КЕЛЕЧЕКТИН МЕКТЕБИ: БАЛАНЫ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ МЕНЕН КАТАР КАНТИП ОКУТАБЫЗ?

  • 10.08.2026
  • 0

Жасалма интеллект мугалимдин ордун ээлейби же мугалимдин ишин жеңилдеткен жаңы жардамчы болобу? Бүгүн бул суроого жооп издөө — эртеңки мектептин багытын аныктоо деген сөз.

Бүгүн мектепке кирген окуучунун колунда китеп менен дептерден тышкары дагы бир «акылдуу курал» бар. Ал — смартфон. Ал эми смартфондун ичинде дүйнө жүзүндөгү маалыматты бир нече секундда иргеп, текст жазып, эсеп чыгарып, сүрөт түзүп, код жазып бере алган жасалма интеллект турат.

Кечээ эле мугалим окуучуга:

— Телефонуңду кой! Сабакка көңүл бур! — деп эскертип келсе, бүгүн башка суроо пайда болду:

Телефонду жөн эле тартып алуу туурабы же аны билим алуунун куралына айлантуу керекпи?

Бул суроого жеңил жооп жок.

Бирок бир нерсе анык: жасалма интеллектти мектептин эшигинен кубалап чыгуу менен анын таасирин токтото албайбыз.

Тыюу салуу оңой. Үйрөтүү кыйын.

ChatGPT, Gemini, Claude сыяктуу жасалма интеллект куралдары кеңири колдонула баштаганда ата-энелер да, мугалимдер да тынчсыздана баштады.

«Балдар эми чыгарма жазбай калат».

«Үй тапшырмасын өздөрү аткарбайт».

«Эсепти ойлонбой туруп ЖИге чыгартат».

«Рефератты даяр бойдон көчүрүп алат».

Бул кооптонуулардын баарынын жүйөсү бар. Бирок биз өзүбүзгө дагы бир суроо беришибиз керек: Эгер бала ЖИни мектептен жашырып колдонсо, биз аны туура пайдаланууну качан үйрөтөбүз?

Технологияны тыюу салуу менен жок кыла албайбыз. Бүгүн мектепте тыюу салынган телефонду бала үйүнө барып кайра колдонот. Демек, маселе телефондо эмес. Маселе — аны кандай максатта колдонууда.КЕЛЕЧЕКТИН МЕКТЕБИ: БАЛАНЫ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ МЕНЕН КАТАР КАНТИП ОКУТАБЫЗ?Балага балта берсең, аны менен үй да курат, бирөөгө зыян да келтириши мүмкүн. Кеп балтада эмес, аны кармаган адамдын ниетинде жана билиминде. Жасалма интеллектке да ушундай көз караш керек. Мугалимдин орду жоголбойт, бирок өзгөрөт. ЖИнин пайда болушу мугалимдин ролун азайтпайт. Тескерисинче, мугалимден жаңы сапаттарды талап кылат. Мурда мугалимдин негизги күчү маалыматта болчу. Ал көп билсе, окуучуга көп нерсе үйрөтө алчу.

Азыр маалыматтын көлөмү чексиз. Окуучу каалаган суроосуна интернеттен жооп таба алат. ЖИ ошол жооптутүшүндүрүп да берет.

Анда мугалим эмне үчүн керек? Анткени маалымат менен билим бир эле нерсе эмес. Бала маалыматты алышы мүмкүн. Бирок анын туура же туура эмес экенин билбеши мүмкүн. Бала даяр текстти окушу мүмкүн. Бирок анын маанисин түшүнбөшү мүмкүн. Бала кодду ЖИге жаздырса болот. Бирок код эмне үчүн иштеп жатканын түшүндүрө албашы мүмкүн.

Мына ушул жерде мугалимдин ролу башталат. Мугалим баланы ойлондурат. Суроо берет. Күмөн саноого үйрөтөт. Далил талап кылат. Ката кетирүүгө жана кайра аракет кылууга мүмкүнчүлүк берет. Демек, келечектин мугалими маалыматты гана берүүчү эмес, ой жүгүртүүгө үйрөтүүчү адам болушу керек.

«ЖИ айтты» — жооп эмес

Келечектин окуучусу үчүн эң маанилүү көндүмдөрдүн бири — сынчыл ой жүгүртүү. Жасалма интеллект абдан ишенимдүү сүйлөй алат. Бирок анын ар бир жообу туура боло бербейт. Кээде ал жок нерсени бардай көрсөтөт. Айрым фактыларды чаташтырат. Кээде туура эмес маалыматты абдан ишенимдүү тил менен айтып берет.

Ошондуктан мектепте жаңы адатты калыптандыруу керек: «ЖИ айтты — демек туура» эмес, «ЖИ айтты — эми текшерип көрөлү». Мисалы, окуучуга ЖИден тарых боюнча маалымат алдырып, андан кийин ошол маалыматты окуу китебинен текшерүүнү тапшырса болот. Же кыргыз тили сабагында ЖИ жазган тексттен каталарды таптырса болот. Информатика сабагында ЖИ жазган кодду окуучу өзү талдап, катасын издеп көрсүн. Мындай тапшырмалар баланы даяр жооптун керектөөчүсү эмес, жооптун сапатын текшерген изилдөөчүгө айлантат. Келечекте туура жооптон да туура суроо маанилүү болот.  ЖИ доорунда дагы бир маанилүү жөндөм пайда болду. Ал — туура суроо бере билүү. Буга чейин мектепте көбүнчө жоопторду жаттоого басым жасалып келген. Бирок азыр окуучу каалаган фактысын бир нече секундда таба алат.

Демек, билимдин баалуулугу бир гана «эмнени билесиң?» деген суроодо эмес.

«Эмнени сурай аласың?»

«Кантип сурайсың?»

«Эмне үчүн ушуну сурадың?» деген суроолор да маанилүү.

Мисалы, «Кыргызстандын тарыхы жөнүндө айтып бер» деген суроо өтө жалпы.

Ал эми: «8-класстын окуучусуна Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхындагы үч маанилүү

окуяны түшүндүр. Ар бир окуянын себептерин жана натыйжаларын өзүнчө көрсөт.

Андан кийин окуучу өз алдынча ойлонушу үчүн беш суроо бер» деген суроо такыр башка натыйжа берет. Бул жерде окуучу ЖИни гана колдонуп жаткан жок. Ал өзүнүн оюн иретке келтирип жатат.

Кыргыз тили үчүн бул чоң сыноо. Жасалма интеллект тууралуу сөз болгондо биз дагы бир маанилүү маселени унутпашыбыз керек. Ал — кыргыз тилинин санариптик келечеги. ЖИ кыргыз тилин түшүнөт, текст түзөт, которот. Бирок азырынча кыргызча жоопторунда кемчиликтер да кездешет. Айрым сүйлөмдөр табигый эмес түзүлөт. Кээ бир сөздөр орунсуз колдонулат. Кээде орусча ой жүгүртүүнүн таасири байкалат.

Муну жөн гана кемчилик катары карабайлы. Бул биз үчүн мүмкүнчүлүк. Мугалим окуучуга ЖИ жазган кыргызча текстти берип: «Бул тексттен беш тилдик катаны тап» десе эмне болот? Окуучу текстти кунт коюп окуйт.

«Эмне үчүн бул сөз туура эмес?»

«Бул сүйлөмдү кантип жакшыраак түзсө болот?»

«Кыргызча муну кандай айтмакпыз?» деп ойлонуп баштайт.

Мына ушундай жол менен биз бир эле учурда эки ишти аткарабыз: окуучунун тил байлыгын өстүрөбүз жана санариптик чөйрөдө кыргыз тилинин сапатын жакшыртабыз.

Үч беттик реферат эми жетиштүүбү?

ЖИ билим берүүгө киргенден кийин баалоо системасына да жаңы көз караш керек. Мисалы, окуучуга: «Үч бет реферат жазып кел» деген тапшырма бердик дейли. Ал аны өзү жаздыбы же ЖИ жазып бердиби? Муну аныктоо кыйын.

Андан көрө башкача кылалы.

Окуучу реферат даярдап келсин. Бирок сабакта аны эки мүнөт коргосун. Мугалим сурасын:

— Бул маалыматты эмне үчүн тандадың?

— Кайсы булактарды пайдаландың?

— ЖИден кандай жардам алдың?

— Анын жообун өзгөрттүңбү?

— Кайсы жерине өзүңдүн оюңду коштуң?

Ошондо окуучунун чыныгы билими көрүнөт. Демек, келечекте акыркы жыйынтык менен бирге иштин жүрүшү да бааланышы керек. «ЖИнин жардамы менен жасадым» деп айтуудан уялуунун кереги жок.КЕЛЕЧЕКТИН МЕКТЕБИ: БАЛАНЫ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ МЕНЕН КАТАР КАНТИП ОКУТАБЫЗ?Биз дагы бир маанилүү нерсени үйрөнүшүбүз керек. ЖИ колдонгонун жашырган окуучуну эле күнөөлөй бербешибиз керек.

Тескерисинче:

«ЖИни кайсы жерде колдондуң? Эмне үчүн колдондуң? Анын берген жообун өзүң кантип жакшырттың?» — деп сураган туура. Анткени чоңдордун өздөрү да жаңы технологияны колдонуп жатышат. Мугалим сабактын планын түзүүдө ЖИден жардам алат. Иш кагазын даярдайт. Тапшырмалардын варианттарын түзөт. Кээде татаал теманы башкача түшүндүрүүнүн жолун издейт. Эгер мугалим өзү ЖИни туура колдонуп жатса, анда окуучуга да туура үлгү көрсөтө алат.

Бирок адамдык сапаттарды ЖИге өткөрүп бербейли. Жасалма интеллект күчтүү. Бирок анын күчү адамдын бардык сапаттарын алмаштыра албайт.

Ал окуучуга математикалык формуланы түшүндүрүп бере алат. Бирок досунун көңүлү чөгүп турганын адамдай сезе албайт.

Ал жакшы текст жазып бере алат. Бирок ата-эненин мээримин алмаштыра албайт.

Ал тапшырма түзө алат. Бирок баланын жүрөгүнө дем бере турган мугалим боло албайт.

Ошондуктан келечектин мектебинде эмпатия, достук, жоопкерчилик, адептүүлүк, командада иштөө, лидерлик сыяктуу сапаттар мурдагыдан да маанилүү болот. Технология күчөгөн сайын адамдык сапаттардын баасы төмөндөбөйт. Тескерисинче, жогорулайт. Биз кандай мектеп курабыз? Келечектин мектеби компьютерлерге толгон чоң имарат гана эмес. Ал жерде интернет да болот, жасалма интеллект да болот, электрондук китептер да болот. Бирок эң негизгиси — ойлонгон бала жана баланы ойлондурган мугалим болушу керек. Биз балдарыбызды ЖИден корккон муун кылбашыбыз керек. Ошол эле учурда аларды ЖИге көз каранды кылууга да болбойт. Биз аларга үчүнчү жолду көрсөтүшүбүз керек:

ЖИни колдон, бирок өзүң ойлон.

Жоопту ал, бирок аны текшер.

Жардам сура, бирок жоопкерчиликти өзүң ал.

Технологияны пайдалан, бирок адамдык сапаттарыңды жоготпо.

Келечек бүгүнкү класстан башталат.

Жасалма интеллект тууралуу сөз кылганда көп учурда «келечекте эмне болот?» — деп сурайбыз. Бирок келечек алыста эмес.

Ал бүгүн биздин класста отурат.

Ал — телефонун кармап турган окуучу.

Ал — компьютердин алдында тапшырма аткарып жаткан бала.

Ал — «Мугалим, муну ChatGPTден сурасам болобу?» — деп кол көтөргөн окуучу.

Демек, келечектин мектебин кийин курабыз деп күтүп отуруунун кереги жок. Ал мектеп бүгүн эле башталды. Эми биздин милдет — технологиядан качуу эмес, аны туура пайдаланууну үйрөтүү. Балдарыбыз ЖИнин кулу эмес, аны акыл менен башкарган адам болушу керек. Анткени эртеңки дүйнөдө ким көбүрөөк маалымат билгени эмес, маалыматты ким туура пайдалана алганы, ким туура суроо бере алганы жана ким адам бойдон кала алганы маанилүү болот. Келечектин мектебинин эң чоң максаты да ушунда болсо керек.КЕЛЕЧЕКТИН МЕКТЕБИ: БАЛАНЫ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ МЕНЕН КАТАР КАНТИП ОКУТАБЫЗ?

Кошмурзаев Исмаил

Ноокат районуна караштуу Мурза Гапаров атындагы жалпы билим берүү жатак-

мектеп комплексинин информатик мугалими.

Бөлүшүү

Комментарийлер