КЫРГЫЗ ӨҢҮ- ЧОКМОРОВДУН ӨҢҮНДӨЙ

  • 11.11.2020
  • 0

Ар бир улуттун акылмандары, агартуучулары аркылуу элине билим жана маданият тартуулап, кийинки муундун акыл-эсин, жан дүйнөсүн, дилин тазартуу менен зээнин ойготуп,  мекенчилдикке чакырган байыртадан жайылган руханий дүйнөсү болот. Бул бабалардан калган руханий мурастар элдин ички дүйнөсүндө макал, лакап болуп сакталып турат. Ар бир муунга өздөштүрүп, байытып кийинкилерге толугураак жеткирүү милдети тагылган. Анткени кийинкилердин улуттук нарк-насилде калыптанышы жана баатырдыгы, өзгөчө касиеттери балдардын тарбиялануусуна чагылдырылат.   

“Уулуң жакшы болсо көркүң жакшы, кызың жакшы болсо кымбатсың” –деп кыргыз элинде айтылгандай эчендеген чыгаандардын кеменгердик касиетинин артында кийинки муун тарбияланат. Биз кеп кыла турган кыргыз калкына эле эмес, бир кезде Союзга аттын кашкасындай таанымал, дүйнөгө кыргыз жүзүн тааныткан, өмүрү өрнөк болгон Сүймөнкул Чокморов  жөнүндө болмокчу.

КЫРГЫЗ ӨҢҮ- ЧОКМОРОВДУН ӨҢҮНДӨЙ

 

“Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” –деп  айтылып калгандай, дүйнө элине тасма аркылуу кыргыз элинин жүзүн, баатырдык мүнөзүн Сүймөнкул Чокморов даңазалап кеткен.

С. Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй өрөөнүнүн тоо этегинде жайгашкан Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. 10 бир туугандуу Сүймөнкул бала чагында катуу ооруган,  ден соолугуна байланыштуу төшөктө көп жаткан. Улуу агасы китептер жана улуу сүрөтчүлөрдүн репродукциялары тартылган түстүү альбомдору менен камсыз кылып турган. Ошонун таасириненби өспүрүм күтүүсүз сүрөт тартып баштайт. Дарыгерлердин кеңеши менен спортко аралашат. Эртели кеч эч кимге байкалбай суу жээктеп чуркап, денесин чыңдайт. Комузда, домбурада кол ойнотуп, обон да созо ырдайт.  Агаларынын кеңеши менен мектептен кийин көркөм сүрөт мектебине кирип 1958-жылы бүтөт. Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы көркөм сүрөт, скульптура жана архитектура институтун 1964-жылы аяктайт. Студенттик жылдарында  Кыргызстан жана Ленинград тандалма волейбол тайпасында ойногон. 1964-1968-жылдары Фрунзедеги сүрөт окуу жайынын окутуучусу, кийин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Ал чыгармачылык ишин сүрөтчүлүктөн баштайт. Көбүнчө живопись «Тоо кечи»,»Узатуу»,портрет «Эне», «Актриса», «Саякбай Каралаев», «А.А.Жанкорозова», «С.Жумадылов» жана башка жанрын өрчүтүүдөн баштаган.

С. Чокморов кино режиссёрлордун да купулуна толгон актёр болгон.  Анын табият тартуулаган таланты алгачкы ирет “Караш ашуудагы атыш” кино тасмасында башкы каарман Бактыгулдун ролун аткаруусунда эле ажайып ачыкка чыккан. Ошондон баштап тарыхый жана окуялуу фильмдерге тартыла баштайт. “Жамийла”, “Атайын комиссар”, “Улан”, “Жетинчи ок”, “Дерсу Узала”,  “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Кызыл алма” ж.б. фильмдеринде негизги ролдорду аткарган. Мына ушул окуяларды тартуу учурунда актёрго эчен татаал эпизоддорду (атчан жыгылуу, сууга секирүү өңдүү) дублёрсуз аткарууга туура келгендиктен анын таң калаарлык чыдамкайлуулугу жана ат үстүндө эң мыкты жүрө билиши экранда ишенимдүү мүнөзгө ээ болуучу образды жаратканга көмөкчү болгон.  Ал түзгөн образ 1968-жылы Ташкент шаарында өткөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн фильмдеринин фестивалында эң мыкты ойногон роль катары таанылган.

Ал эми режиссёр –коюучу  Төлөмүш Океевдин «Көк-жал» фильминдеги татаалдыгы, терең психалогиялуулугу менен өзгөчөлөнгөн Ахангүлдүн образын табиятынан таланттуу Сүймөнкул Чокморов гана терең ачып берген. Дүйнөлүк кинематографиянын эң көрүнүктүү чеберлеринин бири Япониялык режиссер Акира Куросаванын «Мосфильм» студиясында койгон «Дерсу Узала» кино картинасындагы токой каракчылары менен күрөшүүчү отрядды баштаган чынчыл, ак пейилдүү адам — Чжан Баонун ролун ойногонго Сүймөнкулду чакырышы анын актерлук талантын баалагандыктан, ага карата болгон зор ишеним болгон.

Адам табиятын терең ачып, кулк-мүнөзүн кылдат түзгөн көп кырдуу таланттын эмгеги жогору бааланып ага эркектин мыкты ролун түзгөндүгү үчүн Алматыдагы Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тбилисидеги, Бакудагы, Еревандагы Бүткүл Союздук кинофестивалдарында 4 жолу 1-сыйлык ыйгарылган.  Ал эми көркөм өнөр жаатында 400 ашык эмгеги Көркөм сүрөт музейинде сакталуу турат.

Сүймөнкул Чокморов талантынын көп кырдуулугу менен көпчүлүккө кеңири таанылып, жыйырманчы кылымдын экинчи жарымындагы кыргыздын залкар инсаны, даңазалуу сүрөтчү жана кино актёр катары маалым, кыргыз көркөм өнөрүнүн казынасына өзүнүн бай үлүшүн кошкон.

Адамгерчилик сапаты тууралуу да замандаштары мыкты эскерүүлөрдү айтышат. Сүймөнкул Чокморовдун Кыргыз элине өтөгөн эмгеги убагында жогору бааланган. Кыргыз ССРинин, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү деген наамдар берилген. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Чыгааныбыз 1992-жылы 26-сентябрда узак оорудан кийин 53 жаш курагында дүйнө салып, Ала-Арча көрүстөнүнөн түбөлүккө жай алган.

КЫРГЫЗ ӨҢҮ- ЧОКМОРОВДУН ӨҢҮНДӨЙ

Сүймөнкул Чокморов Манастын ролунда. Май, 1974-жыл. Бишкек

 

“Кут Билим”   Эгемберди УСУПОВ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер