ФОТОКАБАРЧЫЛЫКТАН АШПОЗЧУЛУККА

  • 11.01.2023
  • 0

ФОТОКАБАРЧЫЛЫКТАН АШПОЗЧУЛУККА

Өмүр бою  гезит-журналдарда фотокабарчы болуп иштеген Бакыт Асанбаев кесибин өзгөртүп, төрт айдан бери Соңкөл ресторанында ашпозчу болуп иштеп жатат. Ал Бишкектеги №10 кесиптик лицейде үч айлык курстан окуду.  

ФОТОКАБАРЧЫЛЫКТАН АШПОЗЧУЛУККА

Бакыт Асанбаев 56 жашта. Анын бул курагында кесибин алмаштырышына эки нерсе себеп болгон. Биринчиси, замандын өзгөрүшү менен ал аркалаган кесип азыр  талап кылынбай калса, экинчиси, чет өлкөдө окуган кызы түрткү болгон.

  • 1987-жылы №94 кесиптик лицейин бүткөндөн бери “Аалам”, “Бишкек шамы”, “Асаба”, “Агым” деген гезиттерде фотокорреспондент болуп иштедим. Акыркы жылдары “Кабар” маалымат агенттигинде да иштеп жүрдүм. Чынында замандын талабына жараша журналисттер универсал болуп, сүрөтүн да, видеосун да өздөрү тартып калгандыктан фотокабарчылар талап кылынбай калды. Гезит-журналдар да жабылды. Көп учурда ишсиз жүрүп калдым. Өзүм ысык-көлдүк болгондуктан 2009-жылы Чолпон-Атага барып, өзүмдүн демилгем менен улуу акын Алыкул Осмоновдун үйүн негиздедим. Азыркыга чейин ошол жакта иштейм, коомдук башталыш болгондуктан эч жерден маяна албайм. Чындыгында ашпозчулукту окуп кой деп чет өлкөдө окуган кызым түрткү берди. Анткени жумуш жокто ар кандай кара жумуштарда, пескоблок чыгарган жерде, курулушта иштеп калдым. Анан кызым жашыңыз да келип калды, андан көрө кыйналбай ашпозчулукту окуп албайсызбы, үйдөн да тамакты жакшы жасайсыз деп калды. Бул жашта окуганым уят го деп ойлогом. Барсам менден улуулар да бар экен. Көрсө, билим алуу эч качан кеч болбойт экен, — дейт Бакыт.

ФОТОКАБАРЧЫЛЫКТАН АШПОЗЧУЛУККА

 БИР АДАМГА БИР КЕСИП ЖЕТИШСИЗ

Азыр дүйнөдө бир адамга бир кесип жетишсиз деген принцип катуу иштей баштады. Мурда бир киши өмүр бою бир кесипти аркалап келсе, учурда жок дегенде ага үндөш бир-эки кесипти өздөштүрүп алган өтө пайдалуу. Бирок каарманыбыз Бакытка окшоп такыр бири-бири менен айкалышпаган кесиптерге өтүп жаткандар да жок эмес. Анан калса Бакыттын эки жогорку билими тууралуу диплому бар. Алгач  Бишкек гуманитардык университетинде журналистика факультетин сырттан окуп бүтүрсө, андан кийин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан да окуган.  Демек, бул кимдин кандай билими болбосун жаш курагына карабай кесибин алмаштырса боло тургандын жана качан да болсо билим алууга кеч болбой тургандын бир далили. Быйыл да 85 жаштагы атанын Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырып, ийгиликтүү окуп жатканы баарыбызды таң калтырды. Ал Бакыттай болуп кесибин алмаштырбаса да, бала кездеги кыялына жетүүнү максат кылды. Ал 76 жашында  Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, аны 79 жашында аяктаган.

ФОТОКАБАРЧЫЛЫКТАН АШПОЗЧУЛУККА

АДАМДАРДЫН РОЛУН РОБОТТОР АТКАРАТ

Азыр бир топ жылдардан бери талап кылынып, брендге айланган кесиптер жоголуп, ордуна такыр биз ойлобогон кесиптердин келип жатканы, ал тургай келечекте адамдардын ордуна роботтор иштеп кала турганын окумуштуулар байма-бай эле айтып келишет. Ошол маалыматтарга ишенсек, тиш догдурдун ордун робот аткарып, аял кишини да робот төрөтүп калат имиш. Ал тургай фотокабарчылар талап кылынбай калгандай эле, бара-бара биз аркалап жүргөн журналист кесиби да жоголуп, ордубузду роботтор алмаштырат экен. Бирок ошол роботторду да киши жасарын унутпашыбыз керек.

Албетте, бул айтылгандар азыр бизге жомок сыяктуу сезилип жатат. Бирок ал  күндөр бизден алыс эмес. Анткени азыр бизде, Кыргызстанда эле кийим тигүү жаатында бычмачынын ордун техника аткарып калды. Андан сырткары молекулярдык диетолог, креативдик инженер, интернет-маркетолог, бренд-менеджер, мобилдик тиркемелердин дизайнери, web-дизайнер, санариптик иллюстратор, SEO-адис деген сыяктуу биз мурда такыр угуп, көрбөгөн кесиптердин күнү тууп турган кези. Демек, келечекте кесип алмаштырам дегендер бул жагын дагы терең ойлонушу керек. Ал эми Кыргызстанга бүгүнкү күндө жана келечекте маалыматтык коопсуздук, тоо-кен иши, геологиялык чалгындоо технологиясы, медицина, агрардык инженерия, маркетинг, курулуш тармагындагы адистер зарыл. Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана билим берүү жаатындагы адистер ишсиз калбайт.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер