КУТ: ПРОФЕССОР АСАН ОРМУШЕВ 75 ЖАШТА
- 20.10.2026
- 0
Мен кут тууралуу ойлогонумда, дайыма балалыгыма кайрыла берем.
«Кут түштү, кут даарыды!» — деп айтышат кыргыздар.
«Кут учту!» — деп да айтышат кайран кыргыздар.
Булар жөн эле сөз эмес, булар – адамдын тагдыры. Сенин тагдырың дал ушул эки нерсеге байланыштуу чечилет.
Деги мен кут тууралуу эмне үчүн ой чаргытып жатам? Анда кеп оролу ушул жөнүндө болсун.
Асакемди мен сыртынан гана билер элем. Анда-санда жолугушуп калчубуз, саламдашып койчубуз. Эзилишип бир да жолу маектешпептирбиз. Ошондой күндөрдүн биринде менин көңүлүмдү өзүнө бурган бир-эки жагдай болуп кетти.
Өткөн кылымдын акыркы жылдарындагы атактуу «Ленинчил жаш», кийинчерээк «Бишкек шамы» гезиттерине Асакемдин улуттук жумушчулардын тарыхындагы көйгөйлүү маселелерди козгогон курч макалалары жарыялана баштады. Мен мындай темадагы макалаларга мурда анча маани берчү эмесмин, бирок негедир бул макалаларды кызыгуу менен окуй баштадым. Ошол эле мезгилде бул макалалар кыргыз радиосунда да жума сайын окулуп турду.
Ушул макалалардан көп өтпөй эле «Асаба» аттуу кайра жаралуу партиясы жарк этип чыга келди. «Асабанын» башында Асакем жүрдү бакылдап. Жарк этип чыга келгени менен, республикабыздын ошол кездеги жетекчилеринин жүрөгүнүн үшүн алды бейм. Мен кубангам. Анткени ал ойготуучу партия болчу. Улутчул партия эмес болчу. Улуттук сезимди ойготуучу партия эле. Бул партия бир улуу нерсени ачуу, чындыкты жон териң менен сезип, озондоп чыгышкан. Эмнени сезишкен? Бүтүндөй кыргыз эли кулчулук психологиясынын сазына биротоло сорулуп, батып баратканын туя билишкен. Мындай туя билүү чоң олжо эле. Аттиң, бирок көп өтпөй эле, «Асаба» да дымып калды. Бул кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болду, анын кээрин азыр да сезип жатабыз. Өткөн жылкы Ош трагедиясын эстейли. Асакемди болсо өкмөткө кызматка кетишти деп айтышты. Ал жерде кандай иштеди, эмне иштерди бүтүрдү – мен буга тийишпейин, ал жөнүндө ошондо Асакеме жакын жүргөн «кошоматчылар» айтышсын. Мен өзүмдүн Асакеме өтөйүн.
Ошентип андагы Кыргыз-Кувейт, азыркы Чыгыш университетине келип калдым. Мен аны адеп көргөндө бала бакча го деп да ойлогом, көрсө, чын эле бала бакча экен, университет ушу бала бакчанын имаратында жайгашыптыр. Асаке, мен катардагы профессор болуп эле иштеп берейин, калганынын мага кереги жок», — дедим мен. «Кой, бизге сиздин илимиңиз, билимиңиз керек, декан болуңуз, анча деле көп иш жок, эмне, 100гө жетпеген студенттерибиз бар…», — деди Асакем. Макул болдум. Адегенде чын эле, иш жоктой көрүндү. Кабинетте отурам. Эч ким менен ишим жок. «Күн бүгүн жаман ысып турат» аттуу аңгемемди да жазып таштадым. Беш-алты күн өткөндөн кийин иш жок дегенди көрүп ал, улам бир арабы кирет, тиги студент минтип койду, сабактан кечигип жатат, расписание тигинтип калыптыр, минтип калыптыр ж.б. Алапайымды таппай эле отуруп калдым. Минтип шалдайып отурсам, жаркылдап эле Асакем кирет: «Ой, Бейшеке, жаркылдап минтип отура бергениң болбойт, декан болгондон кийин коридордо ары-бери басып, калп болсо да күпүлдөп туруш керек. Сабактарга кириш керек… болбосо, арабдар айтышпайбы, декан эчтеке кылбай жатып алып эле айлык жеп жатат деп…». Кийинки жылы Асакеме кирдим: — Асаке, бул ишиң ит экен, мени бошотуңуз!..». Бошотту – кафедра башчылыгына которду. Кийинки жылы кайра кирдим: «Айланайын, Асаке, мунуң тигинден өткөн ит экен, саат бөлүштүрүшүң керек экен, отчёт жазышың керек экен… Эптеп бирдеме кылып, мени бошотуңуз!». Айла жок, Асакем бери карап күлүп, нары карап ыйлап, андан да бошотту – катардагы профессор болуп калдым. Азыркыга чейин ушул кызматта туруктуу иштеп келатам. Ошентип мен декандыктан катардагы профессорлукка чейин «өсүп жеттим». Мен мындай «өсүштө» жүргөн учурда окуу жайыбыз «бала бакчадан» чыныгы университетке айланып, жалпы журтка таанылууга үлгүрдү. Мына ушул таанылуу процессинде мен да Асакемди тааныдым.
Айрым университеттерди (Улуттук университетин, Кыргыз-Россия Славян университетин ж.б.) атайлап таанытпаса да, таанууга мажбурбуз, мунун себебин чечмелеп отуруунун кажети жок. Ал эми биз сыяктуу жетим козудай болгон жеке менчик, чакан университетти таанытуу – бул тирүүнүн тозогу. Атүгүл иштеп жатканыбызга көп жыл болсо да «Ошондой да университет барбы, укпаптырмын», «Силер эмне молдолорду окутасыңарбы?» — дечүлөр бүгүн да кездешет. Таанытуу үчүн, баарыдан мурда, алака түзө билүү керек. Ким менен? Өкмөт менен, министрликтер менен, Жогорку Кеңеш менен, дүйнөлүк коомчулук менен. Бирок булар алака түзүшөлү деп өздөрү эле жүгүрүп келе коюшпайт да. Алардын көңүл чордонунда бир гана суроо турат – ректору ким? Демек, ректор алар менен тең ата сүйлөшө ала турган оозунда сөзү бар, ички маданияты, интеллектиси бийик, кадыр-барктуу жана зирек инсан болушу керек.
Эми университеттин кызыл китебин барактап көрөлү, окуу жайыбызга кимдер келип, кимдер ак тилегин жазып калтырбаган: Жогорку Кеңештин төрагалары, депутаттар, премьер-министр, мамлекеттик катчы, министрлер, эл жазуучулар, академиктер (мен чет өлкөлөрдөн келгендерди айткан жокмун) ж.б. Бул эмне дегендик? Бул бери эле алганда, университет мамлекеттик деңгээлде таанылды деген сөз. Акырында бул – университеттин жетекчиси, иштин көзүн билет деген сөз. Асакемдин менин көзүмө биринчи илинген сапаты да анын иштин көзүн билерлиги болду. Бул – бир.
Экинчиден, келчү же таануучу тараптын көңүл чордонунда дагы бир өтө олуттуу суроо уялап турган болот – ал жерде кимдер иштешет? Демек, окуу жайына чыныгы кесипкөй адистерди тартуу керек эле. Албетте, айлыгы жакшы болсо, ким болбосун «пулуң болсо, кулуңмун» — деп жүгүрүп келери белгилүү дечи. Бирок кыйратып жибергидей айлыгы жок биздикиндей окуу жайга кесипкөй окутуучуларды алып келүү канчалык кыйын экени өзүнөн өзү белгилүү. Мына, ушу жерден Асакенин дагы бир сапаты жарк этип чыга келди, ал – уюштуруучулук касиети бар, ал бул жагынан жетесинен бөтөнчө бир зирек бүткөн айрым айыл аксакалдарын эске салат. Айылда айрым бир аксакалдар болот, кандай гана жамандык-жакшылык болбосун, алтымыш академик бириксе да, башы жетпеген маселелерди жөпжөнөкөй эле мизилдетип тейлеп коюшат. Университетибизде ушу мезгилге чейин иштеп келишкен кадрларды карап отуруп, мен, чын эле, Асакеме тан беремин. Анткени биздин окуу жайыбыздын окутуучулук-профессорлук курамы өзүнүн сапаты жагынан республикабыздагы абройлуу жогорку окуу жайлардын кимиси менен болбосун, теңтайлаша алат. Мындай кесипкөй кадрларды топтоо тикеден-тике Асакемдин уюштуруучулук жөндөмүнө байланыштуу экендигин бүгүнкү күндө эч ким тана албайт.
Кийинчерээк биз бир жаман дартка кабылгансыйбыз – жан дүйнөбүздү кара туман чулгап бараткансыйт. Жан дүйнөнүн кара туманы – бул не деген шор! Кай жерге барба интрига, ушак, көрө албастык, аңдышмай… Элестетип көрөлүчү, мектеп мугалимдери же жогорку окуу жайдын профессорлору бири-бирин аңдышып, ушакташып, бири-бирин чукуп, чачташып жатышса, аларды көргөн окуучулар менен студенттердин тагдыры не болот, чачташып жатышкан мугалимдер менен профессорлордун берген билими, тарбиясы жугабы? Аза бойду тик тургузган ушул суроого келгенде, мен Асакеме өзгөчө ыраазы экенимди жашыргым келбейт. Мен эле эмес, университеттин жалпы жамааты ыраазы. Анткени университетте ушунчалык бир бейпил адеп-ахлактык атмосфера түзүлгөн – бул жерден кеткиң келбейт. «Айлыгы көп жерлер чакырып эле жатышат, бирок бул жерди кыйып кете албайм, анткени бул жер таза, тынч отуруп иштеп берсең болот», — деген сөздү окутуучулардын оозунан көп эле угасың.
Жогорудагы мен белгилеген сапаттар түбү барып бир жерге куят, же алар бир өзөктөн чачырап чыгышат. Бул өзөк, бул борбор эмне? Ал – кут. Асакемде кандайдыр бир кут бар. Кыргыздар үчүн куттан өткөн ыйык нерсе жок болсо керек. Анан ойго чөгө бересиң: кут деген эмне, ал ар бир адамда барбы? Мен бул суроого так жооп бере албаймын, балким, муну Теңирим айрым адамдарга гана ыроолор, балким, бардык адамдарга бирдей эле берер. Бирок аны кармап калууга баарынын эле кудурети жете бербес, «баланча көз жумгандан кийин ушул үй-бүлөдөн ырыскы кетти. Көрсө, кут ошол баланчада экен да!..». Мен ушул сөздү бала чагымдан бери көп эле угуп келем жана мен буга ишенемин. Анткени бир мезгилде көкөлөп турган үй-бүлөнүн ичинен бирөө өтүп кетсе, ал үй-бүлө шөмтүрөп, мусапыр кейпин кийип калганына көп эле күбө болуп жүрбөйбүзбү. Куту бар адамды кантип билүүгө болот, кут кандайча көрүнөт? Бул да өтө оор суроо. Мен аны Асакеме байланыштырып гана карап көрөйүн. Асакем университетке кирип келатканда, университет толо түшкөндөй болот, чечилбей жаткан маселелер өзүнөн өзү эле чечилип калчудай туюла берет. Атаң же апаң үйгө куру кол кирип келсе деле, үй ичи толуп жадырап-жайнай түшөт го. Асакем мына ушул ата-энени эске салып турат. Анан университетибиздин аз жылдын ичинде эле таанылууга жетишиши, университетте адеп-ахлактык бейпил атмосферанын уялашы дал ушул Асакемдеги куттабы деп ойлоп кетем.
Асакемди карап отуруп, кут балалыктан келеби дейм. Куттун өзү балалык окшойт. Балалыктан ыйык, тунук жана оор бул дүйнөдө бир нерсе бар болду бекен! «Дүйнөнү эле тазарта алса, тазарта алат балдар гана», — дейт кыргыздын эң зирек акындарынын бири Анатай Өмүрканов. А биз балалыкты – өзүбүздөгү балалыкты, өзүбүздүн балалыгыбызды – сактап кала алабызбы, аны көзүбүз өткөнчө боорубузга кысып жүрүүгө кудуреттүүбүзбү? Адамдын адамдык тагдыры, адамдык нарк-насили да ушул суроодо жатабы деп ойлойм. Асакем мына ушул өзүнүн балалыгын бооруна кысып, алигиче алып жүрөт, андан түбөлүккө ажырай албайт көрүнөт. Асакемдеги кут өзү бооруна кысып турган балалыгында жатат. Балалыктын өзү оор эмес, ал – камгак гана, ал эми аны сактап калуу, өзү менен чогуу ала жүрүү – не деген тозок. Адамдын адамдык кудурети да ушул тозок аркылуу билинет. Арийне, ар бир пендеге таандык өксүк Асакемде да бардыр. Бирок кандай болгон күндө да, Асакем – кут даарыган адам. Ушул кут андагы өксүктүн баарын мизилдетип жууп кетип турат. Асакемди университетте таанып-билүү процессинин биринчи бөлүгүн жыйынтыктап жатып, мен бир акыйкатты айтып кетүүгө милдеткермин: Асакем ушул Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде иштеп жатып, өзүнө урагыс эстелик орното алды.
Сөзүмдүн экинчи бөлүгүндө мен дагы бир маселеге атайын токтоло кетпесем болбойт. Асакем – дайыма изденүүдө жүргөн адам, ал өзүнүн жүрөгүн эзип, көйгөйгө салган маселелер жөнүндө унчукпай коё албайт – республикалык басма сөздөргө алар тууралуу макалаларын байма-бай жарыялап келет. Аны карап отуруп мен, балким, адамдын бир бактысы, адамдын адамдык кудурети дал ушул изденүүдө жүргөнүндө жаткандыр деп ойлоп калам. Кийинчерээк Асакем экөөбүз ишемби-жекшемби күндөрү да университетке такай келип иштеп жүрдүк. Ал өзүнүн жүрөгүн өйүгөн маселелер боюнча макалаларды жазды, докторлук ишинин аягына чыкты. Мен илимий жана көркөм чыгармачылык менен алектендим. Ара-чолодо экөөбүз аңгемелешип калып жаттык. Мен бул жерде анын докторлук ишине талдоо жүргүзгүм келбейт, бул боюнча кесипкөй адистер өздөрүнүн баасын беришер деп ойлойм. Бирок ошентсе да, Асакемдин бул иши Кыргызстандын эл аралык мамилелери, кыргыз дипломатиясы боюнча иликтөөлөргө теориялык нук, багыт болуп калаарына жана кыргыз тарых илиминде өзүнүн татыктуу ордун ээлерине ишенемин.
Анда башыңыздан кут кетпесин, Асаке!
Бейшебай УСУБАЛИЕВ,
филология илимдеринин доктору, профессор, жазуучу