КИТЕП ТЕКЧЕҢИЗГЕ ТҮРК СӨЗДӨРҮНҮН ТҮП МААНИСИ

  • 24.01.2025
  • 0

Профессор Акматали Алимбековдун «Махмуд Кашкаринин «Түрк сөздөр жыйнагындагы» салттык педагогикалык баалуулуктар» аттуу жаңы китеби жарык көрдү.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Акматали Алимбековдун “Махмуд Кашгаринин «Түрк сөздөр жыйнагындагы» салттык педагогикалык баалуулуктар” аттуу жаңы китеби жарык көрдү. Китеп “Махмуд Кашгаринин «Түрк сөздөр жыйнагындагы» салттык педагогикалык баалуулуктар” деп аталып, сөздүктүн 950 жылдыгына арналган. Жалпыга маалым “Махмуд Кашгаринин «Түрк сөздөр жыйнагы» түрк элдеринин орток мурасы. Сөздүктө азыркы кыргыз тилинин 60-70 пайызы камтылган. Ошону менен бирдикте кыргыз элинин салттык педагогикалык билимдеринин башка булактардан жолуга бербеген нукура фактылары, үлгүлөрү катталган. Китепте Махмуд Кашгаринин «Түрк сөздөр жыйнагындагы» таалим-тарбияга байланыштуу салттык ойлор, түшүнүктөр, балдарды тарбиялоонун каражаттары катары кызмат кылып келген үгүт-насыяттар, балдар оюндары жана оюнчуктары, макалдар талдоого алынат.

Китептеги айрым ой тыянактарга токтолсок «Ө» – акыл, зээн, эс дегенди билдирет. Акылдуу, зээндүү жана улгайган, насаат айткан карыя аксакалдарга «ө, е» деп кайрылышкан. Жалпылап айтканда, «үгө, өге» – «акылдуу, тажрыйбалуу», акыл-эстүү кишилерге берилген мүнөздөмө катары колдонулган. Окумуштуунун божомолунда кыргызчадагы «аке» сөзү менен «өге» (ага) сөзү тектеш. Анткени Махмуд Кашгаринин сөздүгүндөгү «өгелер» сыяктуу акелер да табияттагы жана коомдогу процесстерди парасаттуулук менен баамдап, алдын ала көрө билген, көсөм жана акылман мүнөздөрү менен айырмаланган, тарбиялык насааттары, кеңештери бүт элдин пейилин, мүнөзүн оңдоого таасир эткен, ысымы тирүүсүндө эле аңызга айланган, сөздүн толук маанисиндеги элдик педагогдор болушкан. Китепте белгиленгендей «үйрөтүү», «үйрөнүү» («билик үгрен» – илим үйрөн!), түшүнүктөрүнүн уңгусунда дал ошол «ө» сөзү жатат. Түп маанисин түзмө-түз чечмелегенде башкалардын акылына, кеңештерине канык, өз алдыңча ойлон, акылыңды өстүр деген мазмунга ээ. Бул сөз азыркы түркчөсүндө «өгрен», хакастарда «уген», уйгурларда «угэн», азербайжан, башкыр, татар элдеринде «ойрэн», түркмөндөрдө «оврен», казактарда «уйрен», якуттарда «уорэн» деп айтылып, бирдей маанини, кандайдыр бир өнөргө, адамгерчиликтүү адат-салттарга ээ болуу деген түшүнүктү билдирет. Демек, түрк элдери түп замандан эле адамдын өсүп-өнүгүүсүнүн башкы өбөлгөсү тарбиячы менен тарбиялануучунун аң-сезимдүү, максаттуу иш-аракеттерине байланыштуу боло тургандыгын жеткилең түшүнгөн.

Сөздүктөгү балдарды үй-бүлөдө кароо, багуу, ден соолугун сактоо, коргоо, торолтууга байланыштуу түшүнүктөр жана салттар көчмөндүк доордон азыркы күнгөй чейин кыргыз үй-бүлөлөрүндө жашап келген тажрыйбалар менен тамырлаш. Махмуд Кашгари тарабынан топтолуп сөздүккө киргизилген балдар оюндары, оюнчуктардын көпчүлүгү азыркы кыргыз балдарынын салттык оюн репертуарларында кезигет. Ал эми сөздүктүн курамындагы үгүт-насааттар, макалдар бул китепченин алкагындагы талдоолор көрсөткөндөй кыргыз фольклорунда кылымдарды тепчип бизге жеткен ата-бабалардын осуяттары, насыяттарынын орто кылымда катталган үлгүлөрү.

Эмгек жогорку окуу жайлардын мугалимдик адистиктерине киргизилген «Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы» дисциплинасын үйрөнүүчүлөргө, мектеп мугалимдерине арналат. Эске сала кетсек, жакында профессор Акматали Алимбеков «Туран» илимдер академиясынын академиги болуп шайланган.

Ибраим Чотов,
«Кут Билимдин»
өз кабарчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер