ИМАНАЛЫ АЙДАРБЕКОВДУ ЭСКЕРҮҮ
- 26.08.2024
- 0
(Кара-Кыргыз автономдук облусунун 100 жылдыгына карата)
(Эссе)
Ар бир улуттун тарыхында кыйын-кысталыш, катаал-татаал, айтор, ата мекендик тагдырды чече турган кези болот.
Кыргыз эли 1916-жылда Улуу Үркүн окуясын өз башынан өткөрдү. Улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө ак калпакчан карапайым калкыбыз сыртынан, ичинен сыздаса да, түпкү өзөгүндө жеңилген жок.
Кайран элибиздин бир бөлүгү Кытайга качып, ошол оор кайгынын, армандуу азаптын тарыхта терең изи калды. Үркүндө кырылган кыргыздардын трагедиясы, кыяматы узакка созулган жок. Арадан бир жыл өтүп, Кеңеш Өкмөтү бийликке келип, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түндүгү кайра баштан бийик көтөрүлүп, үзүлбөгөн үмүттөр жаңыдан уланды. Ташыбыз өйдө кулады.
Кыргыз элинин түбү бекем улут болуп калыптануусу үчүн жаңы тарыхый шарттар, ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр жаралды.
Ооба, ошол кереметтүү кезде Ата-Журттун асманында жаркырап жанган жылдыздардын үлкөн тобу пайда болду. Буулугуп турган булактардын көзү ачылды. Тоо булбулу Токтогул Сатылганов «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?» деп, Ала-Тоонун боорунан ай-ааламга жар салды.
Саргарып күткөн убакыт-сааты келип, Иманалы Айдарбековдун жаңычыл кадамы башталды. И.Айдарбеков 1921–1923-жылдарда Пишпек уезддик аткаруу комитетинин төрагасы болуп, саясий аргымагын катуу камчылады.
Аздыр-көптүр тажрыйба топтоп, ташка тамга басарлык деңгээлде такшалып, 1924-жылдын 21-октябрында Иманалы Айдарбеков жаңыдан түзүлгөн Кара-Кыргыз автономдук облусунун алгачкы төрагасы болуп, кош билегин түрүнүп, шымаланып ишке шыр киришти. Мына ошентип, тарыхый биринчилик Иманалы атабыздын бактысына туш болду.
Тарых тактыкты сүйөт эмеспи, биз ошол урунттуу учурга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Анын кыргыз жеринин жетекчилеринин көч башында тургандыгын жаш муундарга жеткирүү – биздин ары атуулдук, ары урпактык ыйык парзыбыз.
Ал төрагалык кызматта аз, бирок саз эмгектенди. Эл чарбасын калыбына келтирүүгө аракет жасады. Калкты жаңыча жашоо-турмушка, сабаттуулукка үндөдү. Жер-суу реформасын жүргүзүүгө бел байлады.
Анын тушунда «Эркин-Тоо» деп аталган улуттук төл гезитибиздин алгачкы сандары жарык көрдү. Кыргыз тилиндеги карлыгач окуу китептери жаралды. Айыл-кыштактарда чыныгы Дүйшөндөрдүн мектеби ачылды.
Иманалы Айдарбеков жетекчилик тизгинди кыргыздын дагы бир чыгаан уулу Абдыкадыр Орозбековго мыйзамдык негизге таянып, татыктуу тартуулады! Мына сага: бийик саясий маданият! Эмне деген жоомарттык, эмне деген эбегейсиз чоң эрдик!
И.Айдарбеков лениндик, большевиктик идеяларга берилип иштеди. Өз бешене- тагдыры, жашаган мезгили, коомчулук, мамлекет кандай тапшырманы, милдетти сунуштаса, кабагым-кашым дебестен, жалындаган жаштык курагын, өмүрүнүн өрт кечкен кезеңин аяган жок. Анын аткарган бардык иш-аракеттеринин ийне-жибин чубалтпастан, жеке өзү багындырган туу чокулардын ток этерин айтып өтөлү.
Туңгуч журт башчы, Кыргыз АССРинин Юстиция комиссары, Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы болгондугунун өзү эле анын опол тоодой саясий салмагынан, ар тараптуу ишмердүүлүгүнөн, көп кырдуу даярдыгынан, мезгилинен кыйла озгон көз карашынан, дараметинен ачык-айкын кабар берип тургансыйт.
И.Айдарбеков өзүнүн замандаштары Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахманов жана Баялы Исакеевдер менен биргеликте Кара-Кыргыз автономдук облусун түптөөгө катышты. Анын өз элине түбөлүктүү туура жолду көрсөткөндүгүн дагы бир жолу баса белгилеп кетмекчибиз.
Атаганат, дал ошол даанышмандар, дал ошол жолборс жүрөк журт мыктылары 1937–38- жылдардагы кызыл кыргындын, кандуу репрессиянын курмандыктары болушту.
Алар биздин бүгүнкү Эгемендүүлүгүбүз, Эркиндигибиз үчүн кашык канын, чымын жанын, өлбөс-өчпөс өмүрүн арнашты. Ак жеринен темир торго түшүштү. Эч кандай күнөөсү жок болсо да, жалган жалаанын, куру дооматтын айынан атылып кетишти.
Кийинчерээк замандын тегирмен ташы башкача тегеренип, жогорудагы кыргыз кыраандарынын, кылым чыгаандарынын дээрлик баары акталышты.
Алардын бардыгы Улуу Кыргыз элинин Улуттук Баатырларына айланышты.
Быйыл Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн жүз жылдыгын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, таңдагы күндү тоскондой, чын жүрөктөн, ак дилден белгилеп жатабыз. Кылым карыткан мартабалуу мамлекеттик мааракенин, жалпы улуттук майрамдын мааниси, шааниси өзгөчө!
Ушундай жылдыздуу саатта кеменгер башчыбыз Иманалы Айдарбековдун басып өткөн байманалуу жолуна, тарыхтагы орошон ордуна кылдат көз жүгүртөбүз.Өзүбүздүн калыс баабызды беребиз.
Биздин маңдайыбызда Ата-Бейит турат.
Көөнөрбөс көркөм сөздүн көсөмү, дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов бул көрүстөнгө «Ата-Бейит» деген атты ыроологон. Каармандар, канча нечен армандар көмүлгөн Ата-Бейит…
Асмандан жамгыр, көзүбүздөн жаш төгүлүп жатат. Кагылайын жамгырым, айланайын алтын көз жашым!
Иманалы ата, мен бүгүн Сиздин мүрзөңүзгө гүл көтөрүп келдим. Бул– башкача гүл.
Жүрөгүмдө өскөн гүл…
Тайир АШИРБАЙ,
Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими
Комментарийлер