ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЖАГЫМДУУ КУРС

  • 17.06.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси уюштуруп келген жалпы методика боюнча кыска мөөнөттүк уникалдуу курстан өтүүгө акыркы кездерде каалоочулардын саны арбыды. Бул жолу дагы көптөгөн мугалимдердин каалоосу, суранычы боюнча уникалдуу курстун 3-бөлүгүнө бардык региондон мугалимдер келип, кызыгуу менен окуп жатышат. 

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЖАГЫМДУУ КУРС

“Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин директорунун орун басары Жылдыз Сарыгулованын айтымында, кыска мөөнөттүү курс үч күнгө созулат. Биринчи күнү комплекстин башкы директору, КР эмгек сиңирген мугалими Гүлнара Дайырбекова эртең мененки саат 9.00 кечки 16.00го чейин  “Үй тапшырма – бекем билимди жана көндүмдөрдү калыптандыруунун каражаты”,  “Активдүү баа – окутуунун жаңы эффективдүү стратегиясы катары”, “Окутуунун “Оодарылган класс” моделинин 7 формасынын кайсынысы сизге туура келет?”,  “Педагогикалык технологиялар: эвристикалык изилдөө; кечиктирилген божомолдоо”, “Продуктивдүү тапшырмалар”, “Арт-педагогика технологиясын окуу процессинде колдонуудагы өзгөчөлүктөрү”, “Сабакты изилдөө” темаларында эң кызыктуу теориялык билим берсе, экинчи күнү комплекстин мугалимдери ар бири предмети боюнча ушул темаларда практикалык жүзүндө көрсөтүп, үйрөтүштү. Ал эми курстун үчүнчү күнү жалан тарбиялык маселелерге арналды. Алсак, “Мугалимдер кетирген 11 ката”, “Убакытыңды туура колдон!” (тарбиялык сааттардын материалдары), “Балдардагы жумшак жана катуу көндүмдөр”, “Өспүрүмдүн жашоодогу максаттарына карата үй-бүлөнүн ролу”, “Өткөөл курактагы балдарыбызды түшүнүүгө үйрөнөлү!”,  “Окуучуларды нравалык баалуулуктарга тарбиялоодогу үй-бүлөнүн үлгүсү” аттуу темалар берилгенде келген мугалимдер “асмандан издегенин жерден тапкандай” болушту. Курстун катышуучулары кантип кечкирип калганын билбей, керек болсо ушул комплексте иштеп калсак деген ниеттерин дагы билдиришти. Анткени комплекстин мугалимдеринин угуучуларды кире бериштен жылуу маанайда тосуп алып, ар бирине өзгөчө мамиле кургандары, сылык-сыпаа сүйлөгөндөрү, бирдиктүү форма кийип жүргөндөрү, курстун эң арзан болушу, анын ичинде үч маал тамагы, мындан тышкары мугалимге керек усулдук колдонмолор бекер таратылганы абдан жагымдуу экенин жашырышкан жок.

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЖАГЫМДУУ КУРС

— Мен бул курсту өткөрүп жаткан мугалимдерди илгертен эле тааныйм. Бирок баягы мен тааныган мугалимдер бардык жагынан өзгөрүптүр. Кийинген кийимдери, жүрүм-турумдары, өзгөчө, биз билген ыкманы эле заманбап ыкмага салып, тунарып турган көзүбүздү жаркыратып ачып коюшту, — дейт курска келген мугалим Төрөкан Алыбаева.

Ошентип, үч күндүк курста мугалимдер керектүү усулдук жардам алып, төбөлөрү көккө жетип, сапаттуу билим берүү үчүн болгон тажрыйбаны топтоп, үйлөрүнө кайтышты.

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЖАГЫМДУУ КУРС

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЖАГЫМДУУ КУРС

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЖАГЫМДУУ КУРС

Курстун жыйынтыгында окугандыгы тууралуу сертификат алып, эстеликке сүрөткө түштү. Баса, мамлекеттик жалпы аттестациялоо бүткөндөн кийин калган мугалимдердин суранычы боюнча  27-29-июнда ушул эле темада семинардын кийинки бөлүктөрү өткөрүлөт. Каалоочуларга комплекстин эшиги ачык!

Угуучулар эмне дейт?

Нурайым Мусаева, Тоң районунун Көлбаев мектебинин башталгыч классынын мугалими:

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЖАГЫМДУУ КУРС

— Биз башталгыч класстын мугалимдери чогуу келдик. Анткени “Креатив-Таалим” ББК өткөргөн курстар тууралуу көп жакшы пикирлерди уктук. Биз дагы келип, тажрыйба топтоп,  өзүбүзгө керектүү нерселерди алалы дедик. “Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет” демекчи, “Креатив-Таалим” билим берүү комплексиндеги ар бир мугалимдин иштеген иши, методикалары, кирип келгенде баары жылуу маанайда тосуп алгандары, биз билбеген ыкмаларды жан дили менен үйрөткөндөрү биздин демибизге дем, күчүбүзгө күч кошту. Креативчилердин иштегенге чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Жетекчиси мугалимдерине мотивация берип турганы бизге майдай эле жакты. Анан өздөрүнүн койгон талаптары балдарга сапаттуу билим берүүгө шайкеш келээрин көрдүк. Жомоктогудай эле болду. Суктандык, ушул жерде жашагыбыз келип кетти. Окуу программасын ооштуруп өткөндөрү, активдүү окутуунун формалары жакты.

Кенжегүл Исалиева, Тоң районунун Көлбаев мектебинин башталгыч классынын мугалими:

— Иш тажрыйбаларын көрдүк. Мугалимдин өзүн алып жүрүү этикасы, балдар менен баарлашуусу, азыркы коомдо талап болгон технологияларды пайдалангандары абдан жакты. Алыскы тоолуу райондон келгендиктен, заманбап технология бизде жокко эсе. Андан тышкары башталгыч класстарда пайдаланчу кызыктуу дидактикалык материалдары, кабинеттердин жабдылышы дагы өзгөчө экен.

Жеңишбек Абдиназаров, Ихлас эл аралык мектебинин  кыргыз тили жана адабият мугалими, методист, Сокулук району:

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЖАГЫМДУУ КУРС

— Белгилүү советтик педагог В.А.Сухомлинский айткан: “Ийнедей жарыкты жаратуу үчүн деңиздей билим бериш керек” деп. Анысыңарындай,  усулчуга аябай көп милдет жүктөлгөн. Ошол милдетти аткаруу үчүн бизге көп билим керек. Андыктан мен “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси уюштурган курстарга биринчи жолу келген жокмун. Анткени усулдук жардамдар аябай эффективдүү берилет. Ушул комплекстен 2019-жылы алган билимдерим көп ийгиликтерге жетеледи. Мен ар дайым соцтармактардан булар тууралуу кабар алып турам. Бул жолу дагы соцтармактан жарнаманы окуп, электрондук каттоодон өтүп келдим. Буга чейин окубаган темаларды окуп, эки күндөн бери үйрөндүк. Биринчи күнү Гүлнара Мелисовна продуктивдүү үй тапшырманы берүүнүн жолдорунун методикасын, эвристикалык усулдарды, арт-педагогика технологиясын аябай кенен түшүндүрүп берди. Анын окуган, түшүндүрүп берген темаларын экинчи күнү предметтик секцияларга бөлүнүп, өзүбүздүн предметибизге салып, практика жүзүндө эртеден кечке чейин иштеп, үйрөндүк. Конфуцийдин айтканындай: “Уктум — унуттум, көрдүм — эстедим, аткардым – үйрөңдүм” деген нерсе болду. Бул курс дагы ийгилик жараткан жагымдуу курс болду.

Бир топ институттардан, борборлордон билимимди жогорулатып келатам. Бирок бул комплексте мугалимдердин билимин жогорулатуу өзгөчө эффективдүү деңгээлде өтөт. Мугалимге жугумдуу, таасирдүү, кыска аралыкта биз күткөн, самаган, эңсеген жаңы маалыматтар берилет. Мурдагы маалымат болсо дагы аны азыркы учурдагы  актуалдуулугун ачып беришет. Курстун дагы бир өзгөчөлүгү — арзан, ичинде үч маал тамак-ашы бар, ал эми кошумча усулдук колдонмолор, материалдар, электрондук материалдар бекер берилет.

Майрамкан Арстанбекова, К.Шопокова атындагы №3 мектеп-лицейинин биология мугалими, Сокулук району:

— Комплекс өткөргөн семинар-тренингдерге үзбөй катышып келем. Үчүнчү жолу келдим. Көп тажрыйба топтодум. Азыркы учурда мугалимдер абдан оор кырдаалдабыз. Мындан беш жыл мурдагы балдар менен бүгүнкү окуучуну салыштырууга болбойт. Маалымат кенен талаасында балдар өздөрү оң дагы, терс дагы маалыматтарды алып жатышат. Ушул маалыматтарды иргеп, кыргыз элинин менталитетине таандык нерселерди алып, эң мыкты адамдарды тарбиялап чыгышыбыз керек. Дүйнө таанымы терең, тарбия жагынан камчы салдырбаган мыкты балдарды тарбиялап чыгуу — мугалимдин милдети. Ушул курста балдарды кантип тарбиялоо керек экени, ата-энелер менен кандай иш алып баруу ж.б.у.с. толгон-токой усулдарды окуп, капчыгыбызды жаңы ыкмаларга толтуруп, баа жеткис табылга таптык. Үч күндүк курста бардыгына жетиштик. Мыкты эс алуу дагы уюштурушуптур. Үч маал тамактандырышты, курсагыбыз ачкан жок. Тамак ичип жаткан учурда көңүлүбүздү көтөрүп, ырдап да жатышты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер