КЫЙЫНЧЫЛЫКТА КУРЧУГАН: КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИНИН АТАСЫНЫН ДАҢКТУУ ТАГДЫРЫ
- 31.03.2025
- 0
Бишкектеги №33 мектеп-гимназиясына Казакстандын Президентинин атынан бир автобус белекке берилди. Көрсө, Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаев убагында ушул мектептин имаратындагы жөө аскерлер мектебинде окуп, аскердик машыгуудан өтүп, кан майданга аттанган экен.
Казакстандын президентинин ак дилден тартуу кылган белегин тапшыруу салтанатында Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошибаевдин сүйлөгөн сөзүндө 1945-жылы Берлин багынганда Рейхстагга туу сайган баатыр казак жоокери Кочкорбаев да ушул мектепте окуп кеткен фактысы да айтылды.
Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өз кезегинде кыргыз-казак элинин улуу достугу, биримдиги, билим берүүдөгү өрнөктүү кызматташтыгын айта кетти.
Бир эле учурда аталган мектеп-гимназияда Казакстан президентинин “Атам жөнүндө баян” китебинин кыргызча которулуп басылган китебинин бет ачары болду. Китепте Касым-Жомарт Токаев өзүнүн атасы, казак адабиятындагы детектив жанрынын негиздөөчүсү Кемел Токаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө баяндайт. Жалпы окурмандарга сунушталган бул эмгек өткөн доордун ушул күнгө чейинки белгисиз барактарынын сырын ачат жана автордун уникалдуу табылгалары окурманды кайдыгер калтырбайт.
“Китепте өтө оор сюжеттер бар. Чынын айтканда которуп жатып мен бир жеринде ыйласам, бир жеринде шыктанам, сыймыктанам. Эки элдин достугу ошол жылдан ушул күнгө чейин уланып келатканына сыймыктандым”,-деди китепти которгон Чынара Океева.

Китептин бир нускасы Кыргыз Президенти Садыр Жапаровго белек катары президенттин кеңешчиси Арслан Капай уулуна тапшырылды.
Фактыларга караганда, өткөн кылымдын отузунчу жылдары Казакстанды ачарчылык каптаганда, Кемел Токаевдин атасы ачкадан өлбөс үчүн бел байлап, үй-бүлөсү менен Фрунзе шаарына келип тиричилик өткөргөн. Бир орустун чарбасында кара жумуш кылып, бир кичине кепесинде аялы, үч баласы менен жашап күн көргөн. Фрунзеде эки жылдай жашаган соң, Кемелдин апасы шал ооруга чалдыгып жатып калат. Кемел бир тууган агасы менен эски өтүктү нанга алмаштыруу үчүн базарга барганда, милиция аларды жетим балдар экен деп кармап кетип, балдар үйүнө өткөрүп салат. Ал ортодо атасы балдарын издеп жүргөндө кичинекей карындашы үйдөгү мештин жанында ойноп отуруп, жалындаган отко түшүп кетет. Шал болуп жаткан энеси кызына жардам берип кол учун сунганга да дарманы келбей калып, чыркырап өзү да көз жумат. Аялы менен кызын жерге жашыргандан кийин атасы түн жамынып үйдөн чыгып кетет, ошо бойдон аны эч ким көргөн эмес. Ал эми балдар үйүндө чогуу болгон агасы Касым ошондон тогуз жыл өткөндөн кийин улуу ата мекендик согушта курман болгон. Кемел Токаев акыркы тирегинен айрылып, таянар кишиси калган эмес.
“Айтмакчы, мен ушул алып жүргөн ысымым үчүн тагдыр көрүүгө буюрбаган агама ыраазымын, ал эми Жоомарт деп жан дүйнөсү кең, айкөл адам болсун деп апам ыйгарыптыр”,-деп жазат Касым-Жомарт Токаев китебинде.
Кемел Токаев дагы бир жарым жылдан кийин агасынын артынан согушка аттанат. Он сегизден жаңы ашканда Фрунзедеги жөө аскерлердин окуу жайына жиберилип, аны бүткөндө Сталинград фронтуна 226-аткычтар дивизиясына бөлүм командири болуп кызмат өтөйт.
Согушка катышканына үч ай болгондо жарадар болуп госпиталга түшөт. Сакайып чыкканда кайра согушка кирип, Биринчи Украина, Экинчи Белорус фронтунда 7-гвардиялык танк полкунда душманга каршы согушат. Согуштук тагдырын Кемел Токаев “Жоокер согушка кетти” деген китебинде кылдаттык менен баяндап жазган.
Польшадагы салгылашууларда катуу жарадар болот, Омбыдагы госпиталда анын бутун кесе турган болушканда каршы болуп кестирбей, жаш хирургдун жардамы менен сактап калат. Ага жардам берген жаш хирург Г. Илизаров кийин “Илизаров аппараты” менен аты чыгып, Лениндик сыйлыктын ээси болот. Ал эми Кемел Токаев I даражадагы “Ата мекендик согуш” ордени менен сыйланат.
Согуштан кийин Казак мамлекеттик университетин окуп бүтүп, атактуу журналист болуп, “Казакстан пионери” гезитинин баш редактору болот, андан кийин “Ленинчил жаш”, “Социалисттик Казакстан” гезиттеринде иштейт. Гезитте иштеп жүрүп, балдарга арналган китептерди, детектив жанрындагы чыгармаларды жараткан. Үч ирет милиция кызматкерлерине арналган адабий сынакта биринчи орунду жеңип алган. Өмүрүнүн соңку жылдары Казак ССР Жогорку Советинин Президиумунда иштейт.
“Ар бир бала ата-энесине өзүн окшоштургусу келет. Бул үчүн ата-эне ыйык деп туткан нерсенин баардыгы кастарлуу болуп урматталат. Мен үчүн да атамдын жазган китептери ушунчалык баалуу, кымбат. Мен аларды кайра-кайра окугандан тажабайм”,-деп жазат Касым-Жомарт Токаев.
Бир тууган казак элинин чыгаан уулу Кемел Токаевдин даңктуу өмүр жолу, күжүрмөн жоокерлиги жана адабий мурасы кыргыз элине дагы эл-жерин коргогон атуулдуктун, элине кызмат кылуунун кашкайган мисалы катары чоң мааниге ээ.
Кубат Чекиров, «КБ»
Комментарийлер