КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАЛЫК ЧАРБАСЫ: ПОТЕНЦИАЛДАН СТРАТЕГИЯЛЫК ЭКСПОРТКО КАРАЙ

  • 10.10.2026

Кыргызстандагы балык чарбасы бүгүнкү күндө масштабдуу өзгөрүү баскычын баштан кечирүүдө. Адистер балык чарбасы айыл чарбасынын экинчи даражадагы тармагынан бара-бара өлкө экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экспорттук тармакка айланарын болжошууда. Өлкөбүздөгү мөңгүдөн башат алган тунук тузсуз суулардын жана тоо дарыяларынын молдугу аквакультура жааты үчүн зор потенциал.

Тармактын азыркы абалы

Форель өстүрүү — Кыргызстандын балыкчылык тармагынын “визиттик карточкасы” десек болот. Айрыкча тор тосмолордо (садок), бассейндерде жана көлмөлөрдө асан-үсөн (радужная) форелин өстүргөндөрдүн чакан чарбаларынын негизги бөлүгү Чүй жана Ысык-Көл облустарында топтолгон. Ошондой эле Нарын дарыясынын бассейнинин эсебинен Жалал-Абад облусу да бул процесске жигердүү кошулууда.

Акыркы жылдары Кыргызстан балык өндүрүүнүн жана аны сыртка сатуунун көлөмүн бир топ эсеге арттырды. Сатуунун негизги рыногу катары ЕАЭБ өлкөлөрү, биринчи кезекте Россия менен Казакстан саналат. Балык өстүрүүчү чарбалар интеграцияланган кластерлерге жигердүү өтүүдө. «Аква Сервис», «Тянь-Шань Фиш», «Аква Пром» сыяктуу ири ишканалар толук циклди: чабактар менен тоютту өзүнөн чыгаруудан баштап, балыкты кайра иштетүүгө жана даяр продукцияны экспорттоого чейин камтууга умтулушуп жатат. Ички суроо-талап жана тармактын жагымдуулугу кайра иштетүү менен тамак-аш өнөр жайына тартылган финансылык салымдардын туруктуу өсүшүнө алып келгени, акыркы мезгилде эле инвестициянын 10%га өскөндүгү байкалган.

Тармактын негизги көйгөйлөрү

Тез темптеги өсүшкө карабастан, тармакта олуттуу сыноолор жана тоскоолдуктар кездешет. Ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө талаптары өтө эле катуу болгону бир топ чектөөлөрдү жаратып жатканы жашыруун эмес. Ошол эле учурда кандай кырдаал болбосун, кыргыз балыкчылары негизги талапты — ЕАЭБдин катаал техникалык регламенттерин сактоого милдеттүү. Адистер мурда өндүрүлгөн продукциянын сапаты туура келбегендигине байланыштуу «Россельхознадзор» тараптан убактылуу чектөөлөрдүн киргизилиши тармактын аялуу тараптарын ачык көрсөткөнүн белгилешүүдө. Учурда чукул арада лабораторияларды модернизациялоо жана сапат стандарттарын кайра карап чыгуу зарылчылыгы курч турат.

Импорттук чийки затка көз карандылык да курч турган маселелердин бири. Чарбалардын басымдуу бөлүгү ушул күнгө чейин уруктандырылган жогорку сапаттагы икраны (чабактарды) жана атайын теңдештирилген тоюттарды Европадан ж.б. өлкөлөрдөн импорттоого мажбур. Бизнес өкүлдөрү аквакультура үчүн жер салыгын реформалоо жана экспортту тариздөөдө бюрократиялык процедураларды жөнөкөйлөтүү зарылдыгын үзгүлтүксүз билдирип келишет.

Жаңыдан өрүш алып келаткан бул тармак атайын билими бар адистерге муктаж. Тиешелүү адистердин жетишпестиги кадр тартыштыгын жана экологиялык тобокелчиликти жаратууда. Интенсивдүү өстүрүүнүн заманбап технологиялары менен иштей алган квалификациялуу адис-балыкчылардын жана ихтиологдордун жетишсиздиги ачык байкалат. Мындан сырткары, суу объектилерине кылдат экологиялык мониторинг жүргүзбөй туруп баш аламан пайдалануу суу ресурстарынын булганышына жана балык илдеттеринин жайылышына коркунуч жаратат.

Кадр маселеси кантип чечилет

Баш калаабыздагы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин технология жана биоресурстар факультетинде бул багытта системалуу иштер жүргүзүлүп келет. Факультеттин деканы айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент Чынара Кадырованын айтымында балык чарбасы боюнча кадрларды аталган факультеттен тышкары КУАУнун агрардык-техникалык колледжи даярдайт. Чынара Тойчубековна окуу жайдын негизги максаты — дипломдуу гана эмес, өндүрүштөгү көйгөйдү көрүп, аны талдап, илимий негизделген практикалык чечим сунуштай алган адисти даярдоо экендигин белгиледи.

— Университетте балык чарбасы боюнча кадрларды даярдоо 2013-жылдан бери жүргүзүлүп келет. 2016–2017-окуу жылынан 2025–2026-окуу жылына чейин жалпысынан 97 бүтүрүүчү даярдалган. 2025–2026-окуу жылында 12 студент аяктаган, ал эми 2026–2027-окуу жылында бул багытта 9 студент билим алууда.

Биз үчүн бүтүрүүчүлөрдүн саны менен бирге эле алардын ишке орношуусун, кесиптик өсүшүн жана балык чарбасынын өнүгүшүнө кошкон салымын системалуу баалоо өтө маанилүү.

Факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында өндүрүштө, жеке сектордо, билим берүүдө жана илимде эмгектенип жаткан адистер бар. Алардын бири — Аликов Анвар. Ал азыркы учурда студенттерге билим берүү менен катар аспирантурада окуп, университеттин Окумуштуулар кеңешинде бекитилген: “Токмок шаары жана Чүй облусунда өстүрүлгөн кубулжума форель менен карп тукумундагы балыктардын ички органдарынын жана ткандарынын салыштырма-гистологиялык изилдөөсү” илимий темасы боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Бул жаш адистин бир эле учурда билим берүү, илим жана кесиптик өнүгүүнү айкалыштырып жатканын көрсөтөт. Мындай адистердин көбөйүшү Кыргызстанда балык чарбасы жана аквакультура боюнча улуттук илимий мектептин калыптанышына өбөлгө түзөт.

Жалпысынан факультеттин бүтүрүүчүлөрү балык чарбаларында, өндүрүштө жана башка тиешелүү тармактарда эмгектенип жатышат. Келечекте алардын электрондук маалымат базасын түзүү, кесиптик траекториясын көзөмөлдөө жана тажрыйбалуу бүтүрүүчүлөрдү студенттерге мастер-класстарды өткөрүүгө тартуу максатка ылайыктуу, — дейт Чынара Тойчубековна.

Балык чарбасы өлкөбүздүн стратегиялык багыт катары бааланып жаткан азыркы шартта жылына 10 адисти даярдоо аздык кылары айтпаса да түшүнүктүү. Аталган окуу жайдан тышкары, жетишпей жаткан адистерди жер-жерлердеги кесиптик лицейлерде даярдоого неге болбосун? Арийне, балык өстүрүү эң кеңири жайылган Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул өрөөнүндө, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларындагы кесиптик лицейлерде ихтиологдорду даярдоочу бөлүмдөр алигүнчө ачыла элек. Анын себебин билүү максатында Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейдин директору Гүлжан Калпакбаевага байланышканыбызда, ал бизге буларды айтып берди.

— Балык чарбасын ачуу абдан келечектүү, бирок ошол эле учурда чоң жоопкерчиликти, күчтү жана каражатты талап кылган татаал тармак. Айрыкча Нарын суусунун табияты, суунун муздак жана тунук агымы форель сыяктуу балыктарды өстүрүүгө өтө ылайыктуу болгондуктан, соңку жылдары бул багытка кызыккандар көбөйдү.

Балык чарбасын ачууда кездешүүчү негизги тоскоолдуктар кайсылар дегенде мен адегенде баштапкы капиталдын жоктугун жана инфраструктуранын кымбаттыгын белгилер элем. Бассейндерди куруу, суу өткөрүү системаларын орнотуу, сапаттуу малёк (чабак) жана алгачкы жем сатып алуу жүз миңдеген каражатты талап кылат. Нарын суусу кышында тоңуп калбоосу же тескерисинче, балыктын өсүү темпине жараша суунун температурасын көзөмөлдөө кошумча чыгымдарды жаратат. Бул биринчиси. Экинчиси — лицензиялоо жана уруксат кагаздарын алуу машакаты.

Суу ресурстарын пайдалануу, тагыраак айтканда, дарыя жээгин колдонуу, экологиялык коопсуздук жана ветеринардык талаптарга жооп берүү катуу көзөмөлдөнөт. Мамлекет тарабынан табигый суу ресурстарын жана экосистеманы коргоо максатында талаптардын күчөтүлгөнү түшүнүктүү, бирок жаңы баштоочулар үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар көп убакытты алып, каражатты талап кылгандыктан, баары эле батына албайт — дейт.

Ал өз сөзүндө балыктын илдеттерин изилдеп, алдын алуу үчүн лабораториялык изилдөөлөрдү ачуу керектигин баса белгиледи.

