КУРУ НАМЫС КУЧАГЫНДАГЫ АКЫРКЫ КОҢГУРОО: ГҮЛ ЖАРЫШ КИМДИН ШОРУ?

  • 01.06.2026
  • 0

Өлкө мектептеринде кезектеги акыркы коңгуроо кагылды. Билим берүү министрлиги жылдагыдай эле акча чогултууга, ресторандардагы шаан-шөкөткө жана кымбат автокортеждерге расмий тыюу салганы менен, майрамдын көшөгө артындагы көрүнүшү таптакыр башка нукта уланды. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн салтанаты билимдин жетишкендиги менен эмес, утурумдук куру намыстын, чек арасыз амбициянын жана атаандаштыктын майданына айланды. Өзгөчө, мектеп босогосун аттап жаткан кыздарга берилген алп букеттердин баасы коомдо чоң талкуу жана нааразычылык толкунун жаратты.

Бул көрүнүш коомдук тармактарда жөн эле сынга алынбастан, терең социалдык трагедия катары бааланууда. Мугалим Айзада Апазованын билдирүүсү замандын ачуу чындыгын ачыкка чыгарды: «Бир күн мурда ата-энелер жыйынында өтө чоң гүл албагыла деп сурандым эле. Кимдир бирөөнүн апасы өтүп кеткен, бирөөнүн атасы жок, дагы бирөөнүн жакыны миграцияда оор жумушта жүрөт… Бирөөнүн жүрөгүн оорутуп, эң бактылуу күнүн ыйга айландырбайлы дедим. Бизде окуучулар айтканды угат, бирок арабызда тартипке баш ийбеген «ээнбаш» ата-энелер бар экен. Алар 15 000 – 20 000 сомдук гүлдөрдү көтөрүп келишти. Кубанычтуу жүздөрдүн арасынан капалуу көздөрдү көрдүм…»

Коомдогу бул мандемдүү көрүнүш кыргыз ата-энелеринин психологиясындагы олуттуу деформацияны көрсөтүп турат. Маселен, социалдык тармактын колдонуучусу Лира Оморованын айтымында, ушул эле ата-энелер бир-эки жума мурун мектептин ремонтуна 100-300 сом суралганда «өкмөт жасап берсин» деп мугалим менен урушуп, каршы чыгышкан. Ал эми үч күндөн кийин соолуп, таштандыга ыргытыла турган гүлгө келгенде он миңдеген сомун аяшкан жок.

Бул жерде каржылык тартыштык эмес, баалуулуктардын кулашы биринчи планга чыгат. Биз мектептеги билим берүү чөйрөсүнө инвестиция салууну «чыгым» көрүп, эл көзүнө мактанууну «милдет» катары кабыл алып калдык.

Ата-энелердин бул «гүл жарышы» эрезеге жетип келе жаткан өспүрүмдөрдүн психологиясына кандай сокку урганын аңдагандар аз. Фейсбук колдонуучу Баяна Кулова өзүнүн студенттик жылдарындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, дипломун эң жакшы баага жактаса да, куттуктап келген эч кимиси жок, колуна гүл кармабай томсоруп калгандагы травмасы 22 жыл өтсө да жүрөгүндө сакталып калганын жазат. Ал эми бүгүн ал көчөдөн курбулары чоң букет көтөрүп, өзү арзан гүл менен эң артта башын жерге салып, ыйлап бараткан бүтүрүүчү кызды көргөнүн айтат.

Бул – жөн гана гүл эмес. Бул – баланын аң-сезимине «сенин ата-энең кедей», «сен баалуу эмессиң» деген жарлыкты тирүүлөй чаптоо. Биз өз балабызды убактылуу «бактылуу» кылуу үчүн (эгер муну бактылуулук деп атасак), жанындагы жетим, жарым жетим же ата-энеси миграцияда жүргөн миңдеген балдардын жүрөгүн тилип жатабыз.

Фейсбуктагы талкуулардан көрүнгөндөй, бул илдетке каршы тургандар да, анын азабын тарткандар да толтура:

  • Үй-бүлөлүк колдоо гүлдөн бийик: ЖУМАГУЛЬ БАРКТАБАСОВА: «Биздин кызыбыз гүл албайм, убара болбогула деген. Берген жокпуз. Байкасам, көңүлү ачык эле жүрөт». Бул – баланы сырткы жалтыракка эмес, ички эркиндикке тарбиялоонун үлгүсү.
  • Миграциянын айыптоо сезими: АЙЖАНА МУРЗА: «РФдан келген мигрант ата-энелер өздөрүнүн баласынын жанында жок болгон мезгилин акча, гүл, саат, кымбат телефондор менен толуктадык деп ойлошот. Бул чоң ката».
  • Китепке караганда көрүнүш маанилүүбү? АЙНУРА ЧОКОЕВА: «11 жыл билим алган мектепке жок дегенде адабий китеп алып бергенге жарашпайт дагы, гүл жарыш кылышканы эмнеси? Азыр сырткы келбетти көрсөтүүнүн заманы болуп калды».

Бул маселе гүл сатуучулардын бизнесин жүргүзүү же бир күндүк шаан-шөкөт эмес. Бул – улуттук деңгээлдеги аң-сезимдин кризиси. Биз балдарыбызды билимдүү, адептүү, ыймандуу кылып тарбиялоонун ордуна, баарын акча жана сырткы жасалга менен өлчөгөн, материалдык баалуулукту баарынан өйдө койгон «роботтордун» жаңы муунун өз колубуз менен өстүрүп жатабыз.

Эгер бул тенденция улана берсе, эмки жылы акыркы коңгуроо гүлдөрдүн эмес, бриллианттардын же унаалардын мелдешине айланбайт деп ким кепилдик бере алат? Мамлекеттик деңгээлдеги тыюулар кагаз жүзүндө калып, коом өзү ички маданиятын, «эл көрсүн» деген оорусун дарылабаса, бул ысырапкерчиликтин сазына барган сайын тереңирээк бата беребиз. Дүйнө кымбат гүлдөр менен эмес, таза жүрөктөр жана терең билим менен кооз экенин унутуп койдук.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер