ИНВЕСТИЦИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕФОРМАЛАР САПАТТЫК СЕКИРИККЕ ӨБӨЛГӨ БОЛО АЛАБЫ?
- 21.10.2026
- 0
Акыркы жылдары Кыргызстандын билим берүү тармагы болуп көрбөгөндөй масштабдуу реформаларды жана ири структуралык өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүүдө. Өлкөнүн 2026-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы жана «Алтын Казык» улуттук программасы аркылуу билим берүү системасын дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирүү, адам капиталын чыңдоо боюнча чечкиндүү кадамдар жасалууда. Бул аракеттердин арасында эң көрүнүктүү саясий жана каржылык колдоолордун бири — Европа Биримдиги тарабынан Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн бөлүнүп жаткан 600 млн сомдук (6 млн евро) гранттык бюджеттик жардам болду.

Убадага эмес, натыйжага төлөө
Европа Биримдигинин «Билим берүү тармагын реформалоо боюнча келишим» (ESRC) программасынын негизги өзгөчөлүгү — каражатты алдын ала бербей, коюлган талаптар менен реалдуу көрсөткүчтөр аткарылгандан кийин гана бөлүүдө. Бул механизм өлкөгө жөн гана финансылык ресурс тартууну көздөбөстөн, мамлекеттик түзүмдөрдү жоопкерчиликке жана айкын натыйжага умтулууга адаттан тыш түрткү берет. Алынган 600 млн сом — Кыргызстандын билим берүү жаатындагы реформалары жөн гана кагаз бетинде калбай, эл аралык эксперттер тарабынан олуттуу бааланганынын далили.
Каржылоо багытталган негизги артыкчылыктар
Бөлүнүп жаткан каражаттар жана реформалардын негизги векторлору бир нече стратегиялык багыттарды камтыйт. Алсак, STEM-билим берүүнү өнүктүрүү — табигый илимдер, технологиялар, инженерия жана математика багыттарын мектептерде тереңдетип окутуу; окуучулардын маалыматты анализдөө, медиа чөйрөдө туура багыт табуу көндүмдөрүн калыптандыруу; «Жашыл көндүмдөрдү» окуу программаларына сиңирүү жана шаар менен айыл ортосундагы инфраструктураны жана окутуунун сапатын теңдөө.
Бүгүнкү күндө 12 жылдык мектептик билим берүү моделине өтүү менен 6 жаштагы балдарды башталгыч билим берүүгө тартуу ишке ашып, мектепке чейинки даярдык менен мектеп ортосундагы ажырым жоюлууда. Эң башкысы — бүтүрүүчүлөрдүн билими эл аралык стандарттарга шайкеш келип, чет элдик белгилүү ЖОЖдорго түз тапшыруу мүмкүнчүлүгү кеңейет.
Куру жаттоодон качып, функционалдык сабаттуулукка — алган билимин турмушта колдоно билүүгө башкы маани берилүүдө. Муну менен катар «Санарип мектеп» долбоорлору ишке ашып, улуттук нарк-насил, жарандык тарбия жана Манас таануу өзгөчө орун алууда.
Мугалимдердин статусу жана социалдык колдоо
Реформаны алдыга жылдырууда мугалимдин ролу өзгөчө. Андыктан педагогдордун статусун жогорулатуу максатында үстүбүздөгү жылдын апрель айында Өлкө башчысы агартуучулардын эмгек акысын 100%га жогорулатты. Кесиптин кадыр-баркын көтөрүү үчүн ваучердик жана санариптик квалификацияны жогорулатуу платформалары ишке кирди.

Методисттердин айлыгы тарыхта биринчи жолу 50 миң сомго чейин көтөрүлдү. Мындан сырткары, биринчи жолу райондук билим берүү бөлүмдөрү, интернаттар жана облустук институттар атайын кызматтык автоунаалар менен камсыздалды. Мына ушундай бирдиктүү жана чечкиндүү кадамдар менен Кыргызстан өзүнүн «Алтын Казыгы» болгон жаш муундун келечегине жол салууда. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жаңы курулуштар ишке кирип, үч нөөмөттүү жана авариялык мектептердин саны кыйла азайды.
Фундаменталдуу инвестиция жана келечекке көз караш
Кыргызстандагы билим берүү реформалары – өлкөнүн келечегине жана адам капиталына жасалган фундаменталдуу инвестиция. ЕБ бөлгөн 600 млн сом сыяктуу гранттар мамлекетке финансылык гана эмес, институционалдык ишеним тартуулайт. Бирок сапаттуу өзгөрүүнү аягына чыгаруу үчүн айрым багыттарга өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин эксперттер белгилеп келишет. Алсак, айылдык мектептерди жогорку ылдамдыктагы интернет, заманбап лабораториялар жана күчтүү методикалык база менен камсыз кылуу аркылуу шаар-айыл ажырымын жоюу талап кылынат. Өзгөчө окуу китептерин даярдоо, экспертизадан өткөрүү жана басып чыгаруу жараянын стандартташтырып, авторлорду тандоону ачык жүргүзүү күн тартибинде турат.
Ал эми Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) жана PISA сыяктуу эл аралык сапатты баалоо изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы аркылуу реформалардын реалдуу натыйжалуулугун үзгүлтүксүз анализдеп туруу зарыл. 2025-жылы Кыргызстан 16 жылдан кийин PISA эл аралык изилдөөсүнө кайра катышып, мурунку көрсөткүчтөрга салыштырмалуу байкалаарлык ийгиликтерди көрсөттү.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 5-октябрь – Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата кайрылуусунда: «Билим берүүнү өзгөртмөйүнчө, өлкөнүн келечегин өзгөртүү эч мүмкүн эмес. Бул үчүн мамлекет бардык күч-аракетин жумшайт, ошол эле учурда мугалимдерибиз да өзгөрүшү керек. «Алтын Казык» программасы билим берүү системасынын кагаздагы эле реформасы болуп калбашы керек. Ал туруктуу өнүгүүнүн, жоопкерчиликтин, инновациялардын жана сапаттын жаңы билим берүү маданиятын калыптандыруунун негизи болууга тийиш… Көп жылдардан бери чечилбей, көйгөйгө айланып, кризистик абалга кептелген окуу китептери боюнча маселени чечүү үчүн 8,5 миллиард сом бөлүү чечимин кабыл алдым», — деп баса белгилеген.
Президенттин кайрылуусунда белгиленгендей, өлкөдө мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү үчүн бош турган мамлекеттик имараттарды бала бакчаларга айландыруу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү милдети коюлду. Жаңы окуу жылында 500 мектепте шахмат ийримдери, жасалма интеллект, робототехника, дрондорду башкаруу жана программалоону үйрөтүүчү 53 IT-кванториум ачылып, 720 мектеп STEM-лабораториялары менен жабдылууда.
Кадрларды даярдоо — ийгиликтин өзөгү
Реформанын ийгилиги эң биринчи кезекте кадрлардын даярдыгынан көз каранды. Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту тарабынан 2025–2026-окуу жылында ишке ашырылган масштабдуу иш-аракеттер өлкө тарыхындагы эң ири педагогикалык мобилизациянын бири болду.
Окутуу төрт стратегиялык багытка бөлүнүп, жалпысынан 28 913 мугалим атайын даярдыктан өттү: Башталгыч мектеп мугалимдери (12 жылдыктын пайдубалы) — 10 334; табигый илимдер (STEM багыты) — 7 561; англис тили (эл аралык интеграция) — 5 727; математика (логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүү) — 5 325.
Окутуу процессин камсыздоо үчүн даярдалган тренерлердин саны 241ден 521ге жеткирилди. Ошондой эле реформада дүйнөдөгү эң алдыңкы билим берүү тутумдарынын бири саналган Сингапурдун тажрыйбасы кеңири колдонулууда.
Инфраструктура, санариптештирүү жана ачык-айкындуулук
Агартуу министри Д.Кендирбаева белгилегендей, «Алтын Казык» — өлкөнүн келечегин кепилдей турган улуттук багыт. Бүгүнкү күндө 3–5 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим менен камтуу 51%га жетип, 2 344 бала бакчада 320 миңден ашык бала тарбияланууда. Ал эми авариялык мектептердин маселесин 2028–2029-окуу жылдарына чейин толугу менен чечүү пландалууда.
Санариптик чечимдер жана коопсуздук
«Күндөлүк», «Инфраструктура», «Мугалим» жана «Санарип кампа» маалыматтык системалары ишке киргизилди.
Мектепке жана бала бакчага кабыл алуу «Түндүк» тутуму аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлүүдө. Аттестация, лицензиялоо, аккредитация жана сыйлоо процесстери жасалма интеллект жана АИС платформаларына өткөрүлүп, коррупциялык тобокелчиликтер жоюлду.
АИС «Бала» программасы аркылуу башталгыч класстардын тамактануусу граммына чейин көзөмөлгө алынууда.
«Булак» акысыз платформасында 94 440 окуучу ЖРТга даярданууда. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана мигранттардын балдары үчүн «Туңгуч» онлайн мектеби ачылды.
Электрондук күндөлүктөгү «Коркпо, билдир» анонимдүү тиркемеси аркылуу мектептердеги рэкетчиликке жана кылмыштуулукка каршы ыкчам чаралар көрүлүүдө.
Окуу китептери жана стимул
Мектеп китептери үчүн 2025-жылы 856 млн сом, 2026-жылы 744 млн сом каралып, 4,8 миллиондон ашык улуттук окуу-методикалык комплекс даярдалды. Ал эми Президент бөлгөн 8,5 млрд сом китеп тартыштыгын толук чечүүгө багытталды. Китептерге QR-код киргизилип, алардын бөлүнүшү электрондук көзөмөлгө алынды.

Ошондой эле «Жылдын мыкты мугалими» улуттук сынагы өтүп, башкы байге болгон бир бөлмөлүү батирди Тамчы айылындагы мектептин мугалими Меруэт Бакирова жеңип алды. Ал эми 10 номинациянын жеңүүчүлөрүнө Президенттик фонддон 500 000 сомдон сыйлык берилди.
Сөз соңу
Жогоруда аталган масштабдуу реформалар, миллиондогон инвестициялар жана аткарылып жаткан иштер Кыргызстандын билим берүү тармагы сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын айкын далилдейт. «Алтын Казык» программасынын алкагында 12 жылдык окутууга өтүү, STEM-билим берүүнү жайылтуу, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү жана санариптик тутумдарды кийрүү — өлкөнүн адам капиталына жасалган узак мөөнөттүү фундамент болуп саналат.
Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдүн реалдуу натыйжа үчүн каражат бөлүүсү да реформалардын туура багытта баратканынын эл аралык таануусу катары бааланат. Бирок бул реформалардын ийгилиги кагаздагы пландар менен чектелбей, айылдык жана шаардык мектептердин ортосундагы ажырымды жоюу, окуу китептеринин сапатын туруктуу сактоо жана ар бир мугалимдин кесиптик өсүшүнө түздөн-түз байланыштуу.
Бүгүнкү билим берүүгө салынган инвестиция — эртеңки эгемен, атаандаштыкка жөндөмдүү жана интеллектуалдык жактан өнүккөн Кыргызстандын пайдубалы. Түптөлүп жаткан жаңы билим берүү маданияты туруктуу сакталса, билим тармагындагы бул реформалар өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө кубаттуу түрткү берет деген ишеним чоң.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)