КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: БАШАТ, ДЕМИЛГЕ ЖАНА ТАРЫХЫЙ АДИЛЕТТИК МАСЕЛЕСИ

  • 30.08.2026
  • 0

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: БАШАТ, ДЕМИЛГЕ ЖАНА ТАРЫХЫЙ АДИЛЕТТИК МАСЕЛЕСИ31-август күнү Кыргызстан дагы бир жолу дүйнөнүн көңүл борборуна айланат. Бүткүл дүйнөлүк VI Көчмөндөр оюндарынын башталышы менен көчмөн цивилизациясынын мурастары, улуттук спорттун философиясы жана кыргыз элинин маданий баалуулуктары дүйнөгө дагы бир жолу таанытылат.

Бүгүн Көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан эң ири эл аралык бренддердин бири болуп калды. Ал тургай мамлекеттин маданий дипломатиясынын, улуттук иденттүүлүгүнүн жана идеологиялык күчтүү саясатынын маанилүү куралына айланды.

Бирок ар бир чоң долбоор сыяктуу эле бул оюндардын дагы башаты, алгачкы демилгечилери жана жаралуу тарыхы бар.

Тарых тактыкты сүйөт

Акыркы жылдары Көчмөндөр оюндарынын идеясы кимге таандык деген маселе мезгил-мезгили менен көтөрүлүп келет. Коомдук талкууларда ар кандай пикирлер айтылууда. Айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер жана уюштуруучулар бул долбоордун жаралышына өз салымдарын кошконун белгилеп келишет. Чынында алардын ар биринин эмгеги бар. Бирок салым кошуу менен идеянын алгачкы демилгечиси болуу эки башка түшүнүк экенин да унутпашыбыз керек.

Фактыларга кайрылалы

2007-жылы азыркы дүйнөлүк масштабдагы долбоордун башаты катары каралып келген «Улуу көчмөндөр оюндары» Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде өткөрүлгөн. Демилгечиси жана негизги уюштуруучусу ошол учурда болгону 26 жаштагы коомдук ишмер Болотбек Дыйканбаев болгон. Бул иш-чара мамлекет тарабынан каржыланган жана колдоого алынган эмес. Негизги чыгымдарды уюштуруучу катары Болотбек өзү жалгыз көтөрүп, 170 миң (жүз жетимиш миң)  АКШ доллары сарпталган. Жеңүүчүлөргө 20 миң АКШ доллары сыйлык катары ыйгарылган.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: БАШАТ, ДЕМИЛГЕ ЖАНА ТАРЫХЫЙ АДИЛЕТТИК МАСЕЛЕСИОшол учурда бул демилгени мамлекет толук колдоп кетпей, бут тосуулар да болгон. Тескерисинче, анын келечегине ишенбегендер көп болгон. Бирок жаш жигиттин көтөргөн идеясы жүзөгө ашып, Өзгөн жергесинде мурда болуп көрбөгөндөй чоң улуттук фестиваль жана спорт майрамы уюштурулган.

2007-жылдын 27-октябрында өткөн иш-чарага миңдеген адамдар чогулуп, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышкан. 52 боз үй тигилип, ондогон улуттук оюндар көрсөтүлүп,, улуттук спорттун 9 түрү боюнча мелдештер уюштурулуп,  көчмөндөрдүн маданиятынын, улуттук мурастардын өзгөчө атмосферасы жаралган.

Эң башкысы — бул иш-чаранын ачылышына ошол кездеги өлкөнүн жогорку жетекчилери  да катышкан. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Адахан Мадумаров салтанаттуу ачылышта сөз сүйлөп, оюндардын келечеги кең экенин белгилегендиги ошол кездеги тасмаларда жана архивдик материалдарда сакталган.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: БАШАТ, ДЕМИЛГЕ ЖАНА ТАРЫХЫЙ АДИЛЕТТИК МАСЕЛЕСИМындан тышкары ошол кездеги Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев, белгилүү коомдук ишмерлер, спорт жетекчилери, аксакалдар жана маданият өкүлдөрү дагы бул демилгеге күбө болушкан. Алардын катарында болушкан Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Алыш күрөш федерациясынын Ардактуу президенти Малик Осмонов, тарых илимдеринин кандидаты, журналист Кыяс Молдокасымов, эл аралык “ТүркСОЙ” уюмунун башкы катчысы, Кыргыз Эл жазуучусу, экс-маданият министр Султан Раев, даректүү кино тасмаларды тарткан кинорежиссер Мырзабек Айдаралиев жана башка  жергиликтүү аксакалдар, карапайым калк далилдеп, күбө болуп бере алышат.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: БАШАТ, ДЕМИЛГЕ ЖАНА ТАРЫХЫЙ АДИЛЕТТИК МАСЕЛЕСИ

Бирок убакыт өткөн сайын кызыктуу көрүнүш, жагдай пайда болду. Болотбек Дыйканбаев бул оюндарды эки жылда бир өткөрүү демилгеси менен мамлекеттик чиновниктерге кайрылып, колдоо тапкан эмес. Себеби, куулук-шумдукту билбеген, жулунуп-жутунбаган, мен деп көкүрөгүн койгулап, мактанбаган Болотбек мырза  Бишкекке келип, ошол учурдагы Кыргыз Республикасынын маданият, туризм министрлигинде  Туризм департаментинин директору болуп иштеген Максат Чакиевге жолугуп, Көчмөндөр оюндары тууралуу идеясын айтса, ал дароо аны илип алып, өздөрүнүн сунушу, демилгеси катары өлкө жетекчилерине, ошол учурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевге сунуштап,  алар мамлекеттик деңгээлдеги долбоорго айландырып, Болотбектин ысымы аталбай кала берген. Бул окуяны азыр деле  маданият министрлигинин экс-жетекчилеринин бири  Максат Чакиев деле танып кетпесе керек.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: БАШАТ, ДЕМИЛГЕ ЖАНА ТАРЫХЫЙ АДИЛЕТТИК МАСЕЛЕСИОшентип 2014-жылы Көчмөндөр оюндары мамлекеттик деңгээлдеги ири эл аралык долбоор болуп жарыяланды. Андан кийин оюндар дүйнөгө кеңири таанылып, Кыргызстанды эл аралык аренада даңазалаган брендге айланды.

Мына ушул мезгилден тартып авторлук маселеси талаштуу темага айланды.

Ар кандай маектерде жана коомдук талкууларда бул идеянын автору катары ар башка адамдардын ысымдары атала баштады. Айрымдары өздөрүнүн демилгеси болгонун билдиришти. Андан бери Көчмөндөр оюндарынын авторлорубуз дегендер көбөйүп, алардын катарында  мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев, Аскат Акибаев, маркум Ташкул Керексизов жана башкалар бул идеяны өздөрүнүн идеясы, автору катары айтып жүрүшкөн. Бул оюндардын дүйнөлүк аренага таанылышына жогоруда аты аталган коомдук ишмерлердин, ошол учурдагы мамлекеттик жетекчилер катары  салымдары да зор. Алардын оюндарды уюштуруудагы эмгегин танууга болбойт.  Бирок, муну алар мамлекеттик кызматкерлер катары өлкө казынасынан каражат бөлүп, уюштурууга көмөкчү болгонун гана белгилөө зарыл.  Айрымдары эл аралык деңгээлге чыгарууда өз салымдарын белгилешти. Чындыгында алардын көпчүлүгүнүн долбоорду дүйнөгө таанытууда чоң эмгеги бар экенин танууга болбойт.

Мисалы, Адахан Мадумаровдун Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши аркылуу долбоордун эл аралык деңгээлге чыгышына көмөк көрсөткөнү белгиленип келет. Бул дагы тарыхый факт. Ошондой эле Ташкул Керексизов, Кадыралы Коңкобаев, Аскар Салымбеков жана башка коомдук ишмерлердин дагы өз учурундагы аракеттери тууралуу маалыматтар бар.

“-Бул Көчмөндөр оюндарынын  автору менмин, ал түгүл мен патент алып, менчиктеп койгом. Бул идея меники”,- деп коомдук ишмер Аскат Акибаев да маалымат каражаттарына интервью берип жүрөт. Көчмөндөр оюндарынын ушундай деңгээлге жетүүсүнө  мамлекеттик ишмер катары анын дагы салымы бар.

Бирок булардын бардыгы долбоордун өнүгүү этабына байланыштуу иштер.

Ал эми баштапкы идеяны биринчи болуп ким көтөргөн деген суроого жооп издегенде, 2007-жылдагы Өзгөндө өткөн «Улуу көчмөндөр оюндары» тууралуу архивдерге кайрылууга туура келет.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: БАШАТ, ДЕМИЛГЕ ЖАНА ТАРЫХЫЙ АДИЛЕТТИК МАСЕЛЕСИТилекке каршы, кийинчерээк мамлекеттик деңгээлде уюштурулган долбоорлордо Болотбек Дыйканбаевдин ысымы көп айтылбай калган учурлар болду. Ал өзү да авторлук үчүн күрөшүп, трибуна издеп, көкүрөк койгулап чыккан адам эмес. Көбүнчө  коомдук иштер менен жүргөн, көтөргөн демилгеси ишке ашканына кубанып келген инсан катары белгилүү.

Бүгүнкү күндө ал Аламан улак – Көк бөрү федерациясын жетектеп келет. Бирок кызыгы, быйыл 45 жашка чыккан ушул адамдын аты Көчмөндөр оюндары тууралуу расмий баяндамаларда дээрлик аталбай келет.

Бул жерде сөз сыйлык же кызмат, урмат-сый жөнүндө эмес. Бул жерде сөз тарыхый адилеттик жөнүндө болуп жатат.

