ИНСАНДЫН БИЛГИЛИК САПАТТАРЫ ЖАНА АКАДЕМИК АМАНБЕК ЖАЙНАКОВ
- 09.11.2026
- 0
Мени көп жылдардан бери улуу Сократтын “өзүӊдү өзүӊ тааны” деген осуяты ойлондуруп келет. Ал боюнча көптөгөн адабияттарды окудум, бир нече пикирлерди уктум, атайын байкоолорду да жүргүздүм. Акырында эч ким өзүн өзү толук тааный албастыгына ишендим. Анткени өзүн—өзү толук тааныш үчүн, өзү жөнүндөгү өзүнүн ою жетишсиз. Ал бир жактуу гана жыйынтык болуп калат. Себеби, ар бир киши социалдык чөйрөдө жашайт.

Ал үй-бүлөсү, ага-туугандары, иштеген коллективи, кесиптештери, жоро-жолдоштору, тааныштары, куда-сөөгү, тааныштарынын тааныштары, мугалимдери жана окуучулары, кошуналары ж.б. Ар бир киши жөнүндө алардын ар биринин өзүнчө ойлору бар. Бирөө жакшы көрсө, айрымдары жактырышпайт, кай бирлери өтө эле жаман көрөт. Ал эми конкреттүү бир киши өзү жөнүндөгү алардын ойлорун толук бойдон эч качан биле албайт. Демек киши өзүнө өзү эч качан толук кандуу баа бере албайт, өзүн өзү тааный албайт. Сократ койгон суроонун акыйкаттыгы жана аны ишке ашыруудагы татаалдык мына ушул жерде жатат деп ойлойм. Бирок киши өзү жөнүндө толук билбесе дагы, башкалар жөнүндөгү ой-пикирлери болот. Алар эч качан абсолюттуу болушу мүмкүн эмес. Жалаледдин Руми далилдегендей чындыктын абсолюттуулугу, ал эми таанып билүүнүн салыштырмалуулугу ушул жерде даана байкалат. Ушул айтылгандардын негизинде академик А.Жайнаков жөнүндө мен эмнени билем, ал билгендеримдин чындыгын кантип далилдейм деген ойго келдим. Академик А.Жайнаков менен 1960-жыл азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук унверситетинин физика-математика факультетинин физика бөлүмүндө окуп жүргөндө таанышкам. Ал киши 3-курста окучу. Факультеттин окуу-илимий лабораториялары менен окуу залдарынан чыкпай, дайыма бир орунда отуруп окуп жүргөнү азыр да көз алдымда. 1963-жылы университетти бүтүп, өзүнүн айылына мугалим болуп кеткен. Бирок көп өтпөй эле кайра келип, факультетке мугалим болуп орношту. 4-курста окуп жүргөн бизге астрофизика боюнча лекция окуп, практикалык сабак өткөрдү. Ошондон баштап ал кишинин өмүрүнүн акырына чейин байланышты үзбөй санаалаш, сапарлаш болуп келдим. Иштеген кызматтары, изилдөө ишинин багыты, алардын жыйынтыктары, илим менен билим берүү жаатындагы аткарган иштери, мамлекеттик сыйлыктары, наамдары жөнүндөгү маалыматтар ал кишинин өмүр баяны жазылган булактарда кеӊири чагылдырылган. Мен аларды кайталабастан Аманбек Жайнаковичтин инсандык сапаттары жөнүндө гана кыскача айтууну туура көрдүм.
Биз күндөлүк турмушубузда киши, адам, анан инсан деген үч терминди колдонобуз. Көпчүлүк учурда бул терминдерди бири-биринен айырмалабастан, туш келди эле пайдаланып жүрөбүз. Менимче, бул туура эмес. Анткени аталган түшүнүктөр бири-биринен кескин айырмаланат. Бул жөнүндө улуу окумуштуу Абдулхай Алдашев өзүнүн бир маегинде “адам болом деп аракеттенип жүрүп, киши боюнча калып калган тура” деген пикирин айткан. Демек, кишинин баары эле адам эмес. Ошондой эле адамдардын баардыгын инсан деп атоого да болбойт. Жүргүзгөн талдоолордун натыйжасында биз ушул үч түшүнүктүн маанисин жөнөкөйлөштүрүп ачууга аракет жасадык. Киши — ойлоо, сүйлөө жана кайсы бир иштерди аткаруу жөндөмү бар тирүү жан. Адам — моралдык жана интеллектуалдык жакшы сапаттары бар киши. Инсан — аӊ-сезими менен күндөлүк аракетинде оӊ маанидеги өзгөчө сапаттары бар адам. Кыргыздар булардын ар бирине тиешелүү болгон “кишичиликтүү”, “адамгерчиликтүү” жана “билгиликтүү” деген белгилерди атап алышкан. Ушул жагынан алып караганда, мен академик Аманбек Жайнаковду билгиликтүү инсан деп атагым келет. Эми ал кандай билгиликтер деген суроо жаралат. Алар биздин оюбузча төмөнкүлөр:
- Эл билги — өзүнүн элинин түпкү тегин, тарыхын билүү, өз элин урматтоо, анын ысыгына күйүү, суугуна тоӊуу, ага ишеним артып, ак кызмат өтөө.
