«Галлюцинациялык реализм» үчүн Нобель лауреаты болгон Мо Янь
- 24.06.2026
- 0
Заманбап кытай жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь “Ысык—Көл форумунун” мааракелик жыйынынын эң кадырлуу коногу болду. Чолпон-Атада дүйнөлүк интеллектуалдардын жолугушуусу учурунда залкар жазуучунун “Өлүп кайра тирилгенден тажадым” романынын кыргызча чыккан китебинин бет ачаары өттү.
Бул романда Кытайдын XX кылымдын экинчи жарымындагы тагдыр чечүүчү тарыхый жолу буддисттик реинкарнация (кайра жаралуу) философиясы жана ачуу сатира аркылуу чагылдырылат. Чыгармада адилетсиз атылып кеткен бай жер ээсинин жаны жерге беш түрдүү жаныбардын денесинде кайтып келип, адамдардын сокур кумарын, катаал тагдырын жана доордун алмашуусун сырттан байкоого алат.

Мо Янга «Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Ардактуу наамды Кыргыз улуттук университетинин ректору, география илимдеринин доктору Догдурбек Чонтоев тапшырды. Бул сыйлык Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү жана илим тармагындагы өнөктөштүктү чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.

Мо Янь Ысык-Көл форумунда сүйлөгөн сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун романдары Кытайда чоң сүйүүгө ээ болгонун, ал эми Айтматовдун өзү азыркы адабиятка чоң таасир тийгизгенин баса белгиледи.
Адамзаттын келечеги тууралуу талкуулардын жүрүшүндө Мо Янь азыркы дүйнө климаттык кризис жана жасалма интеллектини өтө тез жана ашыкча колдонуу сыяктуу олуттуу көйгөйлөргө туш болуп жатканына да токтоло кетти.
Чыгыш менен Батыштын ортосундагы ачык интеллектуалдык диалог салттарын жандандырууну колдоп, искусство жана адабият чыгармалары турбуленттүү доордо бириктирүүчү көпүрө болушу керек деген ойду айтты.
Галлюцинациялык реализм устаты

Сүрөттө: Мо Янь Нобель сыйлыгын тапшыруу аземинде, 2012-жыл.
Заманбап кытай жазуучусу, Гонконг ачык университетинин филология боюнча ардактуу доктору. 2012-жылдагы Нобель сыйлыгынын лауреаты. Бул сыйлык ага «элдик жомокторду тарых жана заманбап доор менен айкалыштырган галлюцинациялык реализми үчүн» берилген. Кытайдан тышкары аймактарда негизинен «Кызыл гаолян» аттуу тасма тартылган повесттин автору катары белгилүү.
Кытайдын адабий сынчылары анын чыгармачылыгын «өзөгүн издөө адабияты» (кыт. сюньгэнь вэньсюэ) жана «магиялык реализмге» таандык кылышат. Ин Лихуа аны «бүгүнкү күндүн эң креативдүү жана эң өндүрүмдүү кытай жазуучуларынын бири» деп атайт. Сынчынын пикиринде, жазуучунун ийгилигинин сыры — көр тирликтин одоно көрүнүштөрүн назик кубулушка айлантып, өз эмгектерин лирикалык кубанычка бөлөй билгендигинде. Говард Голдблатт болсо Мо Яндын ысымын ар бир сабаттуу кытайлык билерин ырастап, жазуучунун кичи мекенин Фолкнердин Йокнапатофасына салыштырат. Ошондой эле жазуучу өзүнүн бестселлерлеринде XX кылымдагы Кытай тарыхынын летописин түзүү боюнча дымактуу долбоорду ишке ашырганын белгилейт.
Өмүр баяны
Мо Янь — бул адабий псевдоним, кытай тилинен которгондо «үндөбө» же «сүйлөбө» дегенди билдирет. Чын аты-жөнү — Гуань Мое.
- 1955-жылы Шаньдун провинциясынын Вэйфан шаардык округуна караштуу Гаоми уездинин Далань аймагында туулган (анын чыгармаларындагы окуялар негизинен дал ушул айтылда өтөт).
- 11 жашында «маданий революциянын» айынан мектепти таштап кетүүгө мажбур болгон.
- 1976-жылы бир нече жолку баш тартуудан кийин армияга кирип, ал жерде кадрдык саясий кызматкер болуп иштеген. Армияда жүрүп билимин уланткан.
- 1984-жылы Кытай элдик-боштондук армиясынын Искусство академиясынын угуучусу, кийинчерээк Бээжин педагогикалык университетинин Лу Синь атындагы Адабият институтунун аспирантурасында окуган.
- 1986-жылы Кытай жазуучулар союзуна кабыл алынган.
- 1997-жылы куралдуу күчтөрдүн катарынан отставкага чыгып, гезитте редактор болуп иштей баштаган.
Мо Янь азыркы учурда Кытай жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары.
Чыгармачылыгы
Мо Янь адабий карьерасын 1981-жылы баштаган. Алгачкы чыгармаларын салттуу реалисттик маанайда, окуяны үчүнчү жактын атынан баяндоо менен жазган. Буга «Элдик музыка» («Миньцзянь иньюэ») чыгармасы мисал болот. Ал эми 1980-жылдардын ортосунан тартып ал баяндоо стилин татаалдаштыра баштайт.
Жазуучунун окурмандардын көңүлүн бурган алгачкы чыгармасы — «Сырты кызыл, ичи тунук чамгыр» повести болду. Андагы окуя баяндоочунун үнү менен жуурулушуп, жаратылышты өзгөчө сезимталдык менен кабыл алган жетим айылдык баланын атынан жүрөт.
1986-жылы жарык көргөн «Кызыл гаолян» повести Кытай Эл Республикасынын «Жылдын эң мыкты повести» улуттук сыйлыгына татыктуу болгон. Бир жылдан кийин режиссёр Чжан Имоу тарабынан тасмага түшүрүлүп, чыгарма да, кино да дүйнөлүк атакка ээ болгон. Бул чакан чыгармада жапондорго каршы согуштун фонунда 1930-жылдары бир үй-бүлөнүн басып өткөн тарыхы баяндалат. Окуяны ошол окуяларга катышкандардын небереси айтып берет жана эпизоддордо хронологиялык ырааттуулук сакталбайт.
1987-жылы «Кызыл гаолян: үй-бүлөлүк сага» аттуу повесттер цикли жарык көргөн, аны автор роман деп атайт.
Ин Лихуанын айтымында, Мо Яндын эпикалык сагалары — бул уят сөздөрдүн, сексуалдык зомбулуктун, аёосуз өч алуунун жана жапайы жүрүм-турумдун аралашмасы. Анын тили фантастика менен жуурулушуп, чоң агым сыяктуу шар аккандыгы менен өзгөчөлөнөт.
«Сандал дарагынын азабы» («Таньсян син») романында Мо Янь уйкаш прозаны колдонуп, текстти оозеки аткарууга жакындаткан. Бул 1900-жылдагы көтөрүлүш учурунда өткөн жана үрөй учурган кыйноолордун сүрөттөлүшүн камтыган махабат окуясы. Жазуучу адамдын таш боорлугун, бюрократиялык чирүүнү жана жеке баатырдыкты изилдейт.
«Шарап өлкөсү» («Цзю го», 1992) аттуу сюрреалисттик романында кытайлыктардын тамак-ашка ашыкча берилүүсүн жана мурда Лу Синь тарабынан айыпталган «каннибалдык» маданиятты мыскылдайт.
Мо Яндын соңку чыгармаларынын бири — «Өлүп кайра тирилгенден тажадым» («Шэнсы пилао», 2006) романы дыйкандын жер менен болгон мамилесин изилдейт. Анын мурунку эмгектеринен айырмаланып, мында зордук-зомбулук аз жана ой жүгүртүүгө көбүрөөк орун берилген. Көпчүлүк Мо Яндын эң мыкты чыгармасы деп эсептеген бул окуя 1950-жылдагы жер реформасы учурунда өлүм жазасына тартылып, кайра-кайра ар кандай үй жаныбары болуп кайра жаралып келип, кийинки 50 жылдагы окуяларга байкоо салган жер ээсинин атынан баяндалат.
Бул чыгарма кытай адабиятында Ньюмен сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми 2011-жылы жазуучуга «Бака» китеби үчүн Мао Дунь атындагы адабий сыйлык ыйгарылган. 2012-жылы Мо Янь адабият боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.
Жазуучунун өзүнүн айтымында, анын чыгармачылыгына Ф. Рабле, П. Уайт, Г. Гарсиа Маркес жана У. Фолкнер өзгөчө таасир эткен.
Мо Яндын чыгармалары ондон ашык тилге, анын ичинде англис, француз, немис жана норвег тилдерине которулган. Орус тилине алгачкы толук кандуу которулган чыгармасы «Тайэженин сыйкырдуу бычагы» аңгемеси болгон. Нобель сыйлыгы берилгенге чейин эле мезгилдүү басылмаларда «Кызыл гаолян» жана «Шарап өлкөсү» романдарындагы үзүндүлөр жарык көрүп турган.
Орус тилинде «Шарап өлкөсү», «Чоң төш, жазы жамбаш» жана «Өлүп кайра тирилгенден тажадым», «Өзгөрүүлөр» романдары жарык көргөн.
«Өлүп кайра тирилгенден тажадым» романынын биринчи бөлүгү Кытайда кыргыз тилине которулуп, араб арибинде китеп болуп чыккан.
Кыргызстанда 2026-жылы июнь айында Мо Янь Ысык-Көл форумуна келердин алдында кирилл арибинде «Учкун» басмасынан жарык көрдү.

К. Чекиров «КБ»
Комментарийлер