Кандай гана чоң долбоор болбосун, анын пайдубалын түптөгөн адамдар унутулбашы керек. Анткени тарых чыныгы фактыларга негизделгенде гана күчтүү болот.

Көчмөндөр оюндарынын чыныгы автору — кыргыз элинин миң жылдык маданий мурасы, Манастан бери уланып келген көчмөндөрдүн дүйнөсү. Анын башаты — “Манас” дастанындагы Көкөтөйдүн ашы, элдик оюндар жана көчмөн цивилизациясынын руханий казынасы.

Бирок эгемен Кыргызстан шартында бул идеяны алгачкы болуп заманбап форматта көтөрүп чыккан демилгечилердин бири катары Болотбек Дыйканбаевдин ысымы дагы тарых барактарында өз ордун алышы керек.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: БАШАТ, ДЕМИЛГЕ ЖАНА ТАРЫХЫЙ АДИЛЕТТИК МАСЕЛЕСИБир ирет Болотбек Дыйканбаевден «Көчмөндөр оюндарын уюштуруу, өткөрүү идеясы кандайча жаралып калды эле?- деп сураганымда ал мындай деген эле.

-25 жаш курагымда жеке ишкерлик менен алектенип жүрүп, Алматы шаарына барып, кайтып келатып Алматынын четиндеги бир кафеге тамактануу үчүн кирип калдым. Кафенин аталышы «Көчмөндөр» деп аталып, байыркы кыргыз бабаларыбыздын тарыхый сүрөттөрүн казактардын баалуулуктары катары илип, биздин элдин мурастарын өздөрүнүн тарыхы кылып жасалгалап коюшуптур. Кыргыздын улуттук оюндарын,  элдик спорт түрлөрүн дагы казактыкы деп атап алышыптыр. Абдан намыстанып кетип, «кафенин ээсин чакыртып, бул кыргыздардын тарыхый баалуулуктарын неге казактыкы деп энчилеп алгансыңар. Казак деген улут катары кийинки 18-кылымдарда гана таанылган. Силердин түбүңөр кыргыздан куралып, таралган. Анык көчмөндөр кыргыздар болгон. Биз кара кыргыз, силер кыргыз деп тарыхта аталып калгансыңар. Кара кыргыз деген анык, нак, улуу деген маанини билдирет. Көчмөндөрүн духун, рухий байлыктарын, мурстарын сактап, муундан муунга өткөрүп келаткан кыргыздар болуп саналат. Силер неге тарыхты бурмалап,  байыркы кыргыздардын мурастарын, ал түгүл тарыхый сүрөттөрүн казактыкы деп менчиктеп, илип жарыя кылып алгансыңар. Муну уурулук, бет тырмарлык дейт. Мен силерге анык көчмөндөр кыргыздар болгонун далилдейм , -деп агынан жарылып, намыстанып далай тарыхый фактыларды, кыргыздын улуттук оюндары, эл-жерин коргогон баатырларына чейин айтып бердим. Жолдо келатып, кыргыздардын көчмөндөрдүн мурастарын сактап калганын далилдөө үчүн улуттук спорт түрлөрү боюнча  Улуу Көчмөн мелдештерин өткөрүүнү максаты кылдым эле. Мен өз каражатыма уюштуруп өткөргөн мелдеш Улуу Көчмөн оюндары деп аталып, ага Түркия, Россия,Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандан спортчулар жана өкүлдөр келип, 3 күн мелдеш болгон. Мен Көчмөндөр оюндарынын автору кыргыз эли, мазмуну-кыргыз мурасы, улуттук оюндар , -деген эле  коомдук ишмер Болотбек Дыйканбаев.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: БАШАТ, ДЕМИЛГЕ ЖАНА ТАРЫХЫЙ АДИЛЕТТИК МАСЕЛЕСИАнткени эл унутса да, тарых унутпайт. Ал эми тарыхый адилеттик орногондо гана улуттун эс тутуму толук болот.

Бул талаш-тартышка чекит коюп, Көчмөндөр оюндарынын башаты-Көкөтөйдүн ашы, автору Кыргыз эли десек жаратат. Ал эми эгемен Кыргызстандагы биринчи демилгечиси-Болотбек Дыйканбаев, эл аралык аренага таанытып, ушундай даражага жеткирген,  дүйнөлүк деңгээлде бренд кылган Кыргыз Республикасы жана мамлекетибиз деп сыймыктана берели.

Эртең,  31-август эгемендик күнү баштала турган Бүткүл дүйнөлүк VI Көчмөндөр оюндары ынтымак, биримдик менен достук маанайда өтүп, кыргыздын нарк-насилин, улуттук баалуулуктарын, каада-салтын, меймандостук касиеттерин дагы бир ирет дүйнөгө дүңгүрөтүп, таанытат деген тилектемин!

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  спорттук бандамачы

Атайын «Кут Билим» медиа борбору үчүн

 

Бөлүшүү

Комментарийлер