КУШТУН ӨТҮ: ХИМИЯ МИФОЛОГИЯ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАНДА

  • 26.10.2026

КУШТУН ӨТҮ КУУГАН АЛБАРСТЫ

(Аңгеме)

​Көк жайыктын кубаттуу мергени күн кырка тартып, Ала-Тоонун чокулары алтын түскө боёлуп турган чакта жолдо болчу. Тоо койнундагы айылда көзүнөн от жанган, калпагын кыйшайта кийген, көзгө атар мерген атабыз жашачу. Ал аска-зоонун ээси сыяктуу эле: колундагы  мылтыгы калпыс чыкчу эмес, ал эми кабагын бүркөсө, кара куш да сестенип уччу.

​Күндөрдүн биринде мерген ата асман тиреген бийик зоонун үстүнөн айланага сүр берип, канат кагып жаткан алп бүркүттү көрөт. Ал жөнөкөй куш эмес, канчалаган уулуу жыландарды жуткан, тоонун таза абасын жутуп, табияттын бүт сырын ичине сиңирген касиеттүү бүркүт эле. Мылтыктын үнү жаңырып, залкар куш жерге кулайт. Мерген анын этин эмес, касиеттүү өтүн издеп келген болчу. Төшүн жарып, сымаптай жылтыраган, кочкул жашыл өтүн кылдаттык менен кесип алат да, көлөкө жерге кургатып, маралдын терисинен жасалган капчыгына катып коёт.

​«Бул өт — миң дартка даба. Ичине жин уюккан, көз тийип куураган, дуба басып соолуган жанга бул табияттын өзү берген химиялык кубаты, ууну куучу касиети», — деп айтар эле атабыз.

​Албарсты менен кармаш

​Арадан айлар өтүп, кыштын каардуу, сырдуу түндөрүнүн бири келет. Мал союлуп, үйдө жаңы төрөлгөн наристе бешикте уктап жаткан. Түн ортосу оогондо, үйдүн ичи капысынан муздап, шамдын жарымы өчүп-күйүп, оор, караңгы кубат босогодон жылып кирет. Бул — төрөткөн аялдар менен наристелердин канын ичкен, узун чачтуу, үрөйдү учурган Албарсты эле! Ал бешикке жакындап, наристенин демин уулагысы келип, колун суна бергенде…

​Көзү ачык, сезимтал мерген атабыз баарын туюп турган! Чагылгандын тездигиндей атып туруп, Албарстынын эң алсыз жери — төгүлгөн узун, саксайган чачынан бекем мыкчый кармап калат.

​Албарсты качып кутула албай, бөлмөнүн ичинде чыңырып, жер тепкилейт. Бирок көк жаял мергендин колу темирден бекем эле. Атабыз аны чачынан толгой кармап, үйдүн ортосундагы кара ташка «Гүрс!» эттире жети жолу катар-катар чабат. Ар бир чапканда Албарстынын кубаты кетип, сөөктөрү сыздап, үнү кулак жарат.

​— Коё бер, баатыр! Коё бер! — деп жалдырап, көзүнөн жашы селдей агат Албарстынын. — Мындан кийин бул босогону аттабайм! Сенин гана эмес, сенин артыңдан келе жаткан жети пуштуңа (жети муунуңа) чейин тийбей өтөм! Убада берем, каныңды ичпейм, тукумуңду кыркпайм! Жалынам, коё бер!..

​Атабыз анын антын угуп, чачын коё берет. Албарсты караңгы түн ичине сиңип, кара куюн болуп качып жоголот.

​Касиеттин ширелиши

​Албарсты качканы менен, анын артында калган суук табы, уулуу деми бөлмөдө калып калган эле. Бешиктеги наристе чочуп, денеси ысып, «жин чалгандай» көздөрү алаңдай баштайт. Элдик тил менен айтканда, Албарстынын уусу баланы уулап кеткен болчу.

​Ошондо мерген атабыз белбоосундагы капчыктан баягы кургатылган бүркүттүн өтүн алып чыгат. Анын чейрек бөлүгүн кесип, булактын тунук суусуна эритет. Жашыл түскө боёлгон, ичинде миң түркүн табигый туздар, өт кислоталары аралашкан алтын ширени наристенин эринине тамызат.

​Көп өтпөй, бүркүттүн өтүнүн химиялык күчү наристенин канындагы коркунучту, ууну айдап чыгып, ысытмасын басат. Бала терең жана бейпил уйкуга кетет.

​Ошол күндөн тартып, мерген атанын тукумуна Албарсты жоломок түгүл, атын укса кача турган болуптур. Ал эми бүркүттүн өтү — табияттын, эрктин жана ата-бабалардын улуу билиминин символу катары урпактан урпакка айтылып калыптыр.

Ашира Кулишева

Бөлүшүү