ФЕЙК:КООМДУ БӨЛГӨН КӨРҮНБӨГӨН КҮЧ
- 29.07.2026
- 0
Жалган маалымат коомдук ишенимди кантип өзгөртөт? Бир өлкөнү алсыратуу үчүн дайыма эле курал колдонуунун кереги жок. Кээде туура эмес убакта тараган бир жалган маалымат жетиштүү. Элди коркуткан кабар, коомду бөлгөн ушак, бийликке болгон ишенимди жок кылган жасалма видео — мунун баары маалыматтык мейкиндикте реалдуу окуядай таасир бере алат. Фейк маалыматтын бүгүнкү коркунучу да ушунда: ал жеке адамды гана эмес, бүтүндөй коомдун кабылдоосун өзгөртүүгө аракет кылат.

Бүгүн маалымат мурдагыдан да тез тарап жатат. Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны калктын 88,5 пайызына (6,48 млн адам) жетип, социалдык тармактарда 3,9 млн активдүү аккаунт катталган. Демек, жалган маалыматтын жайылышы үчүн аудитория абдан чоң.
Фейк деген эмне?
Күнүмдүк тилде «фейк» деген сөз жалган же жасалма маалыматты билдирет. Ал текст, сүрөт, аудио жана видео түрүндө тарашы мүмкүн. Кээде эски маалымат жаңы окуя катары көрсөтүлсө, кээде чыныгы сөздүн мааниси атайылап бурмаланат.
ЮНЕСКО misinformation (жаңылтуучу маалымат) менен disinformation (дезинформация) түшүнүктөрүн айырмалайт: Misinformation — адамдын туура эмес маалыматты анын жалган экенин билбей, атайылап эмес таратуусу. Disinformation — коомду атайылап адаштыруу жана манипуляциялоо максатында жалган маалыматты таратуу.
Демек, социалдык тармактагы ар бир жалган кабардын артында сөзсүз уюшкан күч турат деп айтууга болбойт. Бирок атайын даярдалган дезинформация коомдук туруктуулукка олуттуу коркунуч жаратат.
Фейк кимге пайдалуу?
Жалган маалымат ар кандай максаттарда колдонулат:
Экономикалык максатта: адамдарды алдоо, жасалма инвестициялык долбоорлорго тартуу же белгилүү мекеменин атынан мыйзамсыз акча чогултуу үчүн.
Саясий максатта: атаандаштын аброюна шек келтирүү, коомдук пикирди өзгөртүү же шайлоочулардын чечимине таасир этүү үчүн.
Коомдук чыңалууну жаратуу үчүн: элди дүрбөлөңгө салуу, социалдык тайпаларды бири-бирине каршы коюу жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди кетирүү үчүн.
Ошондуктан фейкке туш болгондо «Бул чынбы?» деген суроодон тышкары «Бул маалымат кимге пайдалуу?» деген да суроо берүү маанилүү. Бирок маалыматтын кимдир бирөөгө пайдалуу болушу —ошол тарап фейкти чыгарганын толук далилдебей турганын, ал үчүн конкреттүү фактылар керектигин унутпоо зарыл.
Эмне үчүн адамдар фейкке ишенет?
Фейктин эң күчтүү куралы — эмоция. Коркуткан кабар адамды шаштырат, ачууланткан билдирүү дароо бөлүшүүгө түртөт, ал эми сенсациялуу маалымат ашыкча кызыгууну жаратат.
ЮНЕСКОнун глобалдык сурамжылоосуна ылайык, контент жаратуучулардын 62 пайызы маалыматты аудиториясы менен бөлүшүүдөн мурда аны системалуу түрдө текшербей турганын билдирген. Ошол эле учурда 73 пайызы маалыматты текшерүү (фактчекинг) боюнча окуудан өтүүнү каалайт. Бул көрүнүш маалыматты таратуу мүмкүнчүлүгү өскөнү менен, аны текшерүү маданияты жана медиасабаттуулук тийиштүү деңгээлде өнүкпөй жатканын айгинелейт.
Фейктин коркунучу канчалык чоң?
Бул жөн гана социалдык тармактагы ушак-айың эмес. ЮНЕСКО менен Ipsos изилдөө борборунун сурамжылоосунда респонденттердин 85 пайызы жалган маалыматтардын коомго тийгизген терс таасирине тынчсызданарын, ал эми 87 пайызы мындай маалыматтар өлкөдөгү саясий процесстерге олуттуу таасир берип жатканын айтышкан.
Дүйнөлүк экономикалык форумдун Global Risks Report баяндамасында да жалган жана адаштыруучу маалымат жакынкы жылдардагы эң олуттуу глобалдык тобокелчиликтердин бири катары көрсөтүлгөн.
Жасалма интеллект — фейктин жаңы доору
Жасалма интеллект технологияларынын өнүгүшү менен адамдын үнүн, жүзүн дал өзүндөй туураган дипфейк видео жана сүрөттөрдү жасоо жеңилдеди. Мындай учурлар Кыргызстанда да катталган: Мамлекеттик бажы кызматы анын атынан тараган жасалма видео тууралуу эскертип, сүрөттөлүш ИИ аркылуу даярдалганын билдирген.
Коргонуу жана мыйзамдык бөгөттөр
Кыргызстанда 2021-жылдын 23-августунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» №101 мыйзамы кабыл алынган. Эл аралык деңгээлде да чектөөлөр киргизилүүдө: Европа Биримдиги Digital Services Act аркылуу ири платформалардын жоопкерчилигин күчөтсө, ЮНЕСКО медиа жана маалыматтык сабаттуулукту (ММС) билим берүү системасына киргизүүнү сунуштайт.
Фейк —жөн гана интернеттеги калп эмес, ал коомдук туруктуулукка, адамдардын чечимине жана бири-бирине болгон ишенимине таасир этүүчү олуттуу фактор. Миллиондогон жарандар интернетке байланган шартта фейкке каршы эң күчтүү курал —тыюу салуу гана эмес, медиасабаттуулук, жоопкерчилик жана сынчыл ой жүгүртүү болуп саналат.
Мадина КУРБАНОВА , «Кут Билим»
Комментарийлер