- Жер билги — өзүнүн туулган жеринин, ата-мекенинин жаратылышын билүү, анын Кыргызстандын жалпы элине берген пайдасын, сулуулугун, көркөмдүгүн жан дүйнөсү менен сезип туюу, кабыл алуу, түшүнүү, аны көздүн карегиндей аяр сактоого күч-аракетин талыкпай жумшоо.
- Сыр билги — башкалардын жан дүйнөсүнө сүӊгүп кирүү, алардын кулк-мүнөзүн, ички сырларын түшүнүү, аларды сыйлоо жана ишеним көрсөтүү.
- Сөз билги — сөздүн улуулугун билип, ага маани берүү, айткан сөзүнө туруу, жан дүйнөсүндө “сөзүм өлгүчө, өзүм өлөйүн” деген ыйык сезимдин болуусу.
- Жөн билги — социалдык чөйрөнүн (ата-эне, балдар, туугандар, жолдоштор, кесиптештер, куда-сөөк ж.б.) катышуучуларынын арасындагы турмуштук мамилелерди билүү, түшүнүү, аткаруу.
- Иш билги — адистикке, кесипке тиешелүү болгон теориялык билимге, практикалык билгичтиктерге ээ болуу, атайын билгиликтин жана жоопкерчиликтин болушу.
- Кол билги — өзүнө, үй турмушуна, кесиптик ишмердүүлүгүнө керектүү болгон айрым нерселерди өз колу менен жасай билүү.
- Сын билги — өзү жана башкалар жасаган иштердин, болгон окуялардын оӊ же терс жактарын туура сынай билүү. Сындоо эле эмес, сыноо. Сынчылык касиет.
- Баа билги — өзүнүн жана башкалардын жасаган аракеттерин, болуп өткөн ар кандай окуялардын натыйжасын калыс баалай билүү.
Мына ушул инсанга тийиштүү болгон билгиликтердин баардыгы Аманбек Жайнаковдо бар. Эл-жерине жасаган мамилеси, ар түрдүү адамдардын сырларын айттырбай билгендиги, айткан сөзүнө туруктуулугу, социалдык чөйрөдөгү ар кандай кишилер, адамдар менен тил табыша алуусу, тандап алган кесибине ылайык иштерди майын чыгара аткаруусу, ар кандай иштерди сын көз менен карап алардын натыйжасына объективдүү баа бере билүүсү жана башкалар буга далил болуп берет. Булардын ар бирин конкреттүү мисалдар менен негиздөөгө да болот. Бирок ал үчүн көп айтуу керек. Талаш-тартыш жактары байкалса, ким менен болсо да диалогго барууга даярмын.


Эми Аманбек Жайнаковго мүнөздүү болгон дагы бир маселеге токтолойун. Ал Аманбек Жайнаковдун тубаса маданияттуулугу менен эстетикалык табитинин бийиктиги. Адатта мен интеллектуалдардын маданиятын эки типке бөлөм. Биринчиси, табигый маданият, экинчиси протоколдук (кызматтык эрежеге байланышкан) маданият. Кызматкерлердин арасында ар түрдүүлөрү бар. Бирөө табигый маданияты төмөн болсо да, эрежелик маданиятты жогорку деӊгээлде өздөштүрүп алышат. Менин оюмча, булар “чиновниктер”. Чиновник — бул бийлигине чиренген жетекчи. Экинчи бирөөнүн табигый маданияты жогору. Ал үчүн эрежелик маданиятты өздөштүрүп алуу оңой эле болот. Үчүнчү бирөөнүн табигый маданияты менен эрежелик маданияты бири-бирине төп келип турат. Ал эч кимден көз карандысыз, иштери ар дайым ийгиликтүү, эл алдында кадыр-барктуу жана ишенимдүү. Мына ушундай касиет биз сөз кылып жаткан каарманга таандык болучу. Ушуну менен биз сыймыктанчубуз жана аны урматтачубуз. Азыр да сыймыктанабыз!
