Бишкек: Кадрдык кризистен кантип чыгабыз?
- 17.09.2025
- 0
Бишкектин мектептеринен мугалимдер кетип жатканы курч маселе катары коомдук талкуунун чордонунда турат. Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешов баш калаадагы проблемаларды чечүү үчүн колдогу бардык резерв ресурстарды максималдуу пайдаланууга чакырды. Айрым мугалимдер жеке менчик мектептерге кетип жатканда, экинчилери — чет мамлекетке же үй шартына байланыштуу региондорго көчүп кетишүүдө. Президент мугалимдердин эмгек акысы көбөйөт деп кубандырып, агартуу министри педагогдорго «Алтын Казык» ноутбугун жапырт таратып, технологиялык колдоону күчөтүп жатканда, жергиликтүү бийликтин социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө убагында чара көрбөгөнү заманбап жаңылануу жолуна түшкөн билим берүүдөгү масштабдуу трансформацияга көлөкө түшүрүүдө.

Баш калаада 573 бош орун бар
Бишкек шаардык билим берүү департаментинин пресс-кызматынын жетекчиси Мээрим Халиалдаеванын берген маалыматына таянсак, борбор калаада 119 муниципалдык мектеп бар, аларда он миңден ашуун мугалимдер эмгектенип келет.
Билим берүү департаменти өткөргөн мониторингге ылайык, учурда 573 ваканттык орун бар. Мугалимдерди мектепке тартуу максатында департамент тарабынан көп иштер аткарылып жатат. Мисалы, жыл сайын өтүүчү “Жаш мугалимдин депозити” программасы иштелип, көптөгөн мугалимдердин муктажын чечүүгө жардам берип келатканын айтпай коюуга болбойт. Ошондой эле ЖОЖдун бүтүрүүчү студенттерин мектептерге жумушка тартуу максатында Агартуу министрлиги менен бирдикте иш алып барылууда.
Учурда шаардык мектептерге география, физика, орус тили жана адабият, математика предметтеринин мугалимдери жетишпейт.
15 же 22?
Бишкек шаардык мэрия буга чейин тараган «22 мугалим иштен кетти» деген маалыматты төгүндөп, июль–август айларында №37 мектептен 15 мугалим жумуштан кеткени чын экенин, ошондой эле бош орундарга жаңы кадрлар келгенин билдирди. Бул маселе ата-энелер чогулушунда белгилүү болгон.
— №37 мектепте менин эки балам окуйт, экөөнүн тең класс жетекчиси жок. Бизге жалпысынан 22 мугалим мектептен кеткенин айтышты, — дейт ата-энелердин бири.
Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Байгулов мындай алмашуу жыл сайын жай мезгилинде байкалаарын, бирок окуу жылынын башталышына чейин мугалимдер жамааты толук камсыздалганын айтты.
— Кеткен мугалимдердин ичинен бир мугалим пенсия курагына жеткенде, сегизи ар кандай жүйөөлүү жана жеке себептер менен Казакстан, Россия, Түркия, Европага көчүп кеткендигине байланыштуу иштен кеткен. Алты мугалим Бишкектеги жеке менчик мектептерге которулду. Ал эми бош орундарга жаңы окуу жылында адистер кабыл алынган, — дейт пресс-катчы.
Бишкектеги №37 мектеп менен №14 мектеп бириктирилгени мурда кабарланган. Эки мектептин ата-энелери биригүүгө каршы экенин да айтып чыгышкан.
Ошентип, №37 мектептин ызы-чуусу басыла электе, борбор калаадагы №56 орто мектептин 6-класстары жаңы окуу жылынын башталышында биология, орус тили жана адабияты, тарых жана география сабактары боюнча мугалимсиз калганын ата-энелер айтып чыгышты. Натыйжада, балдар күнүгө болгону эки-үч сабакка гана катышууда. Айрым класстарда математика сабагы өтүлсө, кээ бирөөлөрүндө бул сабак болбой жатканына ата-энелер тынчсызданышууда. Ушундай эле абал география, физика жана орус тили сабактарында да кайталанууда.
Бир жылдан бери мектептин директору болуп иштеп келаткан А.Исмаиловдун айтканына караганда, негизги сабактар боюнча, т.а. орус тили жана адабияты, математика, география, физика жана биология предметтери боюнча педагогдор жок.
— Учурда биология, география, тарых сабактарына мугалимдер кабыл алынды. 5-класстарына орус тили жана адабияты сабагына жаш мугалимди кабыл алдык. Алгебра, геометрия — 54 саат, орус тили жана адабияты — 70 саат, физика — 27 саат вакантта, бирок, физик мугалим бирөө болгонуна байланыштуу 10 саат бирөөнүн ордуна (замен) өтүп жатат, ал эми 17 саат өтүлбөй турат. Алгебра, геометрия жана биология мугалимдери 1-сентябрь күнү эле арыз жазып, жеке мектептерге кетип калды. Жыл башында сааттар бөлүнгөн 5-а, б, в класстарга сабак берген мугалим 8-, 9-,11-класска да берет. Ал эми 5-г, д класс арыз жазып кеткен мугалимге бөлүнгөн болчу, ошондуктан бир класста сабак өтүлсө, экинчисинде бош отурушат, — дейт директор.
Мугалимдердин жетишсиздиги, айрыкча предметтик адистердин жоктугу, билим берүү системасында кадр саясатынын кайра каралышын жана максималдуу чараларды көрүүнү талап кылат.
Химик, физик… болоюн деген шаардык жаштар кайда?
Бишкектеги окутуу орус тилиндеги мектептерге кесипкөй адистердин жетишсиздиги боюнча маселе өтө курч экен. Алсак, борбор калаада 573 мугалим жетишпейт дегени менен окутуу орус тилиндеги мектептерде андан да көп экени айтылып келет. Өзгөчө табигый предметтер боюнча, т.а. химия, физика, математика, география предметтери боюнча мугалимдер бир эле борбор калаада эмес, жалпы республикада да абал ушундай экени айтылууда. Себеби орус тилдүү химик, физик, математик, географ болоюн деп жогорку окуу жайга тапшырган жаштар жокко эсе. Эксперттердин айтуусу боюнча, биринчиден, жаштарга мугалим болуп иштөөгө социалдык шарттар түзүлгөн эмес. Экинчиден, жождор бүтүрүүчүлөрдү табигый адистикке чакыруу боюнча алдын ала иштерди жакшы жүргүзбөй жатат. Үчүнчүдөн, жождордо табигый предметтерди берген окутуучулардын саны да жетишсиз.
— Канча жылдан бери мен жогорку окуу жайларга барып, жогорку курстагы студенттер менен келишим түзүп, мектепке алып келейин десем факультеттин өзүндө орус тилдүү студенттер жокко эсе. Эгерде кадрлар жетишсиз даярдалбай жатса, мектепке мугалим каяктан келет? Биздин жогорку окуу жайлар профориентация иш-аракетин начар жүргүзүп жатат. Маселен, Россиянын жогорку окуу жайлары келип, биздин бүтүрүүчүлөрдү өздөрүнө үгүттөп, окутканы алып кетип жатат. Менимче, бул маселени “Росскызматаштык” менен чечүү керек. Себеби Россиядан Кыргызстанга келип иштейт элем деген мугалимдер абдан көп экен, бирок биз алардын жашаганга батирлерин төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринде деле биздикиндей маселе курч турат. Бирок алар Россиядан мугалимдерди чакырып, жашоо шартын түзүп берип жатат. Бизде окутуу кыргыз тилиндеги мектептерде мындай маселе жок, — дейт Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г.Акматова.
Өзүнүн аты-жөнүн айткысы келбеген жаш мугалим N. мындай дейт: “Элестетиңиз, борбор калаанын айрым мектептеринде бир класста азыр 50-60 окуучу отурат. Эки классты бириктирип окуткандай сезилет. Химия предметин түшүндүргөн менен кайра кайтарым жок. Өтө татаал, болгондо да жогорку класстарга сабак берүү кыйын. Ошондуктан бошоп кетүүгө аргасыз болдум. Экинчи себеби, коомчулук мугалимдин беделин өтө эле түшүрүп салды. Ким жаман? — Мугалим. Ким акча чогултат? – Мугалим деген кара пиар дагы мугалимдерди тажатты”.
Борбор калаанын белгилүү бир мектебинде неберелерин окуткан Гулина чоң апа мындай дейт: “Азыр мектепте окуу деле болбой калыптыр. Үч неберем (белгилүү себептер менен мектепти белгилеп айткан жок) окуган мектепте мугалим жоктугунан сабак жок, эшикте эле ойноп жүрүшөт экен. Борбор калаада ушундай маселе бар экенине абдан таң калдым».
Жаш кадрларды тартуу аракети
Ал эми региондорго келсек, мугалим тартыштыгы анчалык курч турган маселе эмес. Бишкектен айырмаланып, Чүй облусундагы жергиликтүү бийлик кадр маселесин чечүү максатында бир катар орчундуу иштерди жүргүзүп келатат. Азыркы күндө Чүй облусу боюнча 366 мугалим жетишсиз, себеби окууну жаңы бүтүп келген жаш кадрлар алыскы айылдарга баргысы келбейт. Ошондой эле орус тилдүү предметник мугалимдер жетишпейт.
— Бул көйгөйдү чечүү максатында Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмү “Росскызматаштык”, Кыргызстандагы ЖОЖдор менен профориентациялык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Кадр менен камсыз кылууда жергиликтүү бийликтер менен биргеликте ишке ашууда. Алсак, БГУ, КМУ, музыкалык-педагогикалык институту менен келишим түзүлүп, кызматташууга кол коюлган. КМУ менен тыгыз байланышта кызматташып келебиз, бирок, тилекке каршы, аталган окуу жайда көбүнесе кыргыз тилдүү кадрлар даярдалат. Ал эми мыкты кадрларды даярдоо боюнча бардык мугалимдерди 12 жылдык окутуу программасы боюнча этап менен окутуу процесси уланууда. Жаш кадрларды алыскы мектептерге тартуу үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен үй же жер тилкелерин бөлүп берүү сыяктуу маселелер каралууда. Анан дагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдары жаш кадрлардын турак-жайы жана айлык маянасына кошумча айлык катары кошуп берүү иши жолго коюлган. Бирок ошого карабастан бүгүнкү күндө орус тилдүү жаш кадрлар жокко эсе болуп жаткандыгы талашсыз, — дейт Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Райымбек Султанов.
Дүйнөлүк тренд эмне болот?
Ааламдашуу доорунда коом жогорку квалификациялуу инженердик-техникалык, айыл чарбалык STEM адистерди талап кылууда. Анан калса 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүп жаткан мезгилде так илимдерге басым жасалып жатпайбы. Ошондуктан дүйнөлүк тренддерге жараша STEM–технологиясы табигый илимдерге, инженерияга, математикага багытталган билим берүүчү предметтер приоритет катары алдыңкы орунга чыгып жатканда, биздин мектептерде бул адистиктерге кесипкөй мугалимдер жетишпей жатканы чатак эмей эмне?!
Маалыматтарга таянсак, 2030-жылдардан кийин планетада 400-800 млн адам жумушсуз калат экен. Анын ордуна жасалма интеллект, роботтор азыртан эле иштей баштады. Ушул жагынан алганда мектепте табигый илимдер боюнча түшүнүгү жок балдардын келечеги кандай болот деген көйгөйлүү суроо туулат?
Мамлекет мугалимдердин эмгек акысын үч эсе жогорулатканда, табигый предметтерди окуткандарга 20% кошумча акы белгиленген эле. Ошого карабастан, негедир орус тилдүү физик, математик, географ, биологдор мектепке келбей жатат. Келсе дагы көп кармалбай эле бошоп кетишет экен.
— Балдарды мектеп партасынан эле табигый илимдерге кызыктыруу керек. STEMге ылайыкташып окуган балдардын эмгек акылары 26%га жогору болот. Адамга көндүм, критикалык ойлонуу болбосо, маселени чечүүгө багытталган бир көз караш калыптанбаса абдан кыйын болот. Андыктан биз тарбиялап жаткан мектеп окуучуларын дагы XXI кылымдын талап кылган көндүмдөрүнө окутушубуз керек. Көндүмдөрдүн философиясы бүгүнкү STEM предметтерине байланышкан. Анткени техникалык багытка кызыгууну көбөйтө турган STEMди киргизүү менен биз эртеңки маркеттин, базар экономикасынын талабы болгон муктаждыктарды жапканга шарт түзүлөт. Учурда көп адамдар жаңы кесипке өтүп, алты айда же бир жылда массалык түрдө IT адистерге айланып жатат, — дейт мектеп жетекчиси Мирлан агай.
Жыл сайын өлкөгө бир миңдей мугалим жетишпейт. Анткени Кыргызстанда мугалим болуп иштөө абройлуу эмес. 30 жашка чейинки мугалимдердин саны араң 10 пайыздан ашпайт. Бул жогорку бийлик адамдары көңүлгө түйүп, чечкиндүү жана жетиштүү чара көрүүнү талап кылган маселе.
Өнүккөн өлкөлөрдө мектепти мыкты аяктаган бүтүрүүчүлөр мугалимдерди даярдоочу мекемелердин студенттери болуп калышат. Ошентип, Түштүк Кореяда мугалимдерди даярдоочу университеттерге мектеп бүтүрүүчүлөрдүн мыктыларынын 5%, Финляндияда 10%, Сингапурда жана Гонконгдо 30% алынат. Кыргызстанда педагогикалык ЖОЖдордун студенттери, адатта окуу көрсөткүчү төмөн мектеп бүтүрүүчүлөрдөн турат.
Нельсон Мандела айткандай, билим – дүйнөнү өзгөртө турган эң күчтүү курал. Билимди берген мугалим мектептеги эң башкы фигура экени баарыбызга маалым. Андыктан дүйнө жүзү трансформацияланып жаткан чакта биздин билим тармагында жүрүп жаткан реформа кезегинде натыйжасын берип, буюрса мектептерде эң мыкты мугалимдер тандап алган учурга жетебиз деген үмүтүбүз чоң.
P.S. Макала даярдалып бүткөндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаардагы бир катар мектептерди, анын ичинде №56 мектепке барып текшерип, көп кемчиликтерди көрүп, Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Байгуловду, райондук акимдин орун басары Асел Сыдыкованы кызматынан бошоткону белгилүү болду. Мэрия жарыялаган кабарда мектептеги шарттарды жакшыртуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө тапшырма берилгени айтылат. Бирок эң негизги маселе — мектептеги мугалимдер тартыштыгын жоюу чаралары жөнүндө эч сөз жок.
Гульнара Алыбаева, «Кут Билим»
Комментарийлер