— Балыктын абалын билип, илдеттерди алдын алуу, жемдин сапатын жана суунун курамын текшерүү үчүн атайын лабораториялар керек. Региондордо мындай лабораториялар дээрлик жок, болсо да алардын кызматтары кымбат. Оору чыкса, бүтүндөй чарбанын балыгы кырылып калуу коркунучу бар. Мен бардык артыкчылыктарын жана жетишпестигин иликтеп чыгып, бизде ихтиологдорду даярдоо тайпаларын ачуудан качпас элем. Бирок ал үчүн чоң каражат керек. Мындан төрт-беш жыл мурда бир ишкер бирге иштешүү сунуштары менен келди эле, тилекке каршы, эбегейсиз көп тоскоолдуктар чоочутту окшойт, кетип калды. Адистерден угушума караганда балыктын жеми негизинен сырттан импорттолгондуктан, абдан кымбат турат экен. Балыктын тез жана сапаттуу чоңоюшунун 70-80 пайызы туура тамактанууга көз каранды, арзан жем балыктын өсүшүн жайлатып, сапатын төмөндөтөт, — дейт Гүлжан айым.

Тоскоолдуктарды кантип жеңүүгө болот?

Ишкерлер балык чарбасын өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоолор жана жеңилдетилген насыялар керектигин айтышууда. Бизде айыл чарбасын, анын ичинде аквакультураны өнүктүрүүгө багытталган “Айыл чарбасын каржылоо” сыяктуу программалар жана башка донордук долбоорлор бар. Ишкерлерге пайызы төмөн, узак мөөнөттүү насыялар же гранттар баштапкы каражат маселесин чечүүгө жардам бермек. Жалгыз каражат табуу же бардык чыгымдарды көтөрүү оор болгондуктан, пикирлештер башка чарбалар менен биргелешип иш алып баруу, т.а. кооператив түзүп, лабораториялык чыгымдарды, жем сатып алуу жана лицензия алуу түйшүктөрүн бөлүшүүгө болот. Ошондой эле лабораториялык кызматтарды башка чарбалар менен биргелешип пайдалануу да чыгымды азайтмак.

Анан албетте, базардын талабын изилдөө керек. Ырас, суроо-талап чоң, бирок атаандаштык дагы жогору. Андыктан кадимки сатуудан тышкары, балыкты кайра иштетүү (ыштоо, филе кылуу) же түздөн-түз кафе-ресторандарга жеткирүү аркылуу кошумча нарк жаратуу жолдорун ойлонуу керек. Мисалы, көлмөдө карп, сазан сыяктуу балыктарды өстүрсө болот. Ага жер жана ылайыктуу суу булагы керек. Ал эми Кыргызстанда абдан популярдуу форель чарбасын ачуу үчүн таза, кычкылтекке бай, салкын, туруктуу агып турган суу агымы керек. Суу шарты туура болсо, кирешелүү багыт болушу мүмкүн. Дагы бир жолу – бул жабык системада балык өстүрүү. Бассейндерде атайын фильтрлер аркылуу сууну тазалап өстүрүү керек. Арийне, бул үчүн баштапкы жабдууларга жана электр энергиясына көбүрөөк каражат талап кылынат.

Келечек жана мүмкүнчүлүктөр

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул тармакты артыкчылыктуу деп таанып, Балык чарбасын өнүктүрүүнүн 2029-жылга чейинки комплекстүү программасын иштеп чыкканы маалым.

Эксперттер Кыргызстандын суу сактагычтары менен дарыяларына туура мамиле жасалса, жылына 200 миң тоннага чейин балык өстүрүүгө болорун айтышууда. Максат — өлкөнү Борбордук Азиядагы жогорку сапаттагы балыкты ири экспорттоочулардын катарына чыгаруу. Мында кайра иштетүүнү өнүктүрүү жагы да көз жаздымда калбашы шарт. Мамлекет чийки тоңдурулган балыкты экспорттоодон кайра иштетүүгө (филе, ыштоо, туздоо, консервациялоо) өтүүнү стимулдаштырса, ал кошумча наркты өлкө ичинде калтырууга мүмкүндүк берет.

Жогоруда маселени ичинен изилдеген адистер белгилегендей, бардык башталыштар мамлекеттик колдоого муктаж. Эгерде административдик тоскоолдуктарды азайтуу, сууну пайдаланууга уруксат берүүнү жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттик лабораториялык базаны модернизациялоо боюнча демилгелер ишке ашып кетсе, бул тармактын гүлдөп-өнүгүшүнө жол ачылат.

Өнүктүрүү программасы ошондой эле чакан аянттагы жана спорттук-аватордук балык уулоого басым жасайт. Бул чет элдик туристтерди тартууга жана алыскы аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзмөкчү.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү