Кыргыз эл жазуучусу, профессор Сулайман РЫСБАЕВ: “ЫНТЫМАК ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИК — ӨЛКӨ ТУРУКТУУЛУГУНУН НЕГИЗИ”

  • 31.07.2026
  • 0

Кыргыз эл жазуучусу, профессор Сулайман КАЗЫБАЕВ: “ЫНТЫМАК ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИК — ӨЛКӨ ТУРУКТУУЛУГУНУН НЕГИЗИ” Бүгүнкү глобалдашкан жана маалымат агымы дайрадай аккан доордо ар бир жарандын санариптик мейкиндиктеги коопсуздугу бүтүндөй мамлекеттин коопсуздугу менен түздөн-түз байланышып калды. Айрыкча, коомду кайраштырууга, жалган маалыматтарды таратууга жана улуттар аралык же тышкы саясий багыттагы карама-каршылыктарды күчөтүүгө багытталган аракеттердин көбөйүшү олуттуу тынчсызданууну жаратууда.

Президент Садыр Жапаровдун соңку интервьюларында көтөрүлгөн маанилүү учурларга таянып, Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев маалыматтык гигиена өнөктүгүн кечиктирилгиз түрдө күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Чыныгы мекенчилдик башкаларды жек көрүү аркылуу эмес, өлкөнүн бүтүндүгүн, тынчтыгын сактоо менен өлчөнөөрүн айткан бул демилге бүгүн коомдук талкуунун борборунда турат. Фейк маалыматтар кимге пайдалуу? Чагымчылыкка каршы сынчыл ой жүгүртүүнү кантип калыптандырабыз жана бул иштерге интеллигенциянын, маданият, илим өкүлдөрүнүн ролу кандай болмокчу? Мамлекеттин туруктуулугу, улуттар аралык ынтымак жана коомдук аң-сезим – өлкөнүн жаркын келечегин аныктай турган эң негизги таяныч. Бүгүнкү күндөгү глобалдашуу жана маалымат агымынын доорунда ар бирибиздин жарандык жоопкерчилигибиз канчалык маанилүү? Төмөндө белгилүү окумуштуу, Кыргыз эл жазуучусу Сулайман РЫСБАЕВ менен ушул жана башка актуалдуу суроолордун тегерегиндеги маек курдук.

 

Кыргыз эл жазуучусу, профессор Сулайман РЫСБАЕВ: “ЫНТЫМАК ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИК — ӨЛКӨ ТУРУКТУУЛУГУНУН НЕГИЗИ”

-Сулайман Казыбаевич, коомдогу ар кандай сыноолорго туруштук берип, ынтымакты жана туруктуулукту сактоо үчүн ар бир жаран жана интеллигенция өкүлдөрү кандай жоопкерчиликти сезиши керек?     

— Ар бир мамлекет өз тарыхында түркүн сыноолорду башынан кечирет, сырттан кирип көз арткандар, ичтен  иритүүнү көздөгөн учурлар, ич ара бөлүнүүлөр ж.б мындай шарттарда элибиз бир ажонун тегерегине чогулуп, бир лидерди жалпылап колдоп, ич ара биримдикте болуп,  сабырдуулук жана  акылмандык менен мекенди сактап калган.  Мындай учурда эң башкы шарт — ынтымакты сактоо, ички-сырткы чагымчыл аракеттерге алдырбоо. Кыргыз мамлекетибиз да бүгүнкү учурда көп улуттун өкүлдөрү ынтымак-ырашкердик менен жашап жаткан, көп маданияттуу өлкө катары өзүнүн келечегин дал ушул ынтымак, өз ара сый-урмат жана жоопкерчилик аркылуу кура алат. Кыргызстандай өлкөлөр дүйнөдө көп, бирок, биз үчүн Кыргызстаныбыз дүйнөдө жалгыз, аны көздүн карегинде сактообуз парз.

Эзелтен акылман элибиз «Ырыс алды – ынтымак» деп, бардык жакшылыктын башаты элдин ынтымагында экенин айтып, ал үчүн ар бирибиз «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» бир кишидей эмгектенип жашайлы деп бекеринен айткан эмес. Бул накыл сөздөр бүгүн да өзүнүн маанисин жоготкон жок. Коомдо кандай гана маселе жаралбасын, өз ара жек көрүү, кастык же ушак аркылуу эмес, мыйзамдын, диалогдун жана акыл-эстин жолу менен чечүү – өнүккөн коомдун белгиси болуп саналат.

-Азыркы интернеттин доорунда маалымат агымы өтө ылдам жана күчтүү. Ушундай шартта коомдук ишенимди жана стабилдүүлүктү кантип сактай алабыз?

— Чынында, азыркы интернеттин доорунда ар кандай оң-терс маалыматтар көз ирмемде чагылгандай тездик менен тарап жатат. Бирок ар бир тараган маалымат чындыкпы, жалганбы, аны учурунда биле албай калдык. Ким биринчи айтса, ошол чындыкты айтып жаткансып, эл анын артынан ээрчип алат. Ошондуктан, такталбаган маалымат, ушак-айың, чагымчыл билдирүүлөр адамдардын сезимине таасир берип, коомдук ынтымакка доо кетириши толук мүмкүн. Ошондуктан ар бир жаран маалыматты сын көз менен кабыл алып, анын аныгына ынанып, жалган маалыматты жайылтпоого аракет кылышы керек. Бул – пайдалуу кантент  маданиятын үйрөнүү, аны сактоо жана жарандык жоопкерчиликтин болушунун маанилүүлүгүн эске салат.

— Тынчтыкты жана биримдикти бекемдөөдө коомдогу интеллигенциянын, анын ичинен, жазуучулардын, мугалимдердин жана маалымат айдыңындагы өкүлдөрдүн (журналист, блогерлердин) ордун кандай баалайсыз?

— Акыл айтуудан алысмын. Ошентсе да, коомдун тынчтыгын сактоодо ар бир жарандын да, анын ичинде, интеллигенциянын орду өзгөчө. Интеллигенция – бул илимпоздор, мугалимдер, жазуучулар, журналисттер, маданият кызматкерлери жана коомдук пикирге оң таасир бере алган “мен аң-сезимдүү адаммын” дегендер. Алар ар дайым үйдө да, коомдук унаада жүргөндө да, чогуу болгон жерлерде да, элди сабырдуулукка, мыйзамдуулукка, калыс пикир айтууга, өз ара урматтоого жана биримдикке чакырып келер эзелтен парызы. Андыктан, чыныгы интеллигент коомдук кырдаалдарга сезимдүү реакция жасап, жаралган кырдаалды курчутпоого элди чакырып, адамдардын ортосундагы позитивдүү мамилени  бекемдөөгө салым кошуусу — анын атуулдук парызы. Биримдик – өлкөбүздүн бекемдиги, ынтымактуу калкыбыз – мамлекетибиздин байлыгы.

Мында мугалимдердин ролу айрыкча көрүнөт, т.а.мугалимдердин коомдук аң сезимди бекемдөөдө мүмкүнчүлүгү да, жоопкерчилиги да чоң. Анткени, мектепте өсүп бараткан жаңы муунга тарбия берүүдө биримдиктин, мекенчилдиктин, башка улуттун адамдарын  урматтоонун жана мыйзамды сыйлоонун баалуулуктарын үйрөтүшү керек. Бүгүнкү окуучу – өлкөнүн эртеңки ээси. Демек, алардын аң-сезиминде, жан дүйнөсүнө тынчтыкты, достукту жана жарандык жоопкерчиликти сиңирүү – келечекке жасалган инвестиция экени талашсыз.

Журналисттер менен блогерлердин иши да өзгөчө. Мисалы,  алар да коом алдындагы жоопкерчилигин терең сезүүгө тийиш деп ойлойм. Алардын соцтармактарга жарыялаган ар бир жарыяланган сөзү адамдардын маанайына жана коомдук кырдаалга оң-терс таасир этерин унутпоосу зарыл. Алар тактык, калыстык жана жоопкерчилик – маалымат таратуунун негизги принциптери болушу керектигин ойлонуусу абзел.

Ошону менен бирге, ар бир акыл-эстүү жаран өлкөбүздүн интеллектуалдук байлыгы. Андай болсо, ар бир жаран өзүнүн акыл-эстүү позициясын карманып, коомдо тынчтыкта жашап, коомду бириктирип, коомдук мамилелерди асылдандырып, мекенчилдик, достук, ынтымак сезимдеринин мисалдарын өз жашоосу жана мамилелери менен далилдеп көргөзүп турушу парыз.

-Кыргызстан – көп улуттуу, көп маданияттуу өлкө. Биздин элибизди бөлбөй, тескерисинче бириктирип турган эң негизги ыйык баалуулуктар кайсылар?

-Кыргызстан – ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү бирге жашаган жалпы үйүбүз. Ар бир жарандын тилине, маданиятына, салтына, наркына жана кадыр-баркына урмат менен мамиле кылуу өлкөнүн туруктуулугун бекемдөөнүн күчтүү куралы. Бизде элдин акылмандыгы менен жаралган: элди бөлүп-жаруучу эмес, бириктирүүчү баалуулуктар көп.

Алар – жалпыбыздын ыйык Ала-Тообуз, түптүү Ата Журтубуз, дүйнө элин суктандырган Ысык-Көлүбүз, баарыбызды батырган Бишкек шаарыбыз, Конституциябыз, көзүбүздүн карегинде сактап келген тынчтык, кыйын күндөрдө коргоп калган ынтымагыбыз, баарыбызды баккан асыл эмгек, баарыбызга бирдей канат бүткөргөн билим жана баарыбыз үчүн бирдей жалпы келечегибиз! Бул ыйыктарыбызсыз — биз кимбиз?! Кыргызстандай өлкөлөр дүйнөдө көп, бирок, биз үчүн Кыргызстаныбыз дүйнөдө жалгыз! Биз Кыргызтаныбызда гана бактылуубуз, эркинбиз!

-Өлкөбүздөгү акыркы өзгөрүүлөрдү эске алганда, жарандарыбыздын жана мамлекеттин өнүгүү жолун кандай сүрөттөйт элеңиз?

-Биздин ар бир жараныбыз өз сөзүнө, жасаган кадамына жана кылган аракеттерине жоопкерчилик менен мамиле кылганда гана, коом бекем болот. Чагымчылдыкка жооп – сабырдуулук, ушакка жооп – чындык, жек көрүүгө жооп – өз ара урмат, мыйзамсыздыкка жооп – мыйзамды сактоо баарыбыздын бекем принцибибиз болушу керек. Бүгүн Кыргызстан үчүн эң маанилүү байлык – элдин биримдиги жана тынчтыгы. Бул байлыкты сактоо – мамлекеттин гана эмес, ар бир жарандын ыйык милдети. Интеллигенция ушул жолдо коомдун абийири, акылман кеңешчиси жана биримдиктин жарчысы болуп калышы зарыл. Ошондо гана өлкөбүз туруктуу өнүгүп, келечек муундарга ынтымактуу жана күчтүү Кыргызстанда жашайбыз жана келечекке мурас катары калтыра алабыз.

Бүгүн Кыргызстаныбыз өнүгүүнүн түз жолунда баратат. Элдин аң-сезими кечээкиден бүгүн башка. Көзгө көрүнүп, “колго кармалып” турган бүгүнкү жаңылыктар кечээ бар беле? Таанылгыстай жаңыланып бараткан борбор шаарыбыз, областтарыбыз, анын көчөлөрү, аэропорттору, курулуштары, спорт тармагы, эс алуу жайлары, дарылануу мекемелери, мектептери менен бакчалары ж.б. Булар жаңыланып бараткан Кыргызстаныбыздын бир гана сырткы белгилери. Ал эми, аны ичинен жаңылаган эмне? Ал – элибиздин руханий тазалыгы, ички жоопкерчилиги, коомдук аң-сезими, ынтымак-ырашкердиги, түшүнүшүү менен кечиримдүүлүгү, сабырдуулугу менен салмактуулугу, билими менен тарбиялуулугу, анан да эртеңге ишенимдүү карагандыгы.

 Маегибизди жыйынтыктап жатып, жалпы элге, коомчулукка кандай кайрылуу жасайсыз?

-Сөзүмдүн соңунда оюмду төмөндөгүдөй сөз менен жыйынтыктагым келет: элди бөлүү оңой, бириктирүү кыйын, элди араздаштыруу оңой, ынтымакка келтирүү кыйын. Жалганды таратуу оңой, чындыкка ишендирүү кыйын. Чагымчыл сөз бир күндө өрт чыгарышы мүмкүн, ал эми ишенимди калыбына келтирүү үчүн жылдар талап кылынат. Ошондуктан бүгүн ар бир кыргыз жаранынын эң чоң милдети – чагымчылдык эмес, тынчтыкты бекемдөө, элди ынтымакка чакыруу жана келечек муунга биримдиктин үлгүсүн калтыруу.

Ангемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер