ХИМИЯНЫ ОКУТУУ ТУРМУШКА ЖАКЫН БОЛСО…

  • 27.10.2026

Ашира Кулишева Ала-Бука районундагы №30 Кара-Үңкүр орто мектебинде химия сабагынан  мугалим экенин социалдык тармактардан  окуп, көрүп жүрчүмүн. Анын сабактары ар дайым практикалык жактан тастыкталган, турмуштук  тажрыйбаларда сыналганы менен  алгылыктуу жана кызыктуу. Ар бир сабагын окуучуларга  жөнөкөй мисалдарды келтирип,  жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен жеткирет. Азыркы мезгил үчүн олуттуу мааниге ээ болгон ЖИ  кеңири пайдаланат. Өз кесибин сүйгөн, жоопкерчиликти жогору койгон мугалим  гана ар бир сабагын  эсте каларлык жана унутулгус кылып өтөт. ХИМИЯНЫ ОКУТУУ ТУРМУШКА ЖАКЫН БОЛСО...

Учурда мектепте балдар сабакка кызыкпайт, окугусу да келбейт деген көз караштар басымдуулук кылат. Баланы өзү окуткан предметке кызыктыруу үчүн мугалимдин көп билгени эмес, билгенин балага кантип, кандай жеткирет деген маселе олуттуу. Окутуунун усулдары талапка жараша көп болгону менен практика жүзүндө жугумдуусу азыраак, жетишсиз. Көрсө, мунун баары мугалимдин окутуучулук жекече чеберчилигине, өздүк тажрыйбасына жана жеке эрудициясына байланышат. ХИМИЯНЫ ОКУТУУ ТУРМУШКА ЖАКЫН БОЛСО...

Ашира Кулишева учурдун талабына  ылайык химия боюнча сабактарын турмушка байланыштырып, практика  менен айкалыштырып өтөт.  Анткени ал  балдар менен иштегенден энергия алат,  өзү да, окуучуларды да позитивдүү маанайга батырат. Химияны нукура  турмушка жакын, анын жашоо тиричиликтеги ордун таанытып, маанисин  жөпжөнөкөй жалпак тил менен  чечмелеп берүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Баланы өз сабагына магниттей тартып окутуш үчүн, бир нерсени  толук түшүндүрүш үчүн  мугалимдин жеке интеллектисиндеги сапаттар: туруктуулук, чыдамкайлык, толлеранттуулук, ынтызарлык, адилеттүүлүк жана балага болгон сүйүүнүн  кудурети талап кылынат. Андан сырткары сабактагы талдоо, анализ, сынчыл ойлоо, окуучунун оюн, дитин  жана дилин 45 мүнөт бою сабакка буруп туруу (кызыктыруу, фантазия) чеберчилигине чек болбош керек. ХИМИЯНЫ ОКУТУУ ТУРМУШКА ЖАКЫН БОЛСО...

Аширада ушул өзгөчөлүк байкалат, сабагына берилгенден, кесибин сүйгөндөн улам  күндөгү ар бир сабагын кайталангыс кылып өткөргөнү байкалат.

Анын  «Ата-бабалардын жашоосундагы химия»  деп аталган китеби негизинен  беш бөлүмгө бөлүнгөн.

  1. Киришүү

Химия — бул лаборатория гана эмес, жашоо образы.

Көчмөн элдердин табият менен болгон химиялык байланышы.

  1. Тамак-аш химиясы (Консервация жана Ферментация)

Сүт азыктары: Сүттүн ачышы, кымыздын курамындагы спирттик жана сүт кычкылдык ферментация.

Этти сактоо: Туздоо, ыштоо жана кургатуудагы химиялык процесстер.

Шорпо жана маңыз: Сөөктөн кальций менен коллагенди бөлүп алуунун байыркы ыкмалары.

  1. Тери иштетүү жана текстиль

Тери ашатуу: Терини жумшартууда малдын мээсин же ачыган айранды колдонуу (липиддердин жана кислоталардын ролу).

Табигый боёктор: Өсүмдүктөрдүн тамырынан (марена), кабыгынан жана минералдардан түс алуу.

Жүн иштетүү: Кийиздин басылышындагы физикалык-химиялык байланыштар.

  1. Металлургия жана кол өнөрчүлүк

Темир жана болот: Металлды катуулатуу (закалка) жана көмүртек менен байытуу.

Зергерчилик: Күмүштүн кычкылдануусунан коргоо жана куймаларды түзүү.

  1. Турмуш-тиричилик жана элдик медицина

Шилти (Lye) жасоо: Күлдөн самын алуу процесси (сапонификация).

Дары чөптөр: Өсүмдүктөрдөгү алкалоиддер жана эфир майларынын таасири.

Кыргыз эли тээ байыртадан бери  турмушта химияны кандайча пайдаланып  келгенин турмуштук  ынанымдуу мисалдар менен далилдейт. Химиясыз жашоону элестетүү да  кыйын. Ушул сабакты мугалимдин сөзү менен эмес,  көрсөтмө куралдар, турмуштан алынган мисалдар менен жеткирүүнүн өзү мугалимден көп  убакытты, чыгармачылык менен эмгектенүүнү талап кылат.

Мисалы, күн сайын бала өзү ичип жүргөн сүттүн кайдан, кантип алынарын  сүттөн эмнелерди т.а. кандай тамак-аш азыктарын жасаганга боло турганын өз көзү менен көрүп, колу менен жасап көргөндө анын турмуштук  байкоолору, көз карашы, билими байыйт жана тереңдейт.

Баарынан кызыгы, кыргыз баласы эзелтеден уйдун, койдун шорпосуна өзгөчө маани берген. Кептин баары анын маңызы кандай болот,  сөөктөн кальций менен коллагенди бөлүп алуунун байыркы  кандай ыкмалары бар экенин билүү окуучуга  гана эмес, чоң адамдарга айрыкча ашкана ээлери -кожойкелер үчүн эң сонун сабак болуп жатпайбы.

Жыйынтыктап айтаарым,  заманыбыздын алдыңкы мугалими, өз кесибинин  фанаты, сынчыл ой жүгүртүүнүн “генератору” Ашира Кулишеванын  «Ата-бабалардын жашоосундагы химия» аттуу китеби мектеп окуучулары, мугалимдери жана жалпы окурмандар үчүн  пайдалуу, кызыктуу жана  жемишин  бере алган китеп катары  эсептейм.

                                      Ризван Исмаилова,

   Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти,

филология илимдеринин кандидаты.

Бөлүшүү