер