КУТ ДААРЫГАН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

  • 01.12.2022
  • 0

КУТ ДААРЫГАН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Быйыл Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 100 жылдыгына утурлай Кочкор-Ата колледжи 41 жылдыгын белгилеп, окуу жайдын эмгек жамааты жана жетекчилиги артта калган жылдарда эмнеге жетиштик, эмнеге жетишпей калдык деп өздөрүнө жана жумурай-журтка отчет берип турган кези. 

ОКУУ ЖАЙ БАСКАН ДАРХАН ЖОЛ    

КУТ ДААРЫГАН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Кочкор-Ата колледжи 1981-жылы СССРдин Электрондук өнөр жай министрлигинин №423 буйругу менен Кочкор-Ата кечки электрондук приборлор техникуму (Кочкор-Атинский вечерний техникум электронных приборов) болуп уюшулган. 2008-жылдын декабрь айынан баштап Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен Кочкор-Ата колледжи болуп өзгөртүлгөн.

Окуу жай түзүлгөн жылдан баштап 1997-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун мыктысы, Ноокен районунун ардактуу атуулу Маманов Абдибакы жетектеген. Ал иштеген учурда техникумдун көптөгөн окуу имараттары курулган. Абдибакы Маманович материалдык-техникалык базаны түптөп, электрондук жабдыктарды чыгаруучу «Анар» заводуна орто кесиптик билимдүү кадрларды даярдаганга чоң салымын кошкон. Окуу жайдын аймагында арча-карагайларды, мөмөлүү бак-дарактарды эгип, окуу жайдын тегерегин жашылдандырып көркүнө чыгарган.

КУТ ДААРЫГАН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

1997-2003-жылдар аралыгында окуу жайды Кудайназаров Исманаалы жетектеген. Ал жылдары колледжде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу-консультативдик пункту өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жогорку кесиптик билим берүүчү адистиктер даярдала баштаган. Исманаалы агай окуу жайдын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон. Анткени ал жетектеген жылдары студенттердин саны өсүп, окуу жайда жумуш орундары пайда болуп, көптөгөн окутуучулар кабыл алынган. Мындан сырткары ушул жылдарда кыска мөөнөттөгү айдоочулук жана ЭЭМдин оператору курстары өз ишин жүргүзгөн. Жаштар тандаган адистиктери боюнча билим алуу менен бирге айдоочулук күбөлүктөрүн жана ЭЭМдин оператору деген сертификаттарга ээ болушкан.

2003-жылдан тартып 2018-жылдын октябрь айына чейин окуу жайды физика-математика илимдеринин доктору, профессор Тампагаров Куштарбек жетектеди. Ал мезгилде окуу жайда бир топ көрүнүктүү иштер жасалып, материалдык-техникалык база чыңдалган, жаңы адистиктер ачылган. Ошондой эле Merci Corps менен биргеликте окуу жай үчүн жаңы технологиялар алып келинип, ишке киргизилген. Автоунааларды техникалык жактан тейлөө жана оңдоо адистиги боюнча бир топ көрүнүктүү иштер жасалган. Студенттер үчүн автоунаанын тетиктери менен практикалык сабактарды эффективдүү өтүү үчүн атайын аудиториялар жасалгаланган. Мындан сырткары Азия өнүктүрүү банкынан алты миллион сомдон ашык инвестиция тартылып, окуу-өндүрүштүк устакана жана эки дарскана компьютердик жабдыктар менен жабдылган.

КУТ ДААРЫГАН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

2018-жылдын октябрынан 2021-жылдын апрелине чейин окуу жайдын директору болуп педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Молдокеримова Эктибар жетектеди. Ал учурда өлкөдө пандемия күч алып, окуу процессин жаңыча онлайн форматта уюштурууга туура келди. Ошондой эле Ноокен районунун четки айылдарынан келип окуган студенттер үчүн атайын каттамдагы маршруткалар менен келүүгө шарт түзүп берди.

2021-жылдын апрель айынан азыркы күнгө чейин окуу жайды тарых илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Назарбаева Батма жетектөөдө. Кыска убакыттын ичинде Батма Суйналиевна түрдүү долбоорлор менен иштешип, окуу жайга төрт миллиондон ашык инвестиция тартты. Натыйжада окуу имаратынын терезелери Кочкор-Ата мэриясы менен биргеликте жалпы сметалык баасы 2 млн 167 миң сомго жаңыртылды.

