КҮЧТҮҮ, БИРДИКТҮҮ ТҮРК ДҮЙНӨСҮН КУРАБЫЗ

  • 11.11.2022
  • 0

КҮЧТҮҮ, БИРДИКТҮҮ ТҮРК ДҮЙНӨСҮН КУРАБЫЗ

 

Багдад АМРЕЕВ

Түркий мамлекеттер уюмунун башкы катчысы

 

 

 

 

Киришүү

Соңку жылдары түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы өзүнүн кудурет күчүн көрсөтүп, бирдиктүү түрк дүйнөсүнүн жаңы геосаясий реалдуулук катары өсүп чыгышына алып келди. Тарыхый тамыры бир, тили, маданияты жана каада-салты бир элдерден болгону шыктандыруучу күч болуп, бул көрүнүш эбегейсиз евразиялык континентте орчундуу саясий жана экономикалык натыйжаларды берүүдө.

Тарых күбө болгондой, түрк элдеринин ортосундагы кызматташтык жаңы көрүнүш эмес. Алардын тыгыз карым-катышы көп жылдар бою үзүлүп калып, кансыз согуш аяктагандан кийин гана түрк тилдүү беш өлкө өздөрүнүн эгемендигин калыбына келтиришти. Ошондон кийин түрк элдери дароо эле өздөрүнүн ортосундагы алака-катышты кайра карап, жаңы жолго бет алышты.

Бул тарыхый улуу мезгил жана кылымдарды карыткан карым-катыштардын үзүлүп калышын каалабаган түрк элдеринин тандоосунун мыйзам ченемдүү натыйжасы болуп калды.

Азыркы учурда түрк өлкөлөрүнүн чоң күч-аракетинин натыйжасында түрк кызматташтыгы өзүнүн жолун чаап, масштабы улам кеңейүүнүн үстүндө. Мисалы, 2018-жылы түрк кызматташтыгына катышкан өлкөлөр төртөө эле болчу. Бүгүн бул сан жети өлкөгө жетти. Экинчи жагынан, 2009-2017-жылдарда болгон беш саммитке караганда соңку төрт жылда эле мамлекет башчыларынын алты саммити өткөрүлдү.

Мамлекет башчыларынын 2021-жылы Стамбулда болгон соңку саммити түрк дүйнөсүнүн биримдиги үчүн тарыхый бурулуш мезгил болуп калды.

Түрк кызматташтыгынын бул зор натыйжасы оңой эле келе калган жок. Түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы бүгүнкү бир туугандык жана сый-урматка бөлөнгөн мамилелер кадам-кадам болуп, түрк өлкөлөрүнүн лидерлеринин саясий таамай тандоосунун жана алысты ойлогон чечкиндүү позициясынын натыйжасында ишке ашты.

Бирдиктүү түрк дүйнөсү реалдуулук болгон менен бул процесс аягына чыга элек. Бул түрк өлкөлөрүнүн экономикалык интеграциясына жетүүнү талап кылган чоң иш. Ошого карабастан, түрк интеграциясын өнүктүрүүнү жалаң гана экономикалык көз караштан карабаш керек.  Жалпы орток маданий байлык, нарк-дөөлөт, принциптер жана кызыкчылыктар түрк өнөктөштүгүнүн өзөгүндө турат.  Түрк өлкөлөрү үйрөнүп, өсүп-өнүгүп, аларды бириктирген мүдөө максаттардын камында өз ара байланышта болууга тийиш.

Андан сырткары, түрк интеграциясын өнүктүрүү аракеттери түрк географиясын акыл менен билимдин чордонуна айландырып, ич ара жана бүт айланасында тынчтык менен туруктуулукка өбөлгө болуп, глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө көрүнүктүү роль ойноп, коопсуздуктун шартында гүлдөп өнүктүрүшү керек.

Чынын айтыш керек, түрк дүйнөсүнүн интеграциясы үчүн эң жакшы контекст болчу жолду издөөнүн үстүндөбүз. Ага карабай, бүгүн түрк өлкөлөрү жапырт кызматташтык духунда турушат. Өкмөттөр түрк интеграциясын алга жылдыруу үчүн саясатын өзгөртүп ылайыкташтырып жатат. Жарандар дагы өз кезегинде түрк өлкөлөрү бириккенде гана күчтүү  болорун бөркүндөй көрүп турушат. Ошондуктан түрк кызматташтыгы адамдардын күнүмдүк жашоосунун сапатын көтөрүп, бакубат шарттарды түзүүгө каражат жумшоодо.

Бул макалада жалпы констелляциянын жана негизги катышуучулардын, түрк кызматташтыгынын механизмдеринин кыскача талдоосу сунушталат жана негизги жетишкендиктери менен мындан аркы өнүгүү келечеги көрсөтүлөт.

Түрк кызматташтыгынын өнүгүү баскычтары

Азыркы түрк дүйнөсүнүн кызматташтык процесси расмий түрдө Анкарада түрк тилдүү өлкөлөрдүн лидерлери тарыхта биринчи жолу чогулган 1992-жылы башталды. Эгемендикти эңсеп келген бардык түрк калктары үчүн бул аябай шыктандырган зор окуя болуп калды.

1992-2009-жылдары мамлекет башчыларынын сегиз саммити чакырылды. Алар тилектештик менен түрк коомунун ар тараптуу кызматташтыгынын ар кандай тармактардагы багыттарын бекемдөө үчүн уникалдуу платформа түзүп берди.   Бул саммиттер ошондой эле түрк кызматташтыгын ырааттуу институционалдаштыруунун негиздерин орнотту. Ушул контекстте түрк элдерин маданият менен искусство аркылуу жакындатуу максатында 1993-жылы башкы кеңсеси Анкарада болгон Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) түзүлдү. Экинчи тараптан, 2008-жылы баш кеңсеси Баку шаарында болуп түзүлгөн Түрк өлкөлөрүнүн парламенттик ассамблеясы түрк кызматташтыгын бекемдеген чыныгы парламенттик жумушчу форум болуп калды.

КҮЧТҮҮ, БИРДИКТҮҮ ТҮРК ДҮЙНӨСҮН КУРАБЫЗ

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн бешинчи саммити 2015-жылы Астанада өткөн.

 

Жылдар өткөн сайын ар кандай тармактардагы карым-катыштын кеңейиши менен түрк кызматташтыгын жалпы координациялоо үчүн өзүнчө уюмдарды түзүү зарылдыгы пайда болду. Ошол себептүү, Казакстандын ортомчулук милдети аркасында 2009-жылы Түрк мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши (Түрк Кеңеши) түзүлүп,  Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия «Нахичеван макулдашуусуна» кол коюшту. Бул уюмдун түзүлүшү менен Түрк дүйнөсү өзүнүн регионалдык саясатын иштеп чыкканга кудуреттүү өзүнчө күчкө айланды.  Кийинчерээк Түрк Кеңеши географиялык жагынан кеңейип, Венгрия 2011-жылы байкоочу макамында кошулду, ал эми Өзбекстан 2019-жылы толук укуктуу мүчө болуп кирди. Түркмөнстан дагы расмий түрдө 2021-жылы кабыл алынды.  Бүгүн түрк кызматташтыгынын арышы арбып жатканы жана ар бир түрк өлкөсү өзүнчө пайда көрүп, кызматташтыкка өзүнүн салымын кошуп жатканы кубандырат.

2019-жылдагы мамлекет башчыларынын Бакуда өткөн саммити Түрк кызматташтыгынын бурулуш учурларынын бири болду. Ушул саммитте мүчө мамлекеттер өздөрүнүн мамилесин кызматташтыктан бара-бара интеграцияга которууну чечишип, келечекте бир добуштан чыгып сүйлөөгө даяр экендиктерин көрсөтүштү. Так ушул себептен Баку саммити түрк дүйнөсүн бириктирүүнүн биринчи чечкиндүү кадамы катары эсте калды.

Түрк кызматташтыгынын эң орчундуу жана эң маанилүү учуру мамлекет башчыларынын 2021-жылы Стамбулда өткөн тарыхый саммити болду. Бул саммитте түрк өлкөлөрүнүн биримдиги жана бүтүндүгү үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон жана түрк дүйнөсүнүн келечегине багыт берген чечимдер кабыл алынды. Биринчиден, Түрк дүйнөсү Түркий мамлекеттер уюму (ТМУ) деген жаңы аталышка ээ болуп, толук кандуу эл аралык уюмга айланды.Экинчиден, бирдиктүү түрк дүйнөсүн түзүү максаты ага Түркмөнстандын кошулуусу менен ишке ашууда. Үчүнчүдөн, саммитте «Түрк дүйнөсүнүн келечеги -2040» стратегиялык документи кабыл алынып,  анда түркий өлкөлөрдүн интеграциялык күч-аракеттери жана кызматташтык бийик максаттары жазылды.  Бүгүн Түркий өлкөлөрдүн ортосундагы мамиленин бекемделиши жана анын негизинде турган кызматташтык архитектурасы даана көрүнүп калды. ТМУнун бардык өлкөлөрү бекем өнөктөштүк мамилелерден саясий пайданы, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана байланыштарды жакшыртуудан экономикалык пайданы, ошондой эле чоң туруктуулук жана коопсуздуктан геосаясий пайданы алары калетсиз болуп турат.

Кызматташтыктын институционалдык структурасы

Түркий мамлекеттер уюмунун өзүнө мүчө өлкөлөрүнүн ортосунда саясий диалог, техникалык кызматташтык жүргүзүү үчүн иштеген бийик деңгээлдеги ар кандай органдары бар. Мисалы, Мамлекет башчыларынын кеңеши (МБК), Тышкы иштер министрлеринин кеңеши (ТМК), Улук кызматкерлердин комитети (УКК) жана бир нече тармактык министрликтер ортосунда конференциялар иштейт. ТМУнун чечимдерин кабыл алган негизги орган МБК, аны төраганын милдетин аткарган өлкө жетектейт. ТМК жалпы көзөмөлдү жүргүзүп, финансы маселелерин карап чечет, ал эми УКК өз кезегинде ишти координациялап, документтердин долбоорлорун кабыл алууга бекитет. Ошондой эле Акскалдар Кеңеши бар, анын түзүмү менен ыйгарым укуктары соңку убакта күчөтүлүп, туруктуу кеңешме органдын ролун аткарууда.

2011-жылдан кийин тармактык кызматташтык жакшы жолго түштү, азыркы күнгө чейин министрликтер ортосунда, анын ичинде экономика, маданият, билим берүү, транспорт, туризм, ЖМК, жаштар жана спорт, саламаттык сактоо жана энергетика министрлеринин деңгээлинде көп жолугушуулар болду. Атап айтканда, соңку төрт жылда министрлер деңгээлиндеги кеңешмелер интенсивдүү мүнөзгө өтүп, тармактык министрлер менен байланыштагы жаңы координациялык жумушчу топтор түзүлдү. Министрликтер ортосундагы жолугушуулар тийиштүү жумушчу топтордун күч-аракеттери менен ар тараптуу колдоого алынууда.

Улук кызматкерлер комитети аркылуу кызматташтыкты Стамбулдагы Башкы катчы, Катчылык жана Будапешттеги өкүлчүлүк координациялайт. Катчылык мамлекет башчыларынын чечимдерин ишке ашыруунун оперативдүү органы катары иш алпарат жана жогорку деңгээлде макулдашылган чараларды ишке ашырууга өкмөттөргө жардам берет.

Катчылык ошондой эле керектөө бар, бирок кызматташтык механизми жок тармактардагы жаңы регионалдык демилгелер үчүн инкубатордук милдетти аткарат. Ошентип, жогоруда айтылган ТҮРКСОЙ жана ТҮРКПАдан сырткары, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фондусу, Түрк соода-өндүрүш палатасы, Түрк мамлекеттеринин жаштар платформасы, Түрк университеттеринин союзу жана Түрк ишкер кеңеши сыяктуу тыгыз кызматташтыктагы тармактык мекемелер көбөйүүдө.

ТМУ өлкөлөрүнүн тыгыз кызматташтыкка умтулуусу Катчылыкка өзүнө жүктөлгөн милдетти ийгиликтүү аткарууга өбөлгө болду. Катчылык өзүнүн бардык өкмөттөрү менен тыгыз иштеп, ар кандай тармакта көптөгөн регионалдык программаларды иштеп чыгып, колдоого алууда. Эң маанилүү жагы, өткөн жылдар ичинде ТМУнун Катчылыгы өзүнө мүчө өлкөлөрдүн улам өзгөрүп жаткан керектөөсүнө жооп бергендей саясатты иштеп чыгууга кудуреттүү экенин көрсөтө алды.

КҮЧТҮҮ, БИРДИКТҮҮ ТҮРК ДҮЙНӨСҮН КУРАБЫЗ

Түрк кызматташтыгынын 30 жылындагы чоң жетишкендиктер

Отуз жылда түрк кызматташтыгында көп прогресс жана жетишкендиктер болду. ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы тарыхый байланыштар пландуу, институционалдык жана туруктуу кызматташтыкка айланды. Секторалдык кызматташтык министрлер деңгээлиндеги бир нече жыйындарды өткөрүү аркылуу активдешти.  ТМУ өзүн ар кандай тармакта кызматташтыкты өнүктүрүп кетүүнүн натыйжалуу механизмине ээ болгон толук кандуу эл аралык уюм катары көрсөттү. Түрк кызматташтыгынын күн тартиби эми улуттук администрацияларга, кызыкдар тараптарга жана максаттуу топторго алда канча натыйжалуу жеткирилет.

Ал тургай акыркы бир нече жылды карап көргөндө, ТМУ жана ага караштуу мекемелер тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин интенсивдүүлүгү таасирдүү болуп калганын көрсөтүп турат.
Төмөндө ТМУ кызматташтыгынын албан жетишкендиктеринин кашкайган мисалдары келтирилген:

Тышкы саясаттагы эриш-аркак аракет: ТМУ өлкөлөрү тышкы саясатында эриш-аркак иштөөнү жакшырта алышты жана эл аралык маселелерде барган сайын бирдиктүү аракеттенүүдө. Мисалы, ТМУ Азербайжан элине бекем тилектештигин көрсөтүп, Азербайжандын Карабактагы өз аймактарын бошотуусун жана анын эгемендигин калыбына келтиришин колдоду.

Түркий мамлекеттер уюму Түркиянын Сириянын түндүгүндө жүргүзгөн «Тынчтык булагы» мыйзамдуу аскердик операциясын колдоп, Кипрдеги түрк калкынын тынчтык, саясий жактан тең, коопсуз жана гүлдөп өнүккөн келечекке умтулуусуна тилектештигин билдирди.

Түрк өлкөлөрү январь окуясында Казакстандын эли жана саясий лидери менен бекем тилектештигин көрсөтүштү. Жакында эле түрк өлкөлөрү Кыргызстандын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү аракетин чечкиндүү колдоого алышты.

Буга чейин ТМУ өлкөлөрү Сириядагы кырдаалды саясий жөнгө салуу үчүн “Астана процессине” салым кошкон. Ал гана эмес, Түркиянын орус-украин согушун токтотуу, туткундарды алмаштыруу жана эгин коридорун ачуу боюнча чын ыкластуу арачылык аракеттери башка түрк өлкөлөрү тарабынан да сыймыктануу менен колдоого алынды.

Түрк кызматташтыгын координациялоо жакшырды: Катчылык менен башка тиешелүү мекемелердин ортосундагы кызматташтык жылдар бою олуттуу координациялоо процессине жана Түрк дүйнөсүндөгү кызматташтыкты тереңдетүүгө байланыштуу өсүп жаткан синергияга айланды. Кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитети бул багытта чечүүчү ролду ойноону улантууда.

Эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү: ТМУ Катчылыгы ар кандай программаларды жана долбоорлорду көбүрөөк координациялоону стимулдаштыруу үчүн мүчөлүгү ТМУдагы мүчөлүк менен туура келген көптөгөн маанилүү эл аралык уюмдар менен тыгыз байланыштарды түздү.

Андан сырткары, Будапешттеги Өкүлчүлүк Европа өлкөлөрүндө ТМУнун ишмердигин илгерилетет жана европалык институттар менен мамилелерди өркүндөтөт.

Экономикалык мамилелерди тереңдетүү: ТМУ башынан бери өз өлкөлөрүнүн өсүү жана өнүгүү артыкчылыктарын колдоо жана алардын ортосундагы соода менен инвестицияларды көбөйтүү боюнча иштеп келет. Тиешелүү министрлердин жана жумушчу топтордун үзгүлтүксүз жолугушууларынан тышкары, ТМУ жеке сектордун күчтүү катышуусуна шарт түздү жана бизнес-коомчулук менен системалуу кызматташууну киргизди. Бул аракеттердин натыйжасын алууда Түрк Ишкерлер кеңешинин иш-чаралары жана бизнес форумдары маанилүү болду.

Мындан тышкары, Түрк Соода-өнөр жай палатасын жана Түрк инвестициялык фондун түзүү чечими экономика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө үмүт берет. Ал ишке киргенден кийин, Түрк инвестициялык фонду чакан жана орто бизнестин потенциалын жогорулатууга жана ишкердикти, анын ичинде изилдөөлөрдү жана инновацияларды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт.

ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы товарлардын жалпы экспорту 2016-жылдагы 13,9 миллиард доллардан 2021-жылы 25,9 миллиард долларга жетти. ТМУнун күн тартибинде сооданы жеңилдетүү, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү сооданы либералдаштыруу жана санариптик сооданы өнүктүрүү менен байланышкан көптөгөн башка олуттуу демилгелер бар, алар бул сооданын көлөмүн мындан ары да көбөйтүүгө ишеним берүүдө.

ТМУ ошондой эле бизнес-климатты жакшыртуу жана региондогу тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды көбөйтүү үчүн инвестициялык күн тартибин иштеп чыкты. Мындан тышкары, индустриялаштыруу, чакан жана орто бизнести колдоо жана акылдуу бизнес моделдери боюнча тыгыз кызматташуу ТМУ өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгына багыт берди.

Жакшыртылган транспорттук байланыш жана бажы операциялары: ТМУ Транскаспий транспорт коридору (Орто коридор) аркылуу эффективдүү, туруктуу жана үзгүлтүксүз ташуудагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн министрлер деңгээлинде өз өлкөлөрүнүн ортосунда транспорттук байланышты жана бажы кызматташтыгын илгерилетүдө.  Буга байланыштуу «Бир тууган порттор» долбоору ТМУ өлкөлөрүнүн негизги портторунун ортосунда коммерциялык жана институционалдык кызматташтыкты түздү, ал эми Караван-сарай долбоору чек арадан өтүү процедураларын жеңилдетүүгө салым кошту.
Эл аралык биргелешкен жүк ташуу жана Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридорун түзүү жөнүндө акыркы макулдашуулар Ортоңку коридордун маанисин жана натыйжалуулугун андан ары жогорулатат.
Бул жерде транспорттук жана транзиттик жол-жоболорду санариптештирүү уланып жатканын белгилей кетүү керек.

МКТ, альтернативдик энергетика жана космос тармагындагы кызматташтык: МКТ жана альтернативдик энергетика акыркы мезгилде түрк кызматташтыгынын маанилүү элементтери болуп калды.
Киберкоопсуздук, була-оптикалык инфраструктураны бекемдөө, спутниктик кызматтарды колдонуу, Космостук агенттиктер ортосундагы кызматташуу жана электрондук кол тамга боюнча сертификаттарды өз ара таануу МКТ тармагындагы келечектүү темалары болуп саналат. Бул жылы да ТМУ IT тармагында кызматташууну демилгеледи.
Альтернативалык энергетикага келсек, кайра жаралуучу энергия боюнча кызматташуу, бул тармакка инвестиция тартуу, өзөктүк инженерлерди даярдоо, өзөктүк инфраструктура жана уран казуу жаатындагы билим менен бөлүшүү артыкчылыктуу багыттардын катарына кирет.

Билим берүү, маданият, спорт жана диаспора чөйрөсүндөгү келечектүү иштер: Түрк кызматташтыгы Түрк дүйнөсүндө социалдык карым-катышты арттырууга жана жамааттык аң-сезимди калыптандырууга өзгөчө маани берет. Бул контекстте ТМУ адамдарды бири-бирине жакындатуу үчүн мобилдүүлүк маселелерине көп күч жумшады. ТМУ билим берүү тармагында академиялык кызматташтыкты өркүндөтүүчү жана студенттердин, мугалимдердин жана изилдөөчүлөрдүн мобилдүүлүгүнө дем берүүчү уникалдуу программаларды киргизди. Мисалы, «Түрк университеттер биримдиги» жогорку окуу жайларында комплекстүү кызматташтык процессин түзсө, Орхун алмашуу программасы академиктердин жана студенттердин активдүү мобилдүүлүгүнө алып келди. Экинчи жагынан, Түрк академиясынын орток тарых, география, адабият китептерин даярдоосу чоң жетишкендик.

Түрк кызматташтыгы түрк маданиятын, тилин, каада-салтын жана баалуулуктарын жайылтуу жана жалпы мурасты сактоо үчүн маданий сахнада активдүү иш алып барууда. Бул жаатта ТҮРКСОЙ жана Түрк маданияты жана мурасы фонду чечүүчү роль ойноп жатат.

Жаштардын кызматташтыгын өркүндөтүү аркылуу ТМУ жаштарга саякаттоого жана өз өлкөлөрүн өз ара изилдөөгө, теңтуштары менен таанышууга жана ар кандай тармактарда, анын ичинде спорт тармагындагы долбоорлор боюнча кызматташууга мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Жаштар лагерлери жана фестивалдары, Жаш лидерлер форуму жана Жаш ишкерлер форуму Түрк дүйнөсү тууралуу аң-сезими жогору келечектүү түрк муунун даярдаган алдыңкы аянтчалар болуп саналат.

Университеттик спорттук оюндар (Түрк Универсиадасы) жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу салттуу спорттун түрлөрүн кайра жаратууга жана коргоого колдоо көрсөтүү да түрк кызматташтыгынын  атын чыгарган соода белгиси болуп калды. ТМУ ошондой эле билим берүү, маданият жана спорт жаатында түрк диаспоралары менен кызматташууну жана алардын ортосундагы координацияны жакшыртууга чоң күч жумшады.

Медиа жана маалымат кызматташтыгы өр тартты: ЖМК түрк интеграциясын кеңейтүүнүн маанилүү куралы болуп саналат. Коомдук телерадио уюмдарынын кызматташуусу азыркы убакта системалуу жолго салынды. «Түрк дүйнөсүнүн 100 адамы» жана «Түрк дүйнөсүнүн ыйык жерлери» темасында программаларды жана видеоматериалдарды бөлүшүү, кыска видеороликтерди даярдоо аракеттери ишке ашты. Быйыл жыл сайын эл аралык медиа форумду уюштуруу, медиа адистерин окутуу жана алмашуу программаларын активдештирүү, түрк маалымат агенттиктеринин альянсын жана журналисттер ассоциациясын түзүү боюнча тиешелүү министрлердин жана жогорку бийлик өкүлдөрүнүн чечими менен медиа кызматташтыгы күч алды.

Саламаттыкты сактоо боюнча кызматташуу ТМУ күн тартибинин ажырагыс бөлүгү: 2020-жылы Ковид-19 жайылышы пандемия менен күрөшүү үчүн саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну жана координацияны талап кылды. ТМУ өлкөлөрү пандемияга жооп катарында күчтүү лидерликти жана тилектештикти ыкчам көрсөтүштү. Азербайжан төрага болуп турганда 2020-жылдын 10-апрелинде “Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө тилектештик жана кызматташтык” аттуу чукул жыйынды өткөрүүнү демилгеледи. Кийинчерээк кыска убакыттын ичинде тийиштүү министрликтердин бир нече жолугушуулары өткөрүлдү.

Демек, саламаттыкты сактоо тармагында ТМУ Катчылыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер макулдашылган чараларды ишке ашыруунун келечектүү уланышына шарт түздү, анын ичинде а) тажрыйба жана алдыңкы тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берүү аркылуу коомдук саламаттыкты сактоо тармагында медициналык тейлөөнү жакшыртууга салым кошууга; б) саламаттыкты сактоонун трансулуттук коркунучтарынын алдын алууда, аныктоодо жана аларга жооп кайтарууда улуттук саламаттык сактоо системаларынын потенциалын колдонууга; в) медицина кызматкерлерин жана саламаттыкты сактоо мекемелерин окутуу жана потенциалын жогорулатуу программаларын уюштурууга; г) негизги дары-дармектерди жана башка медициналык буюмдарды үзгүлтүксүз камсыз кылууга; д) саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну баштоо аркылуу дарылоо мекемелеринин жана каражаттарынын жакшырышына, e) саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну баштоого, ал өз кезегинде саламаттыкты сактоо мекемелерин жана продуктыларын жакшыртууга өбөлгө түздү.

Саламаттык сактоо боюнча Координациялык комитет жана анын алдындагы жумушчу топтордун түзүлүшү медициналык жабдууларды жана фармацевтикалык препараттарды өндүрүүдө кызматташтык жолдордун табууда жакшы иш аткарды.

Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо координациялык комитетинин алдында Саламаттыкты сактоо боюнча илимий топтун түзүлүшү да пандемиянын өнүгүшүнө биргелешип мониторинг жүргүзүү жана биргелешкен жоопторду иштеп чыгуу үчүн жакшы кадам болду.

Туристтик кызматташтыктын жаңы импульсу: ТМУ өлкөлөрү бай маданий жана тарыхый мурастары жана ар түрдүү табигый кооз жерлери менен эбегейсиз туристтик потенциалга ээ. “Заманбап Жибек Жолунун биргелешкен тур пакети” долбоору бул туристтик потенциалды колдонуу жана өнүктүрүү куралы катары иштелип чыккан. Бул максатта ар кандай иш-чаралар, көргөзмөлөр, фестивалдар, окуу программалары, туристтик турлар ишке ашырылды. Туризм тармагындагы кызматташтык жакында эле шаар деңгээлинде туризмди өнүктүрүү максатында «Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору» долбоорун ишке киргизүү менен жанданды. Ал эми «Табаррук зиярат» долбоору ТМУ өлкөлөрүнүн ыйык жерлерине туристтик кызыгууну арттырары күтүлүүдө.

Быйыл туризм тармагын тейлеген министрлер “Түрк мамлекеттеринин мыкты туристтик айылдары” демилгесин көтөрүп, туристтик агенттиктердин ассоциацияларынын ортосунда алака түзүүнү макулдашты.

Диний кызматташтыкты баштоо: ТМУ өлкөлөрү ушул жылы расмий диний бийлик органдарынын ортосунда кызматташууну баштоону чечишти. Буга чейин ТМУнун дин иштери боюнча мекеме жетекчилеринин жыйыны үч жолу өткөрүлдү. Диний кызматташтык түрк-ислам тилектештигинин, түрк элдеринин руханий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарынын айланасында өнүгөт деп күтүлүүдө.

КҮЧТҮҮ, БИРДИКТҮҮ ТҮРК ДҮЙНӨСҮН КУРАБЫЗ

Түрк кеңешинин саммити. Чолпон-Ата, 2018-жыл

 

Түрк дүйнөсүнүн келечеги – 2040

«Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» долбоорунун кабыл алынышы өлкөлөрдүн өз ара ачык, системдүү жана максаттуу мамилелер аркылуу жаркын келечекти чогуу курууну чечкен тарыхый учур болуп калды.
Буга чейинки жетишкендиктерге, ТМУ өлкөлөрүнүн керектөөлөрүн терең билүүгө жана улуттук бийлик органдары менен ар тараптуу консультацияларга негизделген «Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» келечекке айкын максаттарды коюп,  2040-жылга чейинки мезгилдеги түрк кызматташтыгынын стратегиялык багыттарын аныктайт.

Негизи, «Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040»  ТМУ  өлкөлөрүнүн мамилелерин кызматташуудан бара-бара интеграциялык жолго буруп өнүктүрөт. Ошентип, түрк өлкөлөрү товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жогорку квалификациялуу жумушчу күчтөрдүн тоскоолдуксуз агымын камсыз кылуу жана өз ара ачык транспорт жана энергетика сыяктуу маанилүү тармактарда кызматташууну активдештирүү аркылуу өздөрүнүн экономикалык аймагын курушу күтүлүүдө.

«Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» бул: а) эл аралык маселелердин кеңири спектри боюнча бирдиктүү саясий биримдикти өнүктүрүүгө; б) конкреттүү сектордук саясаттын жана бардык тиешелүү ченемдик-укуктук базалардын конвергенциясын колдоого; в) толук соода интеграциясына жетишүүгө; г) бирдиктүү инвестициялык мейкиндикти түзүүгө; e) санариптик технологияларды жакшыраак колдонууга мүмкүндүк берүүгө; д) транспорттук жана энергетикалык байланышты жакшыртууга; ж) адамдардын көбүрөөк мобилдүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу социалдык жана маданий өз ара аракеттенүүнү жогорулатууга багытталган чакырык болуп саналат.

Аймактардагы инновациялык экосистеманы колдоо, жашыл трансформация, адамдык капиталды модернизациялоо жана глобалдык кошумча нарк чынжырларына жакшыраак интеграциялоо да «Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040»  артыкчылыктуу багыттарынын бири.

ТМУнун келечектеги ишмердиги узак мөөнөттүү максаттарына жетүү үчүн көп жылдык стратегиялардын айланасында түзүлөт. Биринчи кадам катары ТМУ «Түрк мамлекеттеринин 2022-2026-жылдарга Стратегиясын» даярдады, ал 2022-жылдын 11-ноябрында Самаркандда боло турган мамлекет башчыларынын саммитинде бекитилет.

Жалпы жаркын келечекке карай

ТМУнун түндүгүнүн алдындагы алака-катыш ар кандай деңгээлдеги жана көп тармактарда ишке ашкан конструктивдүү жана ар тараптуу кызматташууга айланды. Ошондуктан, түрк өлкөлөрүн келечекке карай биргелешкен аракетсиз жана кыймылсыз элестетүү кыйын. Мындан тышкары, ТМУ буга чейин түрк дүйнөсүнүн ийгиликтүү кызматташуу платформасы жана үнү катары таанылган. Ошондой эле ТМУнун өзүнүн аймагында жана дүйнөлүк аренада кадыр-баркы туруктуу өсүп жатат.

«Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» программасын кабыл алуу түрк кызматташтыгынын жаңы доорун ачты. Техникалык жактан кызматташуу максаттуу болуп, биргелешкен аракеттер үчүн эң чоң потенциалы бар тармактарга багытталды. Стратегиялык жактан бул документ түрк өлкөлөрүнүн акырындап интеграцияланышына негиз түздү. Бул узак жана татаал процесс болору шексиз.

КҮЧТҮҮ, БИРДИКТҮҮ ТҮРК ДҮЙНӨСҮН КУРАБЫЗ

Анткен менен түрк дүйнөсүнүн кызматташтыгы барган сайын бекемделип өнүгө берери калетсиз, бул жөнүндө 2022-жылдын 11-ноябрында Самаркандда өтүүчү мамлекет башчыларынын саммитинде да сөз болот. Самарканд саммити өткөн жылы Стамбул саммитинде кабыл алынган тарыхый чечимдерди жыйынтыктоочу жыйын болот. Түрк кызматташтыгынын жаңы этабын жакшыраак чагылдыруу үчүн Нахичеван келишимине өзгөртүүлөр киргизилет.

Самарканд саммити экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, транспорттук байланышты жакшыртууга жана ТМУ өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүүчү санариптештирүүгө багытталган. Саммит ошондой эле Түрк инвестициялык фондун жакынкы айларда ишке киргизүүгө жол ачат.

Самарканд саммити ошондой эле 2040-жылга чейинки өнүгүүнүн максаттарына ылайык саясий жана коопсуздук жаатындагы кызматташтык чөйрөсүндө олуттуу прогресске жетишүүгө өбөлгө түзөт.  Мындан тышкары, коргоо өнөр жайындагы жана юстиция тармагындагы кызматташтык колдоого алынат. Бул саммитте Өзбекстан төрагалык кылат жана 2023-жылды “Түрк цивилизациясынын көтөрүлүшү” жылы деп жарыялайт.

Түрк кызматташтыгындагы бул олуттуу жетишкендиктер бизди кубандырат. Түрк өлкөлөрү интеграциялык күн тартибин улантып, 21-кылымдын чакырыктарына жооп берүүгө даяр болушу керек.
Бүгүн кабыл алган саясий чечимдерибиз жана иш-аракеттерибиз Түрк дүйнөсү интеграциялык жолду кандай улантарын көп жылдарга алдын ала аныктайт. Түрк мамлекеттери кызматташтыкты ийгиликтүү улантып, мындан да күчтүү, бекем интеграцияланган жана бирдиктүү Түрк дүйнөсү болуп чыгарына мен ишенем.

Бөлүшүү

Комментарийлер