Инсандын табигый маданияты кандайча пайда болот? Ал ошол инсандын туулган жеринин табиятына, ата-энеси менен туугандык чөйрөнүн мамилесине, алган билиминин өзгөчөлүгүнө, адистикти туура тандап алып, аны кастарлоо деӊгээлине жараша калыптанат. Аманбек Жайнакович Айкөл Манас байырлаган айтылуу Талас жергесинде төрөлүп, ак кар, көк муз чөлкөмүндө чоңойгон. Талас дарыясынын шапатасын искеп, Талас токоюнун кооздугуна суктанып өскөн. Кароол-Дөбөнүн касиетине таӊ калып, Беш-Таштын керемет кооздугун өз кан-жанына сиӊирген. Айылындагы Акматбек Нуржанов сыяктуу эл башчыларынын камкордугун көргөн жана алардан өмүр бою эсинде калуучу айкөлдүк жөнүндөгү таасирлерди алган. Орто мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик университетине келип жараткандын буйругу менен физика-математика жаатындагы алгачкы окумуштуу Ж. Юсуповго учурап, анын жолдомосу менен физика адистигине кадам таштаган. Жансыз жаратылыштын керемет дүйнөсүнө сүӊгүп кирип, анын объектилери менен кубулуштарына таӊ калып, алардын сырын түшүнүүгө белсенип киришкен. Алдыга койгон максатын туура түшүнүп, анын өтөөсүнө чыгуу үчүн болгон дараметин бир нукка буруп, күнүмдүк кыйынчылыкка карабастан, тер төгүп эмгектенген. Ага кайрат-дем берген табияттын сырларынын керемети, анын кооздугу болгон. Ошол кубулуштун маанисин түшүнүүнүн негизги куралы математика экенин сезип, жогорку математиканы өздөштүрүүгө багыт алган. Анткени дүйнөдөгү ар кандай кубулуштарды математикалык жол менен жазуу сыйкырдуу дагы, кооз дагы, далилдүү да экенин баамдап сезген. Чынында эле планеталардын кыймылы жөнүндөгү Кеплердин закондору, Ньютондун натур философиясынын математикалык башталышын таап чыгышы, электромагниттик толкундардын табияты, таралышы жөнүндөгү Максвеллдин теориясы, Шредингердин теӊдемелери, Ландау менен Лифшицтин эмгектери эмне деген укмуш. Аны даяр билим катары кабыл албастан, маӊызында эмне жатканын сезүү, келечегине көз жүгүртүү, себептик-натыйжалык байланыштардын чексиздигин элестетүү, андагы кемчилдиктердин да болушун аӊдап түшүнүү ар бир эле студенттин же окутуучунун колунан келе бербейт. Мына ушул келечектүү касиет Аманбек Жайнаковдо болгон. Андай касиеттин бар экендигин өзү сезген жана аны өнүктүрүүгө болгон күчүн жумшап аракеттенген. Ошол кажыбас аракеттин натыйжасында табияттын физикалык кубулуштарын математикалык жол менен моделдештирүү, математикалык маселелерди сандык методдорду колдонуп чечүү, андан сон коюлган теориялык жана практикалык маселелерди чыгарууда электрондук эсептөөчү машиналарды колдонуу, кийинки учурда жаӊы маалыматтык технологияларды илимий жана билим берүү маселелерин чыгарууга арналган программаларды күндөлүк практикага киргизүү боюнча өтө баалуу эмгектерди жаратты. Анын бардыгы табияттын сырдуу касиеттерин сезүү, андагы дал келүүчүлүк менен симметриялуулукту түшүнүү, алардын жетишпеген жактарын оңдоого өз салымын кошуу жөнүндөгү аракеттери менен жаралды. Адилеттүүлүктүн күчүн сезген адам гана адилеттүү боло алат. Адамгерчилик менен айкөлдүктү өзүнө сиӊирген адам гана адамгерчиликтүү жана айкөл боло алат.
Эгер улуу жазуучу Ч. Айтматовдун өзүндө чоң сүйүүнүн көрөӊгөсү болбосо “Жамиланы” жаза алат беле? Табигий-математикалык илимдердин шайкештиги менен сырдуулугун сезбесе А. Жайнаков улуу ачылыштарды жасай алат беле? Мына ушул сыяктуу инсандык сапаттар Аманбек Жайнаковду айкөл окумуштуу, билгиликтүү инсан, үй-бүлөнүн камкор түзүүчүсү, жаштардын касиеттүү насаатчысы, кесиптештеринин арасындагы туруктуу теӊ салмактуулукту сактоонун гаранты, эли журтунун ишеничтүү тиреги деген абалга алып келген. Аманбек Жайнаковдун айкөлдүгү менен билгилик касиеттери башкаларга жугуштуу болуп, элибизде ушундай инсандардын көп болушун каалаймын!
Эсенбек МАМБЕТАКУНОВ,
Кыргызстан педагогдор коомунун төрагасы,
КР УИАнын ардактуу академиги, п.и.д., профессор