КУТ ДААРЫГАН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Өндүрүштүк устакана имаратынын 2-кабаты баштан-аяк оңдолуп, эки чоң лекциялык аудитория, бир компьютердик кабинет жана бир практикалык сабак өтүүчү аудитория блок парта, проектор, интерактивдүү доска жана компьютерлер менен жабдылды.

Мындын сырткары Батма Суйналиевнанын демилгеси менен даярдалган долбоор ишке ашып,  “Ноокен Өнүктүрүү фондусунун” каржылоосу менен 2 млн 683 миң 126 сомдук сметалык баа менен окуу имараты толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Мындан сырткары Кыргызнефтегаз ААКнын демөөрчүлүгү менен 200 миң сомдук акча каражатына кошумча жабдуулар алынды.

 

ИШЕНИМДҮҮ КАДАМДАР

КУТ ДААРЫГАН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Учур талабына ылайык, санариптештирүү да колго алынып, AVN программасы киргизилген. Учурда колледжде миңден ашуун студент билим алууда. Алардын билимин баалоо 2022-жылдын февраль айынан бери AVN системасы аркылуу ишке ашырылып келет. Студенттер жана алардын ата-энелери модулдардын жана экзамендердин жыйынтык бааларын порталдан ачык-айкын көрө алышат.

  • Биз мыкты окуган студеррге да жыл сайын стимул болсун деп стипендияларды берип турабыз. Жыл ичинде 23 студент мыкты жетишкендиктери үчүн стипендия менен камсыз болду. Студенттерди социалдык жактан колдоо максатында да окуу жайдын атайын жобосунун негизинде окуу төлөмүнө жеңилдиктер берилет. Окутуу процессин жакшыртуу максатында окуу-усулдук, илимий-практикалык конференциялар байма-бай өткөрүлүп турат. Дуалдык окутуу да колго алынып, окуу процессинде колдонулуп келет.  Студенттер учурда бизнес долбоорлор менен иштөөнү колго алып, окутуучуларыбыз бул боюнча иш алып барууда. Аймактагы жана АКШдагы ишкерлер менен тажрыйба алмашуу  иштери жүрүүдө, — дейт колледждин директору Назарбаева Батма.

 

ТАРБИЯ — КЕЛЕЧЕКТИН ПАЙДУБАЛЫ

КУТ ДААРЫГАН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Окуу жайда билим берүү менен бирге тарбия маселеси да колго алынган. Студенттер коомдук иштерге, илимий-практикалык конференцияларга да активдүү катышат. Ден соолуктун булагы болгон спорттук иш-чараларда алдыңкы орундарга ээ болуп, тартиптүү алдыңкы студенттердин ата-энелерине атайын Ыраазычылык баракчалары берилип турат. Алардын бир мисалы катары 22-сентябрда Кочкор-Ата шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган “Тил жоголсо, жоголот анын дили” аттуу конкурста студенттер 1-орунга ээ болуп, баалуу белектер менен сыйланганын айтсак болот. Октябрь айында Карыялар күнүнө карата Ноокен райондук администрациясы тарабынан бөлүнгөн жалгыз бой карыя Топчубаев Адылжанга эмгек жамааттын атынан акчалай жардам берилди. Мындан сырткары райондук масштабда ишембиликтерге жигердүү катышып, окуу жайдын гана эмес районубузду көрктөндүрүүгө өз салымын кошуп келишет.

 

СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЖАКШЫ ЖАГДАЙ

КУТ ДААРЫГАН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Колледжде  жалпы 47 инженер-педагог эмгектенет. Анын ичинен экөө илимдин кандидаты, бир доцент,  эки аспирант, 11 билим берүүнүн мыктысы болсо, беш окутуучу «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунан келип сабак берет.

  • Окуу жайда билим сапатын жогорулатуу жана сырткы байланыштарды күчөтүү максатында студенттер, ата-энелер жана жакынкы райондордун мектеп окуучуларынын арасында атайын онлайн сурамжылоо өткөрүлүп турат. Анын жыйынтыгы боюнча сунуштар кабыл алынып, иш планына киргизилет. Мындан сырткары окуу жай коңшу Өзбекстан, Казакстандын кесиптик орто окуу жайлары менен дагы кызматташуу боюнча меморандум түзүүгө жетиштик, — дейт жетекчи.

 

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

КУТ ДААРЫГАН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Акыркы учурлардагы окуу жайда болуп жаткан өзгөрүүлөр жана өнүгүүлөр тууралуу окуу жайдын директорунун биринчи орун басары Сатымкулова Фатима төмөндөгүлөргө токтолду:

  • Бүгүнкү күндө окуу жайдын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, лабораториялык кабинеттер заманбап жаңы жабдуулар менен камсыздалып, китепканадан баштап бардык бөлмөлөр компьютерлештирилди. Окуу имараттарынын чатырлары толук жабылды. Жылытуу системасы газ жана электрэнергиясы менен иштейт. Спорт зал, актовый зал, конференция өтүүчү залы, ашкана жана окуу кааналары капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Коопсуздук маселеси окуу жайда башкы орунда туруп, өрт жана техникалык коопсуздук боюнча окуу жайдын имараттарында жайгашкан эскилиги жеткен өрткө каршы шаймандар алынып, баары жаңыртылды. Окуу эмеректери жана окуу китептери жетиштүү деңгээлде сатылып алынды. Ошондой эле колледжде 71 комплект компьютер, төрт интерактивдүү доска, алты проектор, 16 видеокамера, эки интернет класс, бир электрондук китепкана, бир лингафондук кабинет, бир виртуалдык лаборатория иштейт.

 

АРДАГЕР АГАЙ

КУТ ДААРЫГАН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Орунбай Кожоев бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жаткан ардактуу кызматкер. Ал окуу жайда 1981-жылдан бери эмгектенет. Студенттер жана кызматкерлер анын окуу жайда уюштуруу иштеринде активдүү катышкандыгы тууралуу маектерин  тирүү тарыхый булак катары кызыгуу менен угушат. Ал дайыма окуу жайдын алгачкы мезгилдериндеги татаал жана тарыхый жолдорунан баяндап,  студенттерди андан сабак алууга чакырат.

 

КУТ ДААРЫГАН ОКУУ ЖАЙГА КУТТУКТОО

КУТ ДААРЫГАН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Г.Сүйүнбаева, ардагер мугалим, колледждин жалпы бөлүмүнүн башчысы:

  • Жашоодо тынымсыз эмгектенип Мекенибизге кызмат кылып, улам кийинки муунга кам көрүп, аларды өстүрүп үлгү болуп келебиз. Кайсыл тармакты албайлы ар биринин өз орду, түгөнгүс түйшүгү, терең мааниси бар. Бирок ошолордун ичинен шам чырактай жарык берип, ултубуздун беделин көтөргөн ат көтөргүс жүк арткан кызматты мугалимдер аткарып келерин баса көрсөткүм келет. Бүгүнкү куттуктоо ээси болгон 41 жылдык бай тарыхы бар Кочкор-Ата колледжи дал ошол илим-билимдин уясы болгон куттуу окуу жай. Өз учурунда ушул окуу жайын түптөп, жаштардын келечегин, эртеңин көрө билген Абдибакы Маманов агайыбыздын атын урмат менен эскерип, ушул майрам менен шайкештиргим келди. Анткени агайдын өтө көп эмгеги менен колледж бүгүнкүдөй өсүп-өнүгүүгө старт алган. Агайдан кийин үч жетекчи иштеп кетти. Алардын да ар биринин 41 жылдык мааракеде алкоого ала турган абдан чоң салымдары бар. Адам баласы ушундай тарыхтын пайдубалын улам көтөрүп отуруп тарыхты улайт тура. Азыр болсо жогорудагы жетекчилердин ишин улап, заманбап жетекчи катары Б.Назарбаева жоопкерчилик менен эмгектенүүдө.

Окуу жайын кутка толтуруп, көрк берген топ бул эмгек жамааты экенин да четте калтырбайын. Жамааттын чыгармачыл, тынымсыз эмгеги жаштарды көкөлөтүп билимге сугарат. Анда кут даарыган окуу жайынын администрациясын, инженердик-педагогикалык курамын жана биздин сүйүктүү студенттерибизди 41 жылдык майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, ченемсиз ийгиликтерди каалайм.

Бөлүшүү

Комментарийлер