Кесипти мектептен тандоо: профилдик окутуунун тажрыйбасы

  • 02.06.2026
  • 0

Кыргызстанда билим берүү системасы 12 жылдык мектеп моделине өтүү багытында олуттуу реформалардын алдында турат. Бул өзгөрүү окуучуларды келечектеги кесибин аң-сезимдүү тандоого багыттоо маселесин өзгөчө күн тартибине чыгарды. Айрыкча, профилдик окутуу жалпы билим берүү менен кесиптик даярдоонун ортосундагы байланышты бекемдөөнүн негизги механизми катары каралууда. Бирок жаңы моделди ишке ашыруу мектептердин даярдыгы, кадрдык камсыздоо жана материалдык база жагынан бир катар суроолорду жаратат. А бирок, буга чейин да мектептерде кесиптик окутуу боюнча тажрыйбалар жүргүзүп келген.

Кесипти мектептен тандоо: профилдик окутуунун тажрыйбасы

Кыргызстанда профилдик окутууну өнүктүрүүгө багытталган алгачкы кадамдар 2009-жылы башталган. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2009-жылдын 22-июнундагы №713 буйругу менен мектептик билим берүүнүн жогорку баскычында профилдик билим берүүнүн концепциясы бекитилген.

Кийинчерээк, 2014-жылы кабыл алынган мамлекеттик билим берүү стандартында профилдик курстар окуу планынын курамдык бөлүгү катары киргизилген. Ал эми 2021–2030-жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүү концепциясында профилдик окутуу билим берүү реформасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары кайрадан белгиленген.

12 жылдык билим берүү системасына өтүү бул маселени дагы актуалдаштырды. Анткени жаңы модель окуучулардын жөндөмүнө, кызыгуусуна жана келечектеги кесиптик тандоосуна көбүрөөк көңүл бурууну талап кылат.

Пилоттук долбоорлордун тажрыйбасы

Профилдик окутуунун пилоттук модели өлкөдөгү айрым кесиптик лицейлерде 2024-2025-окуу жылында ишке ашырылды. Алардын катарында Бишкек шаарындагы №5 жана №91 кесиптик лицейлери бар. №5 кесиптик лицейи «Креатив Таалим» жана №63 мектептери менен кызматташып, окуучуларга «слесарь-сантехник» жана «автоэлектрик» адистиктери боюнча билим берүүдө. Ал эми №91 кесиптик лицейинде «ашпозчу-кондитер» багыты боюнча окутуу жүргүзүлүүдө.

Окуулар негизинен ишемби күндөрү өткөрүлүп, 10-класстын экинчи жарым жылдыгын жана 11-класстын биринчи жарым жылдыгын камтыйт. Бул модель окуучуларга мектептеги жалпы билим алууну улантуу менен бирге белгилүү бир кесип боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

 

Кесипти мектептен тандоо: профилдик окутуунун тажрыйбасы

Профилдик окутуунун артыкчылыктары

№5 лицейдин директору Элеонора Ишекееванын айтымында, профилдик окутуунун негизги артыкчылыгы – кесиптик багыт берүүнүн эрте башталышында. Биринчиден, окуучулар 10–11-класстарда эле белгилүү бир кесип менен таанышып, өз мүмкүнчүлүктөрүн жана кызыгууларын реалдуу шартта сынап көрүшөт. Натыйжада келечектеги кесиптик тандоо аң-сезимдүү жүргүзүлөт.

Экинчиден, билим берүү теория менен гана чектелбестен, өндүрүштүк окутуу жана практикалык иштер менен толукталат. Бул эмгек рыногунда талап кылынган баштапкы көндүмдөрдү калыптандырууга шарт түзөт. Ошондой эле мектептер менен кесиптик лицейлердин өнөктөштүгү күчөп, жалпы жана кесиптик билим берүү системаларынын өз ара байланышы бекемделет.

Мындан тышкары, профилдик окутуу кесип тандоодогу жаңылыштыктарды азайтып, жаштардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Өзгөчө сантехник, автоэлектрик жана ашпозчу сыяктуу жумушчу кесиптер боюнча адистерди даярдоого көмөк көрсөтөт.

Ишке ашыруудагы негизги көйгөйлөр

Ошол эле учурда пилоттук долбоорлор бир катар системалык көйгөйлөрдү да ачык көрсөткөн. Эң башкы маселелердин бири – нормативдик базанын жетишсиздиги. Концепция кабыл алынганы менен профилдик предметтер боюнча мамлекеттик стандарттар иштелип чыга элек болгондуктан, окуу программалары менен окуу-методикалык материалдарды ар бир окуу жай өз алдынча даярдоого аргасыз болду. Квалификациялуу окутуучулардын жетишсиздиги жана материалдык-техникалык база маселеси да курч бойдон эле. Мындан сырткары, көпчүлүк лицейлердеги жабдуулардын эскилиги, практикалык сабактарга кеткен чыгымдардын бюджеттин эсебинен каржыланбагандыгы, окуучуларды лицейлерге жеткирүү маселелери келип чыкты.

 

Кесипти мектептен тандоо: профилдик окутуунун тажрыйбасы

Аймактардагы тажрыйба

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Н.С. Баранов атындагы Новопокровка айылынын №2 мектеби кошумча кесиптерге ийрим катарында окутуп келет. 2500гө жакын окуучуга билим берген билим уясы Кыргызстандын 53 инновациялык мектептеринин катарында. Окуу жайдын директору Динара Турганалиеванын айтымында, 2011-жылдан 2024-жылдар аралыгында мектептин лицей статусу бар эле. Ошондуктан мектептин окуучулары кошумча кесиптик билим алып келишкен. Тактап айтканда, ашпозчу, чач тарач, тырмак жасалгалоо, кийим бычуу жана тигүү, кенже медициналык кызматкер, компьютерди оңдоо, эмерек чогултуу адистиктеринде. Кийин 2024-жылы лицей статусубуз алынгандан соң да баштаган ишин токтотпой, ийрим катары улантып, балдардын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүп келет.

Бул курстардан сабак берген мугалимдер атайын программанын негизинде иштешкен. Кызыгы, курстарга бул мектептин гана эмес, жакынкы №1, №3, Бишкектеги №38 мектептен, ошондой эле Ысык-Ата районуна караштуу «Гүлзар» балдар борборунан келип окушчу. Курстарга 8-11-класска чейинки окуучулар катышып, эки жыл окуп, жайкы жана кышкы сессияларды тапшырып, жыйынтыгында атайын сертификат алып чыгышчу.

— Бул курстарга катышкан окуучулардын артыкчылыгы — ар бир окуучу кошумча күнүмдүк турмушта кереги тийе турган жөндөмдөргө ээ болуусу. Ар бир баланын жөндөмдөрү ар башка болгондуктан, бул курстар көп пайдасын тийгизип, баштапкы кесиптик билим алууга жардам берет. Курстарды аяктаган соң ар бир окуучу андан ары билимин улантып же күнүмдүк турмушта колдонуп келишти. Бирок сааттар аз болгондуктан кээ бир курстар — б.а. кенже мед.кызматкер, эмерек чогултуу жана компьютерди чогултуу — ийримдеринен адистер келген жок. Башка бардык ийримдер иштеп жатат, — дейт директор.

Кесипти мектептен тандоо: профилдик окутуунун тажрыйбасы

Мектептеги ийримдер ата-эне жана келген конокторду да кызыктарат. Маселен, жакында эле өткөн “Ачык эшик күнүндө” 16 ийримдин жана мектептин ар тараптуу жүргүзүлүп жаткан иштери менен жакындан таанышып, өзгөчө көңүлдөрү чач тарач, тырмак жасалгалоо, кийиз менен иштөө, бисерден буюм жасоо, ашпозчу сыяктуу ийримдердин ишине бурулду. Бул ийримдердин күнүмдүк турмушта пайдасы ар бир окуучуга керек экендигин баса белгилешкен. Каалоочулар абдан көп болгондуктан, окуу жай ийримдердин ишмердүүлүгүн улантууну көздөйт.

Кесипти мектептен тандоо: профилдик окутуунун тажрыйбасы

Новопокровка мектебинин тажрыйбасы менен №5 жана №91 кесиптик лицейлеринде ишке ашырылган пилоттук долбоор бир нерсени көрсөтүп турат: окуучуларга мектептен баштап кесиптик багыт берүү — бүгүнкү күндүн талабы. 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында мындай моделдерди өркүндөтүү жана республика боюнча жайылтуу жаштарды эмгек рыногунун талаптарына ылайык даярдоонун маанилүү инструменттеринин бири болуп калууда.

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер