Илгиз Шамырзаев: «МЕН БАЛДАРДЫ КҮЧҮМ КАНЧА ЖЕТСЕ, ОШОНЧО ОКУТАМ»

  • 28.05.2021
  • 0

Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында өткөн «Жылдын мыкты мугалими — 2021» кароо-сынагында баш байгени утуп алган №52 Кыргыз-түрк достугу мектебинин мугалими Илгиз Шамырзаев бир бөлмөлүү батирлүү болду. Батирди сынакка демөөрчү болгон «Эмаком» курулуш компаниясы тапшырды.

Илгиз Шамырзаев: «МЕН БАЛДАРДЫ КҮЧҮМ КАНЧА ЖЕТСЕ, ОШОНЧО ОКУТАМ»

Сынакка жалпы 42 мугалим катышып, финалдык баскычта жети талапкер ат салышты. Жыйынтыгында 1-орунду Ломоносов атындагы гимназия мектебинин кыргыз тили мугалими Момуналиев Капар алып, ага “Визион” курулуш компаниясы тарабынан автоунаа тапшырылса, 2-орунду алган №5 мектебинин биология мугалими Айдана Кадыровага Ош шаарынын мэриясынын атынан муздаткыч, компьютер, түстүү принтер жана кир жуучу машина тапшырылды. 3-орунга чыккан №38 мектебинин башталгыч класстар мугалими Мөөргүл Мамытовага Ош шаарынын мэриясы компьютер, түстүү принтер жана робот чаң соргучун белекке берди. Мындан тышкары «Карс» такси кызматы тарабынан үч мугалимге Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо, сынакка катышкан мугалимдер үчүн ноутбук, чаң соргучтар жана смартфондор тапшырылды.

«БАШТАДЫҢБЫ КОРКПО, КОРКОСУҢБУ БАШТАБА»

Баш байгенин ээси Илгиз Шамырзаев беш жылдык эмгек стажы бар жаш мугалим. Ал 1993-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Кош-Алмурут айылында жарык дүйнөгө келген. Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин тарых-филология факультетин ийгиликтүү аяктап, беш жылдан бери бала тарбиялоо деген түйшүктү үзүрлүү аткарып келет.

«Баштадыңбы коркпо, коркосуңбу баштаба» деген ураан менен жашаган жаш мугалим качан да болсо кайсыл бир ишти баштаса же кайсыл бир ишке кадам таштаса аны натыйжалуу бүтүргөнгө аракет кылат.

– Бул сынакты да көп жылдардан бери күтүп, даярданып, өзүмдүн үстүмдөн иштеп, эң негизгиси бар убактымды сарамжалдуу пайдаланууга аракет кылдым. Демек, мен бул бактылуу мүнөттөрдү көп убактан бери күттүм десем жаңылышпайм, — дейт Илгиз.

БАТИРДИН АЗАБЫНАН ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КЕТИП КАЛА ЖАЗДАГАН

Илгиз Ош шаарына студент болуп келгенден бери батирде турат. Нечен жолу батирдин азабынан чет өлкөгө кетип жаткан мигранттардын катарын толуктап кала жаздаган. Бул сыйлыкка алган батири эми анын жашоосун өзгөртүп, ишке болгон кызыкчылыгын мындан да арттырып, күчүнө күч кошуп, демине дем берип, Ата мекенинин келечеги үчүн жаштарга татыктуу тарбия берип, алардын чыныгы мекенчил инсан катары тарбиялашына өз салымын кошот. Өзү дагы Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестиндеги башкы каарман Дүйшөн айткан «Мен балдарды күчүм канча жетсе, ошончо окутамын!» деген ураан менен жашап келет жана жашай берет.

Илгиз Шамырзаев: «МЕН БАЛДАРДЫ КҮЧҮМ КАНЧА ЖЕТСЕ, ОШОНЧО ОКУТАМ»

БАЛА КЕЗДЕГИ КЫЯЛДАР ОРУНДАЛЫП…

Илгиз Шамырзаев мугалим болууну тээ балалык кезинен эле самап келген. Окуу жайды аяктап, балдар менен иштеше баштагандан кийин чыныгы кесибин тапканына дагы бир ирет ынанып, өзү тандап алган сүйүктүү кесибинин улам бир бийик баскычын татыктуу басып өтүүгө аракеттенип келет.

– Ар бир аткарылып жаткан иштерде мугалимдин өзгөчөлүгү билинип туруусу зарыл. Мыкты мугалим деген ошол багытта иштеген кызматкерлерден алдыда жүрүү дегендик. Ал үчүн көп изденүү, окуу, мээнет, чыгармачылык талап кылынат. Себеби жашоодо кайсыл бир дарыгердин катачылыгы бир бейтаптын көз жумуусуна алып келиши мүмкүн. Кайсыл бир айдоочунун катачылыгы бир нече жүргүнчүлөрдүн жашоосун талкалоосу мүмкүн. Ал эми мугалимдин катачылыгы бүтүндөй бир мамлекеттин талкалануусуна алып келет. Ошондуктан мугалимдик кесип кесиптердин төрөсү, чыныгы аруулуктун, жан дүйнөсүндө кири жок балдар менен иштешүүнүн кесиби, эң негизгиси бизде жоопкерчилик болушу керек деп эсептейм. Эгерде бир жылдын кадырын ойлосок, анда буудай сепсек жетет. Эгерде он жылдын кадырын ойлосок, анда мөмөлүү бак-дарак тиксек болот. Ал эми жүз жылдын кадырын ойлосок, анда балдарга татыктуу билим берүү керек, — дейт жаш мугалим.

СЫНАК ТУУРАЛУУ

Сынак ушул жылдын 10-мартында Ош шаардык мэриясынын жана бир канча демөөрчүлөрдүн катышуусунда расмий түрдө старт алган. Сынактын жобосу түрдүү критерийлер менен иштелип, эң негизгиси чыныгы мыкты мугалимди тандап алууга багытталган. Ал төрт баскыч менен өткөрүлдү. I баскычы мектеп ичинде өткөрүлүп, анын жеңүүчүсү шаардык баскычка жолдомо алган. II баскычта катышуучулар калыстар тобуна өзүнүн портфолиосун тапшырышкан. Анын ичинде билимин өркүндөтүү боюнча алган сертификаттар, түрдүү гезит-журналдарга чыккан макалалар, ар кандай методикалык колдонмолор, окуучулардын жетишкендиктери, сабакта колдонулуучу дидактикалык материалдар, тажрыйбаларын жайылтуу боюнча маалыматтар камтылды. III баскычта болсо 45 мүнөттөн турган ачык сабактарды өтүшүп, мындан сырткары педагогикалык-психологиялык 30 суроого жана квалификациялык 20 тесттик суроого жооп беришти. Жыйынтыктоочу финалдык турунда «Менин педагогикалык өнөрканам» аталышындагы көргөзмө уюштуруп, ар бир катышуучу педагогикалык консепциясын коргоп, чукул суроолорго жооп берип, өзүнүн талантын да калыстар тобунун сынына коюшту.

Бул сынак жыл сайын Билим берүү жана илим министрлиги өткөрүп келген “Жылдын мыкты мугалими” сынагынан сырткары Ош шаардык мэриясынын демилгеси менен демөөрчүлөрдүн колдоосунда өткөрүлдү. Министрлик өткөрүп келген сынактын жобосу жаңыртылып, кол коюулуу алдында турат. Буюрса, жаңы окуу жылынан баштап этап-этабы менен өткөрүлүп баштайт.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер