КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН КӨЗГӨ КӨРҮНБӨГӨН КААРМАНДАРЫ
- 09.09.2026
- 0
Кырчын жайлоосундагы Көчмөндөр оюндарынын дүңгүрөгөн шаңы ушу азыр да баарыбыздын кулагыбызга жаңырып турат. Ат чабыш, көк бөрү, улуттук оюндар, өнөрпоздордун ыр-күүлөрү, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген коноктор… Ошентсе да бул чоң майрамдын дал ортосунда дагы бир эмгек жүрүп жатты…
Аны сахнадан көрбөйсүң. Байге тапшырып жаткан жерден жолуктурбайсың. Бирок ошол эмгексиз Кырчындагы майрамдын мааниси толук ачылмак эмес.
Көчмөндөр оюндарынын көзгө көрүнбөгөн каармандары — мектеп директорлору, мугалимдер, бала бакча жетекчилери, китепканачылар, ууз энелер…
Алардын келген конокторго кыргыздын меймандостугун көрсөтүп, ата-бабадан калган өнөрдү кийинки муунга өткөрүп жаткан эмгегине биз, журналисттер, күбө болдук.

«Куру кол келген жокпуз…»
Ысык-Көлдүн Түп районундагы 35 мектептин жетекчилери быйыл Кырчынга өзгөчө даярдык менен келишкен.
— Биринчиден, Көчмөндөр оюндарын көрөлү деп келдик. Экинчиден, куру кол келген жокпуз, — деп сөзүн баштады №3 Ак-Булуң мектебинин директору Элиза Чоконбаева.
Түптүк мектеп директорлору өз ара кеңешип, Кырчын жайлоосундагы этноайылга атайын боз үй тигип барууну чечишкен. Баары келе алган эмес. Деген менен учурда жер-жерлерде жаңы окуу жылына даярдык жүрүүдө. Ошондуктан алты директорду өкүл катары жиберишкен.
Кырчында алар эми жөн гана көрүүчү болушпады. Конокторду тосуп, чет өлкөлүк туристтерге кыргыздын салтын көрсөтүп, улуттук дасторкон жайып, боз үйдүн төрүнөн кыргыздын маданиятын таанытып жатышты.
— Мурда да катышканбыз. Бирок атайын боз үй тигип келген эмеспиз. Бул жолку Көчмөндөр оюндары өзгөчө өтүүдө. Адамдардын улутуна, тилине, динине карабай бир аянтчада бийлеп, ырдап жатышканын көрүп көзүмдөн жаш чыкты. Спорттук таймаштар да мыкты уюштурулду. Манастагы Көкөтөйдүн ашынан кем калышкан жок, — деди элеттик мектептин жетекчиси.
Анын сөзүндө жөнөкөй, бирок маанилүү бир ой жатат: Көчмөндөр оюндары — спорттук мелдеш гана эмес, түрдүү элдердин өз маданиятын дүйнөгө көрсөтө турган чоң аянтча.
Кочкорлук агартуучулар — боз үйдө

Кырчындагы боз үйлөрдүн арасынан Нарындын Кочкор районунан ат арытып келишкен агартуучуларды да жолуктурдук.
Алардын бири — «Куруучу» бала бакчасынын директору Таалайгүл Ибрагимова.
— Көчмөндөр оюндарына алгачкы ирет катышып жатабыз. Быйыл биздин райондун мугалимдери Нарын облусу боюнча ЖРТ көрсөткүчүнөн биринчи орунду камсыз кылып, зор ийгиликке жетишти. Бул — кочкорлук агартуучулардын чоң жеңиши, — дейт ал сыймыктануу менен.
Кочкорлук агартуучулар менен маданият кызматкерлери Кырчынга эки боз үй тигишкен. Бирөө райондук билим берүү бөлүмүнө, экинчиси маданият бөлүмүнө таандык.
Ал боз үйлөрдө күн сайын конок күтүштү.
«Ийгилик» бала бакчасынын жетекчиси Назира Молдокулова:
— Биз 30-августтан бери Кырчын жайлоосундабыз. Күнүгө боорсок бышырып, салат даярдап, конок тосуп, кыргыздын меймандостугун көрсөтүп жатабыз, — деди.
Ал эми «Асел» бала бакчасынын директору Гүлнара Кыдырмаева райондо 33 бала бакча бар экенин айтып:
— Үчөөбүздү жетекчилер тандап алышты. Биздин бала бакча райондогу эң ири мектепке чейинки билим берүү мекемеси. Он тайпада 300 тарбиялануучу бар, — дейт.
Кырчында жүргөн бул жетекчилердин дагы бир орчундуу милдети бар — кыргыздын көөнө маданиятын чоңдорго гана эмес, кийинки муундарга чыпчыргасын коротпой жеткирүү.
Кульмира эженин дасторкону

Кырчындын Чүй облусунун боз үйлөрү тигилген бөлүгүнөн мугалим Жүзмалиева Кульмира Шаршекеевна менен жылуу учураштык. Ал Чүй районундагы Рева Касымовна Тельтаева атындагы мектепте жыйырма жылга жакын убакыттан бери кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келет. Буга чейин айылдык кеңештин депутаты болуп шайланып келгендиктен, азыр да коомдук иштерге активдүү катышат.
Бул жерде болсо сабак өтпөйт. Бирок Кульмира эже өзүнүн дагы бир «сабагын» өтүп жатты…
Ал келген конокторго улуттук тамактарды даярдап, ата-бабадан калган даамдарды тартуулады.
Талкан, каттама, калама, чучук, казы-карта, бешбармак, кымыз, чалап, бозо…
Булардын баарын ал чоң энелеринен үйрөнгөн.
— Чоң энем, таенем, өзүмдүн апам — баары кандай жумуш болбосун колунан келген эмгекчил адамдар эле. Кичинемден эле алардын этегин кармап жүрүп, тиричиликке керектүү нерселерди жасаганды үйрөнүп алдым, — деп эскерет Кульмира Шаршекеевна.
Бирок Кульмира эже кубанычын айтып эле тим болбойт. Мугалим катары мектептин көйгөйүн да көтөрдү. Иштеген мектеби авариялык абалда турганын жашырган жок. Окуучулардын саны өсүп, орун жетишсиз болуп жатыптыр. Салтанат өткөрө турган атайын зал курула элек. Китепкана болсо мектептен 600 метр алыста жайгашкан үчүн, окуучулар китеп алганы ылай жол менен катташат экен.
Анткен менен Кырчындын төрүндө улуттук мурастарды даңазалап жүргөн мугалимдин эң чоң тилеги да жөнөкөй — Балдар коопсуз, заманбап шартта билим алышса экен.
Эски буюмдар — тирүү тарых

Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы этнофестивалда кеминдик китепканачылар да өзгөчө иш алып барышты.
Алар Кырчынга жөн эле китеп алып келишкен жок. Элдин эсинде калган буюмдарды чогултуп, боз үйдүн сыртына көргөзмөгө коюшту.
Бул жерден XVI кылымга таандык тыйындарды, XIX кылымдагы үкөктү, жаргылчак, кетмен, супараны, 1947-жылы заводдон чыгарылган темир жолчулар үчүн жол чырагын, эски жайнамазды көрдүк. Тарыхый буюмдарга кызыккандар суроо артынан суроо берип жатышты. Өзгөчө Үркүн мезгилинде жерге катылган жаргылчактын тарыхы кызыктуу болду. Аны 1916-жылы, Үркүндө, качып баратып жерге жашырып кетишкен экен, туптуура эки жылдан соң Кытайдан кайтканда таап алышыптыр.
— «Буюмдарыңар өз айылыңарда калсын, аны кийинки муундар көрсүн» деп элге кайрылдык. Алар да түшүнүү менен кабыл алып, колдорундагы тарыхый буюмдарын беришти, — деди райондук китепканалар тармагынын директору Гүлнара Абсалиева.

Жетекчинин айтымында Кемин районундагы 26 китепкананын 23үндө «Санжыра-музей» бурчу уюштурулган. Демек, китепканачылар эски буюмдарды жөн гана сактап жаткан жок. Алар ошол буюмдар аркылуу жаштарга тарыхты айтып беришүүдө.
Айына бир жолу 9–11-класстын окуучулары китепканада жайгашкан музей-бурчтарга келип, тарыхый экспонаттар менен таанышканы да колго аларлык саамалык. Анткени кээде тарыхты чоң китептен эмес, чоң энеңдин азыр колдонулбаган сандыгынан табасың.
74 жаштагы ууз эненин өнөрү

Кырчында Баткендин Лейлек районунан келген 74 жаштагы Тажигүл Арзыбаева менен да маектештик.
Ардагер агартуучу 38 жыл китепканачы болуп иштептир. Азыр Кудайкул Ниязматов атындагы аймак таануу музейинде эмгектенет. Бир кыз, беш уулдан 26 небере, 16 чебере көргөнүн айтып отурду. Элдик кол өнөрчүлүк болсо анын жашоосунун ажырагыс бөлүгү.
— Экинчи класстан бери килем согом, — дейт ууз эне.
Илгерки энелеринен калган килемчилик, тикмечилик өнөрүн небереси Каныкейге үйрөткөн. Небереси азыр дизайнерликке кызыгып, Көчмөндөр оюндарына жана «Оймо» фестивалдарына катышып келет.
Бул — өнөрдүн бир муундан экинчи муунга өтүшүнүн өзү эмеспи!
Тажигүл эже акыркы жылдары жаштардын элдик өнөргө кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп:
— Анткени үйдө отуруп эле акча тапса болот, — дейт.
Анан килемдин жасалышын айтып, бир караганда жөнөкөй көрүнгөн эмгектин артында канча мээнет жатканына токтолду.
— Узундугу беш метр, туурасы, 2.70 келген чоң килемди төрт кыз он эки күндө согуп бүтөт. Бирок ага чейинки жүндү жууп, тазалап, кургатып, өңүнө келтирүү ишинин өзү бир айга созулат, — деп түшүндүрдү ал.
Ушул жерден биз боёлбогон койдун жүнүнөн жасалган түк килемдин баасы баарынан жогору экенин билдик.
Кырчында турган 74 жаштагы ууз эне үчүн бул жөн гана кол өнөрчүлүк эмес.
Бул — энелерден калган аманат.
Майрамдын артындагы адамдар

Кырчын жайлоосунда миңдеген адамдар жүрөт. Көпчүлүгү сахнадагы көрүнүштөргө, ат оюндарга, өнөрпоздорго, боз үйлөрдүн көркүнө көңүл бурат.
Бирок майрамдын дагы бир тарабы бар.
Күн сайын боорсок бышырган аялдар.
Конок тосуп, кымыз сунган агартуучулар.
Боз үйдүн ичиндеги, сыртындагы ар бир буюмдун тарыхын айтып берген китепканачылар.
Окуучуларга улуттук өнөрдү үйрөткөн мугалимдер.
Энелерден калган килемчилик өнөрдү неберелерине өткөрүп жаткан ууз энелер.
Алардын көбү сахнага чыкпайт. Байге албайт. Аты-жөнү афишаларда жазылбайт.
Бирок Көчмөндөр оюндарынын рухун дал ошолор жандандырып турушат.
Анткени көчмөндөрдүн мурасы — ат үстүндөгү оюндар менен гана чектелбейт.
Ал — боз үйдө.
Дасторкондо.
Комузда.
Килемде.
Эски сандыкта.
Эненин колунан чыккан таберик буюмда.
Мугалимдин сабагында.
Китепканачынын сактаган санжырасында.
Ал эми ушулардын баарын бүгүнкү күнгө жеткирип, эртеңки муунга өткөрүп жаткан адамдар — Кырчындын көзгө көрүнбөгөн, бирок эң маанилүү каармандары.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим», штаттан тышкаркы кабарчы, Кырчын жайлоосу