КАНЫКЕЙ, ЖАРАТМАН: САБАКТА ТУУРА ЖООПТОН ДАГЫ МААНИЛҮҮСҮ – БАЛАНЫН ОЙЛОНУУ ПРОЦЕССИ БОЛОТ

  • 18.08.2026
  • 0

Заман өзгөргөн сайын билим берүү да жаңыланууну, өзгөрүүнү талап кылат. Ал эми өзгөрүүнүн өзөгүндө — жаңыча ой жүгүрткөн, изденүүдөн чарчабаган мугалим турат. Ар бир доордун өз мугалими болот. Бүгүнкү доор билимди жаңыча жеткире алган, технологияны өздөштүргөн жана чыгармачылык менен ой жүгүрткөн мугалимди талап кылат. КАНЫКЕЙ, ЖАРАТМАН: САБАКТА ТУУРА ЖООПТОН ДАГЫ МААНИЛҮҮСҮ – БАЛАНЫН ОЙЛОНУУ ПРОЦЕССИ БОЛОТМына ушундай  мезгилге  шайкеш иш алып бара ала турган мугалимдерди “Заманбап мугалим” долбоору даярдап жатат.  «Заманбап мугалим» бул жөн гана мугалимдерди окутуучу программа эмес. Бул Кыргызстандагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоор. Ал билим берүүнүн Жаратмандарын даярдайт. Программанын негизги миссиясы —  ар бир баланын өз потенциалын ачууга жардам берүү. Бул үчүн программа билим берүүгө жаңы көз караштагы, өзгөрүүнү баштай алган, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн жана окуучулардын келечегине ишенген Жаратман мугалимдерди даярдайт. «Заманбап мугалим» ар бир баланын келечеги анын кайсы жерде төрөлгөнүнө же үй-бүлөсүнүн материалдык абалына көз каранды болбошу керек деген ишенимди карманат. Билим берүүдө мугалим  окуучуга жөн гана маалымат бербестен, анын: өзүнө болгон ишенимин, чыгармачылыгын, эркин ой жүгүртүүсүн, демилгелүүлүгүн, жоопкерчилигин, жаратмандык сапаттарын өнүктүрүшү керек.

Дал ушул баалуулуктар Каныкейди бул программага алып келген.

Каныкей Советова – Жаратман. Ал Букара айылындагы Орозалы Текеев атындагы мектепте англис тили мугалими болуп эмгектенет. Ошол эле учурда Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин педагогика багыты боюнча магистратурасында окуйт. “Мен үчүн мугалим болуу — бул жөн гана сабак өтүү эмес, окуучуну шыктандыруу жана анын  дараметин  ачууга жардам берүү” – дейт Каныкей. КАНЫКЕЙ, ЖАРАТМАН: САБАКТА ТУУРА ЖООПТОН ДАГЫ МААНИЛҮҮСҮ – БАЛАНЫН ОЙЛОНУУ ПРОЦЕССИ БОЛОТБиз анын долбоордун алкагында аткарган иштери, алган тажрыйбасы, баалуулуктары жөнүндө кеп курдук.

-Каныкей, “Заманбап мугалим” программасы жөнүндө айтып берсеңиз?

— Мен үчүн  «Заманбап мугалим» программасы жөн гана мугалим болуп иштөө же жаңы методикаларды үйрөнүү эмес. Бул — өзүн өнүктүрүү, окуучуну башкача көрүү, билим берүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана ошол эле учурда сени колдогон чоң коомчулуктун бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү. Биз, Жаратмандар,  мектепте иштөө менен катар заманбап педагогика, лидерлик, долбоорлорду башкаруу, эмоционалдык интеллект, коммуникация жана изилдөө жүргүзүү боюнча билим алып жана ал теорияны дароо практикада колдоно алабыз. Дуалдык окуу системасы абдан кызыктуу жана пайдалуу экен, себеби ар бир жасаган долбоорлорду алып барууда, сабактарды уюштурууда кураторлордон, башка Жаратмандардан жана жалпы команда мүчөлөрүнөн дайыма колдоо алып турабыз.

— Бул долбоордон сиз эмне ала алдыңыз?

— Бул программа мага эмне берди? Эң биринчи  окуучулардын ишенимин берди. Мен үчүн мугалим менен окуучунун ортосундагы ишеним эң негизги нерсе экенин ушул программа аркылуу терең түшүндүм. Окуучу мугалимине ишенгенде гана суроо берүүдөн, өз оюн айтуудан, жаңылып калуудан коркпой калат. Ал эми мугалим катары менин милдетим — ар бир окуучуга «сенин да оюң маанилүү», «сенин колуңдан келет» деген ишенимди берүү. Программа аркылуу алган психологиялык билимдерим да ушул жагынан чоң жардам берди. Биз окуучулардын жүрүм-турумун гана эмес, анын артында турган эмоцияларды, муктаждыктарды жана себептерди түшүнүүгө үйрөндүк. Бул мага ар бир баланын өзгөчөлүгүн эске алып иштөөгө, сабырдуу болууга жана окуучулар менен бекем байланыш түзүүгө жардам берди. Экинчи чоң нерсе – заманбап  педагогикалык билимдер жана окутуу методикалары. Бүгүнкү күндүн окуучусуна маалыматты жаттатуу менен чектелбей, ага суроо берип, анализ жүргүзүп, далилдеп сүйлөп, кызматташып иштеп жана өз алдынча чечим кабыл алуусуна жардам бере билүү керек. Ошондуктан, сабактарымда окуучулардын критикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, коммуникациялык көндүмдөрүн жана өз алдынча билим алуу жөндөмүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам. Мындан тышкары программа мага формативдик баалоону, долбоордук окутууну, интерактивдүү окутуу ыкмаларын, санариптик инструменттерди жана жасалма интеллектти билим берүүдө туура пайдаланууну үйрөттү. Бул программа мага окуучуга жөн гана баа ала турган бала катары эмес, өзүнүн кыялы, таланты, кызыгуусу жана мүмкүнчүлүгү бар инсан катары кароону үйрөттү. КАНЫКЕЙ, ЖАРАТМАН: САБАКТА ТУУРА ЖООПТОН ДАГЫ МААНИЛҮҮСҮ – БАЛАНЫН ОЙЛОНУУ ПРОЦЕССИ БОЛОТ

— Окуу процессинде окуучуларыңыз өзүн эркин сезип, сабакка жигердүү катышуусу үчүн кандай ыкмаларды кодоносуз?

— Сабакта коопсуз психологиялык чөйрө түзүүгө аракет кылам. Окуучу жооп берип жатканда жаңылып калса, аны дароо оңдобостон, эмне үчүн ошондой ойлогонун сурайм. Анткени кээде туура жооптон дагы маанилүүсү — баланын ойлонуу процесси болот. Мен үчүн эң маанилүү жетишкендиктердин бири — мурда унчукпай отурган окуучулардын акырындык менен өз оюн эркин айтып, сабакка активдүү катыша башташты.

— Сабактан тышкары дагы окуучулар менен кандай иш алып бардыңыз?

— Сабактан тышкары да долбоорлор менен иштедик. Мисалы, Create4 фестивалынын алкагында мектепте окуучулар менен биргеликте «Эко Дизайн» долбоорун ишке ашырдык. Айылда эски кийимдерди өрттөп жиберүү көйгөйүн байкап, аны билим берүү долбооруна айландырдык. Кыздар эски кийимдерден шопперлерди, этно-корсеттерди жана аксессуарларды жасап, мектеп ичинде мода көргөзмөсүн уюштурушту. КАНЫКЕЙ, ЖАРАТМАН: САБАКТА ТУУРА ЖООПТОН ДАГЫ МААНИЛҮҮСҮ – БАЛАНЫН ОЙЛОНУУ ПРОЦЕССИ БОЛОТБул долбоор мага эң негизги чындыкты көрсөттү: окуучуга ишеним берип, мүмкүнчүлүк түзүп берсең, ал өзүнүн мүмкүнчүлүгүн өзү дагы байкай баштайт экен. Ошондой эле программанын колдоосу менен  февраль айында окуучулар үчүн атайын концерт уюштурулду. Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынын солисттери келип жагымдуу маанай тартуулап кетишти. Окуучулардан кайтарым байланыш алганыбызда алар операны биринчи жолу угуп жаткандыгын, абдан кызык жана ошол эле учурда күтүүсүз болгонун айтышты. Бир окуучумдун ата-энеси тамашалап айтып калды: “Кызым ырдагысы келет экен, силердин концертиңерден кийин биздин үйдө күндө опера болуп жатат”, —  дейт. Бул абдан кубанычтуу. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ырдоого, искусствого кызыккан окуучуларга ал күнү 2  акысыз мастер класс дагы уюштурулган. Бири — сүрөт тартуу боюнча, 2- вокалдык чеберчилик боюнча.

Азыр заманбап мугалим болуу үчүн жасалма интеллектти колдоно билуү канчалык маанилүү экендигин баары билет, ошол себептен кесиптешим Бактыяр кызы Айзирек (орус тили жана адабияты сабагынан мугалим, Жаратман) менен биргеликте мектептеги кесиптештерибиз менен актуалдуу болуп жаткан ЖИни сабактарга колдонуу боюнча тренинг өткөрүп, тажрыйба бөлүштүк. КАНЫКЕЙ, ЖАРАТМАН: САБАКТА ТУУРА ЖООПТОН ДАГЫ МААНИЛҮҮСҮ – БАЛАНЫН ОЙЛОНУУ ПРОЦЕССИ БОЛОТМындан тышкары Англис тили декадасынын алкагында окуучулар арасында “Spelling Bee” конкурсу уюштурулду. Бул абдан белгилүү конкурс жана тилге кызыккан окуучуларга өз билимин текшерүү үчүн эң сонун жана кызыктуу тажрыйба болду, себеби, мектепте алгачкы жолу мындай иш-чара уюштурулду. Мындай иш-чаралар окуучунун алган билимин эл алдында коркпостон, уялбастан колдоно билүү жөндөмүн өстүрөт.

Ошондой эле «Чилистен» долбоорун да алып бардык. Окуучулардын көбү китепке кызыгарын байкап, ал нерсени жайылтуу максатында мектеп ичинде “Чилистен” долбоорун уюштурдук. Жумасына 1 жолу 2 сааттан окуган чыгармаларын талдап, анализдеп, башкалар менен бөлүшүп жатышты. Жыйынтык катары мектеп окуучуларына жана мугалимдерине арнап адабий кече уюштурушту. Команданын мүчөлөрү ар бир ролду бөлүшүп алышып, долбоорду мыкты деңгээлде жыйынтыкташты. КАНЫКЕЙ, ЖАРАТМАН: САБАКТА ТУУРА ЖООПТОН ДАГЫ МААНИЛҮҮСҮ – БАЛАНЫН ОЙЛОНУУ ПРОЦЕССИ БОЛОТ

Алар 4 станциядан турган чыгармалар жыйнагын түзүштү. Кечеге келген коноктордун каалоосуна жараша бир чыгарма тандалып, ал жөнүндө кыскача угушту. Окуучулар ЖИнин жардамы менен “китепкойн” тыйындарды жасап, конокторго таратышкан, алар  жаккан чыгарманын баяндоочусуна упай катары беришкен. Жыйынтыгында ошол тыйындарды эсептеп, 4 команданын бири жеңишке жетишти. Бул долбоордо   окуучулардын китеп эле окуп тим болбостон, креативдүүлүгүнө, уюштуруу иштерин жургүзө алышына жана командада иштей алуусуна абдан суктандым.

  • Сиздер кадимки салттуу сабактардан айырмаланып, баланын ишмердүүлүгүнө басым жасаган сабактарды өттүңүздөр да. Анан окуучулардан кандай өзгөрүүлөрдү байкай алдыңыз?

— Мугалим окуучу үчүн жөн гана билим берүүчү эмес, багыт көрсөтүүчү, шыктандыруучу жана ишеним берген адам экенине көзүм жетти. Эгер окуучуга ишеним берип, коопсуз чөйрө түзсө, калган билим берүү процесси  натыйжалуу болот деген ойдомун, себеби мага окуучулардан келген кайтарым байланышта дайыма байкайм, көпчүлүгү “сиз бизди угасыз, оюбузду сурайсыз, баарына бирдей мамиле кыласыз” деп жазышат. Кайтарым байланышта окуучулар  ар бир чейректин аягында  кыскача рефлексия жазышат.  Анда жалпы сабак, менин окутуучу катары эске ала турчу жерлерим, окуучу өзүн кандай сезди, эмнелерди үйрөнө алды ошол тууралуу анонимдүү түрдө жазып беришет. Демек, биздин сабактарда окуучулар өзүнүн жеке көз карашын эркин айтууга, өз пикирин билдирүүгө үйрөнө алышты. КАНЫКЕЙ, ЖАРАТМАН: САБАКТА ТУУРА ЖООПТОН ДАГЫ МААНИЛҮҮСҮ – БАЛАНЫН ОЙЛОНУУ ПРОЦЕССИ БОЛОТЖалпысынан алганда программа мага жаңы досторду, күчтүү профессионалдык коомчулукту мыкты кураторлорду жана ар кайсы аймактарда иштеген Жаратман мугалимдерди берди. Жаратмандар менен таанышып, бири-бирибизден үйрөнүп, идея бөлүшүп, кыйын учурларда бири-бирибизге  колдоо көрсөтүп келебиз. Ар бир бала өзүнүн потенциалын ачууга татыктуу. Ал эми ошол мүмкүнчүлүктү түзүп берүү – Жаратман  мугалимдин эң чоң миссиясы дегим келет.

Рыскүл Канболот кызы, Орозалы Текеев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы: КАНЫКЕЙ, ЖАРАТМАН: САБАКТА ТУУРА ЖООПТОН ДАГЫ МААНИЛҮҮСҮ – БАЛАНЫН ОЙЛОНУУ ПРОЦЕССИ БОЛОТ

“Өткөн окуу жылында биздин мектепте «Заманбап мугалим» программасынын алкагында эки Жаратман мугалим келип иш алып барышты. Алардын мектеп жамаатына жана окуучуларга берген таасири абдан жакшы болду. Жаш мугалимдердин ишмердүүлүгүндөгү негизги өзгөчөлүк — жаңычылдыкка умтулуусу, сабакты кызыктуу уюштуруусу жана окуучулар менен эркин баарлаша билүүсү болду.

Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе — алардын окуучулар менен тил табышуусу. Кыска убакыттын ичинде эле окуучулар менен жакшы мамиле түзүп, алардын кызыгуусун, жөндөмүн жана өзгөчөлүгүн байкай алышты. Мектеп ичинде Англис тилинен жана орус тилинен ийримдерди уюштурушту. Андан тышкары «Көчмө китепкана» аттуу иш-чаранын жүрүшүндө китептин авторлорун чакырышып окуучулар менен жандуу жолугушууларды өткөрүштү. Окуучуларды долбоорлор менен иштөөгө үйрөтүштү. Жалпысынан алганда, Жаратмандардын мектепке келиши окуучулар үчүн кадимки сабактан айырмаланган, өзгөчө жана кызыктуу учур болду. Алар менен баарлашуу, чыгармачыл идеялар менен таанышуу жана жаңы нерселерди өз колу менен жасап көрүү окуучулардын мектеп турмушуна болгон кызыгуусун арттырды”

Маектешкен Асел Кенжебек кызы, “Кут Билим”

  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды
Бөлүшүү

Комментарийлер